www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 176

Нурсултан Назарбаев өкмөттүн курамын бекитт

26-февраль 2019, 14:13 Кызгалдак Жакыпова

Акордонун сайтында жарыяланган токтомго ылайык, Аскар Мамин – Казакстандын жаңы премьер-министри. Өкмөт башчынын орун басарлыгына буга чейин индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигин жетектеп келген Женис Касымбек дайындалды. Каржы министрлигине Алихан Смаилов келди, ал премьер-министрдин биринчи орун басары кызматын дагы аркалайт. Аскар Жумагалиев – санариптик өнүгүү, коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай министри, Даурен Абаев – маалымат жана коомдук өнүгүү министри болду. Абаев ...

0 303

География сабагында окуучуну мугалим таяк менен уруп колун сындырган

26-февраль 2019, 09:28 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Денау районунда география мугалими окуучулардын бирин таяк менен уруп, анын колу сынган. Окуучунун апасы Максуда Ниязова мугалимди жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен райондук прокуратурага кайрылганын билдирди. Мектептин директору Рукия Хакимова бул окуядан кийин география мугалими өз каалоосу менен иштен кеткенин айтып, ата-энелер буга чейин да ал мугалимге даттанып келишкенин кошумчалады. Денау райондук билим берүү башкармалыгынан мугалимдин мындан ары билим берүү тармагында иштей алаар-албасы ...

0 13794

Акча үчүн кытайга турмушка чыккан кызды күйөөсү бир жума ур-токмокко алып, жуунучу бөлмөгө камап койгон

26-февраль 2019, 09:01 Кызгалдак Жакыпова

Кытай жаранына турмушка чыккан намангандык Саида аттуу кыз күйөөсү орой мамиле жасаганын айтып, үйүнө кайтууга жардам сураган. 19- февралда ал Өзбекстандын Кытайдагы элчилигинин жардамы менен мекенине кайткан. Өзбек консулу Бабур Яхёевдин айтымында, Саида учурда үйүндө. Буга чейин кордук көргөнүн билдирген кыз социалдык түйүндөр аркылуу журналисттерден жардам сураган. Саиданын айтымында, күйөөсү аны бир жума жууна турган бөлмөдө камап койгон. Ур-токмоктон тышкары сексуалдык зомбулук ...

0 349

Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

25-февраль 2019, 14:23 Жазгүл Урманбетова

Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. Маминдин талапкерлигин президент Нурсултан Назарбаев сунуштап, мажилистин депутаттары колдоп берди. Акордонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, Назарбаев жаңы премьерди дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду. Булак: NazarNews.kg

0 182

ИИМ: Былтыр Кыргызстанда 36 сайт жабылды

18-февраль 2019, 09:48 Перизат Кутманалиева

2018-жылы Кыргызстанда 36 интернет-сайт экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды тараткан деген негизде жабылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин билдиргенине караганда, жалпысынан былтыр милиция органдары мындай багыттагы 91 маалыматты, 70 сайтты жана 21 аккаунтту аныктап чыккан. 36 сайт соттун чечими менен жабылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, Кыргызстанда 21 уюмдун иши деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп таанылып, соттун чечими менен алардын ишмердүүлүгүнө ...

0 313

Москвада жумушчулардын чырынан эки адам каза тапты

18-февраль 2019, 09:48 Кызгалдак Жакыпова

Өткөн жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Москвадагы Волгоград проспектисинде болгон калайман мушташтан эки адам каза тапты. Тергөөнүн версиясына караганда, уруштун чыгышына машине жуучу комплексте иштеген жумушчулар ортосунда башталган чыр себеп болгон. Маалымат каражаттары мушташка 10го чукул адам катышканын, алардын баары өзбекстандыктар экенин жазышты. Орусиянын Тергөө комитети окуя учурунда тартылып алынган видеону жарыялады: Өткөн жуманын ортосунда Госпитальная көчөсүндө болгон мушташта да ок атылып, үч киши ...

0 415

Чүй: Кайненеси менен болгон пикир келишпестик келинин эки баласы менен өзүн өрттөгөнгө жеткирген

14-февраль 2019, 09:28 Кызгалдак Жакыпова

Маркум кайненеси менен пикир келишпестиктен улам өзүн өрттөгөн болушу мүмкүн  Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы өрттөн бир аял жана анын тогуз жана бир жарым жаштагы балдары каза болду. Азырынча ИИМ экспертизанын жыйынтыктарын жана өрттүн келип чыгуу себептерин расмий жарыялай элек. Сарай менен гараждагы өрттү коңшулары 12-февраль күнү күндүзгү саат үчтөрдө байкашкан. Өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин алар жалынды өз алдынча өчүрүүгө аракет кылышкан. «Биз ...

