www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 46

Чек ара кызматы: Казакстан беш-алты машинени бир сааттан текшерип жатат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу машинелердин кезеги жоюлду. Учурда үч-төрт жүк ташуучу автоунаа турганын Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Маалыматка караганда, казак тарап беш-алты машинени бир сааттан текшерип жатат. Кыргызстандык чек арачылар тыюу салынган баңгизаттарды, курал-жарак жана ок-дарыларды, жарылуучу каражаттардын бар-жогун гана текшерүүдө. 19-майда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда 50дөн ашык жүк ...

0 106

Өзбекстанда газ баллону жарылып, бир келин каза болду

Фергана облусунун Риштан районунда газ баллонунун жарылуусунан 32 жаштагы келин каза болду. Келиндин коңшуларынын айтымында, жарылуу ал газ баллонун алмаштырып жатканда болгон. «Ал ооз ачыруу үчүн тамак жасап жаткан. Ошол маалда газ түгөнүп калып, баллонду алмаштырып жатканда жарылуу болду. Келин дароо ошол жерде өлдү. Анын артында 12 жаштагы кызы жана тогуз жаштагы баласы калды», ؅— деди коңшуларынын бири. Риштан ...

0 364

Колонияда “бунт” чыгып, 29 адам каза тапты

Тажикстандын батышында жайгашкан катуу көзөмөлдөгү колониясында кечээ, 19-майда түнү ызы-чуу, көтөрүлүш чыккан. Бул тууралуу Тажикстандын Юстиция министрлигинин орун басары Мансурджон Умаровдун маалыматына таянып, РИА Новости жазып чыкты. Колониядагы көтөрүлүштө 29 адам каза тапкан. Министрдин орун басарынын айтымында, каза болгондордун сегизи өзүнө кол салган, андан тышкары, 3 кайтаруучу каза тапкан. Маалыматка ылайык,  түрмөдөгү чууну “Ислам мамлекети” тыюу салынган тобу ...

0 93

Майк Помпео менен Владимир Путин Сочиде жолугушту

Сочиде 14-май күнү кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу аяктады. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулду. Путин менен Помпео Сирия, Ливия, Венесуэла, Түндүк Корея маселелерин, мындан тышкары Орусия менен АКШнын ортосундагы ракеталык куралдануу жөнүндөгү келишимди талкуулашты. Украинадагы кырдаал жөнүндө сөз болгон эмес. Ушаков “сүйлөшүү өтө ийгиликтүү болбосо дагы иштиктүү ...

0 149

Казакстанда “Назарбаев таануу” сабагы киргизилет

14-май 2019, 10:09 Айдар Нуралиев

Казакстандагы окуу жайлардын студенттери эми “Назарбаев таануу” сабагын окуй башташы толук мүмкүн. Бул тууралуу «Түштүк Казакстан» облустук гезити кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай демилгени Шымкент университетинин профессору Экономика илимдеринин кандидаты Нурали Уткелбаев БИлим берүү министрлигине сунуштаган. Сунуш министрлик тарабынан жактырылды. Бул предметке Назарбаевдин илимий эмгектери, сүйлөгөн сөздөрү, макалалары, элге кайрылуулары камтылат. Уткелбаевдин сунушу менен жогорку квалификациялуу авторлор ...

0 359

Казакстандыктар Сириядан куткарылып алынды

10-май 2019, 17:27 Айдар Нуралиев

Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токоевдин буйругу менен 7 – 9 - майда “Жусан-2” деп аталган  операциянын негизинде  Сириядан бир катар казак жарандарынын чыгарылгандыгы тууралуу маалыматты Нур.кз сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 230 адам Сириядан чыгарылган, алардын ичинен 150сү жаш балдар.  Бир нече бала согушта алган жаратынан улам, оор абалда. Куткарылган 18 баланын ата-энеси жок.  Казакстандыктарды Сириядан куткаруу гуманитардык операциясы жыл ...

0 399

Өзбекстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты талашып эларалык сотко кайрылган

10-май 2019, 10:17 Айдар Нуралиев

Эл аралык арбитраждык сот Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионаты боюнча Кыргызстанга карата доо арызынын маңызын териштире баштады. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, «бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар же жогу каралат. Быйыл май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экени ...

0 651

Назарбаев кайда, Путиндин жанында. Атамбаевчи?

