www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 187

Токаев: "Маселенин баары өкмөттүн аракетине жараша болот"

16-июль 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн 15-июлдагы жыйынында өлкөдөгү турак-жай маселесин акыркы кездери күчөп кеткен «социалдык курч маселе» деп атады. Токаев өкмөт бул маселени «дайыма өз көзөмөлүнөн чыгарбашы керектигин» билдирип, министрлер кабинетинен бул боюнча сунуштарды берүүнү өтүндү. «Биз белгилүү бир адамдардын турак-жай боюнча ашкере талаптары бар деп айта алабыз. Бирок мындан маселе чечилип калбайт. Мунун баары өкмөттүн аракетине жараша болот», ...

0 176

Өзбекстанда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды

16-июль 2019, 10:52 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов жогорку окуу жайына документ тапшырды. Ал Самарканд мамлекеттик университетинин биологиядан сабак берүү медодикасын, ошондой эле Ташкент медициналык академиясынын Термез филиалынын дарылоо жана педиатрия факультетин тандады. Буга чейин Өзбекстанда 72 жана 78 жаштагы пенсионерлер жогорку окуу жайларына документ тапшырганы кабарланган. Өзбекстанда быйыл абитуриенттер үчүн жаш курак чектөөсү жоюлду жана бир эле учурда бир багытта үч жогорку окуу ...

0 146

Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде аңдууга алынганы айтылууда

10-июль 2019, 09:19 Кызгалдак Жакыпова

Жулиан Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде жүргөндө аңдууга алынган. Бул тууралуу испаниялык "Эль Паис" гезити редакцияга келип түшкөн аудио жана видеожазууларга таянуу менен билдирди. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары билдирди.  Анын коноктор менен болгон жолугушуусун эквадор бийлиги тарабынан жалданган испан күзөт компаниясы жазып алган. Басылманын маалыматына караганда, аңдуу 2012-жылдан тарта жүргүзүлө баштаган. UC Global компаниясы активисттин бардык аракетин көзөмөлдөп, сүйлөшүүлөрүн ...

0 454

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын медаль алды

10-июль 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май иштеп чыкканы үчүн Ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык KIWIE 2019 көргөзмө-форумунун жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунун эки алтын медалына ээ болду. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары жазып чыкты.  33 жаштагы Мавлуда Давлатмамадова – техника илимдеринин кандидаты, Фармацевтикалык илимий-иликтөө борборунун илимий кеңешинин катчысы. Ал дары чөптөрдүн негизинде аллергияга каршы май ойлоп ...

0 241

Касым Жомарт Токаев казактарды басмырлай алабы?

Орус республика башчысы Колбиндин дайындалышына каршы, 1986-жылдын декабрында  СССРде биринчилерден болуп казактар толкуп Кремлге каршы чыгышкан. Ошол Желтоксан козголоңунун аркасы менен Нурсултан Назарбаев бийликке келген. 2019 –жылдын 6-июлунда митинг болуп, Нур-Султан менен Алматыда полиция жүздөгөн адамдарды кармады. Бул күнү Казакстанда тыюу салынган "Казакстандын демократиялык шайлоосу" кыймылынын жетекчиси Мухтар Аблязов элди бийликке каршы нааразылык акциясына чыгууга чакырган. Казак бийлиги акцияны мыйзамсыз деп ...

0 552

Арыстагы жарылууда 350 адам жоголгон

26-июнь 2019, 15:46 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Түркстан облусунан кийин Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болуп анын кесепетинен 350дөй адамдын дайын-дареги жок болуп жаткандыгы белгилүү болгон. Бирок, алардын ичинен үчө табылганын Otyrar.kz сайты жазып чыкты. Чет  өлкөдөн 50 миңден ашык телефон чалуу болгон. Алардын ичинен Арыстын тургундарына жардам берүү ниетин билдиргендер, жакындарын издегендер,темир  жолдун иштешин сураганда көп болгон. Учурда кабыл алуу жайлары ...

