www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 628

Окуучусунун өлүмүнө айыпталган диний мектептин мугалими жети жылга соттолду

14-август 2018, 13:50 Перизат Кутманалиева

Өзбекстандын Сырдарья облустук соту жашыруун иштеген диний мектептин окутуучусу Шерали Ибодовду жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал былтыр мектептен алган жараатынан улам ооруканада каза болгон 6 жаштагы окуучусун сабаган деп айыпталууда. Соттон билдиришкендей, соттолуучу Шерали Ибодов жашыруун түрдө «Тарикат» диний агымына таандык кичи медресе ачып, анда билим алган балдарды дайыма сабап келген. "Өткөн айдагы сот отурумунун жүрүшүндө 6 жаштагы окуучу Ибодовдун ...

0 2717

Тогузунчу кабаттан башына бетон түшкөн аял каза болду

14-август 2018, 09:10 Перизат Кутманалиева

10-августта Ташкентте турак-жайдын тогузунчу кабатынан башына бетон түшкөн 55 жаштагы Дильбар Юнусова ооруканада эсине келбей көз жумду. Ал комада беш күн жаткан. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына маркумдун туугандары билдирди. – Ага операция жасап, тамагына түтүк коюшкан. Операция оор деле болгон эмес, бирок анын организми көтөрө алган жок. Ал жума күнү саат 8де көз жумду, – деди Дильбар Юнусованын туугандарынын бири. Дильбар ...

0 3500

Кыз жигит поездге боюн таштады

13-август 2018, 15:17 Перизат Кутманалиева

Сурхандарья облусунда 17 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигит поезддин алдына боюн ташташты. Маркумдардын туугандарынын айтымында, кыздын үй-бүлөсү алардын баш кошуусуна каршы болгон. Сурхандарья облусунун темир жол милициясы бул окуяны тастыктады. 10-августка караган түнү Кумкишлак айылында жашаган кыз менен жигит Термез – Кумкурган – Ташкент багыты боюнча бараткан поезддин алдына боюн таштап, мерт болушкан. “Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, прокуратура бул факт боюнча ...

0 860

Журналист эркектердин көчөдөгү адепсиздиги үчүн соттошууда

11-август 2018, 09:02 Перизат Кутманалиева

Душанбе шаарынын жашоочусу жаш жигиттердин асылуусуна жана адепсиз аракеттерине даттанып, 7-августта ички иштер министрине арыз жазды. “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Афсона Акобиршоеванын арызы ошол эле күнү Исмоили Сомони райондук сотуна жөнөтүлдү. Авсонанын айтымында, 6-август күнү жумушка келе жатканда ага курулуш объектисинде иштеп жаткан жумушчулар тийишип, адепсиз сөздөрдү сүйлөшкөн.«Мен сумкамдан телефонду алып, бул жапайы көрүнүштү тартайын деп жатканда алар тарап кетишти. Бирок ...

0 1710

Өзбекстандын 4 жараны жердешин зордуктап, мейманканадан ыргытып жиберишкен

10-август 2018, 17:56 Перизат Кутманалиева

Санкт-Петербургдун Невск районунда жайгашкан мейманканада бир нече киши 22 жаштагы кызды зордуктап, андан соң терезеден ыргытып жиберишкен. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты. Маалым болгондой, бул факты боюнча Төргөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 3 беренеси — зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасоо жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча кылмыш ишин козгоду. Төргөө комитетинин божомолуна караганда, 4-августта 19-25 жаштардагы Өзбекстандын мас абалдагы ...

0 960

Жоолук салынган окуучулардын ата-энелери айыппулга жыгылды

10-август 2018, 11:28 Перизат Кутманалиева

Шымкент шаарында мектепке диний кийимчен барган 22 окуучунун ата-энеси айыппулга жыгылды. Калаанын Билим берүү департаментинен билдиргендей, жалпысынан быйыл мектепке 148 кыз жоолукчан келген. Маалыматтарга караганда, “билим берүү, дене тарбия жана спорт тармагында административдик кодекстин тартиптерин бузууга” байланыштуу 22 ата-энеге айыппул салынган, дагы жетөөнө эскертүү берилген. 29 үй-бүлөнүн төртөө мектепте кыздарынын жоолугун чечүүгө макулдук берген. 148 кыздын 89унун ата-энеси мектеп талаптарына көнүүдөн ...

