www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 733

"Салафизм" идеясын жактагандар Тажикстанда соттолду

24-декабрь 2017, 15:58 Жазгүл Урманбетова

Худжандда «Салафия» кыймылынын үч жактоочусу 5 жылдан эркинен ажыратылды. Алар экстремисттик ишмердүүлүк уюштуруу боюнча күнөөлүү деп табылышты. Салафизм идеасын жактабай, бирок мечиттерде бөтөнчө намазга жыгылган адамдар тууралуу укук коргоо органдарына маалымат бербегени үчүн үч киши 6 айдан абакка кесилди. Соттолгондор диний билимге ээ болгон эмес, “Салафия” кыймылына интернет аркылуу киришкен. Алардын бири социалдык түйүндөрдө “Юганск муфтийи” деген ник менен белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, ...

0 2725

Өзбекстан келерки жылдан тарта Кыргызстанда Ravon үлгүсүндөгү эки түрдүү автоунаа чыгаруунун пландап жатат.

24-декабрь 2017, 12:26 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз тараптан өнөктөш болуп "Автоцентр Эстакада", ал эми өзбек тараптан GM Uzbekistan компаниялары чыгып жатат. Учурда GM Uzbekistan 10 түрдүү автокөлүктөрдү чыгарууда. Алардын төртөө седан — Nexia, Cobalt, Gentra и Malibu, ал эми экөө майда аз сарптаган Matiz и Spark, бир Captiva жолтандабасы, бир түрү минивэн — Orlando үлгүсүндөгү техникалар. Андан сырткары Damas кичиавтобусу менен Labo үлгүсүндөгү микровэн жасап жатат. Аталган компания Ravon автоунаасын экспорттойт. ...

0 1914

"Ийилгенге ийилгин башың жерге тийгиче, какайганга какайгын, төбөң көккө жеткиче!"

23-декабрь 2017, 19:06 Жазгүл Урманбетова

Экономикалык жактан каржалган Тажикстан өз жарандарын гана эмес, кошуна өлкөлөрдү дагы азапка салып, кыйнай баштады. Айтсак, жакындан бери тажик мамлекетине кирген унаалардан олчойгон суммадагы экологиялык төлөм алып, Кыргызстандык унаалардан 2500 сомго чейин шыпырып жатканы ачыкка чыкты. Кызыгы, күз айынан бери жеке жарандарды дагы Бишкектеги элчиликтен кагазың жок деген шылтоо менен 1000 сомдон «айып» төлөтүүдө. Мунун азабын Мургаб жана Жерге-Тал райондоруна туугандарына барган ...

0 423

Назарбаевди ММК мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө вето коюуга үндөшүүдө

22-декабрь 2017, 17:33 Перизат Кутманалиева

Басма сөз эркиндигин коргоо боюнча «Адил сөз» уюму Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылып, парламент тарабынан жактырылган ММК тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө вето коюусун өтүнүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Уюмдун 21-декабрдагы билдирүүсүндө Казакстан парламентинин депутаттары ММК тууралуу мыйзамга сунушталган талаштуу өзгөртүүлөрдү жактыруу менен «коомдун пикирин жана сунуштарын көңүл сыртында калтырганы» жазылган. Өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев сенаттын бүгүнкү пленардык жыйынында жалпысынан ММК ...

0 547

Кыргызстан Өзбекстанга 550 миллион кВт/саат электр энергиясын экспорттойт

21-декабрь 2017, 17:18 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстан Өзбекстанга 550 миллион кВт/саат электр энергиясын жеткирүүгө ниеттенүүдө. Быйыл 5-октябрда Ташкентте кол коюлган келишимдин мөөнөтү 2018-жылдын мартында аяктайт. 15-декабрдан тарта Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Өзбек ММКлары билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата 3,7 миллион кВт/саат электр кубаты жеткирилди жана анын суткалык көлөмү көбөйүүдө. «Электр энергиясын Кыргызстандын Улуттук электр түйүнү жеткирүүдө. «Өзбекэнерго» акционердик коомунан билдиришкендей, бул Борбор Азиядагы суу жана энергетикалык режимдер ...

0 403

АКШда ИМ тобун колдоого айыпталган казакстандык соттолду

21-декабрь 2017, 14:07 Перизат Кутманалиева

Нью-Йорк соту АКШ бийлиги тарабынан «Ислам мамлекети» (ИМ) экстремисттик тобуна колдоо көрсөтүү максатында кутумга барган деп айыпталып жаткан Казакстандын жараны Ахрор Сайдахметовду 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу шаршембиде Нью-Йорктун чыгыш округунун прокуратурасынан билдиришти. Маалыматка караганда, Сайдахметов «ИМдин атынан жихад жасоо максатында Сирияга барууга аракет кылгандыгы үчүн» соттолду. Ал Сирияга барбай калса, «Кошмо Штаттардын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине» чабуул жасоого ниеттенип ...