0 515

ВИДЕО - “Биз араң аман калдык”: Арыстагы  жарылуудагы тасмада  ата-энесине сүйүүсүн айткан жоокер

25-июнь 2019, 15:08 Айдар Нуралиев

Арыстагы жарылууда өлүп калуу коркунучу менен тасма аркылуу ата-энесине дагы бир жолу сезимин билдирген жоокер, канчалык сарсанаа болгонун, ошондогу абалы менен nur.kz сайтына бөлүштү. 27 жаштагы Исатай Алибаев Алматыда төрөлгөн. Анын аялы жана бир кызы бар. Аскердин айтымында, алгач багыт алууга кыйын болгон. Шаар бүтүндөй жарылып жаткандай сезилген. “Снаряддар учуп, жарылып, сокку толкуну болуп жатты. Бизди бомбалап жаткандай эле болду... Биз Кудайдын ...

0 312

Швецария Гүлнара Каримованын 133 миллион долларын Өзбекстанга кайтарат

25-июнь 2019, 09:18 Айдар Нуралиев

Швецариянын Башкы прокуратасы Өзбекстанга Гүлнара Каримовага таандык 133 миллион долларды кайтарып берет. Аталган акчалар Каримовага байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде катарылганы турат. “Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 6 жылдан бери аягына чыкпай келе жаткан татаал кылмышын тергеп, анда мамлекетке иштөөнү каалаган чет элдик компаниялардан ири суммадагы акчаны мыйзамсыз алган схема болгонун аныктады. Мыйзамсыз акчалар, Швецарияда адалданганы далилденген соң, Өзбекстанга кайтарылууда”, - деп ...

0 2104

Гүлнара Каримова өзбекстандыктардан кечирим сурап, 1,2 миллиард доллар кайрып берди

24-июнь 2019, 09:15 Айдар Нуралиев

Гүлнара Каримованын кызы жана Өзбекстандын биринчи президентинин небереси Иман Каримова өзүнүн Инстаграмм баракчасына апасынын кайрылуусун жарыялады. Анда Гүлнара Каримова өзбекстандыктардан кечирим сурап, Өзбекстанга 1,2 миллиард доллар кайрып бергенин айткан. “Бул менин акыркы 6 жылдагы алгачкы кайрылуум. Менин азыркы абалыма кайдыгер карабай “дуа” кылып жана сарсанаа болуп жаткандардын бардыгына рахматымды айтам. Мен элдин алдында эгер кимдир бирөөнү түңүлтүп алсам, менин ...

0 880

Башкы прокурор кызматтан кетти

20-июнь 2019, 17:47 Кызгалдак Жакыпова

20-июнда Өзбекстандын басма-сөз кызматы Башкы прокурор Отабек Муродовдун кызматтан алынганын кабарлады. Ал Өзбекстандын Конституциясынын 93-беренесинин 12-пунктуна ылайык кызматтан кызматтан кетти. Конституция боюнча, өзбек президенти Башкы прокурорун жана Эсеп палатасынын төрагасын Сенатом Олий Мажлистин бекемдөөсү менен кызматтан дайындоого жана четтетүүгө акылуу. Эске салсак, Отабек Муродов 2018-жылы Ихтиер Абдуллаевдин ордуна Башкы прокурор болуп келген. Булак:NazarNews.kg

0 114

Митингде 300 казак полициясы жабыркаган

19-июнь 2019, 09:39 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандагы президенттик шайлоого карата өткөн нааразычылык акцияларда 300гө жакын полиция жаракат алганын Казакстандын ички иштер министрлиги билдирди. Алардын маалыматында, аталган нааразычылык акцияларда митингчилерге карата атайын каражаттар колдонулган эмес. Эске салсак, Казакстандын жаңы лидери Касым-Жоомарт Токаевдин жеңиши менен аяктаган шайлоого нааразы болгон жарандардын төрт миңге жакыны кармалып, анын үч миңине протокол түзүлүп, анан кой берилген. Мындан тышкары, 677 жаран бир нече ...

0 373

Ислам Каримовдун небереси Башкыпрокуратурага арызданды

Ислам Каримовдун небереси Ислам Каримов кичүүсү интернет баракчасы аркылуу Өзбекстандын башкы прокуроруна жана атайын кызматтын өкүлүнө кайрылды. Анын айтымында, апасы Гүлнара Каримовага абак жетекчилиги тарабынан басым болуп жаткан жана эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөй абалы күндөн –күнгө начарлап бараткан. 46 жаштагы Каримовага түрмөдө басым болуп жатканын анын швецариялык аджокаты Грегуар Манжа да билдирген. Бирок, ...