09-май 2019, 15:44 Айдар Нуралиев

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Москвада өтүп жаткан жүрүштө сыйлуу конок катары  чакырылган. Маалыматка ылайык,  Назарбаев РФнын президенти В.Путиндин жанында майрамдык иш чара башталгыча, кызыл аянтта эл алдына чыкты. Ал убакта биздин мурдагы президентибиз А.Атамбаев атасынын сүрөтүн көтөрүп алып, эл менен бирдикте “Өлбөс полкко” катышты.  Ал эми Казакстандын аянтында жеңиш майрамында, милициялар жарандарды кармап кетип жатышткандыгы  ...

0 299

Казакстанда жарандарды кармап кетип жатышат

09-май 2019, 15:14 Айдар Нуралиев

Бүгүн Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында бир нече киши кармалганын көргөндөр интернет желелерине жазып чыгышты. Нур-Султандык активист Аман Мурат уулу менен укук коргоочу Ерлан Калиевди да үйүнөн кармап кетишкен. Бүгүнкү кармоолорго «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы дал ушул күнү «Өлбөс полк» менен катар митинг өткөргөнү жатканын кабарлаганы да себеп болууда. Бийликтин маалыматында , тынчтык митингге чыгууну каалагандардын ...

0 104

Казакстан Башкы прокуратурасы митингге чыккандар жазаланарын эскертти

08-май 2019, 14:40 Айдар Нуралиев

Казакстан Башкы прокуратурасы жарандарды мыйзамсыз митингдерге чыкпоого чакырып, катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Көзөмөл органдын билдирүүсү өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы 9-майда Алматы жана Нур-Султан баш болгон ири шаардарда таза шайлоого үндөгөн митинг өткөрүү планын жарыялагандан кийин чыкты. Башкы прокуратура мыйзамсыз акцияларга катышкандар жоопкерчиликке тартыларын буга чейин да эскерткенин, ага кулак төшөбөгөндөр административдик жазага тартылганын белгилеген. Казакстандын Ички иштер министрлиги 1-майда өткөн ...

0 158

Казакстанда миттингге чыккандардан 80 адам кармалды

02-май 2019, 09:44 Айдар Нуралиев

Казакстандын Ички иштер министрлиги, 1-майда Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында өткөн нааразычылык акцияларында 80ден ашык адам кармалганын расмий билдирди. Маалыматка ылайык, нааразы болгон адамдарды кармоононун негизги себептери, “уруксаатсыз митингге чыгуу, өзүн агрессивдүү алып жүрүү жана коомдук тартипти бузду”- түшүндүрүлүүдө. Азыр кармалган адамдар укуктук баасын ала элек. Министрликтин билдирүүсүндө, акциялардын катышуучуларына ...

0 66

"Тажик Эйрдин" мурдагы жетекчиси абактан чыкты

29-апрель 2019, 16:01 Кызгалдак Жакыпова

"Тажик Эйр" авиакомпаниясынын мурдагы башчысы эч жакка чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулду. Учурда анын адвокаты менен сүйлөшүүгө мүмкүн боло элек. “Азаттыктын” тажик кызматынын өз булактары Рахимов 26-апрелде абактан чыкканын билдиришүүдө. Ага бир нече күн калганда айыпталуучунун адвокаты аткаминердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирген. Өлкөнүн расмий түзүмдөрү Хайрулло Рахимовдун же камалышы, же боштондукка чыгышы боюнча түшүндүрмө беришкен жок. 2018-жылы ...

0 95

Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

29-апрель 2019, 12:27 Айдар Нуралиев

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-унаа өтмөгүндөгү” чек ара пункту,  1-майдан 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.  “Жаз жана эмгек” майрамын утурлай, чек ара-Кытай тараптын демилгеси менен жабылууда, Булак:NazarNews.kg

0 137

Казакстанда президенттик шайлоо үчүн 9 талапкер каттоодон өттү

29-апрель 2019, 10:23 Кызгалдак Жакыпова

Жекшемби, 28-апрелде Казакстанда саясий партиялар менен коомдук уюмдар атынан президенттик шайлоого талапкерлерди сунуштоо жараяны аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына тогуз талапкер документ тапшырды. Талапкерлердин арасында «Улуу дала Кыраандары» кыймылынан журналист Садыбек Тугел, «Нур Отан» партиясынан азыркы президент Касым-Жомарт Токаев, Казакстан кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлү Амангелди Таспихов, «Ак жол» партиясынан мажлис депутаты Дания Еспаева, «Ауыл» партиясынан айыл чарба министринин мурдагы орун ...

