www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 324

Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет

18-сентябрь 2018, 13:37 Перизат Кутманалиева

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 17-сентябрда журналисттерге билдирди. Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен келе турганы айтылды. Учурда визиттин так датасы аныктала элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сапардын алкагында эки тараптуу он документке кол коюлат. Владимир Путин буга чейин Кыргызстанга расмий сапар менен 2017-жылы 28-февралда келген. Булак: "centralasian.org"

0 3018

Муфтий президентке даттанган имамды эки жүздүү деп атады

17-сентябрь 2018, 09:37 Кызгалдак Жакыпова

12-сентябрдагы видеоселектордук жыйында Өзбекстандын муфтийи Усманхан Алимов мусулмандардын укугу бузулуп жатат деп президентке даттанган ташкенттик имам Фазлиддин Парпиевдин аракеттерин сынга алды. Аталган жыйын маалында жаздырып алынгандыгы айтылган аудиожазууда Усманхан Алимовдукуна окшогон үн өзбек имамдарынын арасында эки жүздүүлөр бар экенин айткан. «Эки жүздүү имам, башыңа балээ үйүп ала электе өзүңө кел. Кеч боло электе биздин катарыбыздан кет. Биздин арабызда болуп, сен имамдарды ...

0 5023

Район акими $400 миң пара алып жатып кармалды

13-сентябрь 2018, 09:18 Кызгалдак Жакыпова

Ташкенттин Юнусабад районунун акими Бахтиёр Абдусаматов ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Акчаны ал ишкерлердин бирине жер тилкесин бөлүп бергендиги үчүн сураган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, район башчысы пара катары 400 миң доллар алып жаткан маалда Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган. Мындан тышкары ири өлчөмдө пара алып жаткан учурда дагы бир нече ...

0 440

Казакстан Сирия менен Ирактагы жарандарын кайтарууга аракет кылууда

12-сентябрь 2018, 16:50 Кызгалдак Жакыпова

Казак бийлигинде Сирия менен Иракта жүргөн өлкө жарандары тууралуу маалыматтар бар жана учурда аларды мекенине кайтаруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. «Азыр Сирия менен Иракта жүргөн жарандарыбыздын же алардын балдарынын кайсыл жерлерде экенин так аныктоо иштери жүрүп жатат. Аларды мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлүүдө» — деди ал. Министрдин орун басарынын ...

0 800

Кошунасын өлтүрүүгө айыпталган мугалимдин сот иши башталды

11-сентябрь 2018, 16:05 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандын түштүгүндөгү Шахритус районунда киши өлтүрүүгө айыпталган 29 жаштагы мектеп мугалимине козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму башталды. Ал дагы бир аялга бир нече жолу бычак сайган. Мугалимдин күйөөсү Шавкат Норматов дагы айыпталууда, тергөөчүлөрдүн билдиришинче, ал да аялдарга кол салган. Маалыматтарга караганда, жаңжал төрт жыл мурун башталган – орто мектептин мугалими Дилбар Мигнорова кошунасы Насиба Хусейнованын бактарынын талдарын өзүм билемдик менен кесип ...

0 365

Тажикстанда жети жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иш сотко өттү

11-сентябрь 2018, 09:23 Перизат Кутманалиева

Тажикстандын Гиссар райондук прокуратурасы жети жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки өспүрүмгө карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү аяктады. Иш Душанбе шаардык сотунда каралат. Гиссар районунун Кончи айылында жашаган 14 жана 15 жаштагы эки өспүрүм коңшусунун жети жаштагы кызын зордуктоого айыпталып, июлдан бери камакта отурушат. Эгер алар бул кылмышка күнөөлү деп табылса, 15 жылдан 20 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн. Айыпталуучулар кыздын ата-энеси ...

0 645

Террор менен күрөштө 5 террорист жок кылынды

10-сентябрь 2018, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

Шырнактын Күпели тоолуу аймагында жүргүзүлгөн аба операциясында 5 террорист жок кылынды. Ички иштер министрлигинен берилген малыматка караганда Жандармериянын башкы командирлигинин чалгындоо бөлүктөрү Шырнактын Күпели тоолуу аймагында кышкы база куруу үчүн даярданып жаткан бир группа террористти аныктады. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. Ушул боюнча жүргүзүлгөн аба операциясында 5 террорист жок кылынгандыгын кошумчалаган трт.нет. Булак: NazarNews.kg

0 1161

Өзбекстанда күйөөсү аялын ЗАГС имаратынын алдында бычактап салды

10-сентябрь 2018, 14:51 Кызгалдак Жакыпова

Фергана облусунун Дангара районунда 26 жаштагы киши “Бакыт үйүнүн” алдында аялына бычак сайды. Укук коргоо органдарынын билдиришинче, алган жаратынан аял ооруканада көз жумду. Окуя 5-сентябрда райондук жарандык актларды каттоо имаратынын алдында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, 5-сентябрда түгөйлөр ажырашуу үчүн жарандык актларды каттоо бөлүмүнө келишкен. Ал жерден экөө уруша кетип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң качып кеткен. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин ал ...