0 466

ЕККУга мүчө 11 өлкө орус-грузин согушу боюнча билдирүү таратты

08-август 2018, 14:58 Перизат Кутманалиева

"Орусиялык аскерлер Грузияга кол салганына он жыл өтсө да, биз грузин аймактарын басып алуу уланып жатканына кабатырбыз. Биз жаңжалды БУУнун Хартиясы, Хельсинки макулдашуусу жана эл аралык укуктардын фундаменталдык нормалары менен принциптерине ылайык, тынчтык жол менен чечилиши зарыл деп эсептейбиз ", - деп айтылат билдирүүдө. Билдирүүгө кол койгон өлкөлөр Грузияда ЕККУнун байкоочу миссиясын түзүү керектигин айтышты. АКШнын Мамлекеттик департаменти дагы Грузиянын аймактык бүтүндүгүн ...

0 420

Илон Маск Tesla компаниясын сатып алууну пландоодо

08-август 2018, 08:53 Кызгалдак Жакыпова

Илон Маск Tesla компаниясын ар бир акциясын 420 доллардан сатып алып, аны көпчүлүктөн жеке менчикке өткөрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал Twitter аркылуу билдирди. "Каржылоо бар ", деп жазды Маск. Масктын билдирүүсү Tesla компаниясынын акцияларынын 6,5%, жогорулоосуна алып келип, бир акциясы 363 доллардан ашты. Илон Маск Tesla компаниясынын 22 пайыз акциясына ээ. 7-августта Сауд Арабияда мураскор ханзадда Мухаммед бин Салман көзөмөл кылган суверендүү ...

0 1288

Тажикстанда он кишиге ВИЧ жуктурган сойку бир жылга соттолду

07-август 2018, 14:14 Перизат Кутманалиева

Тажикстандын Шаартуз райондук соту он кишиге ВИЧ-инфекциясын жуктурган сойкуну бир жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Аты-жөнү айтылбай жаткан аял өзүнүн бир нече кардарына атайылап ооруу жуктурган деп айыпталып жаткан. 7-августтагы отурумда прокурор айыпталуучуну эки жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Бирок сот аялдын кылганына өкүнүп, мындан ары сойкулук менен алектенбей тургандыгы жөнүндөгү айткандарын жана үй-бүлөсүнүн экономикалык абалы оор экенин эске алып, ага карата жазаны ...

0 4019

Милиция башкармалыгынын жетекчисин иш бөлмөсүндө өлтүргөн киши өз жанын кыйды

07-август 2018, 13:15 Перизат Кутманалиева

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамовду өлтүргөн киши өз жанын кыйды. Бул тууралуу ИИМдеги өз булактар жана Акрамовдун туугандары билдирди. Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамов 4-августта иш бөлмөсүндө өлтүрүлгөн. Дилшод Акрамовду өлтүрүүгө шектелген киши атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Маалыматтарга караганда, тартип ...

0 1478

Мигрантка ок аткан Москванын тургуну 10 жыл 3 айга соттолду

07-август 2018, 08:21 Перизат Кутманалиева

4-августта Москванын Черемушкин райондук соту метро вагонунда тажик мигрантына ок чыгарган 61 жаштагы Сергей Царёвду 10 жыл 3 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Сот чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрүшү керек. Эки жыл мурда Царёв мас абалында метродо бараткан тажикстандык мигрант Сулаймон Саидов менен жээнинин вагондон чыгып кетишин талап кылып, жаңжал чыгарган. «Жарандык көмөк» («Гражданское содействие») комитетинин маалыматына караганда, ...

0 1574

БУУ: "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысынын өлүмү үчүн түркмөн бийлиги жоопкер

06-август 2018, 09:22 Перизат Кутманалиева

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети журналист жана активист Огулсапар Мурадованын өлүмү үчүн түркмөн бийлигин жоопкер деп тапты. Мурадова 2006-жылы июлда камалып, белгисиз себептерден улам абакта каза болгон. 2006-жылы 14-сентябрда коопсуздук кызматкерлери Мурадованын сөөгүн таануу үчүн туугандарын моргго алып барышкан. Жарандык активисттин балдары апасынын башында чоң жаракат бар экенин билдиришип, көз карандысыз дарыгер талап кылышкан. Бирок морг кызматкерлери буга көнгөн эмес. 58 жаштагы ...