0 833

Чек арачыга бычак сайган студентке кылмыш иши козголду

20-декабрь 2017, 11:08 Перизат Кутманалиева

Ташкентте Ислам институтунун 4-курсунун студентине карата кылмыш иши козголду. Ал Өзбекстандын чек ара кызматкерин бычак менен жарадар кылууга шектелүүдө. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин биринин айтымында, студент 13-декабрда Казакстанга качууга аракет жасаган маалда кармалган. Кармоо учурунда ал Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кызматкерин 45 сантиметр узундуктагы, колго жасалган бычак менен сайган. Окуя болгон жерге атайын аскер тобу келип, студентти кармап кетишкен. Жаракат ...

0 434

АКШ: 2017-жылы майдагы глобалдык киберчабуулдун артында Түндүк Корея турат

19-декабрь 2017, 15:52 Перизат Кутманалиева

Дональд Трамптын администрациясы Түндүк Корея быйыл майда ири киберчабуул уюштурган деген бүтүмгө келди. Анда WannaCry аталышындагы вирус дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү оорукана, жогорку окуу жай жана ишканалардагы компьютерлерди бузган. Хакерлер жабырлануучулардан акча талап кылып, эгер көнүшпөсө базадагы бардык маалыматтарды жок кылабыз деп коркутушкан. «Вирус миллиарддаган доллар чыгым алып келди жана фактылар бул Түндүк Кореянын күнөөсү экенин көрсөтүүдө», – деди президенттин жардамчысы Том Боссерт ...

0 812

Окуучу кыздардын кыздык белгилерин текшерүү күчөтүлдү

19-декабрь 2017, 10:32 Перизат Кутманалиева

Анжияндагы №6 мектептин 9-классында окуган кыздын кош бойлуу экендиги аныкталгандан кийин шаардын мектептеринде окуучулардын кыздык белгилерин текшерүү күчөдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалимдери менен маале активисттери билдиришти. Маалыматка караганда, окуучу кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу ноябрдын соңунда, ал бир канча күн мектепке барбай калгандан кийин белгилүү болгон. – 25-ноябрда кыз мектепке келген жок. Биз чоң энесине телефон чалдык. Ал инсульт болуп, небереси ...

0 1378

Кара-Көл: окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөн мугалим шарттуу кесилди

08-декабрь 2017, 09:28 Гүлжан Шерипбаева

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында жети жаштагы окуучу кызга сексуалдык ыдык көрсөттү деп камакка алынган 44 жаштагы мугалим беш жылга шарттуу кесилди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди. Мындай чечимди Кара-Көл шаардык соту кабыл алды.Облустук соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, кылмышка шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Ага үч жылга мугалимдик иш жүргүзүүгө тыюу салынды. Быйыл июль ...

0 568

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе тынчтык жолу менен кызматынан кетти

22-ноябрь 2017, 09:47 Гүлжан Шерипбаева

Зимбабвенин прзиденти Роберт Мугабе бийликти тынч жол менен өткөрүүгө жол ачуу үчүн кызматынан дароо жана өз ыктыяры менен кетип жатканын билдирди. Анын парламентке жолдогон делген катын 21-ноябрда спикер Жейкоб Муденда окуп берди: “Мен, Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе Конституциянын 96-беренесине ылайык отставкамды жарылайм. Ал дароо күчүнө кирүүдө”. Мыйзам чыгаруучулар өлкөнү 37 жылдан бери башкарып келаткан 93 жаштагы Мугабеге импичмент жарылоону караштырып жатышкан. Импичментке президенттин ...

0 641

Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү

22-ноябрь 2017, 09:41 Гүлжан Шерипбаева

Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүштү. Акүй баарлашуу эки саатка созулганын билдирди. Эки мамлекеттин лидерлери Сирия жана Украинадагы куралдуу жаңжал, Түндүк Корея, Иран жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты. Күн мурун Путин Сирия президенти Башар Асад менен жолуккан. Кремлден билдиришкендей, орус лидери Трамп менен болгон маек учурунда араб өлкөсүндө президенттик жана парламенттик шайлоолордун өтүшүн жана конституциялык реформаларды ...

0 1082

ЧУКУЛ КАБАР: Сары-Челекте жоголуп кеткен израилдик турист кыздын жансыз денеси табылды

29-сентябрь 2017, 15:31 Жазгүл Урманбетова

Ак-Сый районунун тургундары израилдик туристтин жансыз денесин табышкан. Учурда окуя болгон жерге ӨКМнин куткаруучулары өлүктү алып кетүүгө бара жатышат. Хиллы Ливне аттуу турист биздин өлкөгө АКШнын жараны менен бирге саякаттаганы келген. Анын сөөгү бүгүн 29 сентябрда күндүз табылды. Маалыматка караганда, аны менен бирге жүргөн адам бутун сындырып алган жерден изделип жаткан аялдын сөөгү табылган. ӨКМнин маалыматына таянсак, баардык деталдар кийинчэррек берилээри күтүлүүдө. Туристти 60тан ашуун адамдар издөөгө ...