0 1147

Орусиядагы элчилик кыргызстандык айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын иликтей баштады

10-сентябрь 2018, 14:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын иликтей баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» эчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди. Анын айтымында, окуяда бир кыргыз жаран каза болуп, дагы тогузу жабыркаган. Алардын бешөө учурда ооруканада. Абалдары боюнча маалымат азырынча айтыла элек. Элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, иликтөө-териштирүү иштерин жүргүзүүдө. - Кызматкерлер учурда ооруканада жана окуя болгон жерде ...

0 3160

Казакстанда эркек кишинин боюнда болуп калган

08-сентябрь 2018, 12:49 Кызгалдак Жакыпова

Казакстанда дарыгерлер Уст-Каменогорск шаарында жашаган эркек кишиге кош бойлуу деген күтүүсүз диагноз чыгарып беришкен. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады.  Билдирүүгө ылайык, эркек киши ичи ооруп ооруканага кайрылган. Аны дарыгер-нефролог карап "бейтап кош бойлуу болгондуктан ичи чоңоюп жатат" деп жазып берген. "Дарыгерге кайрылган эркек адам курсагында бир нерсе кыймылдап жатканын сезип жатканын билдирген", — деп айтылат маалыматта. Киши күтүүсүз диагнозду үйүнө барганда гана байкаган. Бул боюнча Чыгыш-Казакстан облусунун ...

0 4362

ВИДЕО: Молдонун интимдик видеосун интернетке чыгарган милиционерлер жазаланды

08-сентябрь 2018, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы быйыл августта интимдик видеосу социалдык түйүндөргө жайылып кеткен жергиликтүү молдо Абдухамид Атажановдон расмий кечирим сурады. Мекемеден билдиришкендей, аталган видеону интернетке чыгарган милиция кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Жылаңач молдонун жаш келин менен бөлмөдө чогуу отурган видеосу социалдык түйүндөрдө 18-августта тараган. Видеожазууда бөлмөгө күтүүсүздөн кирип келген милиция кызматкерлери камера алдында улгайган молдону суракка алып баштаганын көрүүгө болот. Молдо ...

0 515

Ата-энелер жоолукчан кыздарынын мектепке киргизилишин талап кылууда

06-сентябрь 2018, 10:21 Кызгалдак Жакыпова

Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке жоолукчан кыздар үч күндөн бери сабакка киргизилбей жатат. 5-сентябрда алар ата-энелери менен бирге окуу жайдын алдына чогулушуп, мектепке киргизүүнү талап кылышууда . 3-сентябрда Фирдаусидеги орто мектепке жоолук салынып келген кыздар сабакка киргизилген эмес. Ондой кызды полиция кызматкерлери жана мектеп жетекчилиги киргизбей жатканы тартылган видео Интернетке жарыяланган.   Түркстан облустук билим берүү башкармалыгы да жоолук салынган кыздар мектепке ...

0 277

Гүлнара Каримовага пара берген деп айыпталгандардын соту башталды

05-сентябрь 2018, 09:26 Перизат Кутманалиева

4-сентябрда Стокгольм сотунда Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага ири өлчөмдө пара берген деп айыпталып жаткан Telia (мурдагы TeliaSonera) телекоммуникациялык компаниясынын экс-жетекчилеринин иши боюнча соттук жараян башталды. Бул иште айыпталуучу катары аталган компаниянын мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюберг, мурдагы каржы директору жана вице-президенти Теро Кивисаари, ошондой эле анын мурдагы башкы кеңешчиси Ули Туима өтүүдө. Булар үчөө тең Telia (Ucell брендинин жергиликтүү ...

