www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 344

Назарбаев окуучуларды кытай тилин үйрөнүүгө чакырды

03-декабрь 2018, 11:15 Кызгалдак Жакыпова

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жаштарды чет тилдерди, айрыкча кытай тилин үйрөнүүгө чакырды. Бул тууралуу ал “Назарбаев интелектуалдык мектептер” түйүнүнүн 10 жылдык мааракесине арналган “Улуу талаа мураскерлери” форумунда билдирди: – Быйыл "Назарбаев интеллектуалдык мектептеринде" окугандар экинчи чет тилди өз тандоолору боюнча үйрөнүп башташты. Дүйнөлөшүү доорунда чет тил билүү зарыл болуп турат. Дүйнөдө эң эле кеңири таралган англис, экинчиси испан тили болуп эсептелет, бирок ...

0 378

Казакстандыктар тун президент күнүн белгилөөдө

01-декабрь 2018, 13:31 Айдар Нуралиев

Казакстан эли бүгүн, 1-декабрда тун президент күнүн тойлошууда деп билдирет NUR.KZ. 1991-жылдын 1-декабрында алгачкы бүткүл элдик шайлоо өткөрүлүп, Нурсултан Назарбаев Казакстандын президенти болуп шайланган.  Бул күн 2012-жылдан бери белгиленип келет. Жыл сайын ушул күндө ар аймакта маданий иш-чаралар уюштурулуп, тунгуч президент күнүнө арналган концерттер өткөрүлөт.   Булак: NazarNews.kg

0 459

Грузиянын шайланган президенти Орусияны адам уурдоого айыптады

30-ноябрь 2018, 10:28 Айдар Нуралиев

Грузиянын шайланган президенти Саломе Зурабишвили Орусиянын Украина жана Грузияга каршы жасаган аракеттеринен улам ал өлкө менен кызматташууга мүмкүн экендигинен күмөн санап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Би-Би-Си радиосуна берген интервьюсунда айтты. Зурабишвили Орусияны Грузия аймагынын ичин көздөй акырындык менен жылып, таанылбаган Түштүк Осетия республикасы менен чектешкен жердеги жарандарды уурдоого айыптады. Буга чейин Грузия бийлиги Орусияны Түштүк Осетия менен чектешкен аймактардан адамдарды уурдоого ...

0 386

Өзбекстанда Тышкы миграция агенттигинин кызматкерлерин камоо уланууда

29-ноябрь 2018, 17:15 Айдар Нуралиев

Тышкы миграция агенттигинин жетекчилери жана кызматкерлеринин 20 млн. доллар пара алуу шеги менен кармалышы мекеменин ишин үзгүлтүккө учуратты. Бул окуядан улам Кореяга барууну каалагандардын “үмүтүн таш кабышы” мүмкүн. “Азаттыктын” өзбек кызматы Эмгек министрлигиндеги өз булактарына таянуу менен агенттиктин кызматкерлерин камоо уланып жатканын билдирди. 27-ноябрда беш бөлүм башчыны прокуратурага алып кетишкен. Буга байланыштуу жыл аягына чейин чет өлкөгө кете турган 3000ден ашуун өзбекстандыктын ...

0 262

Жанарбек Акаев: Туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат

28-ноябрь 2018, 16:09 Перизат Кутманалиева

Парламент депутаты Жанарбек Акаев Мамлекеттик чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, аэропортто, чек арада өз ишин мыкты билген адистерди кызматка коюууга чакырды. Депутаттын айтымында, туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат. - Бул жерде чек ара, бажы кызматтарынын жетекчилери, өкмөт өкүлдөрү отурасыздар. Силерге кайрылаарым - чек арада, аэропортко англисче суудай сүйлөгөн адистерди койсоңор. Анан бир аз сылык мамиле кылыш керек. Туристти ...

0 769

Жылаңачтанган 7-класстын окуучусу акимчилик имаратынын терезесинен боюн таштады

27-ноябрь 2018, 14:52 Перизат Кутманалиева

13 жаштагы кыз Анжиян облусунун Ходжаабад районунун администрациясынын короосунда оор абалда табылды. Кубөлөрдүн айтымында, кыз акимчилик имаратынын үчүнчү кабатынан боюн таштаган. Ал жерде мамлекеттик чиновниктердин биринин уулу катышкан “кече” өткөн. Окуя 23-ноябрда түнкү саат 23:00дө болгон. Күбөлөрдүн бири: “Үч киши райондук администрациянын имаратына 7-класстын окуучуларын алып кирип, дискотека уюштурушкан. “Кечеде” кыздардын бири терезеге келип, төмөнгө боюн таштаган. Ал жылаңач болгон. Кыз оор ...