0 727

Аэропортто кармалган кытайлык казак кытайга кайтарбоону суранат

11-февраль 2019, 09:37 Перизат Кутманалиева

Учурда Ташкент аэропортунда жүргөн кытайлык казак өзбек бийлигине кайрылып, Бээжинге экстрадиция кылбоону суранды. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жолдогон ишкер Галымбек Шагымандын айтымында, Кытайда ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Кытай жана Өзбекстан бийлиги Бээжин чындап эле кытайлык казакты экстрадициялоо боюнча өтүнүч жолдогон-жолдобогонун тастыктаган жок. Эл аралык укук коргоо уюмдары, Батыштагы бир нече өлкөлөр жана БУУ Шинжаңда ислам динин туткан этникалык азчылыктар, анын ...

0 32083

ВИДЕО: Көзүнө чөп салган күйөөсүн көңүлдөшү менен кармап алган аял эки жупту майып болуп калганча сабаган

07-февраль 2019, 12:11 Жазгүл Урманбетова

Өзбекстанда ачууга алдырган аялы күйөөсүн ойношу менен кармап алып өзүнүн бир туугандары менен экөөн тең сабап салган. Бул тууралуу repost  видео жарыя кылган. Өзбекстандын кайсыл бир облусунда тартылган. Бул видеодон үй бүлөсүн ээрчитип келген ачуусун баса албаган аялы унаадан күйөөсү менен биргеликте ойношун сүйрөп чыгып майып болуп калгыча сабаган. Видеодон көргөндөй авто унаанын айнектери талкаланган. Талкаланган айнектеринен эркектин көңүлдөшүн чыгарып алууга аракет кылышкан. Кызынын көзүнө ...

0 877

Өрттөн каза болгон беш наристе жерге берилди

05-февраль 2019, 15:17 Кызгалдак Жакыпова

4-февралга караган түнү Астананын Шынгыстау көчөсүндөгү жеке турак-үйдө өрт чыгып, анын чатыры кулап түшкөн. Өрт жайылган аянт 30 чарчы метрди түзгөн. Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматы боюнча жалын кабар түшкөндөн кийин бир саттын ичинде толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүү кызматкерлери урандылардын арасынан беш баланын сөөгүн табышкан. Алардын эң кичүүсү бир жашта болсо, улуусу 13 жашта болгон. Өрт тутанган учурда бир тууган балдар үйдө өзүлөрү ...

0 3092

Кызын зордуктап жүргөнүн билип калган аял күйөөсүн өлтүрдү

04-февраль 2019, 09:56 Кызгалдак Жакыпова

Самарканд облусундагы Пахтачы районунун тургуну өз күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен кармалды. Аял күйөөсү өзүнүн 18 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн билдирүүдө. Облустук милиция бөлүмүнөн кабарлашкандай, айнектин сыныктары менен кескиленген 48 жаштагы адамдын сөөгү 27-январда табылган. – Тергөөнүн жүрүшүндө окуя 26-январда кечки саат ондордо болгону аныкталган. Шектүү катары кармалган аял күйөөсүн айнек идиш менен уруп, андан соң тепкилегенин мойнуна алды. Ал күйөөсү алардын ...

0 383

Аликбек Жекшенкулов: Бишкек Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт

04-февраль 2019, 09:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов өлкө аймагында экинчи орус аскердик базасын ачуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды. «Кыргызстандын түштүгүндө экинчи орус аскердик базаcын ачуу маселеси биздин өлкөнүн жетекчилиги менен тиешелүү мекемелердин түздөн-түз көзөмөлүндө турат. Мындан улам бул маселе эки өлкө президенттеринин марттагы жолугушуусунда талкууланышы мүмкүн», — деди Жекшенкулов. Ошол эле маалда элчи Ооганстандын түндүк аймактарына Сирия менен ...

0 306

Түркмөн бийлиги жарандарын немис жабдуулары аркылуу аңдып жатышы мүмкүн

01-февраль 2019, 10:19 Жазгүл Урманбетова

Түркмөнстан өкмөтү бийликке жакпаган веб-сайттарга бөгөт коюу жана тыюу салууларды кыйгай өткөн интернет колдонуучуларды аныктоо үчүн Rohde & Schwarz немис фирмасынын телекоммуникациялык жабдууларын колдонот. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы бир нече жеке булактарына таянуу менен билдирди. Мындан тышкары Rohde & Schwarz фирмасынын техникалары телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо үчүн дагы пайдаланылышы мүмкүн. Rohde & Schwarz фирмасынын Мюнхендеги башкы кеңсеси бул маалыматты тастыктап же четке каккан ...