0 635

Тилемчилик кылгандар жоопкерчиликке тартыла баштайт

05-сентябрь 2018, 09:18 Перизат Кутманалиева

Өзбекстанда тилемчилик кылгандар жана майыптар менен кары адамдарды пайдаланып мындай «мыйзамсыз бизнес» жүргүзгөндөр жоопко тартыла баштайт. Бул тууралуу нормативдик-укуктук актылар талкуулана турган порталга жарыяланган документте жазылган. «Аэропорттордо, автобекеттерде, сейил бактарында, базарларда жана соода комплекстеринин аймактарында тилемчилик кылгандар 360 сааттык коомдук жумуш аткаруу же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат» – деп айтылат документте. Мындан тышкары тилемчилик үчүн ...

0 1687

Алп наристеге эки эненин эмчек сүтү берилүүдө

04-сентябрь 2018, 18:28 Кызгалдак Жакыпова

Быйыл июлда Куляб шаарында 8 килограмм салмакта төрөлгөн наристени эки аял эмизүүдө. Баланын атын Рустам деп коюшкан. Ата-энесинин айтымында, ал “Шахнаме” эпосундагы башкы каарманга окшош. Рустамдын чоң апасы Назира Имомназарова "неберем жарык дүйнөгө келерде төрөтканага кошумча дарыгерлерди алып келишкен, себеби анын салмагынан кооптонушкан", деп эскерет. Назира Имомназарова небереси рекорддук салмак менен төрөлсө да, бийлик өкүлдөрү куттуктап келбегенине жана жардам беришпегенине нааразы. Анын ...

0 1193

СҮРӨТ - Чет өлкөлүктөр Көчмөндөр оюну жөнүндө эмне дейт?

04-сентябрь 2018, 15:27 Кызгалдак Жакыпова

NazarNews.kg маалымат агенттиги Көчмөндөр оюндарын көрүүгө келген чет өлкөлүктөрдүн пикирин алды. Испаниядан келген Хари “Мен мындай көрүнүш болоорун элестеткен эмесмин. Мен ойлогондон башкача болуп чыкты” десе, Крис Лоло “Мен эмне айтаарымды билбей турамын. Анткени, даярдыктар өтө жакшы экен”, деди NazarNews.kg агенттигине курган учкай маегинде. - Менин атым Кетрин. Жолдошум экөөбүз Кыргызстанга атайын Көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 455

ДКО-2018: Медалдардын саны боюнча Казакстан алдыда

04-сентябрь 2018, 14:38 Кызгалдак Жакыпова

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында медалдардын эсеби боюнча Казакстан биринчи орунда. 3-сентябрдагы оюндардын жыйынтыгына караганда, Казакстан командасында 19 медал бар, анын жетөө алтын. Ал эми экинчи саптагы Кыргызстанда 18 медал бар, анын бешөө алтын. Үчүнчү орунга он эки медал менен Түркмөнстан чыкты. Андан кийин Орусия (7 медал, 3 алтын) жана Өзбекстан (12 медал, 2 алтын) турат. Бүгүн, 4-сентябрда спорт мелдештердин алкагында ат чабыш (80 чакырымга), ...

0 771

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан «Кырчын» жайлоосундагы этношаарчага барышты

03-сентябрь 2018, 20:56 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан «Кырчын» жайлоосундагы этношаарчанын ачылыш аземине катышышты. Ачылыш аземи «Улуу Ордонун» сахнасында «Көчмөндөрдүн алтын доору» аттуу театрлаштырылган оюн-зооктон башталды. «Улуу Ордонун» жасалгаланган сахнасында кыргыздардын тарыхы жана улуттук салт-санаасы жөнүндө баяндаган театрлаштырылган оюн коюлду. Оюн аяктагандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү. Ал көчмөндөрдүн мурасын жана көчмөн рухун сактап калган Кыргызстанда сыймыктуу жана кубанычтуу окуялар болуп ...

0 4101

Аферист Гуревич, Максим тууралуу маегинде өзүнүн “кыпкызыл жинди” экендигин айгинелеп койду

03-сентябрь 2018, 17:28 Кызгалдак Жакыпова

Учурунда Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болуп, Кыргызстанда бир нече экономикалык кылмыштар боюнча сыртынан соттолуп, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” радиосу менен баарлашып, “Бакиевдер 200-300 миллион долларды уурдап кеткен” деген темада маек берген. Бүгүн анын айткандары коомчулукта кызуу талкууга жаратып, бири ал айткан маалыматтарга ишенгиси келсе, экинчиси аны “эл аралык деңгээлде шылуун”, деп ага ишенүүгө болбосун айтышууда. 8 жыл ...