0 157

Президент Эл аралык көргөзмөдөгү Кыргызстандын жарманке павильонуна барды

29-апрель 2019, 08:17 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Кытай Эл Республикасына жумушчу визитинин алкагында Эл аралык көргөзмө борборундагы Кыргызстандын жарманке павильонуна барды. Мамлекет башчысы павильонду көрүп чыгып, анын экспонаттары менен таанышты. Ал белгилегендей, Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары көргөзмөнүн аянтчасын максималдуу колдонуусу жана кыргызстандык экологиялык таза айыл чарба продукцияларын жана өнөр жайын ири рынокко көрсөтүүсү керек. “Экспо-2019” көргөзмөсүнө 16 млн адам келери күтүлүүдө. Президент ...

0 106

Оппозициялык партия казак бийлигинин шайлоосуна бойкот жарыялады

26-апрель 2019, 15:36 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялады. Мындай чечим, 26-апрелде Алматыда өткөн курултайда кабыл алышты. Аталган партия өз атынан президентикке журналист Елмурат Бапинин талапкерлигин көрсөтүлөрү күтүлүүдө. Аталган партия, 26-апрелдеги өткөн Курултайында лидерлерин алмашытырып, Жармахан Туякбайдын ордуна Ермурат Бапи шайлпанды. Казак бийлиги, “башка саясый күчтөрдүн Президенттик шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк беришкен жок”- деп эркин серепчилер сындашууда. Булак:NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 86

Назарбаев президенттикке Токаевдин талапкерлигин көрсөттү

23-апрель 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

«Нур Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев партиянын съездинде сенаттын мурдагы спикери, учурда мамлекет башчынын кызматын аркалап жаткан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президенттике сунуштады. Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин башкаруучу партиянын съездди алгачкы жолу өтүп жатат. Назарбаев өткөн айда кызматын тапшырган, бирок «Нур Отандын» лидери бойдон калган. Убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнга белгиленген. Казакстанда жана ...

0 362

5G байланышы дүйнөнү өзгөртөбү?

08-апрель 2019, 17:03 Айдар Нуралиев

Түштүк Корея жана АКШда биринчи жолу 5G технологиясы ишке кирди. Ал смартфон колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деп айтылууда. "Самсунг" компаниясы Galaxy S10 смартфондору 5G байланышына кошулганда, интернет жыйырма эсеге тездейт деп билдирди. Бир нече өлкө 5G технологиясын өнүктүрүп, өлкөгө жайылтууну көздөп турат. 5G айдоочусуз унааларды колдонуу үчүн да маанилүү экени айтылууда. Бирок жаңы технология коопсуздукка коркунуч жаратат дегендер да бар. 5G деген эмне? 5G ...

0 347

Бир жылда Орусиядан Тажикстанга 966 "жүк-200" жөнөтүлдү

01-апрель 2019, 10:45 Кызгалдак Жакыпова

Өткөн жылы Орусиядан Тажикстанга көбүнчө эмгек мигранттарынын сөөгү менен 966 “жүк-200” жөнөтүлдү. “Азаттыктын” тажик кызматына тийген расмий баяндамага ылайык, “айрым түзүмдөр Тажикстан жарандарынын, өзгөчө эмгек мигранттарынын чет өлкөдө көз жумушуна кабатыр болууда”. Баяндамада 2018-жылы Орусиядан Тажикстанга былтыркыга салыштырмалуу 90 “жүк-200” көбүрөөк жөнөтүлгөнү айтылат. Алардын ичинен 25 тажикстандык кыйноолордун кесепетинен мерт болгон. 2017-жылы Орусиядан 873 тажик жаранынын сөөгү салынган табыт келген. Булак: "Борбор Азия ...

0 308

Түрмөдө өлгөн аялдын туугандары анын оор жумушта иштегенин айтышууда

28-февраль 2019, 18:15 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын №42 колониясында 62 жаштагы Сайжура Гадаева каза болду. Маркумдун туугандары ал саламаттыгы начар экенине карабай, түрмөдө оор жумуштарда иштегени үчүн көз жумду деп эсептешет. "Түрмөдө анын оорулуу экенине ишенишкен жок, мазакташты, иштөөгө мажбурлашты. Эми колониянын кызматкерлери соттолуучулардан текшерүү учурунда “эч нерсе көргөн жокпуз” деп айтасыңар деп талап коюп жатыптыр. Түрмөнүн башчысы соттолуучуларды эки саат тик тургузуп, кысым көрсөтүп, опузалат жатат ...