0 416

Аткаминер эки адам өлтүрүүгө айыпталууда

31-январь 2019, 10:29 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Тергөө комитети парламенттин жогорку палатасынын өкүлү Рауф Арашуковго Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып такты. Аткаминер 30-январь күнү эртең менен кармалган. Ал эки киши өлтүрүү, кылмыштуу топ түзүү жана күбөгө кысым көрсөтүүгө айыпталууда. Федерация Кеңешиндеги Карачай-Черкес жумуриятынын өкүлү Рауф Арашуков парламенттин жабык жыйыны өтүп жатканда кармалган. Жыйынга Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка жана Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин катышкан. Ушул эле ...

0 465

Окуучу балдардын муз аянтчасындагы мушташынын соңу өлүм менен коштолгон

29-январь 2019, 09:55 Кызгалдак Жакыпова

Актөбө облусунда окуучунун өлүмүнө байланыштуу “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Өткөн аптада Шалкар шаарындагы эки мектептин окуучулары мушташып кеткен. Жаңжалдын кесепетинен 10-класстын окуучусу Мирасбек Даулетияр өмүр менен кош айтышкан. Окуя Шалкар көлүнүн четиндеги муз аянтында болгон. Шалкар шаардык ооруканасынын дарыгери Есенгали Копеновдун айтымында, белгисиз кишилер кансыраган баланы имараттын алдына алып келип ташташкан: – Ал жүрөк тушунан өткүр зат менен терең ...

0 466

Кыргыз балдар Өзбекстанда сабалды деген видеонун чоо-жайы

25-январь 2019, 10:13 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министрлиги WhatsApp мессенджери аркылуу улуттар аралык кастыкты козуткан видеону таратууга шектелген адамды кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кармалган адам «WhatsApp» аркылуу өзбек улутундагы балдардын мушташы тартылган видеону тараткан. Ал тасма башка да социалдык тармактар аркылуу жайылып кеткен. Анда видеодогу окуя Ош облусунун аймагында тартылганы тууралуу маалыматтар бериле баштаган. ИИМ аталган видео Өзбекстандын Наманган облусунда болгонун жана ал ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 276

Кибер алдамчылар колдонуучулардын маалыматын чогултуу үчүн фейк сайт түзүшкөн

24-январь 2019, 10:42 Кызгалдак Жакыпова

Банктар аралык улуттук процессинг борбору Uzcard брендинин кибер алдамчылар тарабынан колдонулушун иликтөөдө. Борбордун маалыматына караганда, белгисиз адамдар Uzcard.uz сайтынын интерфейсин көчүрүп алып, UzCard төлөм системасынын атынан WEBSUM менен биргелешкен акция башташканын жарыялашкан. Кибер алдамчылар бардык катышуучуларга акча бир нече пайызга көбөйөрүн убада кылышкан. Бирок колдонуучулар төлөм карталарынын номерин жана каражат көлөмүн жазышы керек болгон. “Бул акция банк аралык Uzcard төлөм системасы тарабынан уюштурулган ...

0 382

Президенттике ат салышууну каалаган кишиге дарыгерге көрүнүү кеңешин беришти

24-январь 2019, 09:38 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстан Элдик фронтунун мурдагы мүчөсү Кувватали Муродов 2020-жылы президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Анын бул чечимин айрымдар кескин сынга алса, кээ бири олуттуу карашкан жок. Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөө борборунун өкүлдөрү Мурадовго медициналык кароодон өтүү кеңешин берген үч материал жарыялашты. Кувватали Муродов өткөн аптада 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин коё турганын билдирген. Ал жетиштүү добуш топтой албай калышы ыктымал экенин, бирок ...

0 475

Тергөө абагында суицидге барган аял бошотулду

23-январь 2019, 17:51 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандын Айни районунун 70 жаштагы тургуну Истад Курбонова жергиликтүү тергөө абагында өз жанын кыюуга аракет жасагандан кийин эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкат менен бошотулду. Ал жер тилкесин басып алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен кармалган. Согди облусунун прокуратурасы улгайган аял дарыланууга муктаж экенин, буга байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү тууралуу Истад Курбонованын туугандарына кат жөнөткөн. Катта тергөө абагындагы суицид ...

0 542

Мамлекеттик тилди билбеген аткаминерлерге айып пул салуу сунушталууда

23-январь 2019, 17:40 Кызгалдак Жакыпова

Коомдук ишмер, саясатчы Азимбек Бекназаров президентке, өкмөткө жана парламентке кайрылып, өлкөдө кыргыз тилинин аброюн көтөрүүгө чакырды. Анын айтымында, кыргыз тилинин абалы 2000-жылы Конституцияга расмий тил тууралуу жобо киргизилгенден кийин кыйла начарлап кеткен. Кайрылуусунда ал буга мисал катары негизинен орус, англис, араб, корей жана кытай тилдеринде жазылган жарманаларды келтирген. Кайрылууда «мамлекеттик кызматка кирип жаткандардан кыргыз тилин билүү формалдуу эмес, милдеттүү түрдө талап кылынышы ...