0 132

Душанбеде адамды жүзүнөн тааный ала турган видеокамералар орнотулат

17-июнь 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Душанбеде адамдарды жүзүнөн тааный ала турган видеокөзөмөл камералары орнотулат. Бул тууралуу өлкөдөгү «Шахри бехатар» («Коопсуз шаар») борборунун жетекчи орун басары Фуркат Шоимардонов билдирди. Анын айтымында, жаңы видеокөзөмөл камералары Душанбедеги эл аралык аэропортко, темир жол бекетине, ири соода борборлоруна, базарларга, сейил бактарына жана адамдар көп топтолгон башка жерлерге орнотулат. «Жаңы камералар санаалуу секунддарда эле ири көлөмдөгү маалыматтарды топтоп, анализдей алат. ...

0 208

Казакстанда адамдарды кармоо уланууда

13-июнь 2019, 15:20 Айдар Нуралиев

12-июнда Алматанын Астана аянтында полиция кармоо жүргүздү. Окуя болгон жерде жүргөн «Учур чактын» ("Настоящего времени") репортеру,  кечки саат 19:30 да 100 гө чукул адам кармалганын кабарлады. Башында полиция аталган райондогу карылар менен аялдарды документ текшерүү шылтоосу менен автобуста текшерип карашкан. Кечке маал полиция аталган жерге жакындагандарды эле кармап баштаган. Кармалгандардын арасында жарандык активисттер да бар. Нур-Султан шаарында «Байтерек» монументинин алдына чыккан беш адам ...

0 388

ВИДЕО - Казак милициясы Нур-Султандагы ызы-чуунун тасмасын жарыялады

11-июнь 2019, 11:30 Айдар Нуралиев

Нур-Султан шаарында өткөн митингдин видеосун Казакстандын Ички иштер министрлиги жарыялады. 9-10-июнда Нур-Султандагы митингде тартылып алынган тасмага ылайык, 700 адам кармалып, анын 550сү жоопкерчиликке тартылууда. ИИМ аталган митингди  тыюу салынган “Казакстандын демократиялык шайлоосу” уюму жана качкын Мухтар Аблязов уюштурду деп билдирүүдө. Tengrinews.kz сайтынын билдиргенине караганда, митингчилерде ок курал бар экендиги айтылган соң, полиция кызматкерлери көчөдөн өткөн ар бир адамды текшерүүдө.

0 109

Токаев инаугурацияны 12-июнда өткөрүүнү пландоодо

11-июнь 2019, 09:47 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялап үлгүрсө, президенттин инаугурациясы 12-июнда болот. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Касым-Жомарт Токаев ант берүү аземин шашылыш өткөрүү себептерин жакында боло турган сапарлары менен түшүндүрдү. Ал 14-июнда Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат. Казак президенти «14-июнда Бишкекке, андан кийин Душанбеге барам. Мүмкүн болсо бул ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 332

Казакстанда митингчилер төкмө акын Заитовду бошотушту

11-июнь 2019, 09:07 Айдар Нуралиев

Кечээ, 10-июнда Казакстандын Алмата шаарында президенттик шайлоого каршы болгон бир топ адамдар  "Алатау" театрынын маңдайында нааразычылык билдирип чыгышкан. Ошол убакта полиция 50-60 адамды кармап кеткен. Арасында казак төкмө акыны Ринат Заитов да бар.   Андан соң, чогулгандар Заитовду бошотуу талабы менен Шаардык полиция департаментинин алдына чогулушкан. Алар менен Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчи орун басары Избасар Бектуров жолугушкан. Ошондон ...

0 336

Шавхат Мирзиёевдин үй-бүлөсү Дубайдын эмиринин балдарынын тоюна катышты

10-июнь 2019, 12:47 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлө мүчөлөрү Дубайдын эмири Шейх Мухаммад бин Рашид аль-Мактуманын, Бириккен Араб эмирлигинин вице-президенти жана премьер – министринин 6-июнда өткөн үйлөнүү үлпөт тоюуна мейман болуп келишти. Үлпөт тойго өзбек президентинин  күйөө балдары Ойбек Турсунов жана Отабек Умаров, Мирзиёевдин 10 жаштагы уулу Алишер менен небереси Миромон да барган. Отабек Умаровдун Instagram баракчасына жарыялаган сүрөттө Дубайдын эмири колун ...