0 281

Нурсултан Назарбаевге каршы чыккандар кармалып жатат

27-февраль 2019, 17:05 Жазгүл Урманбетова

Казакстандын борбор шаары Астанада учурдагы Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда «Нур Отан» партиясынын курултайы өтүп жаткан Төбөлсүздүк сарайына жакын жердеги аянтка чогулган ондогон адамдарды полиция кармап кеткени интернетте жабыла көрүлүп жатат. Окуя болгон жерде жүргөн «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованын айтымында, Астанада жыйналгандардын колунда кандайдыр бир жазуулар же талаптар болгон эмес. Ушундай эле окуя Алматы шаарында да болду. Алматыдагы «Нур ...

0 648

Окуучулардын мушташынан 6-класстын баласы каза болду

26-февраль 2019, 14:31 Кызгалдак Жакыпова

23-февралда Өзбекстандын Жизак облусундагы мектептердин биринде жапырт мушташ болуп, анын жыйынтыгында 6-класстын окуучусу каза болду. Бул факты боюнча жергиликтүү прокуратура кылмыш ишин козгоду. Жизак облустук элдик билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, мушташ маалында жогорку класстын окуучуларынын бири четте турган 6-класстагы баланы кокустан уруп алган. «Бала дароо райондук ооруканага жеткирилди. Бирок ал ошол эле күнү кечинде каза болуп калды. Биз окуучу мектепте өлдү деп ...

0 125

Нурсултан Назарбаев өкмөттүн курамын бекитт

26-февраль 2019, 14:13 Кызгалдак Жакыпова

Акордонун сайтында жарыяланган токтомго ылайык, Аскар Мамин – Казакстандын жаңы премьер-министри. Өкмөт башчынын орун басарлыгына буга чейин индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигин жетектеп келген Женис Касымбек дайындалды. Каржы министрлигине Алихан Смаилов келди, ал премьер-министрдин биринчи орун басары кызматын дагы аркалайт. Аскар Жумагалиев – санариптик өнүгүү, коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай министри, Даурен Абаев – маалымат жана коомдук өнүгүү министри болду. Абаев ...

0 231

География сабагында окуучуну мугалим таяк менен уруп колун сындырган

26-февраль 2019, 09:28 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Денау районунда география мугалими окуучулардын бирин таяк менен уруп, анын колу сынган. Окуучунун апасы Максуда Ниязова мугалимди жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен райондук прокуратурага кайрылганын билдирди. Мектептин директору Рукия Хакимова бул окуядан кийин география мугалими өз каалоосу менен иштен кеткенин айтып, ата-энелер буга чейин да ал мугалимге даттанып келишкенин кошумчалады. Денау райондук билим берүү башкармалыгынан мугалимдин мындан ары билим берүү тармагында иштей алаар-албасы ...

0 13439

Акча үчүн кытайга турмушка чыккан кызды күйөөсү бир жума ур-токмокко алып, жуунучу бөлмөгө камап койгон

26-февраль 2019, 09:01 Кызгалдак Жакыпова

Кытай жаранына турмушка чыккан намангандык Саида аттуу кыз күйөөсү орой мамиле жасаганын айтып, үйүнө кайтууга жардам сураган. 19- февралда ал Өзбекстандын Кытайдагы элчилигинин жардамы менен мекенине кайткан. Өзбек консулу Бабур Яхёевдин айтымында, Саида учурда үйүндө. Буга чейин кордук көргөнүн билдирген кыз социалдык түйүндөр аркылуу журналисттерден жардам сураган. Саиданын айтымында, күйөөсү аны бир жума жууна турган бөлмөдө камап койгон. Ур-токмоктон тышкары сексуалдык зомбулук ...

0 271

Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

25-февраль 2019, 14:23 Жазгүл Урманбетова

Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. Маминдин талапкерлигин президент Нурсултан Назарбаев сунуштап, мажилистин депутаттары колдоп берди. Акордонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, Назарбаев жаңы премьерди дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду. Булак: NazarNews.kg

0 131

ИИМ: Былтыр Кыргызстанда 36 сайт жабылды

18-февраль 2019, 09:48 Перизат Кутманалиева

2018-жылы Кыргызстанда 36 интернет-сайт экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды тараткан деген негизде жабылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин билдиргенине караганда, жалпысынан былтыр милиция органдары мындай багыттагы 91 маалыматты, 70 сайтты жана 21 аккаунтту аныктап чыккан. 36 сайт соттун чечими менен жабылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, Кыргызстанда 21 уюмдун иши деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп таанылып, соттун чечими менен алардын ишмердүүлүгүнө ...