0 907

Сойкулар жашаган батирлерде видео байкоо жүргүзүлөт

23-январь 2019, 09:41 Кызгалдак Жакыпова

Наманганда сойкулук менен алектенген аялдар жашаган үйлөрдүн кире бериштерине видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу 20-январда Наманган облустук администрациясы билдирди. Расмий маалыматтарга ылайык, кичи райондордогу кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн көңүл ачуу борборлоруна, компьютердик клубдарга, дүкөндөргө да видеокамералар орнотулат. Видеобайкоо камералары ички иштер бөлүмдөрүнө кошулат жана видеожазуулар бир ай бою сакталат. Камералар күнү-түнү үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзөт. Бир нече күн мурун социалдык түйүндөрдө топтошкон кишилер эки өспүрүмдү ...

0 455

Түрттүрүлө турган үйдүн ээси жүрөгү кармап каза болду

22-январь 2019, 15:09 Кызгалдак Жакыпова

19-январда Фергананын борборундагы бузулуп жаткан үйдүн 44 жаштагы жашоочусу Виктор Аристов жүрөгү кармап каза болду. Туугандары ал үйдүн тургундарын башка жерге көчүрүүгө аракет кылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн басымына туруштук бере албай калганын билдиришүүдө. «Акимчилик кызматкерлери менен анын үй-бүлөсүнүн ортосунда жаңжал болду. Жыйынтыгында үй ээсинин кан басымы жогорулап, жүрөгү кармап жыгылды. Эртеси ооруканада каза болуп калды», — деп билдирди маркумдун коңуларынын бири. Шаар ...

0 344

Чек арачылары беш өзбек жаранын үшүктөн куткарып калышты

22-январь 2019, 14:53 Кызгалдак Жакыпова

Казак чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүп бараткан беш өзбек жаранын колго түшүрүштү. «Алар түз эле жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Бирөөсүнүн буттарын 3-4-даражада үшүк алган. Ал интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылды. Азыр абалы оор», — деп билдиришти мекемеден. Мындан тышкары дагы экөөсүнүн бутун 2-3-даражадагы үшүк алган. Алардын абалы канааттандыраарлык. Учурда чек ара бузгандар милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жергиликтүү ооруканада дарыланып жатышат. Булак: "Борбордук Азия жаңылыктары"

0 968

Кыйноого айыпталган качкын майор соттолууда

22-январь 2019, 11:35 Кызгалдак Жакыпова

Хожент гарнизонунун аскердик соту милиция майору Шухрат Шамсиддиновдун ишин карай баштады. Ага өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын мурдагы мүчөсү Комил Хожаназаровду кыйнаган деген айып тагылган. Диний партиянын мурагы мүчөсү кезектеги суракка бир күн калганда өз жанын кыйган. Бул боюнча Согди облустук ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсүнө жана Тажикстан УКМКсынын Ашт райондук бөлүмүнүн кызматкерине кылмыш иши козголгон. 2018-жылы жайында тергөөчүлөрдүн бири ...

0 412

Ислам Каримовдун учагы сатылды

21-январь 2019, 09:25 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстанда 1997-жылы өлкө жетекчилиги үчүн жасалган Uzbekistan Airways авиакомпаниясына тиешелүү үч учактын бири сатылды. Бул тууралуу AviaSpotter телеграм-каналы билдирди. British Aerospace Avro RJ85 (UK-80001 номурлуу) борту 1997-2013-жылдары Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовго кызмат өтөгөн. Бул учак менен ал Өзбекстан аймагына жана жакынкы чет өлкөлөргө учуп турган. Дагы ушул сыяктуу UK-8002 жана UK-80003 учактары сатылууга даярдалууда. Булак: "centralasian.org"

0 278

Ооганстанга жети өлкө колдоо көрсөттү

16-январь 2019, 10:01 Кызгалдак Жакыпова

Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу жыйналышында жети өлкө Ооганстанга колдоо көрсөттү. Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Өзбекстан, Индия, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Ооганстандын Тышкы иштер министрлери катышкан Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу жыйналышынан кийин аймактык коопсуздук, транспорт, жүкташуу, энергетика жана инвестиция жаатындагы кызматташтык маселелери менен Ооганстанга колдоо көрсөтүү темаларын камтыган орток билдирүү жарыяланды. Билдирүүдө маданий, соода-сатыкжана башка тармактарда байланыштары болгон ...