0 561

Түркиядагы диссидент өзбек жазуучусу мекенине кайтууну чечти

27-сентябрь 2017, 00:16 Айдар Нуралиев

Бозгундагы өзбек жазуучусу Нурулло Отаханов (Нуруллох Мухаммад Рауфхон) мекенине кайтып келүүнү чечти. 63 жаштагы жазуучу акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан. Ал Шавкат Мирзиёев чет өлкөдөгү мекендештерин өлкөгө чакыргандан кийин Ташкентке келүүгө бел байлаганын билдирди. Түркияга ал эки жыл мурун Ferfir басылмасынын чакыруусу менен келген. ‒ Бул басылма жаңы китебимдин бет ачарына катышуу жана окурмандар менен жолугушуу үчүн чакырган. Бул иш-чараны өткөрүү кийинкиге жылып, ...

0 394

Telia компаниясынын экс-башчысы Өзбекстанда пара берген деп айыпталууда

26-сентябрь 2017, 05:10 Айдар Нуралиев

Швеция прокурорлору Telia компаниясынын мурдагы жетекчилеринин бири Ларс Ньюбергди Өзбекстандын аймагында 3G түйүнүн иштетүүгө уруксат алуу үчүн пара берген деп айыптады. Өткөн аптада бул швед компаниясы Өзбекстандагы коррупциялык иштери боюнча дооматтарды бир жаңсыл кылуу үчүн АКШ менен Нидерланды өкмөттөрүнө дээрлик 1 миллиаад доллар төлөп берүүгө макул болгон. Reuters агенттиги швециялык прокурор Гуннар Стетлерге (Gunnar Stetler) шилтеме кылып билдиргендей, 22-сентябрда Швециянын прокуратурасы ...

0 457

«Лукойл» Өзбекстандагы долбоорлорго дагы $3 миллиард инвестиция салат

26-сентябрь 2017, 02:52 Айдар Нуралиев

«Лукойл» Өзбекстандын аймагына инвестиция салуу боюнча жаңы сунуштарды киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу орусиялык компаниянын башчысы Вагит Алекперов Интерфакс агенттигине билдирди. «Ушул жылдын аягына карата биздин Өзбекстандын аймагындагы инвестициябыз $6 млрд. түзөт. Буга мен Гиссар ($1,5 млрд) долбоорун жана ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалып жаткан Кандымды өнүктүрүүнү дагы кошуп жатам. Кандым жана Гиссардагы объектилерди толук өнүктүрүү үчүн $3 млрд ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 468

Чет өлкөлүктөрдүн кыймылсыз мүлк сатып алуусуна уруксат берүү сунушталууда

26-сентябрь 2017, 01:14 Айдар Нуралиев

Өкмөт чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында турак-жай сатып алуусуна уруксат берүүнү сунуштоодо. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул кадам өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Ошол эле маалда коопсуздукту камсыздоо максатында алардын чек арага жакын аймактардан кыймылсыз мүлк алуусуна уруксат берилбейт. «Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору парламенттин кароосуна 19-сентябрда киргизилген. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, 2013-жылкы Турак-жай кодексине «чет өлкөлүк жарандардын турак-жай сатып ...

0 458

Тажикстанда кошок кошууга тыюу салуу сунушталууда

22-сентябрь 2017, 04:31 Айдар Нуралиев

Тажикстанда өлгөн адамды жерге берүүдө жана аза күтүүдө киргизилген жаңы тартиптер кызуу талкууга алынууда. Ага ылайык, мындан ары маркумду жерге берүү зыйнатында катуу кыйкырууга, чачын жулууга, кийимин, бетин тытууга жана кошокчуларды чакырууга тыюу салынат. Өлгөн адамдын жакындары акырын гана “үн” чыгара алат. Аялдардын көк түстөгү кийим кийүүсүнө уруксат берилет, бирок кара жамынууга тыюу салынат. Аза күтүү иш-чараларынын тартибин Дин иштери боюнча комитети Уламалар ...

0 441

Өзөктүк куралга толугу менен тыюу салуу келишимине 51 өлкө кол койду

21-сентябрь 2017, 12:34 Перизат Кутманалиева

БУУда өзөктүк куралга толугу менен тыюу салуу тууралуу келишимге кол коюу жараяны башталды. Документ күчүнө кириши үчүн аны 50 өлкө ратификациялашы керек. Алгачкы эле күнү конвенцияга 51 өлкөнүн өкүлдөрү кол коюшту, бирок бардык өзөктүк державалар жана НАТО өлкөлөрү келишимге бойкот жарыялашты. Документке Алжир, Австрия, Бразилия, Ватикан, Коста-Рика, Индонезия, Куба, Таиланд, Венесуэла өңдүү өлкөлөр кол коюшту. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш өлкөсү ...