0 139

Казакстанда Касым-Жоомарт Токаев 70% добушка ээ болду

10-июнь 2019, 11:13 Кызгалдак Жакыпова

Казакстанда экзит-поллдун алгачкы жыйынтыгы жарыяланды. Учудагы президент Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 70% добушун алганы белгилүү болду. Ал эми оппозициячыл талапкер Амиржан Косанов 15% добуш алганы кабарланды. Ал ортодо полиция шайлоо күнү нааразылык акциясына чыккан 500дөй адам кармалганын билдирди. Коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат кечки сегизге чейин жалпы шайлоочулардын 77% добуш берди. Алматы облусунун шайлоочуларынын 89% ...

0 345

АУДИО - ФОТО - Эмомали Рахмондун үйүнө дагы бир Эмомали Рахмон келди

Аудиофайл 30-май 2019, 12:56 Нурайым Рысмамбетова

Тажик президенти Эмомали Рахмондун улуу баласы  - Рустам Эмомали бир канча күн мурда уулду болуп, наристенин ысымын чоң атасынын атынан Эмомали деп коюшту. “Муну менен Тажик президенти хан тактысын  түбөлүк менчиктештирип 20 жылдан кийинки Эмомали Рахмондун келишине даярдыктарды көрүп жаткан жокпу?”- деген суроо туулбай койбойт. Дүйшөнбү шаарынын мэри, 31 жаштагы Рустам Рахмондун  экинчи уулу. Анын улуу баласынын аты – Анушервон. Тажикстандын ...

0 102

ФОТО - Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартиби, жалпы электрэнергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБдин алкагында мындан аркы интеграцияга тиешелүү төмөнкү документтерге кол коюшту: «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин ардактуу төрагасы жөнүндө» Чечим; «Евразиялык экономикалык биримдик жана Кытай Эл Республикасынын бажылык чек аралары аркылуу өткөн ...

0 112

ФОТОРЕПОРТАЖ - Президент Сооронбай Жээнбеков: ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда дагы, үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды

«ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда дагы, үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы мааракелик жыйынында. Мамлекет башчысы жыйындын катышуучуларын евразиялык интеграциянын беш жылдык мааракеси менен куттуктап, Биримдиктин толук кандуу иштешине салым кошуп жаткандардын баарына ...

0 202

Назарбаевди асманга чыгаруу уланууда

Аудиофайл 29-май 2019, 15:00 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк кеңешинин түбөлүк президенти деген статус ыйгарылды. Мындай демилгени Түркиянын президенти Реджеп Эрдоган көтөргөн. Анын айтымында Назарбаев 1990-жылдан баштап Түрк дүйнөсүн бири-бири менен жакындашууга чоң эмгек сиңирген. Булак: "Багыт.kg"   

29-май 2019, 15:00 | 202 | Аудиофайл
0 550

Фергана акими аткаминерлерди “ичегиңди чубап, башыңа оройм” деп опузалаган

Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев Мажбурлап аткартуу бюросунун облустук башкармалыгынын жетекчисин тилдеп, “ичеги-кардын чубап, аны менен башын ороп салам” деп коркутканы айтылууда. Аудиожазуу жөнөткөн ишкер, окуя 22-майда обулустук администрациянын жыйыны учурунда болгонун билдирди. Аким чиновникти оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. “Жашооңдун беш-он жылы түрмөдө өтөт. Сен МАБ башчысы болосунбу, башкасы болосуңбу, мага айырмасы жок. Өзүмдү зорго кармап турам, болбосо ...

0 1440

Тажик түрмөсүндө каза болгон “лидерлердин” жансыз денесинин сүрөттөрү жарыяланды

“Ахбор” редакциясы 90-жылдардагы белгилүү дин таануучу  Саид Киёмидин Гозинин Тажикстандын түрмөлөрүндөгү бунтта 19-майда каза болгон сүрөтүн жарыялашты. Буга чейин интернетте Тажикстандын оппозиция Кайра жаралуу ислам партмясынын лидери Махсуми Абдусаттордун өлгөн денесинин сүрөттөрү чыккан. Эске  салсак, Тажикстандын Вахдат шаарындагы “Кирпич зона” деген ат менен таанылган түзөтүү мекемесинде (колония) түнү ызы- чуу чыгып, андан 32 адам каза тапкан. Анын үчөө түрмөнүн ...