0 463

Швецияда теракт пландоого шектүү кыргызстандык менен өзбекстандыктардын соту башталды

08-январь 2019, 09:20 Кызгалдак Жакыпова

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобун каржылоого айыпталган, Швецияда жашаган алты өзбекстандык жана бир кыргызстандык жарандын соту башталды. Борбор Азиядан келген үч киши мындан тышкары Швеция аймагында террордук акт пландоого күнөөлөнүүдө. Стокгольмдогу алгачкы соттук отурум 7-январда өттү. Айыпталуучулар: Өзбекстан жарандары Акрамжон Эргашев, Бахтиёр Умаров, Гулом Тажиев, Шоахмад Махмудов, Дэвид Идриссон, андан тышкары кыргызстандык Атабек Абдуллаев ок өтпөс айнек тосмонун артында отурушту. Абдуллаев, Идриссон жана Умаров ...

0 2390

ВИДЕО: “Менин президентим менен селфи” деген аталыштагы клип кызуу талкууга түштү

05-январь 2019, 16:37 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүрөтү менен селфиге түшкөн видеоклип жарыкка чыгып, коомчулукка жарыяланды. “Менин президентим менен селфи” деген аталыштагы клип, Өзбекстандагы “Божалар” тобунун ырчысы Жахонгир Позилжонов тарабынан иштелип чыккан. Клипти ырчы Жахонгир, алгач өзүнүн балдары менен селфи кылып: - “Ассалому аллейкум достор. Урматтуу мекендештер! Бүгүн мен балдарым менен менин президентим менен селфи кыламын. Эгерде менин пикириме кошулсаңар, сиздер дагы ...

0 301

Тажикстан: Медиктерге гимнди жаттоо талабы коюлууда

05-январь 2019, 11:38 Жазгүл Урманбетова

Тажикстанда доктурлар милдеттүү түрдө дарыгердин кесиптик гимнин жаттап жатышат. “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын маалыматына караганда, жаңы жылдан бери бардык ооруканаларда кызматкерлердин эртең мененки чогулушу “Сиз Тажикстандын медицина кызматкеринин гимнин жаттадыңызбы?” деген суроо менен башталууда. Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин мындай талабын аткарбаган кызматкерлер жазага тартылат. Доктурлардын кесиптик квалификациясы да гимнди билгенине жараша ыйгарылмай болууда. Бирок талдоочулар министрлик адегенде калкты тейлөөнүн сапатына ...

0 671

Миллионер өзүнүн кызынан 15 жашка кичүү кызга үйлөндү

05-январь 2019, 09:29 Кызгалдак Жакыпова

Англияда 77 жаштагы мусулман лорд Мухаммед Илтаф өзүнөн 45 жашка кичүү өзбек жаранына үйлөндү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Мухаммед Илтаф 32 жаштагы Гули Мурадова 2013-жылы, ал кафеде официант болуп иштеп жүргөндө таанышкан. Кийин Мурадова мекенине кайткандан кийин британ миллионери артынан келип, алып кеткен. Ал биринчи аялы менен ажырашып, Муродова менен 2018-жылы декабрда баш кошкон. Алардын үйлөнүү тою беш жылдыздуу ...

0 2792

Каналдын жээгинен 10 күндүк наристенин сөөгү табылды

04-январь 2019, 12:24 Кызгалдак Жакыпова

Фергана облусунун Алтыарык районундагы каналдын жээгинен жаңы төрөлгөн наристенин сөөгү табылды. Жергиликтүү милиция бөлүмүнөн кабарлашкандай, бала ал жакка чарчап калгандан кийин ташталган. Маалыматка карганда, жуурканга оролгон наристенин сөөгү 2-январда Фергана кичи каналынын жээгинен табылган. «Ал 10 күндүк наристе экен. Аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин таштап кетишкени айтылууда. Учурда мааленин бардык жашоочулар текшерилип жатат», — деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири. Тергөөнүн алкагында Фергана облустук ...

0 1177

Жыныстык оору менен жабыркаган өзбек жараны алгач дарыгерге, андан соң өзүнө ок аткан

29-декабрь 2018, 13:24 Жазгүл Урманбетова

Санкт-Петербургда жугуштуу жыныстык оору менен жабыркаган Өзбекстандын 58 жаштагы жараны тапанча менен оорукана дарыгерине, андан кийин өзүнө ок чыгарган. Орусия Тергөө комитетинин Санкт-Петербург аймагы боюнча бөлүмүнөн билдиргендей, окуя 25- декабрда болгон. Маалыматка караганда, Өзбекстандын Сергей аттуу жараны «Инсам» чыгыш медицина борборунда аны дарылап жаткан дарыгерге, андан кийин өзүнө ок аткан. – Бул факты боюнча «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3867

Кызганычтан мугалимди күйөөсү балталап салды

28-декабрь 2018, 14:31 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Каттакурган шаарынын тургуну жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштеген жарандык никедеги аялын балталап салган. Жаракат алган мугалим 25-декабрь эртең менен мектептин алдында табылган. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жалол Суюнов кылмышка шектүү катары мугалимдин жарандык никедеги күйөөсү кармалганын билдирди. «Шектүү 26-декабрда кармалып, ага карата камакка алуу бөгөт чарасы белгиленди. «Атайылап адамдын денесине залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ...