0 834

Пахта талаасында бир киши каза болду

21-сентябрь 2017, 10:15 Перизат Кутманалиева

Мектепте иштеген аялынын ордуна пахта терүүгө чыккан Анжияндын 58 жаштагы тургуну Музаффар Умрзаков талаада каза болду. Окуянын күбөлөрү кабарлашкандай, ал чогулткан пахтасын жүк унаасына алып баратканда жүрөгү кармап жыгылган. Окуя 16-сентябрда Анжиян облусунун Избаскан районундагы Пойтуг шаарына жакын жердеги пахта талаасында болгон. Маалыматка караганда, Музаффар Умрзаков пахта талаасына Анжияндагы мектептердин биринде пол жуугуч болуп иштеген аялынын ордуна чыккан. Анжиян облустук билим берүү башкармалыгынан ...

0 518

Сирияда Орусиянын үч аскери жарадар болду

21-сентябрь 2017, 05:03 Айдар Нуралиев

Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясында үч орусиялык аскер жарадар болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. Мекемеден алар «Фронт ан-Нусра» тобунун чабуулу маалында жаракат алгандыктарын билдиришти. Маалыматка караганда, 30га жакын орусиялык аскер курчоодо калып, бирок аны жарып чыгышкан. Коргоо министрлиги аймактагы абалдын курчушуна «АКШнын атайын кызматын» айыптады. Орусиянын Башкы штабынан мындай жол менен АКШ Сириянын өкмөттүк армиясынын чабуулун токтотууга аракет кылган деп билдирүүдө. ...

0 508

Азиядага байланыштуу Ашхабадда мугалимдер көчө тазалашууда

20-сентябрь 2017, 06:05 Айдар Нуралиев

Ашхабаддын орто мектептеринин мугалимдери көчөлөрдүн тазалыгын камсыз кылышууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, шаардын борборуна жакын жайгашкан мектептердин техникалык персоналдарынын көбү көчөлөрдү шыпырып, бактарды актап, жалбырактарды чогултушууда. Мектептердин мугалимдеринин биринин айтымында, көчөлөрдө жалпысынан алты саат иштешүүдө. 19-сентябрдан тарта эки нөөмөт менен тазалык иштерин аткара башташат. Анын айтымында, мугалимдерди шаардын тазалыгына тартуу иштери 28-сентябрга чейин созулат. Азия оюндарына байланыштуу Ашхабадын орто мектептеринде жана кесиптик-техникалык ...

0 1218

Казакстан миграция маселесин өзгөртөт

19-сентябрь 2017, 17:11 Жазгүл Урманбетова

Казакстан бийлиги ички миграция өсүп, чет өлкөлүк жарандар көбөйүп жаткан маалда башка өлкө жарандарынын ишке орношуусуна уруксат берүү шарттарын өзгөртүүгө ниеттенүүдө. Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дуйсенова 2017-2021-жылдардын миграциялык саясатынын концепциясын тааныштырды. Ага ылайык, чет өлкөлүк адистердин квалификациясына жараша уруксат берүү мөөнөтү аныкталат. Төмөнкү квалификациядагы жумушчулардын иштөөсү үчүн бир жыл, кесипкөй кызматкерлер үчүн үч жана андан көп жыл уруксат берүү ...

0 573

Тажикстанда сарык ооруусу күч алды

19-сентябрь 2017, 17:06 Жазгүл Урманбетова

Тажикстандын Ашт районундагы Пунук айылында жүзгө жакын бала сарык же гепатит А менен ооруп жатат. Балдардын мындай жапырт ооруусу райондо биринчи жолу катталууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы маалымдайт. Айылдын катчысы Саида Гафурованын айтымында, ооруп калгандардын көбүн 5-6 жаштагы балдар түзүшөт. Ал дарыгерлер тарабынан айылдагы бардык көлмөлөрдө санитардык-профилактикалык, ал эми ажатканаларда химиялык тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. Жергиликтүү оорукананын дарыгери Исматулло Абдуллоев акыркы ...

0 536

Тиллерсон менен Лавров Нью-Йоркто жолукту

19-сентябрь 2017, 09:48 Перизат Кутманалиева

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, БУУнун башка ассамблеясынын жыйналыштары үчүн барган АКШнын Нью-Йорк шаарында жолукту. Тиллерсон менен Лавров, Сириядагы аскердик операцияларда АКШ менен Орусиянын ортосундагы ок атышпоочулук темасын дагы бир жолу карап чыгышты. АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Хизер Науэр,Тиллерсон-Лавров жолугушуусу тууралуу жазуу түрүндөгү жарыясында, «Эки министр, Сириядагы аскердик операцияларда (эки өлкөнүн ортосундагы) ок ...