0 353

АУДИО - Хабиб, Шавкат Мирзёевдин күйөө балдарына ыраазы болду

Аудиофайл 27-май 2019, 11:18 Нурайым Рысмамбетова

UFC тин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Инстрагаммдагы баракчасына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө балдары менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. 26-майда жарыяланган аталган билдирүүдө, чемпион мейман ээлеринин меймандостугуна ыраазычылыгын билдирди. “Меймандостугуңар үчүн рахмат силерге байкелер @oybek.b.tursunov, @otabek_muhammadalievich. Ташкентте салкын болгону менен ооз ачаардагы  ысык чай жана ысык плов адамды жылытат”, - деп жазды Нурмагомедов. Дагестандын кулуну Хабиб Нурмагомедов учурда UFCтин  ...

0 233

Нурсултан Назарбаев түрк кеңешинин түбөлүктүү ажосу болду

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк кеңешинин түбөлүктүү президенти статусу ыйгарылды. Бул тууралуу түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы билдирүүсүн Кыргызстандын Маданият маалымат жана туризм министрлиги таратты. Маалыматка ылайык, мындай демилге Түрк кеңешинин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин лидерлери менен биргеликте Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган тарабынан көтөрүлгөн. Буга себеп, Назарбаевдин түрк элдерин жакындатып, 1990-жылдардан бери түрк интеграциялык уюмун түзүүсү болгон.  Булак:NazarNews.kg

0 118

Чек ара кызматы: Казакстан беш-алты машинени бир сааттан текшерип жатат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу машинелердин кезеги жоюлду. Учурда үч-төрт жүк ташуучу автоунаа турганын Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Маалыматка караганда, казак тарап беш-алты машинени бир сааттан текшерип жатат. Кыргызстандык чек арачылар тыюу салынган баңгизаттарды, курал-жарак жана ок-дарыларды, жарылуучу каражаттардын бар-жогун гана текшерүүдө. 19-майда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда 50дөн ашык жүк ...

0 193

Өзбекстанда газ баллону жарылып, бир келин каза болду

Фергана облусунун Риштан районунда газ баллонунун жарылуусунан 32 жаштагы келин каза болду. Келиндин коңшуларынын айтымында, жарылуу ал газ баллонун алмаштырып жатканда болгон. «Ал ооз ачыруу үчүн тамак жасап жаткан. Ошол маалда газ түгөнүп калып, баллонду алмаштырып жатканда жарылуу болду. Келин дароо ошол жерде өлдү. Анын артында 12 жаштагы кызы жана тогуз жаштагы баласы калды», ؅— деди коңшуларынын бири. Риштан ...

0 498

Колонияда “бунт” чыгып, 29 адам каза тапты

Тажикстандын батышында жайгашкан катуу көзөмөлдөгү колониясында кечээ, 19-майда түнү ызы-чуу, көтөрүлүш чыккан. Бул тууралуу Тажикстандын Юстиция министрлигинин орун басары Мансурджон Умаровдун маалыматына таянып, РИА Новости жазып чыкты. Колониядагы көтөрүлүштө 29 адам каза тапкан. Министрдин орун басарынын айтымында, каза болгондордун сегизи өзүнө кол салган, андан тышкары, 3 кайтаруучу каза тапкан. Маалыматка ылайык,  түрмөдөгү чууну “Ислам мамлекети” тыюу салынган тобу ...

0 168

Майк Помпео менен Владимир Путин Сочиде жолугушту

Сочиде 14-май күнү кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу аяктады. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулду. Путин менен Помпео Сирия, Ливия, Венесуэла, Түндүк Корея маселелерин, мындан тышкары Орусия менен АКШнын ортосундагы ракеталык куралдануу жөнүндөгү келишимди талкуулашты. Украинадагы кырдаал жөнүндө сөз болгон эмес. Ушаков “сүйлөшүү өтө ийгиликтүү болбосо дагы иштиктүү ...