0 387

Милицияны тиштеп алган азамат үч жылга соттолот

27-ноябрь 2018, 09:46 Кызгалдак Жакыпова

Казакстанын Байкоңур жергесинде милицияны тиштеп алган шаар тургуну үч жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы күтүлүүдө деп билдирет NUR.KZ. Маалыматка ылайык, тартип сакчылары эрежени бузган 25 жаштагы азаматты кармашкан. Ал мас абалында болгон. Аны ооруканага жеткиришкен соң милициялардын бирөөсүн тиштеп алган. Прократурада аныкталгандай, жаш жигитке мамлекеттик кызматкерлерге күч колдонгон деген айып тагылган. Эми ал үч жылга чейин баш боштондугунан ажыратылышы күтүлүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 305

Мамлекеттик кызматкерлерди пахта теримге жөнөтүү уланууда

27-ноябрь 2018, 09:40 Перизат Кутманалиева

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерди жапырт түрдө пахта теримге жөнөтүү уланып, план толтурбагандар 15 суткага камалууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады. Маалыматтарга караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Мары облусунда дарыгерлерди жана мугалимдерди азыркыга чейин пахта теримге жөнөтүшүүдө. Алар талаадагы пахтанын калдыктарын чогултушууда. План толтурбагандарды 15 күнгө чейин камап жатышканы айтылууда. 9-ноябрда Түркмөнстан өкмөтү 1 миллион 50 миң тонна пахта чогулуп, план толгонун кабарлаган. Марыдан тышкары Дашогуз, ...

0 606

Өзбекстан аскер күчүн текшерерин Кыргызстанга кабарлады

26-ноябрь 2018, 12:34 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстан бүгүн 26-ноябрда өзүнүн аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерет деп жазат centralasian.org. 25-ноябрда бул тууралуу расмий нота өзбек тараптан Кыргызстанга келип түшкөнүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кошумчалай кетсек, Өзбекстан чыгыш тарабынан Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешет. Булак: NazarNews.kg

0 685

Айым учакта көз жарды

25-ноябрь 2018, 16:08 Айдар Нуралиев

Өзбекстандык келин учактын ичинде көз жарды. Ал China Southern Airlines авиакомпаниясыны менен ишемби күнү өлкөсүнө кайтып жаткан. Бээжинден Ташкентти көздөй учуп жөнөгөн Наргиза Касымова толгоосу эрте келип, ымыркайын учактын ичинде төрөдү. Бул анын бешинчи баласы экен. Күтүүсүз жагдайдан улам лайнер кайра аэропортко келип конуп, натыйжада каттамдын жүргүнчүлөрү Ташкентке беш саат кеч конушту. Ал эми төрөгөн келин ымыркайы менен Бээжиндеги Hemujia клиникасына жаткырылды. Булак: NazarNews.kg

25-ноябрь 2018, 16:08 | 685
0 439

Кытайда жакындары камалган кыргыз-казак жарандары Алматыда жыйынга чогулду

24-ноябрь 2018, 09:27 Кызгалдак Жакыпова

Кытайда жакындары камалган жарандар бүгүн, 23-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында жыйынга чогулушту. Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюму уюштурган жыйынга Кыргызстандан онго жакын жаран барган. Ошондой эле Кытайдагы туугандарынын дайынын билбей жаткан ондогон казакстандыктар бар. Алар батыш мамлекеттеринен, Англия, Германиядан келген журналисттерге маалымат берип жатышат. Эл аралык коомчулукка, кыргыз-казак бийлигине кайрылып, Кытайда камакта отурган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранышууда. Кытайда кармалган кыргыздардын ...

0 395

Милиция лейтенанты түнкү нөөмөт учурунда өлтүрүлдү

23-ноябрь 2018, 13:03 Кызгалдак Жакыпова

Анжиянда Избоскан райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Ильхомжон Хайдаров түнкү нөөмөт учурунда токмок жеп, ооруканада көз жумду. Милиционер көчөдө бир нече уландын өздүгүн тактагысы келген, бирок жаңжал чыгып,  алардын бири тартип сакчыны катуу чаап жиберген. Облустук милиция башкармалыгынан кабарлашкандай, Хайдаров Пахтаабад районундагы эң жакын ооруканага жеткирилген. Бирок 21инен 22-ноябрга караган түнү милициянын лейтанаты каза болгон. Милициянын лейтананты Ильхомжон Хайдаровго кол көтөргөн киши ...