1 39728

СҮРӨТ - Сооронбай Жээнбековдун жубайынын жүрүм-туруму талапка жооп бердиби?

04-сентябрь 2018, 18:46 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алып так ушул таптарда чет өлкөдөн келген, ардактуу конок катары Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана Фуджейра Эмиратынын канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки катышууда. Алсак кечээ 2-сентябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга ...

0 889

Пахта терүүгө бараткан мугалимдер жол кырсыгына кабылды

03-сентябрь 2018, 12:03 Перизат Кутманалиева

31-август эртең менен Түркмөнабад шаарында мугалимдерди пахта талаасына алып бараткан автобус жеңил унаа менен сүзүштү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды. Маалыматка караганда, шаардын Битарап Түркмөнстан көчөсүндө кырсыкка учураган автобус оодарылып кеткен. Анын жыйынтыгында жүргүнчүлөрдүн көбү жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилди. Алардын айрымдары оор абалда. Газ 53 үлгүсүндөгү автобус менен шаардагы №29 мектептин 20дан ашык кызматкери бараткан. Күбөлөрдүн айтымдарында, кырсыкка эки тарапка ...

0 733

Чолпон-Ата шаарында ТТМК мамлекеттери башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи болду

03-сентябрь 2018, 11:02 Кызгалдак Жакыпова

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда бүгүн, 3 сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин (ТТМК) мамлекеттер башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи болду. «Рух Ордо"маданий борборунда делегациялар башчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Жолугушуунун расмий аземинен кийин чогуу сүрөткө түшкөн соң ТТМК өлкөлөрүнүн лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин кеңири курамдагы жыйынына багыт алышты. Саммитке Кыргыз Республикасынын ...

0 3677

Сооронбай Жээнбеков: "Себаттын" ордуна “Маариф” келет

03-сентябрь 2018, 10:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда Түркиянын “Маариф” фондунун билим берүү мекемелери ачылат. Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусунда бул маселе талкууланды. Эки лидердин 1-сентябрдагы жолугушуусунан соң Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан “Маариф” фонду менен кызматташаарын жарыялады. Бул боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Буга чейин түрк бийлиги Кыргызстандагы “Сапат” (мурунку “Себат”) билим берүү мекемелерине альтернатива катары “Маариф” фондун сунуштаган. Анткени, “Себаттын” мектептери Түркияда экстремист катары ...

0 328

Reuters: Орусия сайттарды бөгөттөө боюнча жаңы технологияларды сыноодо

01-сентябрь 2018, 11:26 Кызгалдак Жакыпова

Орусия Telegram мессенжери менен башка тыюу салынган ресурстарды эффективдүү түрдө жабуу үчүн жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Тестрлөө менен ФСБ, Роскомнадзор жана Байланыш министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия алектенүүдө. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча жаңы анализ системаларын сыноо жана трафиктерди иргөө боюнча лабораториялык сыноолор 6-августта Реутов шаарында өтөт. Буга чейин байланыш министринин орун басары Алексей Волин Telegram мессенжерин толугу менен жабуу ...

0 683

Ташкентте соңку 20 жылда "мыйзамдагы уурулар" биринчи жолу жолугушту

31-август 2018, 13:14 Перизат Кутманалиева

Ташкентте постсоветтик республикалардын “мыйзамдагы уурулары” чогулган. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына криминалдык дүйнөгө жакын эки булак, андан тышкары аларга кызмат өтөгөн айдоочу билдирген. Криминалдык авторитеттер жөнүндө маалыматтарды иликтеген москвалык талдоочу жолугушуу 20-августта болгонун айтты. “Өзбекстандын мурдагы президентинин тушунда криминалдык авторитеттердин көбү камалып, бир бөлүгү бийликтин көзөмөлүндө иштеген. Мындай жолугушуу Ташкентте жыйырма жылдан бери биринчи жолу өтүүдө”, –деди москвалык талдоочу. Булактар маалымдагандай, чогулушка 46 ...

0 725

Тажикстан элчилигинде кезекке турган аял өлүмгө дуушар болду

31-август 2018, 08:35 Перизат Кутманалиева

Ашхабаддагы Тажикстан элчилигинин алдында виза үчүн кезекке турган орто жаштагы аял эсин жоготту. “Азаттыктын” түркмөн кызматы аялды “тез жардам” унаасы алып кеткенин, бирок ал жолдо көз жумганын билдирди. «Ал баласын окууга жөнөтүү үчүн эки аптадан бери кезекте турган. Виза күтүп чарчагандыктан, катуу кыжаалат болуп, оозу-мурдунан кан кеткен», - деди күбөлөрдүн бири. Соңку күндөрү Ашхабаддагы Тажикстан элчилигинде тажик визасын алууну каалаган жүздөгөн киши ...