0 241

Казакстанда “Назарбаев таануу” сабагы киргизилет

14-май 2019, 10:09 Айдар Нуралиев

Казакстандагы окуу жайлардын студенттери эми “Назарбаев таануу” сабагын окуй башташы толук мүмкүн. Бул тууралуу «Түштүк Казакстан» облустук гезити кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай демилгени Шымкент университетинин профессору Экономика илимдеринин кандидаты Нурали Уткелбаев БИлим берүү министрлигине сунуштаган. Сунуш министрлик тарабынан жактырылды. Бул предметке Назарбаевдин илимий эмгектери, сүйлөгөн сөздөрү, макалалары, элге кайрылуулары камтылат. Уткелбаевдин сунушу менен жогорку квалификациялуу авторлор ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 465

Казакстандыктар Сириядан куткарылып алынды

10-май 2019, 17:27 Айдар Нуралиев

Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токоевдин буйругу менен 7 – 9 - майда “Жусан-2” деп аталган  операциянын негизинде  Сириядан бир катар казак жарандарынын чыгарылгандыгы тууралуу маалыматты Нур.кз сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 230 адам Сириядан чыгарылган, алардын ичинен 150сү жаш балдар.  Бир нече бала согушта алган жаратынан улам, оор абалда. Куткарылган 18 баланын ата-энеси жок.  Казакстандыктарды Сириядан куткаруу гуманитардык операциясы жыл ...

0 474

Өзбекстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты талашып эларалык сотко кайрылган

10-май 2019, 10:17 Айдар Нуралиев

Эл аралык арбитраждык сот Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионаты боюнча Кыргызстанга карата доо арызынын маңызын териштире баштады. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, «бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар же жогу каралат. Быйыл май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экени ...

0 764

Назарбаев кайда, Путиндин жанында. Атамбаевчи?

09-май 2019, 15:44 Айдар Нуралиев

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Москвада өтүп жаткан жүрүштө сыйлуу конок катары  чакырылган. Маалыматка ылайык,  Назарбаев РФнын президенти В.Путиндин жанында майрамдык иш чара башталгыча, кызыл аянтта эл алдына чыкты. Ал убакта биздин мурдагы президентибиз А.Атамбаев атасынын сүрөтүн көтөрүп алып, эл менен бирдикте “Өлбөс полкко” катышты.  Ал эми Казакстандын аянтында жеңиш майрамында, милициялар жарандарды кармап кетип жатышткандыгы  ...

0 408

Казакстанда жарандарды кармап кетип жатышат

09-май 2019, 15:14 Айдар Нуралиев

Бүгүн Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында бир нече киши кармалганын көргөндөр интернет желелерине жазып чыгышты. Нур-Султандык активист Аман Мурат уулу менен укук коргоочу Ерлан Калиевди да үйүнөн кармап кетишкен. Бүгүнкү кармоолорго «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы дал ушул күнү «Өлбөс полк» менен катар митинг өткөргөнү жатканын кабарлаганы да себеп болууда. Бийликтин маалыматында , тынчтык митингге чыгууну каалагандардын ...

0 181

Казакстан Башкы прокуратурасы митингге чыккандар жазаланарын эскертти

08-май 2019, 14:40 Айдар Нуралиев

Казакстан Башкы прокуратурасы жарандарды мыйзамсыз митингдерге чыкпоого чакырып, катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Көзөмөл органдын билдирүүсү өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы 9-майда Алматы жана Нур-Султан баш болгон ири шаардарда таза шайлоого үндөгөн митинг өткөрүү планын жарыялагандан кийин чыкты. Башкы прокуратура мыйзамсыз акцияларга катышкандар жоопкерчиликке тартыларын буга чейин да эскерткенин, ага кулак төшөбөгөндөр административдик жазага тартылганын белгилеген. Казакстандын Ички иштер министрлиги 1-майда өткөн ...

0 237

Казакстанда миттингге чыккандардан 80 адам кармалды

02-май 2019, 09:44 Айдар Нуралиев

Казакстандын Ички иштер министрлиги, 1-майда Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында өткөн нааразычылык акцияларында 80ден ашык адам кармалганын расмий билдирди. Маалыматка ылайык, нааразы болгон адамдарды кармоононун негизги себептери, “уруксаатсыз митингге чыгуу, өзүн агрессивдүү алып жүрүү жана коомдук тартипти бузду”- түшүндүрүлүүдө. Азыр кармалган адамдар укуктук баасын ала элек. Министрликтин билдирүүсүндө, акциялардын катышуучуларына ...