1 1452

Милиция 19 аялды өлтүргөн

23-ноябрь 2018, 09:25 Кызгалдак Жакыпова

Новосибирск облустук соту мурдагы милиция кызматкери Евгений Чуплинскийди 19 аялды өлтүргөндүгү үчүн экинчи жолу өмүр бою эркинен ажыратты. Ага карата быйыл 6-мартта чыгарылган биринчи өкүмдү Жогорку соттун коллегиясы 11-сентябрда жокко чыгарган. Коллегия мүчөлөрү айрым кылмыштар 1990-жылдары жасалгандыгын белгилеп, өкүм чыгарууда сот алардын эскирүү мөөнөтүн эске алган эмес деп тапкан. Тергөө Чуплинский 19 аялды жиликтеп, мыкаачылык менен өлтүргөн деп эсептейт. Болжол менен ал ...

23-ноябрь 2018, 09:25 | 1452
0 3426

Президентке кайрылуу жасаган кыз өзүн өлтүрдү

22-ноябрь 2018, 13:51 Кызгалдак Жакыпова

Россиянын Сафоново шаарында шаарында Путинге апасынын айлыгы аз жана жашоолору начар экендигин айтып кайрылуу жазган кыз өз өмүрүнө кол салды. Аны бул кадамга классташтарынын шылдың кылганы жана Путинге кайрылуу жасагандыгы үчүн апасын жетекчилик жемелегени түртүшү мүмкүн деп жазат “Смоленская народная газета”. Өлүмүнөн бир нече убакыт мурда соцтармактардын бирине ” Эмне үчүн адамдар мынчалык ташбоор” деп жазып чыгарган.  Ал кайрылуусунда жакырчылыкта жашаганы үчүн апасы ...

1 2063

Москвадагы кыргыздар жөнүндө өзгөчө жылуу пикир жазган орус кызы

19-ноябрь 2018, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

Москва шаарынын жашоочусу Варя Борцова кыргызстандык таксит аны сегиз саат күтүп, капчыгын кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди. Варя Борцова Фейсбуктагы баракчасына таңкы беште аэропорттон кайтып келгенин, аны үйүнө кыргызстандык таксист жеткиргенин жазды. Ал документ, акча жана кредиттик карталары салынган капчыгын таксиде унутуп калганын уктап тургандан кийин гана билген: – Мен кредиттик карталарымды блоктоп, документтеримди калыбына келтирүү керектигин ойлонуп жатсам, атам терезени карап: “Сыртта ...

0 4720

Интимдик катнаш учурунда бизнесмендин жүрөгү токтоп калды

16-ноябрь 2018, 10:02 Кызгалдак Жакыпова

Карагандынын тургуну жыныстык катнаш учурунда жүрөгү токтоп калган. Бул тууралуу Newtimes.kz. жазып чыккан. Павел Иванцов(аты өзгөртүлдү) өмүр бою кызкумар болгон. Окуучу кезинде мектептеги жаш мугалидерге ашык болуп, аларды өзүнө карата алган. Ал гана эмес, эч кимдин колу жетпеген класстын сулуу кызынын да жүрөгүн ээлептир. Бирок, мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайга өткөн Павел сүйүктүүсү менен деп жүргөндө ал башкага турмушка чыгып ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 313

Алексей Навальныйдын Орусиядан чыгуусуна тыюу салган чечим жокко чыгарылды

14-ноябрь 2018, 09:15 Кызгалдак Жакыпова

Орусияда Сот аткаруучулардын федералдык кызматы саясатчы Алексей Навальныйдын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган чечимди жокко чыгарды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. 13-ноябрь эртең менен Стасбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна бараткан Навальный Москванын Домодедово аэропортунда кармалып, убактылуу паспорту алынган. Анда саясатчыга Сот аткаруучулардын федералдык кызматынын чечиминин негизинде өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыгы тууралуу кагаз көрсөтүлгөн. Оппозициячы алгач сот аткаруучулардын ага карата эч кандай дооматы ...

0 1540

Төрт баланын энеси, секс-кулдукта жүргөн айым балкондон өзүн таштады

13-ноябрь 2018, 12:49 Кызгалдак Жакыпова

Казакстанда 4 балалуу айым өз жанына кастык кылууга аракет жасап, балкондон боюн таштаган. Бул тууралуу aktobetimesка шилтеме жасап, NUR.KZ жазып чыккан. ММКлардын билдирүүсүнө караганда, окуя Актөбө шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алган. Күбөлөр 3-кабаттын балконунан секирген келинди байкап калган. Бирок, келин акыркы мүнөттөрдө кайра ойлонуп кетип, кир жаюучу жиптен кармап калган. Андан соң айым жипке асылып, кайра балконго чыга албай, ...

0 830

Тажикстанда күндүз той берген киши 530 доллар айып пулга жыгылды

13-ноябрь 2018, 09:58 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандын Гиссар шаарынын тургуну кыз узатуу тоюна күндүз конок чакыргандыгы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды. Маалыматка караганда, кызын күйөөгө берип жаткан жаран эртең мененки 7.00дөн 10.00гө чейин кошуналарын үйүнө чакырган. Ал эми кечкисин 50гө жакын тууган-туушканын чакырып, той өткөргөн. Мунусу үчүн ал ...