0 238

Москвада жумушчулардын чырынан эки адам каза тапты

18-февраль 2019, 09:48 Кызгалдак Жакыпова

Өткөн жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Москвадагы Волгоград проспектисинде болгон калайман мушташтан эки адам каза тапты. Тергөөнүн версиясына караганда, уруштун чыгышына машине жуучу комплексте иштеген жумушчулар ортосунда башталган чыр себеп болгон. Маалымат каражаттары мушташка 10го чукул адам катышканын, алардын баары өзбекстандыктар экенин жазышты. Орусиянын Тергөө комитети окуя учурунда тартылып алынган видеону жарыялады: Өткөн жуманын ортосунда Госпитальная көчөсүндө болгон мушташта да ок атылып, үч киши ...

0 347

Чүй: Кайненеси менен болгон пикир келишпестик келинин эки баласы менен өзүн өрттөгөнгө жеткирген

14-февраль 2019, 09:28 Кызгалдак Жакыпова

Маркум кайненеси менен пикир келишпестиктен улам өзүн өрттөгөн болушу мүмкүн  Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы өрттөн бир аял жана анын тогуз жана бир жарым жаштагы балдары каза болду. Азырынча ИИМ экспертизанын жыйынтыктарын жана өрттүн келип чыгуу себептерин расмий жарыялай элек. Сарай менен гараждагы өрттү коңшулары 12-февраль күнү күндүзгү саат үчтөрдө байкашкан. Өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин алар жалынды өз алдынча өчүрүүгө аракет кылышкан. «Биз ...

0 665

Аэропортто кармалган кытайлык казак кытайга кайтарбоону суранат

11-февраль 2019, 09:37 Перизат Кутманалиева

Учурда Ташкент аэропортунда жүргөн кытайлык казак өзбек бийлигине кайрылып, Бээжинге экстрадиция кылбоону суранды. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жолдогон ишкер Галымбек Шагымандын айтымында, Кытайда ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Кытай жана Өзбекстан бийлиги Бээжин чындап эле кытайлык казакты экстрадициялоо боюнча өтүнүч жолдогон-жолдобогонун тастыктаган жок. Эл аралык укук коргоо уюмдары, Батыштагы бир нече өлкөлөр жана БУУ Шинжаңда ислам динин туткан этникалык азчылыктар, анын ...

0 31890

ВИДЕО: Көзүнө чөп салган күйөөсүн көңүлдөшү менен кармап алган аял эки жупту майып болуп калганча сабаган

07-февраль 2019, 12:11 Жазгүл Урманбетова

Өзбекстанда ачууга алдырган аялы күйөөсүн ойношу менен кармап алып өзүнүн бир туугандары менен экөөн тең сабап салган. Бул тууралуу repost  видео жарыя кылган. Өзбекстандын кайсыл бир облусунда тартылган. Бул видеодон үй бүлөсүн ээрчитип келген ачуусун баса албаган аялы унаадан күйөөсү менен биргеликте ойношун сүйрөп чыгып майып болуп калгыча сабаган. Видеодон көргөндөй авто унаанын айнектери талкаланган. Талкаланган айнектеринен эркектин көңүлдөшүн чыгарып алууга аракет кылышкан. Кызынын көзүнө ...

0 810

Өрттөн каза болгон беш наристе жерге берилди

05-февраль 2019, 15:17 Кызгалдак Жакыпова

4-февралга караган түнү Астананын Шынгыстау көчөсүндөгү жеке турак-үйдө өрт чыгып, анын чатыры кулап түшкөн. Өрт жайылган аянт 30 чарчы метрди түзгөн. Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматы боюнча жалын кабар түшкөндөн кийин бир саттын ичинде толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүү кызматкерлери урандылардын арасынан беш баланын сөөгүн табышкан. Алардын эң кичүүсү бир жашта болсо, улуусу 13 жашта болгон. Өрт тутанган учурда бир тууган балдар үйдө өзүлөрү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3009