0 852

Красноярскиде тик учак кулап, 18 киши каза тапты

04-август 2018, 19:02 Перизат Кутманалиева

4-августта Орусиянын Красноярск аймагында тик учак кулап, 18 киши набыт кетти деп билдирет Азаттык. Алардын үчөө экипаждын мүчөлөрү болчу. Тик учак Игарка шаарынан 180 чакырым алыстыкта кулаган. Кулаган Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак жүргүнчүлөрдү салып алып, көтөрүлүп баратканда анын жанында учуп бараткан башка тик учактын жүгү менен кагылышкан. Кулаган тик учак Utair компаниясына таандык. Ал "PH-Ванкор" компаниясынын мунай өндүрүүчүлөрүн жана башка ишкерлерди ташып ...

0 531

Окуучуларды сабоого айыпталган директор камакта калтырылды

Өзбекстанда сот Самараканддагы №64 жатак мектептин мурдагы директору Шухрат Садиновдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу боюнча чечим чыгарды. Ал балдарды сабоого, физикалык жана психологиялык басым көрсөтүүгө айыпталууда. 24-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы №64 жатак мектептин тарбиялануучулары зордук-зомбулук көрүп, оор жумуштарды жасап келгенин кабарлаган. Жатак мектептеги кыйноолор тууралуу балдардын биринин апасы Мухаббат Мирзаева журналисттерге айтып берген. Андан соң Башкы прокуратура жана элдик билим ...

0 1302

Каналда табылган адамдын дене бөлүктөрү боюнча иликтөө жүрүүдө

Июль айынын башында Кашкадарыя облусундагы каналдардын биринде эки кишинин денесинен ажыратылган үч бут табылган. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына 23-июлда укук коргоо органдарындагы өз булактары билдирди. Маалыматты тастыктоо иретинде жөнөтүлгөн маалымкатта “Эски анхор” каналында табылган дене бөлүктөрү өлүмдүн себебин аныктоо үчүн Соттук-медициналык экспертиза бюросуна жиберилгени жазылган. Соттук-медициналык экспертиза бюросунун башчысы Зебо Рузиева табылган буттар кимге таандык экени аныктала электигин билдирди. Чиракчин районук ички ...

0 3557

Казакстанда эки адам жегич боштондукка чыкты

Актөбөнүн мүрзөсүндө каннибализм боюнча 19 жыл абакта отурган адам иштейт. Ал жакында эле жашоодон мукураган адамдарды коомго кайра аралаштыруу Борборунан бошоп чыккан. Мекеме башында БОМЖдар үчүн ачылган болчу. 2013-жылдан бери ал жерде кылмышкерлер да жашай баштаган. Алардын ичинде каннибализм үчүн 19 жыл камалып чыккан эки адам да туш келет. Эркиндикке чыкканда алар таптакыр жалгыз калышкан. Туугандары аладын баш тартышкан, бара турган ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 930

Мигрант терроризмге айыпталып, аэропортто эки күн сурак берди

Ашхабад аэропортунда коопсуздук кызматкерлери түркмөн мигрантынын телефонун текшеришип, намаз окуп жаткан маалда тартылган сүрөттөрүн көрүп, терроризмге айыпташкан. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматына кайрылган жаран билдирген. "10-июлда мен Түркмөнстанга учтум. Аэропортто телефонумду текшеришип, кайдан келгенимди сурашты. Мен Түркияда иштеп жүргөнүмдү айттым. Намазга жыгыларымды билишкен соң, телефонумду тартып алышып, текшерип башташты", -деди түркмөн мигранты. Анын айтымында, телефонунда мечиттин жана өзүнүн ал жерде сыйынып жаткан ...

0 3082

Окуучу кыз төрөп, эс алуудагы мугалимдер жумушка чакырылды

Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак районунда 7-класстын окуучусу төрөгөндүгү тууралуу маалыматтан кийин райондук билим берүү башкармалыгы эс алуудагы мугалимдерди мөөнөтүнөн мурда жумушка чакырды. Мекеменин жетекчиси Шохиста Тургунова окуучу кыз төрөгөндүгүн четке кагып, бирок айрым мугалимдер жумушка чакырылганын ырастады. «Ал кыз төрөгөн жок. Болгону гинекологиялык текшерүү маалында өз жанын кыя тургандыгын айткан. Бул сөздөр ушундан улам чыкты. Биз анын үйүнө барып, маселени жөнгө салып ...