0 4247

ВИДЕО: Депутаттын жээни жана милиция кызматкери 17 жаштагы баланы зордуктап видеого тарткан

12-ноябрь 2018, 19:33 Кызгалдак Жакыпова

Түркестандын 17 жаштагы тургуну жакындары тарабынан зордуктоого кабылган. Ал бул жөнүндө 3 жыл өткөн соң жар салды. Ал кезде мектеп окуучусу болгон жаш жигит ал күндү төмөнкүчө эскерет: Мас болуп калган бала ал күнү эмне болгону такыр эсинде жок. Бирок ал эсине келгенде жанында чогуу эс алган достору "кечинде эмне болгонун билесиңби?"- деп мазакташат. Эч нерсени түшүнбөй турган окуучуга бизде сага карата ...

0 709

Интимдик жакындашууга макул болбогон аялды, сабап өлтүргөн

12-ноябрь 2018, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

Казакстанда 35 жаштагы эркек адам өзүнүн таанышын интимдик жакындашууга макул болбогону үчүн өлтүрүп салган. Окуя төмөнкүдөй болгонун Нур.кз жазып чыкты. Аял менен 35 жаштагы эркек алкогол ичимдиктерин ичип олтурган. Бир маалды эркек аялга интимдик жакындоону сунуш кылат. Мас абалындагы аял эркек менен бир болуудан баш тартат. Ал биринчи аялды катуу сабап андан соң чала жан абалда үйдүн алдына чыгарып салган. Аялдын артында 13 жаштагы ...

0 705

Активисттер Нурсултан Назарбаевди Казанга майыптар арабасы менен келүүгө чакырышты

12-ноябрь 2018, 09:24 Кызгалдак Жакыпова

«Тоскоолдуксуз шаар» тобунун Казан шаары боюнча координаторлору Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ачык кайрылуу жасашты. Бул тууралуу «Idel.Реалии» сайты жазды. Кайрылуунун авторлору казак президентин Казандын Нурсултан Назарбаев атындагы көчөсүн кыдырып, анда майыптарга эч кандай шарттар жок экенине күбө болуп кетүүгө чакырышты. «Тоскоолдуксуз шаардын» координаторлорунун кайрылуусу Назарбаев көчөсүндө казак тараптын белеги катары «Казакстан жана Татарстан элдеринин ынтымагынын символу» болгон «Тайказан» аттуу скульптуралык композиция пайда ...

0 537

Эки ишкер 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталууда

09-ноябрь 2018, 19:27 Кызгалдак Жакыпова

Фергана облусунда райондук сот автоунаа жуучу жайда жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча кылмыш ишин кароодо. Эки жергиликтүү ишкер 13 жашар кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө айыпталууда. Сот материалдарына караганда, кыз 10-майда автоунаа жуучу жайда зордукталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары боюнча жабырлануучуну бир эле учурда эки киши зордуктаганы аныкталган. Алдын ала тергөө учурунда кызга физикалык күч колдонулганы айтылган. Бирок Бешарык райондук сотунун катчысы жабыралуучунун ...

0 3759

Район башчысы милициянын жетекчисинин көзүнчө 1 дыйканды уруп 30 дыйканды камоого буйрук берди

08-ноябрь 2018, 18:43 Кызгалдак Жакыпова

Фергана облусунун Язъяван районунун башчысы Юлчибай Боййигитов 6-ноябрдагы жыйын маалында жергиликтүү дыйкан Курбонали Жураевди сабап, район прокуроруна ага каршы кылмыш ишин козгоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу аталган жыйынга катышкан башка дыйкандар билдиришти. Алардын айтымдарында, Курбонали Жураев пахта тапшырбагандыгы үчүн сабалган. "Район башчысы дыйканга арыз жазып, жерин өткөрүп бериши керектигин айтты. Ал планды аткара тургандыгын, жерди бербестигин билдирди. Ортодо уруш чыгып, район ...

0 590

ФОТОРЕПОРТАЖ — Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышууда

08-ноябрь 2018, 18:25 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарындагы Жаматтык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышууда.  Көз карандысыздык ак сарайында учурашуу жана сүрөткө түшүү аземинен кийин мамлекет башчылары ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын тар курамына катышуу үчүн бет алышты. ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри ...

0 1935

Курулуп жаткан үй премьер-министрдин оозеки буйругу менен бузулду

08-ноябрь 2018, 18:11 Кызгалдак Жакыпова

Ташкенттин Мирзо-Улугбек районундагы бузулган үч кабаттуу турак-жай комплекси Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун оозеки буйругу менен Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунда жеке ишкердин каражатына курулуп жаткан үч кабаттуу үй түрттүрүлдү. Ташкент мэриясындагы өз булактардын кабарлашынча, өкмөт башчы мындай буйрукту борбордогу жаңы курулуп жаткан үйлөрдөгү бир канча жолку истүү газга уулануу учурларынан кийин берген. – Мындан тышкары премьер-министр аталган инвестор тарабынан курулган башка үйлөрдү дагы текшерип чыгуу ...