0 3232

Көкүрөгүн көрсөткөн моделди жигити сабап салган

27-декабрь 2018, 09:14 Айдар Нуралиев

Казакстандык модел, Жаштар парламентинин депутаты Динагүл Тасова көкүрөгү көрүнгөн тор көйнөк кийип, мода көрсөткөндөн кийин зомбулукка кабылганын айтып чыкты "Инстаграмдагы" баракчасына Тасова көрсөтмөдөн кийин социалдык тармактарда аны айыптаган, сындаган билдирүүлөр абдан көп жазылганын, мындан улам жигити аны көгала кылып токмоктоп, телефону менен компьютерин тартып алганын жазды. Казакстандык дизайнер Дана Дуйсенбаеванын көрсөтмөсү 30-ноябрда Astana Fashion Night мода жумалыгынын алкагында өткөн. “Сүрөттөрдөн кимдир бирөө кооз ...

0 407

Алматыдагы Кытай консулдугу "камактагы казактарды" бошотуу арызын кабыл алган жок

25-декабрь 2018, 09:31 Кызгалдак Жакыпова

Алматыда «Ел-Аманат» коомдук бирикмесинин бир нече активистти 24-декабрда Кытай консулдугуна Шинжаң районунан келген 26 кайрылмандын колу коюлган арызды тапшырууга аракет жасашты. Активисттердин айтымында, алардын туугандарын Кытайда камакта кармашууда. Документте кытайлык казактарды бошотуу жана куугунтукка алууну токтотуу өтүнүчү жазылган. Консулдуктун өкүлдөрү каттын авторлору буга чейин казак жарандыгын алышканын белгилеп, арызды кабыл алуудан баш тартышты. Алар бул өтүнүчтү Казакстан Тышкы иштер министрлигине жолдоо ...

0 509

Фергана: Мугалим окуучуну сабап өлтүргөнгө шектелүүдө

18-декабрь 2018, 17:37 Жазгүл Урманбетова

Ферганалык Дилшод Мадрахимов 10-класста окуган уулу Миржамол Закировду аскерге даярдык сабагынын мугалими сабап өлтүргөнүн билдирди. Маркумдун классташтары Закиров мектепте ур-токмокко алынганын тастыкташты. Өспүрүм 26-ноябрда каза болгон. Анын атасы баласынын өлүмү үчүн мугалим Мирвохид Мардоновду күнөөлөп, прокуратурага арыз менен кайрылган. Фергана облусунун укук коргоо органдары 10-класстын окуучусунун өлүмү боюнча тергөөгө чейинки териштирүү жүргөнүн айтышты. Бирок маркум Миржамолдун атасы мектеп жетекчилиги жана жергиликтүү ...

0 2217

Күйөөсү "кыздыгың жок деп" нике түнү үйдөн кууп чыккан кыз милиция болот

18-декабрь 2018, 15:55 Жазгүл Урманбетова

Тажикстанда күйөөсү «кыздыгың жок деп» үйдөн кууп чыккан Мастона Ато аттуу келин өзүндөй оор абалга туш болгон кыздарга жардам берүү үчүн Милиция академиясына тапшырууну чечти. «Мен мындан ары ыйлабайм, кайрадан турмушка чыгууну каалабайм. Келечекте милиционер болуп, башка аялдарга жардам бергим келет», — деди Мастона. Душанбеде жашаган 21 жаштагы Мастона жалган жалаа жаап, ур-токмокко алган күйөөсүн жоопкерчиликке тарттырууну көздөп жатат. Анын атасы Асомиддин ...

0 472

34 млн доллар турган Илбирс түрүндөгү учак көргөзмөсү

15-декабрь 2018, 16:56 Кызгалдак Жакыпова

Астанада эл аралык аэропортунда Илбирс түрүндөгү учактын көргөзмөсү болуп өттү. Embraer 190-E2 учагы илбирс сүрөтү менен жасалып, 34 млн доллар тураары айтылат.Учак оригиналдуу жасалгасы менен өзгөчөлөнүп турат. Бул тууралуу "Астана" телеканалы кабарлаган. Бул аракет менен «Эйр Астана» сейрек кездешүүчү жаныбарларды дүйнө жүзүнө эскертип турууну максат кылышкан. Жаңы учак Казакстанда гана эмес, Россия, Орто Азия, Кавказ жана Кытай өлкөлөрүнө учаары айтылууда. 34 млн долларды чапчыган лайнер Бразилияда жасалган.  Булак: NazarNews.kg

0 360

Өзбекстан: Тилемчилик кылмыш менен барабар

15-декабрь 2018, 10:41 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Сенаты коомдук жерлерде тилемчилик кылууну кылмышка теңеген мыйзам долбоорун колдоду. 13-декабрдагы добуш берүүдө парламенттин жогорку палатасы президент Шавкат Мирзиёев сентябрда киргизген сунушту жактырды деп жазат Азаттык. Жаңы мыйзамда кайыр сурагандарга 25-75 долларга барабар айып пул салуу каралган. Акча төлөй албагандар 15 күнгө чейин камалат. Дагы бир жолу кармалса, анда 240 саат коомдук иштерге тартылат же бир жылга чейин түрмөгө камалат. Мыйзам ...