0 342

Евробиримдик Google корпорациясына 5 миллиард доллар айып салды

Еврокомиссия Google корпорациясына шаркеттин антимонополиялык мыйзамдарын бузганы үчүн беш миллиард доллар айып салды. Еврокомиссия корпорация Android системасы менен иштеген смартфондорго Chrome сыяктуу интернеттеги программаларды жүктөөгө милдеттендирген деген бүтүмгө келген. Комиссия Google корпорациясынын мындай аракети Chrome менен иштеген башка мобилдик браузерлерди чектеп, жаңы системалардын пайда болушуна тоскоол болгон деп санайт. Google бул тажрыйбаны 90 күн ичинде токтотушу керек, болбосо компанияга кошумча айып салынат. Google Еврокомиссиянын ...

0 2513

4 жашар баланы сүзүп, бадалдын түбүнө таштап кеткен айдоочу изделүүдө

Алматы шаарынын жашоочулары полиция менен бирге 4 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп кетип, үстүн жаап, бадалдын түбүнө таштап кеткен айдоочуну издөөдө. Оорудан онтоп, башы канга боёлгон баланы ошол жерден өтүп бараткан аял кокустан таап алган. Баланы таап алган аял аны видеого тартып, туугандарын издөөгө аракет жасаган. Бул окуя интернет колдонуучуларынын үшүн алды. Окуя 16-июлда Алматынын Чыгыш айланма автожолунун тегерегинде болгон. Жабыр тарткан ...

0 1230

Кыйноолорго даттангандар көбөйдү

Тажикстанда милициянын эки кызматкери менен Улуттук коопсуздук кызматынын офицери кыйноо көрсөтүү айыбы менен узак мөөнөттөргө кесилишти. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Шариф Курбонзода билдирди. Анын айтымында, акыркы айларда өлкөдө жарандар милиция кызматкерлеринин кыйноолоруна даттанган учурлар көбөйдү. «Быйыл жылдын биринчи жарымында Башкы прокуратурага кыйноолорго даттанган 37 арыз келип түштү. Былтыр болсо жарым жылда 9 гана даттануу болгон», — деди Шариф ...

0 6925

Милиция тарабынан сойкуканада тартылган видео талаш жаратты

Өзбекстандын Анжиян облусунда жеке үйдөгү рейд маалында тартылып, кийин интернетке жайылып кеткен видеотасманын негизинде сойкукана уюштуруу беренеси менен кылмыш иши козголду. Анжиян облусундагы Алтынкөл райондук милициясынын кызматкери ал үйдө сойкукана уюштургандарды жана анын кардарларын видеого тартып, аны интернетке жарыялаган. 13-июлда Алтынкөл райондук соту үй ээсин сойкукана уюштурууга жана сойкулук менен алектенүүгө күнөөлүү деп таап, бир айлык төмөнкү маяна өлчөмүндө айып пул салган. Бирок ...

0 3748

Кызынын «кыздык белгиси» жок экенин билген ата- энеси өз жандарын кыйышты

Тажикстандын Канибадам шаарында жубайлардын өз жанын кыюусу иликтенүүдө. Алар кызынын тоюна бир ай калганда өмүрлөрүнө кол салышканы айтылууда. Жергиликтүү прокурадагы өз булактар билдиришкендей, Пулодон айылынын тургуну Муроджон Ганиев 14-июлга оогон түнү өз үйүндө асынып алган. «14-июль эртең менен болсо анын жубайы Шоирахон Ганиева менен 19 жаштагы кызы сууга боюн таштоо максатында такси менен Фергана каналына барышкан. Жакын жерде турган такси айдоочусу ...

0 1051

6 жаштагы кыздын үстүнө тарбиячысы бир мискей толо ысык шорпону төгүп алды

Өзбекстанда бала бакча тарбиячысы алты жаштагы кыздын үстүнө ысык шорпону төгүп алганын Спутник Өзбекстан жазып чыкты. Билим берүү министирлигинин маалыматы боюнча, түшкү тамактануунун алдында бир мискей толо ысык шорпону көтөрүп келе жаткан тарбиячы байкабастан алты жаштагы кыздын үстүнө төгүп алган. Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп, тарбиячы жумуштан алынган. Булак: NazarNews.kg

0 359

Бүркүт кол салган кыздын абалы жакшы

Тоң районунда өтүп жаткан «Тескей жээк» этнофестивалы учурунда бүркүт кол салган сегиз жаштагы кыздын абалы дурус. Бул тууралуу окуяга күбө болгон режиссер Эрнист Абдыжапаров «Азаттыкка» билдирди. Ал кызды ооруканага алып барып, дарыгерлер жаракатын тигип, үйүнө жибергенин айтты: - Бул жерден эч кимди күнөөлөп болбойт. Парад учурунда бүркүтчүлөр куштарды агытып жатканда кыз тыюу салынган жерден капилет чыга калды. Бүркүт ага жаныбарларды тыткандай катуу ...