0 1555

Түрмөдөгү тополоңду басуу учурунда бир нече адам өлдү

08-ноябрь 2018, 14:25 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандын Хожент шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги абакта чыккан соттолуучулардын тополоңун басуу учурунда бир нече адам каза тапты. Айрым басылмалар 13 киши мерт болгонун кабарлап жатышат. Окуя 7-ноябрдан 8-ноябрга оогон түнү болгон. Тополоңдун эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. “Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берген булактын айтымында, абакка милициянын атайын күчтөрү киргизилген. “Чуу чыгарган адамдарда куралдар болгон, азыр окуянын эмнеден башталганы иликтенип жатат” деди атын ...

0 1515

Пахтанын арасынан тирүүлөй адам чыкты

08-ноябрь 2018, 09:43 Кызгалдак Жакыпова

Каракалпакстан Республикасында жайгашкан Кегейли облусунда кызык окуя болуп өттү. “Халқобод пахта тозалаш” бөлүмүнө “Бўз овул” фермер кожолугу алып келген трактордун тиркемесинде 2 110 килограмм топурак жана тирүүлөй адам чыккан. Ушул эле окуя “Аллияр Азамат” фермер кожолугунда кайталанып пахтанын арасынан 330 килограмм топурак  жана капка салынган дарбыз чыккан. Учурда бул окуя тууралуу кылмыш иши козголуп, атайын органдарга өткөрүлүп берилген. Булак: NazarNews.kg

0 352

Назарбаев «абийирсиз монополисттерди» жазалоого үндөдү

08-ноябрь 2018, 09:31 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 7-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп, аткаминерлерди «абийирсиз монополисттерди» жоопко тартууга чакырды. Мамлекет башчынын айтымында, социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы өлкө калкын көбүнчө коммуналдык кызматтар, билим берүү жана медициналык тейлөөнүн баалары тынчсыздандыра турганын көрсөткөн. Коммуналдык төлөмдөр, анын ичинде жылуулук менен электр жарыгы калктын чыгашасынын көпчүлүк бөлүгүн түзөрүн белгилеген Назарбаев тарифтерди негизсиз жогорулаткан монополисттерди жоопко тартуу керек экенин айтты. «Эгер тарифтер чыныгы экономикалык ...

0 2683

«Мугалими кемсинткен» окуучу өз жанын кыйды

07-ноябрь 2018, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Бешкент шаарындагы №63 мектептин 8-классынын окуучусу Мирафзал Абдурашидов өз короосунда асынып алган жеринен табылды. Атасынын айтымында, уулу мектептеги кемсинтүүлөрдөн кийин өмүрүнө кол салган. – Бир ай мурда класс жетекчиси классташтарын Мирафзалдын бетине түкүрүүгө мажбурлаган. Ошол маалда анда директордун орун басары да болгон. Кемсинтүүлөр көп болгондуктан, ал сабактарга барбай да калган, – деди атасы. Мектептин директору окуучу классташтарынын алдында кемсинтилгендиги тууралуу маалыматтарды ...

0 5183

Видео: Түнкү клубта көңүл ачкан кош бойлуу Байзакова элдин кыжырын кайнатты

07-ноябрь 2018, 10:58 Кызгалдак Жакыпова

Чууну сүйгөн блогер Байзакова кош бойлуу болгонуна карабай түнкү клубка барууну токтоткон жок. Интернетте жарым жылаңач сүрөттөрү менен таанылган айым, көңүл көтөрүп кайтайын деп жатып, элдин ачуусун туудурган. Бул тууралуу NUR.KZ. жазып чыккан. Интернет колдонуучулары эне болуу алдында турган Байзакованын алкоголь менен тамеки сиңген жерге барганына ызырынышты. Көпчүлүгү кош бойлуу болгонуна карабастан бул айым мурункудай жүрүшүн токтотууга ниети ...