0 563

Жигит кызганычтан сүйгөн кызын бычактады

30-август 2018, 19:28 Перизат Кутманалиева

Паркент шаарынын жашоочусу сүйгөн кызын өлтүрүп, ал турмушка чыга турган баланы оор жарадар кылды. Кызганычтан улам кылмышка барган жигитке “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча айып тагылды. Каргашалуу окуя 25-августта Ташкент облусунун Паркент районунда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, бычак жеген кыз окуя болгон жерде көз жумган, ал турмушка чыга турган бала оор абалда ооруканага жеткирилди. Киши өлтүрүүгө шектелген жигит милиция тарабынан кармалды. Маалыматтарга караганда, айыпталуучу сүйгөн ...

0 5837

ВИДЕО: Интимдик видеосу Интернетке чыккан молдо милицияны күнөөлөдү 

30-август 2018, 10:53 Перизат Кутманалиева

Өзбекстанда интимдик байланышы тартылган видео Интернетке жайгаштырылганы үчүн  61 жаштагы молдо Абдухамид Атажанов  милиция кызматкерлерин күнөөлөдү. Ал муну жеке жашоого кийлигишүү деп эсептейт. Жылаңач молдонун жаш келин менен бөлмөдө чогуу отурган видеосу социалдык түйүндөрдө өткөн аптада тараган. Видеожазууда бөлмөгө күтүүсүздөн кирип келген милиция кызматкерлери камера алдында улгайган молдону суракка алып башташкан. Молдо болсо милицияны жеке жашоого кийлигишүүгө айыптаган. Хорезмдик молдо Абдухамид Атажанов ...

0 475

Азербайжандын ЖККУга кошулушу каралса, Армения каршы чыгат

29-август 2018, 19:37 Кызгалдак Жакыпова

Азербайжандын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирүү маселеси каралса, Армения вето укугунан пайдаланат. Бул тууралуу Еревандан Армениянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Анна Нагдалян билдиргенин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы кабарлады.  Азербайжандын ЖККУга мүчөлүгү боюнча маселени кийинки күндөрү Орусия менен Азербайжандын маалымат каражаттары, эки өлкөнүн парламент депутаттары, эксперттик жамааты талкуулоодо. Мындай талкуулар Орусия менен Азербайжандын саясий эле эмес, аскердик-техникалык кызматташтыгынын ыргагы ...

0 3868

Түрмөдө кыйноого кабылды делген киши каза болду

29-август 2018, 09:31 Перизат Кутманалиева

Алматы облусунда түрмөдө токмок жегенден кийин ооруканага түшкөн Кайрат Егимбаев кайтыш болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына маркумдун адвокаты Айгүл Баймагамбетова кабарлады. Егимбаев 26-августка караган түнү көз жумган. Бул маалыматты анын аялы Айжан Омар да тастыктады. Анын айтымында, күйөөсү Капшагай шаардык ооруканасынын жан сактоо бөлүмүндө жаткан. 27-августта Егимбаев ооруканага түшкөнү жана кыйноого кабылганы тууралуу көрсөтмө бермек. Кайрат Егимбаев ооруканага бир ай мурун жаткырылган. ...

0 519

Казакстанда бир миллиондон ашуун киши маалымат базасына кирген эмес

28-август 2018, 14:27 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын беш аймагында- Түркестан, Алматы, Чыгыш Казакстан, Жамбыл облустары жана Алматы шаарында бир миллиондон ашуун киши мамлекеттик маалымат базасына киргизилген эмес. 28-августта Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан камсыздоо министри Мадина Абылкасымова мамлекеттик маалымат базасында 2,7 миллион кишинин макамы болбогонун, учурда 1,3 миллион кишинин статусу аныкталганын айтты. Ал базада жеке идентификациялык номерлер кайталанып, айрым документтердин мөөнөтү өтүп кеткенин кошумчалады. Премьер-министр Бакытжан Сагинтаев ...