0 919

Мурдагы облус башчы камалды

Өзбекстанда Самарканд облусунун мурдагы башчысы Туроб Жураев менен анын капиталдык курулуш жана коммуналдык чарба боюнча орун басары Уткир Абдуллаев камалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, Туроб Жураев менен Уткир Абдуллаев ЮНЕСКОнун коргоосундагы аймакка көп кабаттуу үй тургузган курулуш компаниясынан пара алган деген шек менен 10-июлда камакка алынган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Жураевге каршы кылмыш иши козголгонун ...

0 611

Мугалимине бычак менен кол салган аспирант камакка алынды

Казакстандык дипломаттар мугалимге кол салуу иши боюнча камакка алынган Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык институтунун аспиранты, казак жараны Жаслан Кудайбергенов менен жолугуп чыгышты. Казакстан Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров кармалган жаранга атайылап ден соолукка зыян келтирүү айыбы тагылганын билдирди. Анын айтымында, Кудайбергенов кеминде 30-августка чейин камакта болот. Учурда ал Москвадагы убактылуу кармоочу жайда кармалууда. «Адвокат менен байланыш түзүлдү. ...

0 449

Түрк элчиси: «Себатка» альтернатива катары башка лицей сунуш кылабыз

Түркия «Сапат» билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда башка окуу мектептерин киргизүүнү каалайт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат «Азаттык» менен болгон эксклюзивдүү маегинде билдирди. Элчи бул боюнча кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизилгенин белгиледи: - «Себат» же азыр «Сапат» деп аталган мектептер боюнча талаптарыбызды кыргыз тарапка бердик. Бул боюнча кыргыз тарап кандай чечим кабыл аларын учурда күтүп жатабыз. Ошол эле ...

0 913

Министрдин уулу тарабынан милиционердин сабалышы иликтенет

Тажикстан Ички иштер министрлиги Душанбедеги милиция кызматкеринин сабалышын иликтейт. Бул тууралуу 10-июлда укук коргоо мекемесинин басма сөз катчысы Умарджони Эмомали билдирди. Маалыматтарга караганда, жекшемби күнү 33 жаштагы ИИМ кызматкери Дилшод Нарзуллозода Тажикстандын мурдагы энергетика жана өнөр жай министринин уулу тарабынан токмоктолгон. Улуттук медициналык борбордон кабарлашкандай, Дилшод Нарзуллозоданы мурду сынган, башынан оор сокку жеген. Буга байланыштуу ал ооруканага жаткырылган. Жабыр тарткан милиция кызматкери ...

0 342

Өзбекстанда бизнес-омбудсменге тергөө абактарына кирүүгө уруксат берилди

Өзбекстанда бизнес-омбудсменге тергөө абактарына кирүү жана айыпталуучулар менен соттолгондордон кайрылууларды кабыл алуу укугу берилди. Тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазаларды аткаруу мекемелеринин жана ИИМдин тергөө абактарынын ички тартиби жөнүндөгү эрежелерине киргизилди. Ошол эле маалда тергөө абагынын администратору акыйкатчынын коопсуздугун камсыздоого тийиш. Бизнес-омбудсмен менен парламенттин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктары дээрлик теңелди. Бирок акыйкатчыга түрмөлөргө кирүүгө уруксат берилген жок. Ошол эле маалда ИИМдин тергөө ...

0 298

Трамп НАТО боюнча өнөктөштөрүн төлөмдөрдү кечиктирүүгө айыптады

11-июль 2018, 08:45 Кызгалдак Жакыпова

АКШ президенти Дональд Трамп НАТО боюнча өнөктөштөрүн коргонуу үчүн өтө аз гана төлөбөстөн, Түндүк Атлантикалык биримдиктин мүчөлүк акысын берүүнү дагы кечеңдетүүдө деп айыптады. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы 10-июлда Твиттерге жазды. Анын айтымында, АКШдан “коргоо” күткөн “НАТОнун көптөгөн өлкөлөрү” эки пайыздык эрежени аткармак тургай, төлөмдөрдү берүүнү дагы кечеңдетишүүдө. Ал өнөктөштөрүн биримдик бюджетинин кем жерин толтурууга чакырды. Түндүк Атлантикалык Альянстын саммити 11-12-июлда Брюсселде ...