0 851

Банкирдин жубайына таандык 400 миң фунттук зер буюмдар камакка алынды

06-ноябрь 2018, 10:23 Кызгалдак Жакыпова

Улуу Британияда сот жалпы баасы 400 миң фунтка бааланган 50гө жакын зер буюмду камакка алуу чечимин чыгарды. Алар Азербайжан эл аралык банкынын мурдагы башчысы Жахангир Гажиевдин жубайы Замира Гажиевага таандык болгон. Жахангир Гажиев – банкрот болгон «Азербайжан эл аралык банкы» ААКсы башкармалыгынын мурдагы төргасы. Баку соту аны алдамчылыкка, банктан 138 миллион доллар уурдоого жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга айыптап, 15 жылга ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 5111

Мумиянын кийимин кийип каза болгон актер

05-ноябрь 2018, 11:52 Кызгалдак Жакыпова

"Хэллоуин" майрамына арналган иш чарага катышкан актер Касым Жумагужин мумияны туурап жаткан образында каза болду. Бул тууралуу маалыматты Nomad Stunts тобунун PR-менеджери Евгения Ли тастыктаган. Шоу башталганча ал өзүн жакшы сезип баардык кийимдерди кийип, конокторго шоу башталганча өздөрүн сынап көрүшкөн. Шоу башталгандан кийин ал өзүн алсыз сезип акыбалы начарлап кеткен. Жанында иштеп жаткан шериги 3 метр бийиктиктен актерду жерге түшүргүлө деп айткан. ...

0 2707

34 жашында атактуу актер кайтыш болду

04-ноябрь 2018, 18:05 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандык атактуу каскадер Касым Жумакожо 34 жашында дүйнөдөн кайтты. Азырына актердун өлүмүнүн себеби белгисиз. Бул тууралуу маалыматты NUR.KZ. казак порталына шилтеме менен NazarNews.kg агенттиги кабарлайт. Атактуу каскадер Голливуд фильмдеринде ойногон 34 жашында дүйнөдөн кайтты. Атактуу актер Казакстандын белгилүү инсаны болгон. Ал актерлук менен гана алектенбестен спорттук гимнастика жана таэквондо менен машыккан. Маркум Касым Жумакожо "Алтын аю" ...

0 1442

Аялын өлтүргөн генералдын уулу 18 жылга соттолду

02-ноябрь 2018, 16:19 Кызгалдак Жакыпова

Душанбе шаардык соту мурдагы аялын мыкаачылык менен өлтүргөн Тажикстандын жогорку экономикалык сотунун экс-катчысы Бобожон Ширинзоданы 18 жылга эркинен ажыратты. Анын мурдагы аялы Мохира Ятимова быйыл 6-июнда өлтүрүлгөн. Ширинзода ага эки кичинекей баласынын көзүнчө 13 жолу бычак сайган. Бобожон Ширинзоданын туугандары Душанбе шаардык сотунун бул чечими менен макул эмес экендиктерин билдирип, жогорку баскычтагы сотко кайрыла тургандыктарын билдиришүүдө. Айыпталуучу акыркы сөзүндө кылмышты атайын жасабагандыгын, ...

0 634

БУУ: Сойкулук үчүн каралган жазаны жоюш керек

02-ноябрь 2018, 12:28 Кызгалдак Жакыпова

БУУнун аялдарды кемсинтүүгө каршы комитети тажик бийлигин сойкулук үчүн каралган жазаны жоюуга чакырды. Өлкөдө денесин сатып акча тапкандар айыппул төлөп же 15 суткага камалат. 31-октябрда БУУнун аялдарды басынтууга каршы комитетинин өкүлдөрү тажик делегациясынын баяндамасын угушту. Анда Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон өлкөдө сойкулук үчүн кылмыш жазасы жок экенин белгиледи. «Тажикстанда сойкулук административдик мыйзам бузуу болуп эсептелет. Бирок сутенерлер же сойкуканаларды уюштурган ...

0 403

Түркия прокуратурасы: Хашогги консулдукка кирери менен муунтулуп өлтүрүлгөн

02-ноябрь 2018, 09:21 Кызгалдак Жакыпова

Түркиянын башкы прокурору Ирфан Фидан журналист Жамал Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирери менен муунтулуп өлтүрүлүп, андан соң сөөгү жиликтенгенин 31-октябрда билдирди. Шаршембиде жарыяланган бул алгачкы расмий билдирүүдө кылмышкерлер мурунтан даярдалган план боюнча иштешкени айтылат. Ошол эле маалда башкы прокурор Фидан журналисттин сөөгү табыла элек экенин кошумчалады. Анкара Эр-Рияддан Хашоггинин сөөгү кайда экенин көрсөтүүнү талап кылып келет. Түрк бийлиги Сауд Арабиясы менен ...

0 1482

ВИДЕО: Экс-депутат Инстаграмдагы сүрөттү алуу үчүн  200$ сураган

31-октябрь 2018, 10:54 Кызгалдак Жакыпова

Сары юбка кийип, аракты буттун ортосунда кармап бата кылган кыз соц тармактарда кызуу талкуу жараткан. Эми ошол кыздын абийирин ачып, Казакстандык экс-депутат Танирберген Бердонгар аны инстаграм жылдызына айлантты деп жазат NUR.KZ. Экс-депутат акыркы убактарда коомчулукка блогер катары да таанымал. Ал өзүнүн инстаграм баракчасында "сары юбка кийген кызды алып чыгып" кызуу талкуу жүргүзгөн. Ал талкуудан көп өтпөй экс-депутатга каарманы жаза баштайт "сүрөтүмдү алып коюңуз"- деп. Депутат ал ...