0 263

Өзбекстан “Өзгөчө кооптондурууну жараткан өлкөлөрдүн” катарынан чыгарылды

13-декабрь 2018, 13:21 Жазгүл Урманбетова

Жума башында АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги боюнча баяндамасын жарыялады. Өзбекстан жаңы баяндамада “өзгөчө кооптондурууну жараткан өлкөлөрдүн” тизмесинен чыгарылды. Өзбекстан бул тизмеге 2006-жылы – өлкөдө дин тутуу эркиндигинин абалы начарлап, диний ынанымы үчүн миңдеген киши түрмөгө камалгандан кийин киргизилген. Өзбекстан Кытай, Эритрея, Иран, Мьянма, Түндүк Корея, Судан, Сауд Арабия, Тажикстан жана Түркөнстан менен бир катарда жайгашкан. Жаңы баяндамада Өзбекстан диний ...

0 334

Өзгөчө кооптондурууну жараткан өлкөлөр

13-декабрь 2018, 09:23 Кызгалдак Жакыпова

Жума башында АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги боюнча баяндамасын жарыялады. Өзбекстан жаңы баяндамада “өзгөчө кооптондурууну жараткан өлкөлөрдүн” тизмесинен чыгарылган. Алар бул тизмеге 2006-жылы – өлкөдө дин тутуу эркиндигинин абалы начарлап, диний ынанымы үчүн миңдеген киши түрмөгө камалгандан кийин киргизилген. Өзбекстан Кытай, Эритрея, Иран, Мьянма, Түндүк Корея, Судан, Сауд Арабия, Тажикстан жана Түркмөнстан менен бир катарда жайгашкан. Жаңы баяндамада Өзбекстан диний ...

0 1305

Небересин тирүүлөй көмүп салган аял 18 жылга кесилди

11-декабрь 2018, 16:15 Кызгалдак Жакыпова

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Тажикстандын Хатлон облусунун соту Абдурахмон Жоми районунун тургуну, 58 жаштагы Хожара Ашурованы үч жаштагы небересин өлтүргөнү үчүн 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен өкүм чыгарды. Бул тууралуу "Азаттык" билдирген. Бул окуя быйыл 12-сентябрда Абдурахмон Жоми районунун Навобод кыштагында болгон. Хожара Ашурова үч жашар небересин жаны бар кезинде эле көөмп, бирок ал али кыймылдап жатканын көргөндөн кийин ...

0 555

Өзбекстан: Пара албоого, алдамчылык кылбоого ИИМ кызматкерлери Куранды кармап ант беришти

08-декабрь 2018, 11:27 Жазгүл Урманбетова

Өткөн жумада Ташкент облусундагы Жогорку Чырчык районунун ички иштер бөлүмүндө иштегендер Куран кармап, пара албоого, алдамчылык кылбоого ант беришти. Социалдык тармактарга аталган райондун милициясынын кеңсесиндеги ант берүү аземинде тартылган сүрөт тарады. Жогорку Чырчык ИИБда иштеген, жазалануудан чочулап атын атагысы келбеген кызматкердин "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиргенине караганда, ант берүү райондун имамынын катышуусунда өттү: - Жеке курамдагы ар бир кызматкер Курандын өзбек тилиндеги нускасын ...

0 247

Прокурор жихадга айыпталгандарды катуу жазалоону сурады

07-декабрь 2018, 12:42 Кызгалдак Жакыпова

6-декабрда Алматынын Алмалы райондук сотунда “Жихадчылар иши” боюнча тергөө аяктап, жарыш сөз башталды. Прокурор айыпталуучулардын күнөөсү толугу менен далилденгенин айтып, Алмат Жумагуловду тогуз жылга, Кенжебек Абишев менен Оралбек Омыровду сегиз жылга түрмөгө кесүүнү сурады. 44 жаштагы Алмат Жумагулов терроризмди үгүттөөгө, улут аралык кастыкты козутууга, 52 жаштагы Кенжебек Абишев менен 48 жаштагы Оралбек Омыров терроризмди үгүттөөгө айыпталууда. Алар айыптоолорду четке кагып, светтик жашоо образын ...