Кызын зордуктап жүргөнүн билип калган аял күйөөсүн өлтүрдү

04-февраль 2019, 09:56 Кызгалдак Жакыпова

Самарканд облусундагы Пахтачы районунун тургуну өз күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен кармалды. Аял күйөөсү өзүнүн 18 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн билдирүүдө. Облустук милиция бөлүмүнөн кабарлашкандай, айнектин сыныктары менен кескиленген 48 жаштагы адамдын сөөгү 27-январда табылган. – Тергөөнүн жүрүшүндө окуя 26-январда кечки саат ондордо болгону аныкталган. Шектүү катары кармалган аял күйөөсүн айнек идиш менен уруп, андан соң тепкилегенин мойнуна алды. Ал күйөөсү алардын ...

0 318

Аликбек Жекшенкулов: Бишкек Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт

04-февраль 2019, 09:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов өлкө аймагында экинчи орус аскердик базасын ачуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды. «Кыргызстандын түштүгүндө экинчи орус аскердик базаcын ачуу маселеси биздин өлкөнүн жетекчилиги менен тиешелүү мекемелердин түздөн-түз көзөмөлүндө турат. Мындан улам бул маселе эки өлкө президенттеринин марттагы жолугушуусунда талкууланышы мүмкүн», — деди Жекшенкулов. Ошол эле маалда элчи Ооганстандын түндүк аймактарына Сирия менен ...

0 262

Түркмөн бийлиги жарандарын немис жабдуулары аркылуу аңдып жатышы мүмкүн

01-февраль 2019, 10:19 Жазгүл Урманбетова

Түркмөнстан өкмөтү бийликке жакпаган веб-сайттарга бөгөт коюу жана тыюу салууларды кыйгай өткөн интернет колдонуучуларды аныктоо үчүн Rohde & Schwarz немис фирмасынын телекоммуникациялык жабдууларын колдонот. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы бир нече жеке булактарына таянуу менен билдирди. Мындан тышкары Rohde & Schwarz фирмасынын техникалары телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо үчүн дагы пайдаланылышы мүмкүн. Rohde & Schwarz фирмасынын Мюнхендеги башкы кеңсеси бул маалыматты тастыктап же четке каккан ...

0 364

Аткаминер эки адам өлтүрүүгө айыпталууда

31-январь 2019, 10:29 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Тергөө комитети парламенттин жогорку палатасынын өкүлү Рауф Арашуковго Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып такты. Аткаминер 30-январь күнү эртең менен кармалган. Ал эки киши өлтүрүү, кылмыштуу топ түзүү жана күбөгө кысым көрсөтүүгө айыпталууда. Федерация Кеңешиндеги Карачай-Черкес жумуриятынын өкүлү Рауф Арашуков парламенттин жабык жыйыны өтүп жатканда кармалган. Жыйынга Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка жана Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин катышкан. Ушул эле ...

0 413

Окуучу балдардын муз аянтчасындагы мушташынын соңу өлүм менен коштолгон

29-январь 2019, 09:55 Кызгалдак Жакыпова

Актөбө облусунда окуучунун өлүмүнө байланыштуу “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Өткөн аптада Шалкар шаарындагы эки мектептин окуучулары мушташып кеткен. Жаңжалдын кесепетинен 10-класстын окуучусу Мирасбек Даулетияр өмүр менен кош айтышкан. Окуя Шалкар көлүнүн четиндеги муз аянтында болгон. Шалкар шаардык ооруканасынын дарыгери Есенгали Копеновдун айтымында, белгисиз кишилер кансыраган баланы имараттын алдына алып келип ташташкан: – Ал жүрөк тушунан өткүр зат менен терең ...

0 413

Кыргыз балдар Өзбекстанда сабалды деген видеонун чоо-жайы

25-январь 2019, 10:13 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министрлиги WhatsApp мессенджери аркылуу улуттар аралык кастыкты козуткан видеону таратууга шектелген адамды кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кармалган адам «WhatsApp» аркылуу өзбек улутундагы балдардын мушташы тартылган видеону тараткан. Ал тасма башка да социалдык тармактар аркылуу жайылып кеткен. Анда видеодогу окуя Ош облусунун аймагында тартылганы тууралуу маалыматтар бериле баштаган. ИИМ аталган видео Өзбекстандын Наманган облусунда болгонун жана ал ...