0 580

Иранда бийлеген видеосун «Инстаграмга» жарыялаган кыз кармалды

Иранда бийлеген видеосун өзүнүн «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялаган кыз кармалды. Социалдык түйүндө анын 40 миңге жакын жазылуучусу болгон. Жакында мамлекеттик телеканалда (18 же 19 жаштагы) Майде Хожабри аттуу кыз өлкөдөгү моралдык эрежелерди бузганын моюнга алып, башкаларды анын кылыгын кайталабоого чакырганы тартылган видео көрсөтүлдү. Видеодо анын жүзү жашырылган, бирок ушундай эле айып менен кармалган башка бир нечесинин бети ачык көрсөтүлгөн. Буга чейин мамлекеттик телеканалдарда ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 463

Орусия: Тулада «кыргыз айылын» курууга тыюу салынууда

Орусиянын Тула облусунун Заокский районундагы Клищино айылында Кыргызстандан барган 427 түтүн эл жер үлүштөрүнөн ажыраганы турат. Заокский районунун депутаттар кеңеши июлдун башында 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаган. – Төрт жүздөй кыргызстандык – жарымы Орусиянын жарандары, калганы кыргыз жарандары – ушул жакта жер үлүшүн сатып алып, каттоого туруп, кырктай үй салып коюшкан. Эми күтүүсүздөн ...

0 644

Велосипед үчүн айдоочулук күбөлүк талап кылынууда

Түркмөнстандын түндүгүндөгү шаарларда, район борборлорунда велосипед үчүн техникалык паспорт, транспорттун номуру жана айдоочулук күбөлүк талап кылынууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, документи жокторго 800дөн 2000 манатка чейин (расмий курс боюнча 300 доллар) айыппул салынууда. Учурда аймакта велосипед үчүн айдоочулук күбөлүктүн баасы 1500-2000 манат турат. Ошол эле маалда Ашхабаддын өзүндө велосипед тебүү үчүн документтер талап кылынган жок. Түркмөнстанда велоспортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулат. Быйыл өлкөдө Велосипед ...

0 1125

Москвада тажик мигранты полициядан кишенчен качып кетти

09-июль 2018, 09:48 Кызгалдак Жакыпова

“Азаттыктын” тажик кызматынын окурмандары Москвада эки полициячынын келтек менен тажик мигрантын урганы түшүрүлгөн видео жөнөтүшкөн. Мигрант кашылык көрсөткөн эмес, тартип сакчылары аны жерге жаткырып, колуна кишен салууга аракет жасашкан. Полиция унаасынын жанында колу кишенделген дагы бир мигрант турган. Окуяга күбө болгон башка мигранттар бул учурду видего тартып алышкан. Алар колу кишенделүү мекендешине эгер документтери жайында болсо, качып кетүүгө кеңеш беришкен. Көпчүлүктүн сөзүнө ...

0 580

Тажикстан банктары кардарларды эстрада жылдыздары аркылуу тартышууда

06-июль 2018, 14:38 Айдар Нуралиев

Тажикстанда «Арванд» деп аталган микрокредиттик уюм белгилүү аткаруучу Жонибек Муродовду бир күн каржы кеңешчи болуп иштеп берүүгө чакырды. «Бул күнү силер белгилүү аткаруучу менен сүрөткө түшүп, ошол эле маалда депозитик эсеп ачып, насыя алып же акча которуу кызматтарын пайдалана аласыңар», — деп жазылган уюмдун социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында. Лингвисттик кесипке окуган Жонибек Муродов өзүн биринчи жолу банк тармагында сынап көрүү үчүн атайын Украинадан ...

0 731

Орус миллиардеринин компаниясы АКШнын сотуна кайрылды

26-июнь 2018, 16:00 Айдар Нуралиев

Орусиялык ишкер, президент Владимир Путиндин досу саналган Евгений Пригожиндин "Конкорд менеджмент жана консалтинг" компаниясы Вашингтондогу соттон ишканага тагылган айыпты алып салууну суранды. Атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык бул ишкананы АКШдагы президенттик шайлоого "кийлигишүү үчүн пропаганданы каржылаган" деп айыптаган. Бул тууралуу Азаттык жарыялады. Адвокаттар Мюллердин дайындалышын мыйзамсыз деп, "Конкорд менеджмент жана консалтинг" компаниясын кандайдыр бир "кутумга" катышкан деп айыптоого тиешелүү укугу жоктугун ...