0 320

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Согди облустук прокуратурасынын алты жооптуу кызматкерин иштен алды

07-декабрь 2018, 11:20 Жазгүл Урманбетова

Бул чечим Хожент түрмөсүндөгү тополоңдон кийин кабыл алынды. Хожент шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги №3 колонияда чыккан тополоң боюнча абакта отурган бир нече адамга жаңы кылмыш иши козголду. Аларга “адам өлтүрүү”, “денеге оор залал келтирүү”, “бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү” жана “түзөтүү абагындагы режимди бузуу” деген айыптар тагылууда. Тажикстан бийлиги тополоңду басуу учурунда террорчулар жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер гана өлтүрүлгөнүн билдирип жатат. Буга чейин Хоженттеги түрмөнүн ...

0 499

Орусияда өзбек жараны тажикстандык кесиптешин мууздап, башын мешке жагып жиберген

06-декабрь 2018, 15:41 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Волгоград облусундагы мал сарайлардын биринде иштеген Өзбекстандын жараны тажикстандык кесиптешин мууздап, башын мешке жагып жиберген. Бул тууралуу «НовостиВолгограда.ру» басылмасы жазды. «Жумуш маалында өз ара айтышкандан кийин алар уй сарайга барышкан. Анда 36 жаштагы өзбек жараны 51 жаштагы тажикстандыкка бычак сайган. Андан соң кылмыштын изин жашыруу үчүн аны мууздап, башын мешке жагып жиберген. Сөөгүн болсо сарайдын артындагы чөптүн арасына катып койгон», ...

0 426

Үч жашар небересин тирүүлөй жерге көмүп салган аялдын иши тергелип бүттү

05-декабрь 2018, 14:59 Кызгалдак Жакыпова

Хатлон облусунунун прокуратурасы чоң апасы тарабынан өлтүрүлгөн үч жашар баланын өлүмү боюнча ишти тергеп бүттү. “Киши өлтүрүү” беренеси менен козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Трагедия 12-сентябрда Навобод айлында болгон. 58 жаштагы Хожара Ашурова небереси Бехрузжонду алгач муунтуп, андан соң жардын түбүндөгү аңга көөп таштаган. Сурак учурунда Хожара Ашурова дайыма жаңжал чыгарган келини Гулсанам Боймуродованы жаман көргөнү үчүн небересин өлтүрүп таштаганын айткан. Гулсанам Боймуродова ...

0 544

Усманов кримтөбөл менен байланышы тууралуу жазылган макалаларды өчүрүүнү талап кылды

04-декабрь 2018, 10:33 Кызгалдак Жакыпова

Миллиардер Алишер Усманов интернеттен анын криминал төбөлү Захарий Калашов (Шакро Молодой) менен байланышы бар экендиги тууралуу үч макаланы өчүрүү талабы менен Москванын Басман райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу РБК басылмасы аталган соттун расмий өкүлүнө шилтеме кылып жазды. Маалыматка ылайык, Усманов Russian Criminal сайтына жарыяланган макалалар ага моралдык чыгым алып келгенин айтып, басылмадан 50 миң рубль өлчөмүндө компенсация талап кылган. Миллиардердин пикиринде, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1387

Тирүүлөй күйүп кеткен 52 адамдын өлүмүнө шектүү кармалды

03-декабрь 2018, 15:37 Жазгүл Урманбетова

Казакстанда өзбекстандык 52 адам менен күйүп кеткен автобустун ээси кармалды. Ал Ташкентте колго түшкөнүн, Казакстандын 46 жаштагы жараны экенин өзбек милициясынын басма сөз кызматы 1-декабрда кабарлады. Шектүүгө "Автоунааны сапатсыз оңдогон жана техникалык мүчүлүштүк менен пайдаланууга берген" деген айып коюлуп жатат. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы ал Казакстандын укук коргоо органдарына тапшырыларын маалымдады. Казакстандын Актөбө шаарында бул окуя боюнча сот иши уланууда. Соттолуп ...

0 1095

ВИДЕО: Толгоо тартып жаткан учурду бий менен жеңген Байзакова баласын көрсөттү

03-декабрь 2018, 14:05 Кызгалдак Жакыпова

Кош бойлуу болгон күндөн тартып элдин сынына кабылган чырлуу блогер, актриса Айжан Байзакованын төрөтү да өзгөчө болду. Ал толгоо тартып жаткан учурда эч нерсе болбогондой бийлеп турган видеосун интернетке жүктөгөн. Бул видеону көргөндөр Айжандын күчтүүлүгүнө таң берүүдө.  Белгилей кетсек, Айжан Байзакова 1-декебрда тун уулун жарыкка алып келген. Азырынча баланын атасы ким экенин коомчулукка жарыя кыла элек. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83