0 113

"Тажик Эйрдин" мурдагы жетекчиси абактан чыкты

29-апрель 2019, 16:01 Кызгалдак Жакыпова

"Тажик Эйр" авиакомпаниясынын мурдагы башчысы эч жакка чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулду. Учурда анын адвокаты менен сүйлөшүүгө мүмкүн боло элек. “Азаттыктын” тажик кызматынын өз булактары Рахимов 26-апрелде абактан чыкканын билдиришүүдө. Ага бир нече күн калганда айыпталуучунун адвокаты аткаминердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирген. Өлкөнүн расмий түзүмдөрү Хайрулло Рахимовдун же камалышы, же боштондукка чыгышы боюнча түшүндүрмө беришкен жок. 2018-жылы ...

0 155

Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

29-апрель 2019, 12:27 Айдар Нуралиев

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-унаа өтмөгүндөгү” чек ара пункту,  1-майдан 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.  “Жаз жана эмгек” майрамын утурлай, чек ара-Кытай тараптын демилгеси менен жабылууда, Булак:NazarNews.kg

0 193

Казакстанда президенттик шайлоо үчүн 9 талапкер каттоодон өттү

29-апрель 2019, 10:23 Кызгалдак Жакыпова

Жекшемби, 28-апрелде Казакстанда саясий партиялар менен коомдук уюмдар атынан президенттик шайлоого талапкерлерди сунуштоо жараяны аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына тогуз талапкер документ тапшырды. Талапкерлердин арасында «Улуу дала Кыраандары» кыймылынан журналист Садыбек Тугел, «Нур Отан» партиясынан азыркы президент Касым-Жомарт Токаев, Казакстан кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлү Амангелди Таспихов, «Ак жол» партиясынан мажлис депутаты Дания Еспаева, «Ауыл» партиясынан айыл чарба министринин мурдагы орун ...

0 224

Президент Эл аралык көргөзмөдөгү Кыргызстандын жарманке павильонуна барды

29-апрель 2019, 08:17 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Кытай Эл Республикасына жумушчу визитинин алкагында Эл аралык көргөзмө борборундагы Кыргызстандын жарманке павильонуна барды. Мамлекет башчысы павильонду көрүп чыгып, анын экспонаттары менен таанышты. Ал белгилегендей, Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары көргөзмөнүн аянтчасын максималдуу колдонуусу жана кыргызстандык экологиялык таза айыл чарба продукцияларын жана өнөр жайын ири рынокко көрсөтүүсү керек. “Экспо-2019” көргөзмөсүнө 16 млн адам келери күтүлүүдө. Президент ...

0 178

Оппозициялык партия казак бийлигинин шайлоосуна бойкот жарыялады

26-апрель 2019, 15:36 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялады. Мындай чечим, 26-апрелде Алматыда өткөн курултайда кабыл алышты. Аталган партия өз атынан президентикке журналист Елмурат Бапинин талапкерлигин көрсөтүлөрү күтүлүүдө. Аталган партия, 26-апрелдеги өткөн Курултайында лидерлерин алмашытырып, Жармахан Туякбайдын ордуна Ермурат Бапи шайлпанды. Казак бийлиги, “башка саясый күчтөрдүн Президенттик шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк беришкен жок”- деп эркин серепчилер сындашууда. Булак:NazarNews.kg

0 138

Назарбаев президенттикке Токаевдин талапкерлигин көрсөттү

23-апрель 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

«Нур Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев партиянын съездинде сенаттын мурдагы спикери, учурда мамлекет башчынын кызматын аркалап жаткан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президенттике сунуштады. Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин башкаруучу партиянын съездди алгачкы жолу өтүп жатат. Назарбаев өткөн айда кызматын тапшырган, бирок «Нур Отандын» лидери бойдон калган. Убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнга белгиленген. Казакстанда жана ...

0 452

5G байланышы дүйнөнү өзгөртөбү?