0 472

Түркияда өзбекстандык саясий туткун Мухаммад Бекжандын китеби чыкты

26-июнь 2018, 14:53 Айдар Нуралиев

Стамбулдагы Йитик шифо (Yitik Shifa) басмаканасы өзбек журналисти, мурдагы саясий туткун Мухаммад Бекжандын «Қўрқувнинг нариёғида» («Коркуунун нары жагында») деген китебин басып чыгарды. Азырынча китеп 10000 нускада өзбек тилинде чыкты. Мухаммад Бекжандын айтымында, китеп орус тилинде жакынкы убактарда басылып чыгат. Ал Өзбекстан түрмөлөрүндө 18 жыл отуруп чыккан Музаммад Бекжандын эскерүүлөрүнүн негизинде жазылган. Мухаммад Бекжан – оппозициялык «Эрк» гезитинин мурдагы редактору жана маркум президент ...

0 915

Эрдоган президенттик жана парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенин билдирди

Түркия президенти Режеп Эрдоган бейрасмий жыйынтыктар боюнча биринчи айлампада эле жеңишке жетишкенин жана ал жетектеген “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы парламенттик көпчүлүккө ээ болгонун билдирди. “Калк мага президенттик жана аткаруу бийлиги үчүн жоопкерчиликти ишенип берди”, -деди 64 жаштагы Эрдоган. Түркиянын мамлекеттик ММКлары билдиргендей, добуштардын 94% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча президент Режеп Тайип Эрдоган 52,86% менен алдыда. Анын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык - элдик ...

0 554

Түркмөнстанда кайрадан кумшекер тартыш болууда

Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы уланууда. Учурда Ашхабадда кумшекер кайрадан кымбаттап, аны айрым мамлекеттик дүкөндөрдөн сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Сатуучулар шекер баасы мындан ары да кымбаттай турганын билдиришүүдө. “Мамлекеттик дүкөндөрдө шекердин килосун 7 манат (2 доллар) турат. Айрым соода түйүндөрүнүн текчесинен табуу мүмкүн эмес. Жеке дүкөндөрдө аны 9-10 манаттан сатып, сатуучулар шекердин баасы жакында 15 манатка чыгарын эскертишүүдө”, - деп билдирди “Азаттыктын” ...

0 401

Ооганстанда жанкечти чабуулунан алты киши набыт болду

28-апрель 2018, 16:54 Айдар Нуралиев

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында 28-апрелде жанкечти өзүн жардырып, төрт тургун жана эки аскер каза болду. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Беш киши жараат алганын провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Омар Зуак билдирди. Азырынча бул жарылуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Ооганстанга коңшу Пакистанда да куралчан адам төрт кишини атып өлтүргөнү маалым болду. 27-апрелдин түнүндө Түштүк Вазиристан аймагында үч турист жана аларды машинесине ...

0 635

Тажикстан Түркиядан «Группа 24» кыймылынын жетекчисин өткөрүп берүүнү өтүндү

10-апрель 2018, 15:30 Айдар Нуралиев

Тажикстан Түркиядан өлкөдө тыюу салынган «Группа 24» кыймылынын эки активисти Сухроб Зараф менен Насим Шариповду экстрадициялоону өтүндү. Эки оппозициячы тең 19-мартта түрк полициясы тарабынан Стамбулда кармалган. 10-апрелде Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали «Группа 24түн» активисттерин өткөрүп алуу боюнча түрк бийлиги менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. Анын айтымында, кыймылдын башчысы Сухроб Зафар (Тураев) менен активист Насим Шарипов издөөдө жүрүшкөн, ...

0 1055

Арсен Алагузов атасынын үйүндөгү бардык жашоочуларды чыгаруу боюнча сотко кайрылды

19-март 2018, 12:02 Жазгүл Урманбетова

Турсенгали Алагузовдун уулу Арсен Алагузов атасы жашап жаткан үйдөн барын чыгарып салуу боюнча Бостандык районунун сотуна берген. Ал эми сот бул иш боюнча граждандык иш ачып, андан ары иш Казакстан Республикасынын Жогорку Соттун базасында уланмакчы. Арсен атасын жана анын үйүндөгү жашоочуларды эмне себептен кууп чыгып жаткандыгы аныктала элек. Бирок, Турсенгалинин өз балдары менен болгон мамиле сууй баштагандыгы коомчулукка ачыкталган. Анткени анын кызы да андан баш тартып атын жана фамилиясын да ...