0 475

Пияздарды чиритип жиберген 11 базарком кармалды

28-август 2018, 12:05 Перизат Кутманалиева

Өзбекстан Башкы прокуратурасы билдиргендей, Ташкенттеги 11 ири базардын жетекчисине кылмыш иши козголду, алар мамлекеттик кампаларда пияздарды чиритип жиберүүгө айыпталууда. Базар жетекчилери 30-июнда эле кармалган, бирок бул тууралуу эми гана белгилүү болду. Быйыл Ташкент базарларында элге дээрлик үч тонна пияз бекер таратылган. «Тошбозорсавдо» ассоциациясынын жетекчилеринин бирини айтымында, шаардагы базар башчыларынын камалышына ушул окуя себеп болушу ыктымал. – Камалган базаркомдор мамлекеттик бюджетке 12 миллиард сум ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1937

Аялдарды Түркияга сойкулук үчүн жөнөтүп турган кылмыштуу топ кармалды

28-август 2018, 08:58 Перизат Кутманалиева

Самарканд шаарынын эл аралык аэропортунда Түркияда сойкулукка кабылышы мүмкүн болгон аялдар кармалды. Өзбекстан ИИМинин маалымат кызматы аялдарды сойкулук үчүн Түркияга жөнөтүп турган кылмыштуу топ 15-августта жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кармалганын билдирди. «Самарканд шаарыны Р.Б. аттуу жашоочусу пайда табуу үчүн Навои облусунан ишсиз, ажырашкан жана материалдык жактан жардамга муктаж үч аялды таап, аларга чет өлкөдө жумуш таап берүүнү убада кылып, Түркияга сойкулук үчүн ...

0 345

Алматыда Денис Тендин элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өттү

27-август 2018, 12:54 Перизат Кутманалиева

26-август күнү Алматыда маркум спортчу Денис Тенге арналган D10 WORLD деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Esentai Gallery залында Денис Тендин өзү тарткан жана ал катышкан спорттук иш чаралардагы сүрөттөр коюлду. Денис спортто эле эмес, башка тармактарда да өзүнүн чеберчилигин мыкты көрсөтө алган – музыка менен алектенген, сүрөт тарткан жана автордук кинодо да өзүн сынап көрүүнү пландап жүргөн. Көргөзмөдө спортчунун достору, кесиптештери ...

0 1106

Өзбек ырчысына козголгон кылмыш иши токтотулду

25-август 2018, 18:41 Кызгалдак Жакыпова

Бир кездери Өзбекстанда таанымал ырчы саналган, соңку жылдары Түркиядан башпаанек тапкан Абдулазиз Каримдин үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулду. Анын ысымы издөөгө алынган кишилердин тизмесинен да алынды. Бул тууралуу 45 жаштагы ырчы өзү билдирип, 24-августта "Фейсбук" аркылуу президент Шавкат Мирзиёевге рахмат айтты. Ал кылмыш ишинин токтотулушу мамлекет башчынын демилгеси экенин, милиция кызматкерлери Ташкенттеги бир туугандарына расмий кабар бергенин белгиледи. - Эми мен тыюу ...

0 1008

Алишер Усманов «Пахтакор» футбол клубуна 100 млн доллар бөлүп берүүгө даяр

25-август 2018, 09:52 Перизат Кутманалиева

Өзбек тектүү орусиялык ишкер Алишер Усманов Ташкенттин «Пахтакор» футболдук клубуна ири суммада акчалай жардам берет. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазды. Усмановдун өкүлдөрү ишкер Өзбекстандын күчтүү клубдарынын бири эсептелген «Пахтакорго» 100 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр экенин билдиришти. «Бирок ошол эле маалда мында клубду сатып алуу жөнүндө сөз жок», – деп түшүндүрүштү орусиялык ишкердин өкүлдөрү. Жакында эле «Өзбекстан 24» телеканалы орусиялык ишкер Алишер ...

0 472

Шавкат Мирзиёев Түркмөнстанга барат

24-август 2018, 10:58 Перизат Кутманалиева

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына барат. Саммитте климат өзгөрүп жаткан азыркы шартта Арал деңизинин бассейниндеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусуна байланышкан актуалдуу маселелер каралат. Анын жыйынтыгында Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат деп күтүлүүдө. 90-жылдары Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн ...

0 361

Орусиянын Сириядагы аба соккуларынан үч жылда сегиз миң жай тургун мерт болду

24-август 2018, 10:17 Перизат Кутманалиева

Орусиянын Сириядагы үч жылдан берки аба соккуларынан кеминде 8 миң жай тургун жана куралдуу топтордун 10 миңден ашык мүчөсү мерт болду. Бул тууралуу Би-би-си Сириядагы адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борборуна шилтеме кылып билдирди. Би-би-си күн мурун Орусиянын Коргоо министрлиги Москванын Сириядагы масштабдуу активдүүлүгү тууралуу жыйынтыктоочу маалымат таратканын, бирок анда каза болгон орус аскерлери менен жай тургундар жөнүндө эч нерсе айтылбаганына ...