08-апрель 2019, 17:03 Айдар Нуралиев

Түштүк Корея жана АКШда биринчи жолу 5G технологиясы ишке кирди. Ал смартфон колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деп айтылууда. "Самсунг" компаниясы Galaxy S10 смартфондору 5G байланышына кошулганда, интернет жыйырма эсеге тездейт деп билдирди. Бир нече өлкө 5G технологиясын өнүктүрүп, өлкөгө жайылтууну көздөп турат. 5G айдоочусуз унааларды колдонуу үчүн да маанилүү экени айтылууда. Бирок жаңы технология коопсуздукка коркунуч жаратат дегендер да бар. 5G деген эмне? 5G ...

0 407

Бир жылда Орусиядан Тажикстанга 966 "жүк-200" жөнөтүлдү

01-апрель 2019, 10:45 Кызгалдак Жакыпова

Өткөн жылы Орусиядан Тажикстанга көбүнчө эмгек мигранттарынын сөөгү менен 966 “жүк-200” жөнөтүлдү. “Азаттыктын” тажик кызматына тийген расмий баяндамага ылайык, “айрым түзүмдөр Тажикстан жарандарынын, өзгөчө эмгек мигранттарынын чет өлкөдө көз жумушуна кабатыр болууда”. Баяндамада 2018-жылы Орусиядан Тажикстанга былтыркыга салыштырмалуу 90 “жүк-200” көбүрөөк жөнөтүлгөнү айтылат. Алардын ичинен 25 тажикстандык кыйноолордун кесепетинен мерт болгон. 2017-жылы Орусиядан 873 тажик жаранынын сөөгү салынган табыт келген. Булак: "Борбор Азия ...

0 365

Түрмөдө өлгөн аялдын туугандары анын оор жумушта иштегенин айтышууда

28-февраль 2019, 18:15 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын №42 колониясында 62 жаштагы Сайжура Гадаева каза болду. Маркумдун туугандары ал саламаттыгы начар экенине карабай, түрмөдө оор жумуштарда иштегени үчүн көз жумду деп эсептешет. "Түрмөдө анын оорулуу экенине ишенишкен жок, мазакташты, иштөөгө мажбурлашты. Эми колониянын кызматкерлери соттолуучулардан текшерүү учурунда “эч нерсе көргөн жокпуз” деп айтасыңар деп талап коюп жатыптыр. Түрмөнүн башчысы соттолуучуларды эки саат тик тургузуп, кысым көрсөтүп, опузалат жатат ...

0 332

Нурсултан Назарбаевге каршы чыккандар кармалып жатат

27-февраль 2019, 17:05 Жазгүл Урманбетова

Казакстандын борбор шаары Астанада учурдагы Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда «Нур Отан» партиясынын курултайы өтүп жаткан Төбөлсүздүк сарайына жакын жердеги аянтка чогулган ондогон адамдарды полиция кармап кеткени интернетте жабыла көрүлүп жатат. Окуя болгон жерде жүргөн «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованын айтымында, Астанада жыйналгандардын колунда кандайдыр бир жазуулар же талаптар болгон эмес. Ушундай эле окуя Алматы шаарында да болду. Алматыдагы «Нур ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 687

Окуучулардын мушташынан 6-класстын баласы каза болду

26-февраль 2019, 14:31 Кызгалдак Жакыпова

23-февралда Өзбекстандын Жизак облусундагы мектептердин биринде жапырт мушташ болуп, анын жыйынтыгында 6-класстын окуучусу каза болду. Бул факты боюнча жергиликтүү прокуратура кылмыш ишин козгоду. Жизак облустук элдик билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, мушташ маалында жогорку класстын окуучуларынын бири четте турган 6-класстагы баланы кокустан уруп алган. «Бала дароо райондук ооруканага жеткирилди. Бирок ал ошол эле күнү кечинде каза болуп калды. Биз окуучу мектепте өлдү деп ...

0 157

Нурсултан Назарбаев өкмөттүн курамын бекитт

26-февраль 2019, 14:13 Кызгалдак Жакыпова

Акордонун сайтында жарыяланган токтомго ылайык, Аскар Мамин – Казакстандын жаңы премьер-министри. Өкмөт башчынын орун басарлыгына буга чейин индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигин жетектеп келген Женис Касымбек дайындалды. Каржы министрлигине Алихан Смаилов келди, ал премьер-министрдин биринчи орун басары кызматын дагы аркалайт. Аскар Жумагалиев – санариптик өнүгүү, коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай министри, Даурен Абаев – маалымат жана коомдук өнүгүү министри болду. Абаев ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83