0 536

Онлайн түрдө ажырашуунун саны өсүүдө

30-октябрь 2018, 12:48 Кызгалдак Жакыпова

Быйылкы жылдын эсебинен 5000ден ашуун түгөйлөр онлайн түрдө ажырашууга ниет билдиришкен. Евразия биринчи каналынын маалыматына ылайык, Казакстанда акыркы убактарда электрондук түрдө никесин буздурууну каалагандардын саны өсүүдө. Мындай кадамга ортодогу мүлккө талашы жок, бири-бири менен каршылашууну каалабаган жубайлар барышат. Онлайн ажырашууну каалагандардын саны бир жылдын ичинде 30 пайыздан ашкан. Айрыкча, Казакстандаын оңтүштүк тарабында, атап айтканда, Түркистан облусу, Шымкент, Алматы ...

0 542

Премьердин орун басары алты адамды “жазалаган” чырдан кийин кызматтан алынды

30-октябрь 2018, 08:42 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын премьер-министринин айыл жана суу чарба, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча орун басары Зойир Мирзаев кызматтан алынды. Ал кызматтан эгин талаасына суу келбей калганы үчүн Ташкент облусунун Аккурган районунда алты адамды арыкка тургузуп, "жазалаган" окуядан кийин бошотулду. Ал арада Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Аккурган районунда алты кишини суу аккан арыкка салып, "жазалаган" окуя боюнча иликтөө жүргүзө баштады. 29-октябрда жарыяланган билдирүүдө бул ...

0 865

Президенттердин башын бириктирген Түркия аэропорту

29-октябрь 2018, 20:02 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 29-октябрь Түркия мамлекетинин эгемендүүлүк күнүнүн 95 жылдыгы белгиленүүдө. Президент Режеп Тайип Эрдоган жана министрлер баш болгон өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы негизги иш-чаралар Анкара жана Стамбул шаарларында уюштурулган. Иш-чаранын жүрүшүндө президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Селжуктук жана Осмон империасынан өткөрүп алган тарыхый жолчулугун келечектеги максаттары менен улантарын белгиледи. Президент бүгүнкү майрамдын өзгөчөлүгүн белгилеп, жалпы элге куттуктоо жарыялады. Куттуктоосунда Түркияны ушул күндөргө алып келгендерге ыраазычылык ...

0 657

ИИМ аткаминери 28 жылга соттолду

29-октябрь 2018, 18:58 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандын Жогорку соту ИИМдин Маңзат сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын экс-жетекчиси Файзулло Гадоевди 28 жылга эркинен ажыратты. Жогорку соттогу өз булактар билдиришкендей, өкүм 15-октябрда чыгарылып, ИИМ чиновниги маңзат сатууга, ири өлчөмдө пара алууга жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга күнөөлүү деп табылган. Өкүмгө ылайык, мындан тышкары Файзулло Гадоевдин мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан жана «милициянын генерал-майору» наамынан ажыратылды. Гадоев Тажикстан ИИМинин Маңзат сатууга каршы күрөшүү башкармалыгын беш ...

0 1845

ВИДЕО - Казакстандын белгилүү ырчысы Ерке Есмехан "өкүрүп" ыйлады

29-октябрь 2018, 14:20 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын атактуу ырчысы Ерке Есмехан экинчи ирет эне болушу мүмкүн. Бул тууралуу казак элине таанымал нумеролог Куралай Бакыт кызынын айтканына таянып NUR.KZ. сайты жазып чыкты. Нумеролог Ерке Есмаханга өзүнө ишенимдүү экенин айткан. “Бул кишинин энергетикасы өтө күчтүү. Ерке ушул жылы сүйүүдөн жолу болот. Ал үй-бүлөө куруп, балалуу болууга ыңгайлуу”, - деп айткан Казакстандын белгилүү нумерологу. Белгилей кетсек, Казакстандын белгилүү ырчысы жакында эле, жергиликтүү ...

0 1232

Өз тоюнда апасынын бутун өпкөн журналист элди кубандырды

26-октябрь 2018, 15:15 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Актобе шаарында үйлөнүү тоюн өткөргөн журналист Камбар Мукашев өзүнүн бул кыймылы менен келген конокторду кубандырып, баары журналистке ыраазы болушкан. Ал үлпөт тоюнда апасынын ак батасын алып, бутунан өпкөн деп жазат Керек.Info сайтына шилтеме жасаган NUR.KZ. Той 3 саатка созулуп, каалоо-тилектер айтылып, ыр, бий болгон. Өзгөчө тойдун ортосунда Мукашев апасына сый көрсөтүп, бутунан өпкөнү элдин назарын бурган. “Бейиш ...