0 1042

Өзбекстан телеканалдарына эфирде Каримовдун атын атоого тыюу салынды

23-август 2018, 17:14 Перизат Кутманалиева

Жума башында Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясынын курамына кирген бардык телеканалдардын редакторлоруна эфирде өлкөнү 27 жыл башкарган биринчи президент Ислам Каримовдун атын атоого тыюу салынды. “Азаттыктын” өзбек кызматы өз булактарына таянып билдиргендей, мындай буйрук президент Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик кеңешчиси Хайриддин Султанов тарабынан берилген. Өзбек телеканалдарынын биринин башкы редакторунун айтымында, эфирде Ислам Каримовдун атын таптакыр эскербөөнү талап кылышкан. Мындай тыюу бир ай мурун киргизилген. "Бул сунуш ...

0 459

20дан ашуун түгөй "бала соодалоого" айыпталууда

23-август 2018, 15:47 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстан Башкы прокуратурасы 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында киши соодалоого айыпталган 30 кишиге карата кылмыш ишин козгоду. Алардын 20дан ашууну бала сатуу жана сатып алууга күнөөлөнүүдө. Ушул эле мөөнөт аралыгында Саламаттык сактоо министрлигинин социалдык мекемелерине ата-энеси баш тарткан 51 наристе келип түшкөн. Укук коргоочулар бала асырап алуудагы оор жана узак жол-жоболор туяксыз түгөйлөрдү мыйзам бузууга түртөт деп эсептешет. Баласы жок жубайлардын көбү юридикалык процедуралардан ...

0 597

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекеттин макамын өзгөртүүгө даяр

23-август 2018, 14:19 Кызгалдак Жакыпова

Казакстан өкмөтү Кыргызстан менен чек арадагы «Сартобе» («Токмок») жана «Аухатты» («Кеңбулуң») чек ара бекеттеринин макамын эки тараптуудан көп тараптууга өзгөртүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 17-августта Астанада өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин VII жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай сунуш кыргыз тараптан айтылган. «Бул алардын өткөрүү мүмкүндүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Ошол эле маалда биз бул чечимди ишке ашыруу — чек ара ...

0 834

Гүлнара Каримовага пара берүүгө айыпталгандардын соту башталат

22-август 2018, 18:18 Перизат Кутманалиева

4-сентябрда Стокгольмдо Telia (TeliaSonera) компаниясынын мурдагы башкаруучуларына козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны башталат. Алар Өзбектандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага 350 миллион АКШ доллары өлчөмүндө пара берүүгө айыпталууда. Өзбекстан прокуратурасы, АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрү тарабынан телекоммуникациялык компаниялардан миллиондогон доллар пара алууга айыпталган Гүлнара Каримова менен анын шериктери швед сотунун отурумуна катышпайт. Соттук отурумдун алгачкы күнүндө прокурорлор айыптоочу бүтүмдү окушат, ...

0 6743

5 жаштагы зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Хувайданын атасы чындык издейт

22-август 2018, 18:03 Перизат Кутманалиева

Орусиянын Серпухов шаарында өлтүрүлгөн беш жаштагы Хувайданын атасы Абдусалом Саидов кызынын өлүмү боюнча сотко катышуу үчүн 21-августта Москвага учуп барды. Ага чейин ал Хувайданын мүрзөсүнө барып, куран окуган. «Бүгүн Курман айт майрамында кызыма куран окудум. Москвага барып Хувайданы өлтүргөн кишинин сотуна катышам. Адвокат менен Орусиянын мыйзамдарына таянып, аны өмүр бою эркинен ажыраттырууга аракет кылабыз», — деди ал «Азаттыктын» тажик кызматына берген ...

0 540

Жергиликтүү жашоочулар туристтерге кол салышты

20-август 2018, 16:44 Перизат Кутманалиева

Алматы облусунда Жунгар Алатауго экспедиция жасаган туристтерге кол салуу болду. Окуя тууралуу Kazakh Tourism улуттук компаниясы Фейсбуктагы расмий барагына жарыялады. “ Алматы облусундагы Капал айлында экспедиция мүчөлөрү дүкөнгө суу алуу үчүн барган маалда жергиликтүү жашоочулар кол салышкан. Экспедиция курамында казакстандык жана чет өлкөлүктөр болгон. Туристтерге кол салууну кыжырды кайнаткан факт деп эсептейбиз. Бул аймактын имиджине терс таасирин тийгизет жана туристтерди тартуу ...