0 506

Казакстан бийлиги «салафиттер» арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

19-сентябрь 2017, 05:22 Айдар Нуралиев

Бир жылдын ичинде Казакстанда бузуку диний агымдардын 300гө жакын жактоочусу өз ишенимдеринен баш тартышты. Бул тууралуу 18-сентябрда Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий Серикбай ажы Ораз билдирди. Анын айтымында, бул жакшы көрсөткүч болгону менен, бүгүнкү күндө өздөрүн салафизм агымынан чыккан такфириттер жана радикалдар деп эсептеген миңден ашык адам бар. Парламенттин төмөнкү палатасындагы өкмөттүк саатта өлкөнүн Дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан ...

0 508

Тажикстанда балдар жапырт сарык менен ооруп жатышат

19-сентябрь 2017, 03:45 Айдар Нуралиев

Тажикстандын Пунук айылында жүзгө жакын бала сарык же гепатит А менен ооруп жатат. Балдардын мындай жапырт ооруусу райондо биринчи жолу катталууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтегилер билдиришти. Айылдын катчысы Саида Гафурованын айтымында, ооруп калгандардын көбүн 5-6 жаштагы балдар түзүшөт. Ал жергиликтүү дарыгерлер тарабынан айылдагы бардык көлмөлөрдө санитардык-профилактикалык, ал эми ажатканаларда химиялык тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. Айылдык оорукананын дарыгери Исматулло Абдуллоев акыркы эки айда ...

0 525

Азербайжанда көз карандысыз журналист 9 жылга абакка кесилди

19-сентябрь 2017, 02:32 Айдар Нуралиев

Азербайжан соту бийликти сындап келгендиги менен белгилүү журналист Элчин Исмаиллыны тогуз жылга абакка кести. Анын адвокаты бул ишти саясий куугунтук деп сыпаттоодо. Өлкөнүн түндүгүндөгү Шеки шаарынын соту 18-сентябрдагы өкүмү менен журналистти акча өндүргөн жана кызматынан кыянат пайдаланган деп тапты. Элчин Исмаиллы февраль айында кармалган. Буга Маданият жана туризм департаментинин бир кызматкеринин журналистти акча өндүрүүгө айыптаган арызы себеп болгон. Исмаиллы айыптоолорду четке кагып ...

0 455

Өзбекстан Орусия менен Казакстандан 1 млн тонна мунай импорттоону пландоодо

19-сентябрь 2017, 01:13 Айдар Нуралиев

«Өзбекнефтегаз» ишканасы мунайды кайра иштетүү заводдору үчүн 2018-жылдан тарта Орусия менен Казакстандан миллион тоннага жакын мунай импорттоп турууну пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине компания башкармалыгынын төрагасы Алишер Султанов билдирген. «Тесттик режимде сентябрда 30 миң тонна, жылдын аягына чейин 200 миң тоннага чейин мунай алууну пландап жатабыз. Кийинки жылы бул көрсөткүчтү бир миллион тоннага чейин жеткиребиз. Учурда орусиялык өнөктөштөр менен ...

0 570

Тажикстан Рогун ГЭСин баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражатка курат

18-сентябрь 2017, 03:59 Айдар Нуралиев

Тажикстандын Улуттук банкы дүйнөлүк базарда мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу ийгиликтүү башталганын билдирди. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, өлкөнүн жумушчу тобу АКШ, Улуу Британия жана Швейцариянын ири инвесторлору менен жолугушуп, Рогун ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн 500 миллион долларлык облигация сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Улуттук банктан билдиришкендей, баалуу кагаздардын 38% АКШлык, 24% улуу британиялык, 35% Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жана 3% Азия мамлекеттеринин инвесторлору ...

0 480

Астанадагы курулушта Өзбекстандын эки жараны каза болду

18-сентябрь 2017, 02:24 Айдар Нуралиев

Астанадагы курулушта каза болгон эки адам Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу шаар администрациясына шилтеме кылып жергиликтүү ММКлар билдиришти. Окуя 17-сентябрь күнү түштөн кийин шаардын Сарыарка деп аталган районундагы курулушта болгон. Анда курулуп жаткан имараттын төбөсүндөгү жабуусу менен дубалдары ураган. Кырсыктан эки киши каза болуп, жаракат алган дагы бир өзбек жараны ооруканага жеткирилди. Азырынча анын абалы тууралуу маалыматтар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Булак: ...

0 580

Нурсултан Назарбаев азырынча бийликтен кетпейт

16-сентябрь 2017, 16:59 Жазгүл Урманбетова

Июль айында 77-жашка толгон Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев азырынча кызматтан кетүү оюу жок экендигин айтты. 14-сентябрда журналисттердин алдына чыгып сүйлөп жатып, ал, чың ден соолукту, психологиялык жана эмоционалдык энергияны көп талап кылган кызматы жагаарын айткан"- деп жазат “Азаттык” радиосу. “Жүрөккө жаккан жумуш болгондуктан чыдайсың. Мен эртеңки күндү пландап, жүзөгө ашырып, кечинде ырахат алганга көнгөм. Силер да ошондой кылгыла”,-деп айткан Назарбаев журналисттерге. Нурсултан Назарбаев ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1448

Эң март адамдар кайсыл өлкөдө жашайт?