0 3071

ВИДЕО: Чырдан башы чыкпаган, кош бойлуу Айжан Байзакова турмушка чыкты

25-октябрь 2018, 18:32 Кызгалдак Жакыпова

Инстаграмдагы кылыктары менен белгилүү болгон блогер Айжан Байзакова турмушка чыкканын кабарлады. Instagram Stories жарыя кылган акыркы видеолору кызуу талкууга алынууда. Анын айтымына караганда аны кандайдыр бир мырза жолугушууга чакырган. "Биринчиден менин кош бойлуу экенимди айттым, экинчиден менин жолдошум бар экенин айтсам дагы түшүнбөгөн адамга таң калдым"- дейт актриса. Буга чейин, чыр менен жүргөн блогер боюнда бар экенин жар салып баарын таң калтырган. Эске сала ...

0 1126

Колледж кызматкерлери студент кыздарды зордуктоого шектелүүдө

25-октябрь 2018, 16:10 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Фергана облусунда Кокон шаардык жеңил өнөр жай колледжинин бир нече студентинин зордукталышы боюнча тергөө иштери башталды. Окуу жайдын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, 24-сентябрда анда окуган кыздар арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлүп, андан соң колледждин бир нече кызматкери менен окутуучусу суракка чакырылган. «Жашыруун сурамжылоо 16 жаштагы студенттин кош бойлуу экендиги тууралуу маалыматтан кийин жүргүзүлгөн. Анда бир нече студент окуу жайда кыздар зордукталган ...

0 11306

ВИДЕО: Унаасынан түшүп иш бөлмөсүнө чейин бийлеп барган депутат ректор күндүн жылдызы

25-октябрь 2018, 15:55 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандык ректор Марат Баяндин унаасынан түшүп универстеттин алдына жеткичекти бийлеп барган. Бул видеону аталган ЖОЖдун студенттеринин бири инстаграмга илип койгон.  Марат Баяндин бир гана ректорлук кызматты аркалабай өзүн ар тараптан сынап келет. Марат Баяндин учурда депутат.  Ректор креативдүү бийди Little Big тобунун "SkibidiChallenge" бий ыргагын кайталап башка кесиптештеринен өзгөчөлөнө алган. Бул чыгарманы туурап киргизгендердин арасында белгилүү актер Иван Ургант да бар. Булак: NazarNews.kg  

0 743

Окуучунун бетине залал келтирген мугалимге айыппул салынды

23-октябрь 2018, 14:51 Кызгалдак Жакыпова

Каракалпакстандын Төрткөл райондук соту окуучусунун чекесине «акмак» деп жазуу аракети маалында анын бетине залал келтирген тарых мугалими Бекмамат Нурметовду айыппул төлөөгө милдеттендирди. Окуя аталган райондогу №5 мектеп-интернатында болгон. Окуучуларынын билдиргенине караганда, тарых мугалими мындай жазаны бардык окуучуларга карата колдонуп келген. «Кичинекей эле тартип бузуу үчүн ал окуучулардын чекесине «акмак» деген сыяктуу кемсинткен сөздөрдү жазат. Сабак маалында классташым жукпаган калемсап менен партаны ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 21779

Журналист Айгерим Мусаеванын сөөгү өлүкканадан табылды

21-октябрь 2018, 20:38 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ 20-октябрда казакстандык журналист, продюсер Айгерим Мусаеванын жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат интернетке тарап кеткен эле. Бүгүн, 21-октябрда  журналистин жакындары анын денесин өлүкканадан тапкан. Бул тууралуу NUR.KZ. жазып чыкты. Журналист Мусаева үйүнөн чыгып кеткенде телефондору үйүндө калган. Мусаева үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. Тилекке каршы Мусаеваны издеген жакындарына жаман кабар өлүкканадан келип тушкөн. Азырынча журналисттин өлүмү сыр бойдон калууда. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткандыгын ...

0 1507

6-кабаттан кулаган наристени дарыгерлер аман алып калышты

21-октябрь 2018, 17:15 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Темиртоо деген аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан кулап түшүп, оор абалда жаткан бөбөктү дарыгерлер аман алып калышты. Бул тууралуу Нур кз жазып чыккан. Ата-энеси сыртка чыгып, кичинекей наристе үйдө улуу агаларынын колунда калган. Анын кантип, кайсыл убакта терезеге чыгып, ылдый кулаганын байкелери байкабай калган. Кабыргалары сынып, баш мээси чайкалган. 1 жаш, 10 айлык болгон наристе ушуга чейин комада ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83