0 1188

Сирияда балалуу тажикстандык аялдар мекенине кетүүнү күтүүдө

20-август 2018, 11:23 Перизат Кутманалиева

Сирияда 15тей аял жана бала Тажикстанга кетер күндү күтүүдө. Алар БУУнун качкындар лагерлеринде кармалышууда. 24 жаштагы Исфара шаарынын тургуну Шабнам Халимжонова бир жылдан бери Сириянын Эль-Маликия шаарындагы лагерде жашоодо. Анын жанында тажикстандык дагы бир нече аял бар. Шабнамдын айтымында, Ракка шаары бошотулгандан кийин бир эле учурда президент Башар Асад жана ИМ экстремисттик тобу менен күрөшкөн сириялык куралдуу оппозициялык топтун туткунуна кабылган. Тажикстан жараны ...

0 574

Кыргызстанда туристтик милиция түзүлөт

18-август 2018, 10:39 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда туристтик милиция түзүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Бишкектеги басма сөз жыйынында билдиришти. Министрликтин кадрлар менен иштөө башкармалыгын башчысы Замирбек Солтонгелдиевдин айтымында, туристтик милициянын кызматкерлери өлкөнүн туристтик аймактарындагы коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кызматкерлерди тандоодо чет тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. ИИМдин маалыматы боюнча, борбордук аппаратта кыскартуу болуп, андан бошогон орундарга жаңы кызматкерлерди алуу пландалууда. Туристтик милиция жыл аягына чейин түзүлөт. Булак: "centralasian.org"

0 425

Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен Ташкентке келди

17-август 2018, 16:24 Перизат Кутманалиева

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 17-августта мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди. Ташкенттин эл аралык аэропортунда тажик президентин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды. Эмомали Рахмон Мустакиллик аянтында Гуманизм жана көз карандысыздык монументине гүл койду. Өзбекстан президентинин расмий сайтынан алынган сүрөт Куксарой резиденциясында Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү өтөт. Тараптар саясий, соода-экономикалык, транспорт жана коммуникациялык, туризм, маданий-гуманитардык маселелерди талкуулап, өз ара кызыгууну жараткан аймактык жана ...

0 3940

Гүлнара Каримова Швейцария сотунда утулуп калды

16-август 2018, 16:42 Перизат Кутманалиева

31-июлда Швейцария соту Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримованын доо арызын четке какты. Бул Каримовага таандык делген 800 миллион франкты Ташкентке кайтаруу жараянындагы маанилүү чечим катары бааланууда. Каримова адвокаты Грегуара Манжа аркылуу федералдык сотко жөнөткөн доо арызында Швейцариянын прокуратурасы тарабынан 800 миллион франктын (учурда 701 АКШ доллары) 700 миллионунун конфискацияланышына каршылык билдирген. Швейцария прокуратурасынын 22-майда чыккан эки ордеринде Каримовага таандык делген 800 ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 491

Алматы соту Дамирбек Асылбек уулунун абактагы мөөнөтүн узартты

16-август 2018, 09:04 Перизат Кутманалиева

Алматы соту Кыргызстан жараны, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камактагы мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартты. Ал быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында өткөргөн атайын операция учурунда кармалган 35 кишинин арасында болгон. Алматы соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо кыргызстандык дагы эки жаранды – Уланбек Мурадилов менен Чынгыз Абакировду камакка алуу чечимин чыгарган. Казак бийлиги кармалгандардан "чек ...

0 1928

Агасы менен жеңесин балталап өлтүргөн адам камалды

15-август 2018, 14:40 Перизат Кутманалиева

Өзбекстандын Самарканд облусунун мүлк талашка байланышкан талаш-тартыш маалында агасы менен жеңесин балталап салган жашоочусу Бактиёр Шүкүров 22 жылга соттолду. Самарканд облустук сотунун 12-августта чыгарган чечимине ылайык, Шүкүров жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт жана ага карата мунапыс колдонулбайт. Быйыл 14-мартта Бахтиёр Шүкүров аны ата-энесинин үйүнөн чыгып кетүүнү талап кылган 58 жаштагы агасы менен жеңесин бычактап салган. Анын туугандары «Азаттыктын» өзбек кызматына соттун бул ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83