16-сентябрь 2017, 10:18 Жазгүл Урманбетова

Борбордук Азиядагы эң март адамдар Өзбекстанда жашайт. Бул тууралуу World Giving Index 2017 кайрымдуулуктун дүйнөлүк рейтингинде маалымдалат. Өзбекстанда мында 38-орунда турат. Бул өлкөнүн жарандарынын 40 пайызы кайрымдуулуктун ар кандай түрү менен алектенишет. Тажикстан 50-орунда, калкынын 36 пайызы муктаж болгондорго кол сунууга даяр. Түркменстандыктардын 33 пайызы кайрымдуулук акцияларына катышат. Бул өлкө 69-орунда, Кыргызстан 85 орунда, Казакстан 87де. Эки өлкөнүн жарандарынын 30 пайызы гана кайрымдуулук жасайт. Айтмакчы, бул рейтингде төрт жылдан бери Мьянми ...

0 409

Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы айлампасы өтүүдө

15-сентябрь 2017, 04:33 Айдар Нуралиев

Астанада Орусия, Иран жана Түркиянын катышуусунда Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы раунду өтүүдө. АКШ Иран делегациясынын жолугушууга катышуусуна каршы чыккан. Казакстан борборуна келген америкалык өкүлдөр тынчтыкты орнотууда Ирандын "кепил" өлкө болушуна кабатыр экендиктерин билдиришти. Бул сүйлөшүүлөр БУУнун кепилдиги алдындагы Женева сүйлөшүүлөрүнөн өзүнчө өтүүдө. Эксперттер Орусия, Иран жана Түркиянын куралдуу күчтөрүн деэскалация аймактарына жайгаштыруу, Идлиб провинциясында көзөмөл күчтөрүн уюштуруу маселесин талкуулашууда. Орусия бийлигинин ...

0 436

NRC: Мосулдагы лагерде ондогон тажик үй-бүлөлөрү бар

15-сентябрь 2017, 00:10 Айдар Нуралиев

Ирактын Мосул шаарынын жанындагы убактылуу лагерде Тажикстандан келген 31 үй-бүлө бар. Бул тууралуу Качкындар маселеси боюнча норвегиялык кеңеш (The Norwegian Refugee Council (NRC) билдирүүдө. Буга чейин Reuters Түркия, Тажикстан, Азербайжан жана Орусиядан келген жоочулардын 1400дөн ашуун аялдары менен балдары Мосулдун түштүгүндөгү лагерде кармалып турганын кабарлаган. Лагердеги балдар менен аялдар жоочу күйөөлөрү менен чогуу Таль-Афар шаарынан алыс эмес жерде күрд күчтөрүнө кармалганы маалымдалган. ...

0 6132

Алматыда түнкү клубтардын биринде стриптиз бийлеп көргөн журналист түнкү жашоонун сырларын ачыктады

14-сентябрь 2017, 15:46 Перизат Кутманалиева

Түнкү клубтагы кызматтардын аягы кээ бир убактарда сексуалдык кызмат көрстөтүү менен аяктаары баарына эле маалым болсо керек. Казакстандын «КАРАВАН» гезитинин кабарчысы Екатерина Первушина эксперемент үчүн жылаңач бийчи болуп бир түн жумуш иштеп көргөн. Бийлеп бүткөн соң аны кардары жеке бөлмөгө чакырган. Журналист ал тууралуу төмөнкүлөрдү айткан:  "Бийимди көргөн соң ал мага менин Вера Брежневага окшош экенимди айтып телефон номеримди сурады. Мен ...

0 762

Кыргызстандын улуттук сому кайсыл өлкөдө чыгарыла тургандыгын билесизби?

14-сентябрь 2017, 15:41 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстан улуттук валютасын Африканын Кения өлкөсүндө басып чыгарат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин отурумунда депутат Рыскелди Момбеков билдирди. Анын айтымында, сомду Кыргызстанда басып чыгарууга аракет жасоо керек. «Сомду Африкада басып чыгаруу үчүн бир топ каражат жумшадык. Ошол акча бул жерде эле бир фабрикага куруп койсок болмок» — деди ал. Жогорку Кеңеш Кубанычбек Кулматовду Улуттук банктын төрагалыгына бекитүү сунушун кароодо. Мурдакы төрагасы Толкунбек Абдыгулов вице-премьер-министр болуп дайындалган. Булак: ...