0 227

Кибер алдамчылар колдонуучулардын маалыматын чогултуу үчүн фейк сайт түзүшкөн

24-январь 2019, 10:42 Кызгалдак Жакыпова

Банктар аралык улуттук процессинг борбору Uzcard брендинин кибер алдамчылар тарабынан колдонулушун иликтөөдө. Борбордун маалыматына караганда, белгисиз адамдар Uzcard.uz сайтынын интерфейсин көчүрүп алып, UzCard төлөм системасынын атынан WEBSUM менен биргелешкен акция башташканын жарыялашкан. Кибер алдамчылар бардык катышуучуларга акча бир нече пайызга көбөйөрүн убада кылышкан. Бирок колдонуучулар төлөм карталарынын номерин жана каражат көлөмүн жазышы керек болгон. “Бул акция банк аралык Uzcard төлөм системасы тарабынан уюштурулган ...

0 338

Президенттике ат салышууну каалаган кишиге дарыгерге көрүнүү кеңешин беришти

24-январь 2019, 09:38 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстан Элдик фронтунун мурдагы мүчөсү Кувватали Муродов 2020-жылы президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Анын бул чечимин айрымдар кескин сынга алса, кээ бири олуттуу карашкан жок. Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөө борборунун өкүлдөрү Мурадовго медициналык кароодон өтүү кеңешин берген үч материал жарыялашты. Кувватали Муродов өткөн аптада 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин коё турганын билдирген. Ал жетиштүү добуш топтой албай калышы ыктымал экенин, бирок ...

0 422

Тергөө абагында суицидге барган аял бошотулду

23-январь 2019, 17:51 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандын Айни районунун 70 жаштагы тургуну Истад Курбонова жергиликтүү тергөө абагында өз жанын кыюуга аракет жасагандан кийин эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкат менен бошотулду. Ал жер тилкесин басып алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен кармалган. Согди облусунун прокуратурасы улгайган аял дарыланууга муктаж экенин, буга байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү тууралуу Истад Курбонованын туугандарына кат жөнөткөн. Катта тергөө абагындагы суицид ...

0 491

Мамлекеттик тилди билбеген аткаминерлерге айып пул салуу сунушталууда

23-январь 2019, 17:40 Кызгалдак Жакыпова

Коомдук ишмер, саясатчы Азимбек Бекназаров президентке, өкмөткө жана парламентке кайрылып, өлкөдө кыргыз тилинин аброюн көтөрүүгө чакырды. Анын айтымында, кыргыз тилинин абалы 2000-жылы Конституцияга расмий тил тууралуу жобо киргизилгенден кийин кыйла начарлап кеткен. Кайрылуусунда ал буга мисал катары негизинен орус, англис, араб, корей жана кытай тилдеринде жазылган жарманаларды келтирген. Кайрылууда «мамлекеттик кызматка кирип жаткандардан кыргыз тилин билүү формалдуу эмес, милдеттүү түрдө талап кылынышы ...

0 853

Сойкулар жашаган батирлерде видео байкоо жүргүзүлөт

23-январь 2019, 09:41 Кызгалдак Жакыпова

Наманганда сойкулук менен алектенген аялдар жашаган үйлөрдүн кире бериштерине видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу 20-январда Наманган облустук администрациясы билдирди. Расмий маалыматтарга ылайык, кичи райондордогу кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн көңүл ачуу борборлоруна, компьютердик клубдарга, дүкөндөргө да видеокамералар орнотулат. Видеобайкоо камералары ички иштер бөлүмдөрүнө кошулат жана видеожазуулар бир ай бою сакталат. Камералар күнү-түнү үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзөт. Бир нече күн мурун социалдык түйүндөрдө топтошкон кишилер эки өспүрүмдү ...

0 397

Түрттүрүлө турган үйдүн ээси жүрөгү кармап каза болду

22-январь 2019, 15:09 Кызгалдак Жакыпова

19-январда Фергананын борборундагы бузулуп жаткан үйдүн 44 жаштагы жашоочусу Виктор Аристов жүрөгү кармап каза болду. Туугандары ал үйдүн тургундарын башка жерге көчүрүүгө аракет кылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн басымына туруштук бере албай калганын билдиришүүдө. «Акимчилик кызматкерлери менен анын үй-бүлөсүнүн ортосунда жаңжал болду. Жыйынтыгында үй ээсинин кан басымы жогорулап, жүрөгү кармап жыгылды. Эртеси ооруканада каза болуп калды», — деп билдирди маркумдун коңуларынын бири. Шаар ...