0 787

Бишкекте 110 метрлик чучук жасалат

11-мартта Бишкекте 110 метрлик чучук жасалат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева билдирди. Анын айтымында, алгач 100 метр чучук жасоо пландалып, бирок буга чейин казак ашпозчулары андай узундуктагы чучук менен Гиннестин рекорддор китебине киргендиктен, аны дагы 10 метрге узартуу чечими кабыл алынган. «Бирок негизги көңүл бешбармакка бурулат. Азыр даярдык көрүп жатабыз – 8 жылкы союлат. Акцияга 40 ашпозчу катышат», - ...

0 9740

17 жаштагы кыз менин кафеге кеткен убактымды алып жатат деп 9 айлык баласын 7 күн ит менен жалгыз таштап кетип калган

Ростов шаарынын тургуну 17 жаштагы Виктория достору менен көңүл ачып келүү үчүн өзүнүн 9 айлык баласын үйдөгү ит менен кошуп жалгыз таштап кеткен. Виктроиянын күйөөсү армияда болгондуктан Виктория төрөгөндө эле баласын балдар үйүнө калтырып кеткен. Бирок кийин жолдошунун сунуншу менен кайра өзүнө алган. Виктория күлкү менен шаң коштогон жерлерден калбай баласын жалгыз таштап кетип калган күндөрү көп болгон. Ошондой күндөрдүн биринде ...

0 2275

Путиндин жүрөгүн багындырган сырдуу айым

Путиндин бизнесмен аял менен бирге кучакташып түшкөн сүрөтү талкуу жаратууда. Журналисттердин тактап жазып чыккандарына таянсак, Путинди Лариса Сергухина аттуу бизнесмен аял менен бир эмес, бир нече ирет көргөндөр да бар. Аялдын өзүнүн "Еврохимсервис" деген ишканасы бар. Путин менен сүрөттө кучакташып түшкөн сырдуу айым жөнүндө мындан башка маалыматтар жок. Эске сала кетсек, Орусиянын президенти В. Путин аялы менен ажырашкан соң анын жүрөгүн багындырган бийкечтер тууралуу ...

0 2622

19 жаштагы бала 42 жаштагы аялды "домкрат" менен зордуктап өлтүрүп койду

Укук коргоочулар акылга сыйбас кылмыштын жүзүн ачууга жан далбас уруп жүргөн кези. Саратовдо 30 - январь күнү 19 жаштагы жаш бала 42 жаштагы аялга кол салган. Аял көрүстөндөн кайтып келе жатканда 19 жаштагы бала аны жеткирип коём деп токтоп өз жардамын сунуштап калат. Эч нерседен капары жок аял макул болуп баланын унаасына олтурганда эле багыты өзгөрүп кетет. Бала акылга сыйбас ишке барып, ...

0 2464

15 жаштагы кызды 11 күн катарынан 3 аңги зордуктаган

Февраль айынын аяктарында Алматыда 15 жаштагы кыз жоголгону тууралуу казак ММКлары жазып чыгышкан. Учурда ал кыздын кайда жүргөнү белгилүү болду. Кыз 23 - февралда чала тааныш жигитке жолукканы чыгып кеткен. Жолугушууга барган кызды жигит дароо эле белгисиз тарапка алып жөнөгөн жана белгисиз батирлердин бирине алып келип алып 11 күн катарынан 2 дос баласы менен зордуктаган. Андан сырткары кызды кордоп денесине ар кандай ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1167

Мугалим иш үстүндө жан берди...

7- мартта Актау шаарынын №8 мектебинде иш учурунда мугалим каза болуп калды. Ыкчам келген тез жардамда аны куткарып кала алган эмес. Окуучулардын жана мугалимдердин айтуусунда маркум өлөөрдүн алдында кан басымы көтөрүлүп жатканын айткан.  Учурда укук коргоо органдары тарабынан мугалимдин өлүмү изилденип жатат. Булак: NazarNews.kg

0 512

Имам түрк сериалдары улуттун генофондуна терс таасир этээрин билдирди

Ташкенттеги Мырза Юсуф мечитинин имам-хатиби Рахматулло Сайфуддинов 2-марттагы жума кутбасы учурунда түрк сериалдары улуттун генофондуна терс таасир этээрин айтты. Ал Өзбекстанда "аялдар гана акушер болушу керек" деген сунушу менен таанымал. Анда Сайфуддинов "аял жолдошу менен жыныстык катнаш учурунда башка эркекти элестетсе, алардан кумсалар төрөлө турганын" жана өзбек аялдары түрк сериалдарындагы сулуу эркектерди жактырып, алар менен жакын мамилени элестетип жүргөнүн ишенимдүү билдирген. ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83