0 709

Мектеп директорлорун сабаган район акими мугалимдерден кечирим сурады

14-сентябрь 2017, 12:10 Жазгүл Урманбетова

Өзбекстандын мектеп директорлорун сабаган Сайхунобод районунун акими Насиржан Эгембердиев мугалимдерден кечирим сурады. Өзбек маалымат каражаттары буга чейин акимдин мектеп директорлору менен тасмасын Башкы прокуратура иликтөөгө алгандыгын жарыялашкан. Тасмада эгемендүүлүк майрамына мугалимдерди алып келбеген директорлорду «айбандар, эмнеге районду сыйлабасыңар? Же бул силердин майрамыңар эмеспи?» - деп кагып-силкип, айрымдарына кол көтөргөндүгү тартылган. Маалыматка караганда, акимдин жоопкерчилиги пахта терүү аяктагандан кийин каралат. Булак: 24.kg

0 508

Казакстан кинотармактарын «Матильданы» көрсөтүүдөн баш тартууга үндөштү

14-сентябрь 2017, 03:04 Айдар Нуралиев

Казакстандагы «Арман» кинотармактарынын директору Бауржан Шукенов Алексей Учителдин «Матильда» тасмасын көрсөтүүдөн баш тартууга үндөгөн кат алганын билдирди. Айтымында, кат «Орусиянын православ ишениминдеги жарандарынан» келген. Алардын кайрылуусу ири кинотармактар менен кинотеатрлардын директорлоруна жана кинопрокат боюнча менеджерлерге жолдонгон. «Матильдадан» баш тарткыла – бул ыпылас нерседен алысыраак болгула. Жеке өзүңөрдүн жана бул тасмага азгырылган башка адамдардын жан дүйнөсүн өлтүрүү менен акча иштеп таппагыла", – ...

0 477

Сирия өкмөтүнүн делегациясы Астанага келди

14-сентябрь 2017, 00:25 Айдар Нуралиев

Астанага Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катыша турган тараптардын өкүлдөрү келе башташты. Жергиликтүү маалымат агенттиктер билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы — Сириянын Идлиб провинциясында коопсуздук зонасын түзүү болуп эсептелет. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Астанадагы сүйлөшүүлөргө БУУнун Сириядагы өкүлү Башар Жафари башында турган Сириянын өкмөттүк делегациясы келди. Учурда алар Казакстан борборуна куралдуу оппозиция өкүлдөрүнүн ...

0 663

Кандидат шайлоо комиссиясынын мүчөсүн тиштеп алды

13-сентябрь 2017, 17:01 Перизат Кутманалиева

Россиянын Москва шаарында депутаттыкка кандидат шайлоо комиссиясынын мүчөсүн тиштеп салган. Бул тууралуу РИА «Новости» жазып чыкты. Окуя Москвадагы шайлоо участокторунун биринде болгон. Полиция кызматкерлери талапкерден түшүнүк кат алышкан. Жабыркаган адамды ооруканага алып барышкан. Москва шаарынын шайлоо комиссиясынын жетекчиси полиция кызматкерлери талапкерге жумшак мамиле кылып койгондугун айтты. Булак: "fakt.kg"

0 652

"Достук" аркылуу бир күндө беш миңден ашуун адам өттү

13-сентябрь 2017, 15:52 Жазгүл Урманбетова

Кечээ 300дөн ашуун автоунаа Өзбекстандан Кыргызстанга, Кыргызстандан Өзбекстанга өткөн. Бул тууралуу БУУнун Кылмыштуулукка жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын эл аралык координатору Юсуф Курбонов бүгүн журналисттерге маалымдады. Анын айтымында, 13-сентябрда Улуттар Уюмунун көмөгү менен кыргыз-өзбек чек арасындагы аталган бекетте эки өлкөнүн тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жолугуп, кылмыштуулукка каршы чогуу күрөшүү аракеттерин талкуулап жатышат. Улуттар Уюмунун көмөгү менен "Достук" бекетинде чектеш аймактардын кызматташтыгына арналган ...

0 4044

ВИДЕО: Өзбекстандагы аким мектеп директорлорун катарга тизип алып сабады

13-сентябрь 2017, 11:27 Жазгүл Урманбетова

Өзбекстандын Сайхунабод районунун акими мектеп директорлорун катарга тизип алып, бетке чапкылап сабады. Бул тууралуу Kun.uz. сайты маалымдады. Маалыматка караганда, окуя 2017-жылдын август айынын аягында болгон. Тасмада райондун акими Носиржон Эгамбердиев мектеп директорлорун өлкөнүн эгемендүүлүк майрамында мугалимдер окуучуларды чогулта албаганы үчүн чаап, урушуп жатканы тартылган. «Мен райондук билим берүү башкармалыгынын байкуш жетекчисин иттей жумшайм. Бирок күнөө сенде да бар. Эмне үчүн ...

0 491

Түркмөнстанда теракттын алдын алышты

13-сентябрь 2017, 05:00 Айдар Нуралиев

Түркмөнстанда өткөн айдын соңунда атайын кызматтар теракттын алдын алышты. “Түркмөнстан хроникасы” кабарлагандай, окуя 28-августта Түркмөнбашы шаарынын портунда болгон. Атайын кызмат тарабынан шектүү эки киши кармалган. Маалыматтарга караганда, теракт жасоого шектелип ага-инилер кармалган, алардын ысымдары аталган жок. Алар Түркмөнбашы менен Баку шаарларынын ортосунда каттаган, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу “Бахтияр” кемеси аркылуу жардыруучу заттарды алып өтүүгө аракет жасашкан. Кемеде 170тей жүргүнчү жана ондогон автоунаалар ...