0 300

Чек арачылары беш өзбек жаранын үшүктөн куткарып калышты

22-январь 2019, 14:53 Кызгалдак Жакыпова

Казак чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүп бараткан беш өзбек жаранын колго түшүрүштү. «Алар түз эле жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Бирөөсүнүн буттарын 3-4-даражада үшүк алган. Ал интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылды. Азыр абалы оор», — деп билдиришти мекемеден. Мындан тышкары дагы экөөсүнүн бутун 2-3-даражадагы үшүк алган. Алардын абалы канааттандыраарлык. Учурда чек ара бузгандар милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жергиликтүү ооруканада дарыланып жатышат. Булак: "Борбордук Азия жаңылыктары"

0 911

Кыйноого айыпталган качкын майор соттолууда

22-январь 2019, 11:35 Кызгалдак Жакыпова

Хожент гарнизонунун аскердик соту милиция майору Шухрат Шамсиддиновдун ишин карай баштады. Ага өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын мурдагы мүчөсү Комил Хожаназаровду кыйнаган деген айып тагылган. Диний партиянын мурагы мүчөсү кезектеги суракка бир күн калганда өз жанын кыйган. Бул боюнча Согди облустук ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсүнө жана Тажикстан УКМКсынын Ашт райондук бөлүмүнүн кызматкерине кылмыш иши козголгон. 2018-жылы жайында тергөөчүлөрдүн бири ...

0 358

Ислам Каримовдун учагы сатылды

21-январь 2019, 09:25 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстанда 1997-жылы өлкө жетекчилиги үчүн жасалган Uzbekistan Airways авиакомпаниясына тиешелүү үч учактын бири сатылды. Бул тууралуу AviaSpotter телеграм-каналы билдирди. British Aerospace Avro RJ85 (UK-80001 номурлуу) борту 1997-2013-жылдары Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовго кызмат өтөгөн. Бул учак менен ал Өзбекстан аймагына жана жакынкы чет өлкөлөргө учуп турган. Дагы ушул сыяктуу UK-8002 жана UK-80003 учактары сатылууга даярдалууда. Булак: "centralasian.org"

0 228

Ооганстанга жети өлкө колдоо көрсөттү

16-январь 2019, 10:01 Кызгалдак Жакыпова

Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу жыйналышында жети өлкө Ооганстанга колдоо көрсөттү. Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Өзбекстан, Индия, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Ооганстандын Тышкы иштер министрлери катышкан Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу жыйналышынан кийин аймактык коопсуздук, транспорт, жүкташуу, энергетика жана инвестиция жаатындагы кызматташтык маселелери менен Ооганстанга колдоо көрсөтүү темаларын камтыган орток билдирүү жарыяланды. Билдирүүдө маданий, соода-сатыкжана башка тармактарда байланыштары болгон ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 423

Швецияда теракт пландоого шектүү кыргызстандык менен өзбекстандыктардын соту башталды

08-январь 2019, 09:20 Кызгалдак Жакыпова

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобун каржылоого айыпталган, Швецияда жашаган алты өзбекстандык жана бир кыргызстандык жарандын соту башталды. Борбор Азиядан келген үч киши мындан тышкары Швеция аймагында террордук акт пландоого күнөөлөнүүдө. Стокгольмдогу алгачкы соттук отурум 7-январда өттү. Айыпталуучулар: Өзбекстан жарандары Акрамжон Эргашев, Бахтиёр Умаров, Гулом Тажиев, Шоахмад Махмудов, Дэвид Идриссон, андан тышкары кыргызстандык Атабек Абдуллаев ок өтпөс айнек тосмонун артында отурушту. Абдуллаев, Идриссон жана Умаров ...

0 2332

ВИДЕО: “Менин президентим менен селфи” деген аталыштагы клип кызуу талкууга түштү

05-январь 2019, 16:37 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүрөтү менен селфиге түшкөн видеоклип жарыкка чыгып, коомчулукка жарыяланды. “Менин президентим менен селфи” деген аталыштагы клип, Өзбекстандагы “Божалар” тобунун ырчысы Жахонгир Позилжонов тарабынан иштелип чыккан. Клипти ырчы Жахонгир, алгач өзүнүн балдары менен селфи кылып: - “Ассалому аллейкум достор. Урматтуу мекендештер! Бүгүн мен балдарым менен менин президентим менен селфи кыламын. Эгерде менин пикириме кошулсаңар, сиздер дагы ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83