0 621

Түнкү клубдарда стриптиз бийлеген кыздар кармалды

12-сентябрь 2017, 16:25 Перизат Кутманалиева

“Өзбекстан жаштар биримдигинин” активисттери укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирге Самарканддын түнкү клубдарында рейд өткөрүштү. Көңүл ачуу борборлорунда стриптиз бийлеген 11 кыз кармалды. Би-Би-Синин өзбек кызматы жергиликтүү басылмаларга таянып маалымдагандай, Самарканддагы жети түнкү клубда ар кыл мыйзам бузуулар табылган. «Маселен, «Jeyran» түнкү клубу жеңил ойлуу жана өспүрүм кыздардын кызматтарынан колдонуп турган. Жарым жылаңач кийимчен кыздар кардарлар алдында уятсыз бийлерди аткарышкан», – деп ...

0 354

Дагы бир өзбек миллиардери тарыхый мекенинде бизнес ачат

11-сентябрь 2017, 18:21 Перизат Кутманалиева

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин тарыхый мекенине кайтып, бизнес ачып жана кайрымдуулук долбоорлорун баштаган өзбек миллиардерлеринин тизмесин дагы бир киши толуктады. Казакстанда расмий миллиардер деп таанылган Фаттах Шодиев Өзбекстанда өз корун ачмай болду. Өзбекстандын Юстиция министрлиги өлкөдө Шодиевдин эл аралык корунун өкүлчүлүгүн каттады. Мекеменин сайтында жазылгандай, өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнүн башкы максаты — өлкө аймагындагы балдар үйлөрүнө гуманитардык жана саламаттыкты сактоо жаатында жардам ...

0 420

CҮРӨТ- "Матильда" киносу үчүн машинасын өрттөп кетти

11-сентябрь 2017, 13:57 Перизат Кутманалиева

Матильда тасмасынын каршылаш тарабы Москвада тасманын адвокатынын жана режиссердун унаасын өрттөп салышты. Бул тууралуу маалыматты НТВ жазып чыкккан. Матильда тасмасынын каршылаш тарабы Москвада тасманын адвокатынын жана режиссердун унаасын өрттөп салышкан. Унааны өрттөп гана тим болбой "За Матильду гореть" деп билдирүү калтырып кеткен. Учурда окуянын чоо жайын билүү үчүн атайын топ иш алып барып жатат. Булак: NazarNews.kg

0 640

Астанада Ислам кызматташтыгы уюмунун саммити өтүүдө

11-сентябрь 2017, 05:00 Айдар Нуралиев

Астанада 10-сентябрда Ислам кызматташтык уюмунун саммити башталды. Иш-чарага 14 өлкөнүн лидерлери жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн 80ге чукул делегациясы келди. Бул жолу жыйын “Илим, технология, инновация жана Ислам дүйнөсүндөгү модернизация” деген ураандын алдында уюштурулду. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Ислам дүйнөсүндөгү илим жана экономиканы өнүктүрүү үчүн уюмга мүчө 15 алдынкы өлкөнү “Чоң жыйырмалыкка” үндөш расмий эмес топ катары биригүүгө чакырды. Астанадагы саммитке Кыргызстандын президенти ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 647

Ашхабадда коммуналдык кызматкерлер майрамдык кийим кийүүгө милдеттендирилди

11-сентябрь 2017, 04:33 Айдар Нуралиев

Ашхабад бийлиги Азия оюндарынын алдында көчө тазалоочуларды жашыл түстөгү майрамдык кийим менен ишке чыгууга милдеттендирди. Мындан ары көчө шыпырган аялдар чаң жана күндөн сактануу үчүн жоолук салына алышпайт. Коммуналдык чарба кызматы кызматкерлердин айлыктарынын эсебинен алар үчүн атайын жашыл көйнөк тиктирүүдө. Жайдын ортосунан бери көчө тазалагычтардын иши мурдагыдай таңкы 7де эмес түнкү 3тө башталат. “Ашхабадда тазалоо үчүн атайын техникалар жетиштүү болгонуна карабай, акыркы 2-3 ...

0 735

Тажикстанда "согуш министринин" туугандарынын иши тергелип бүттү

11-сентябрь 2017, 03:28 Айдар Нуралиев

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Тажикстан ОМОНунун мурдагы кол башчысы жана ИМ тобунун “согуш министри” Гүлмурод Халимовдун үч тууганына карата сотко чейинки териштирүүлөрүн аяктады. Алар жалданмачылык, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүүгө айыпталышууда. Бозгундагы полковник жана “Ислам мамлекети” тобунун “согуш министринин ”бир туугандары – Комил Халимов, Назир Халимов жана Али Халимов 5-июлда Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Восе ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83