www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 3774

Кызынын «кыздык белгиси» жок экенин билген ата- энеси өз жандарын кыйышты

Тажикстандын Канибадам шаарында жубайлардын өз жанын кыюусу иликтенүүдө. Алар кызынын тоюна бир ай калганда өмүрлөрүнө кол салышканы айтылууда. Жергиликтүү прокурадагы өз булактар билдиришкендей, Пулодон айылынын тургуну Муроджон Ганиев 14-июлга оогон түнү өз үйүндө асынып алган. «14-июль эртең менен болсо анын жубайы Шоирахон Ганиева менен 19 жаштагы кызы сууга боюн таштоо максатында такси менен Фергана каналына барышкан. Жакын жерде турган такси айдоочусу ...

0 1061

6 жаштагы кыздын үстүнө тарбиячысы бир мискей толо ысык шорпону төгүп алды

Өзбекстанда бала бакча тарбиячысы алты жаштагы кыздын үстүнө ысык шорпону төгүп алганын Спутник Өзбекстан жазып чыкты. Билим берүү министирлигинин маалыматы боюнча, түшкү тамактануунун алдында бир мискей толо ысык шорпону көтөрүп келе жаткан тарбиячы байкабастан алты жаштагы кыздын үстүнө төгүп алган. Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп, тарбиячы жумуштан алынган. Булак: NazarNews.kg

0 372

Бүркүт кол салган кыздын абалы жакшы

Тоң районунда өтүп жаткан «Тескей жээк» этнофестивалы учурунда бүркүт кол салган сегиз жаштагы кыздын абалы дурус. Бул тууралуу окуяга күбө болгон режиссер Эрнист Абдыжапаров «Азаттыкка» билдирди. Ал кызды ооруканага алып барып, дарыгерлер жаракатын тигип, үйүнө жибергенин айтты: - Бул жерден эч кимди күнөөлөп болбойт. Парад учурунда бүркүтчүлөр куштарды агытып жатканда кыз тыюу салынган жерден капилет чыга калды. Бүркүт ага жаныбарларды тыткандай катуу ...

0 931

Мурдагы облус башчы камалды

Өзбекстанда Самарканд облусунун мурдагы башчысы Туроб Жураев менен анын капиталдык курулуш жана коммуналдык чарба боюнча орун басары Уткир Абдуллаев камалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, Туроб Жураев менен Уткир Абдуллаев ЮНЕСКОнун коргоосундагы аймакка көп кабаттуу үй тургузган курулуш компаниясынан пара алган деген шек менен 10-июлда камакка алынган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Жураевге каршы кылмыш иши козголгонун ...

0 620

Мугалимине бычак менен кол салган аспирант камакка алынды

Казакстандык дипломаттар мугалимге кол салуу иши боюнча камакка алынган Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык институтунун аспиранты, казак жараны Жаслан Кудайбергенов менен жолугуп чыгышты. Казакстан Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров кармалган жаранга атайылап ден соолукка зыян келтирүү айыбы тагылганын билдирди. Анын айтымында, Кудайбергенов кеминде 30-августка чейин камакта болот. Учурда ал Москвадагы убактылуу кармоочу жайда кармалууда. «Адвокат менен байланыш түзүлдү. ...

0 462

Түрк элчиси: «Себатка» альтернатива катары башка лицей сунуш кылабыз

Түркия «Сапат» билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда башка окуу мектептерин киргизүүнү каалайт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат «Азаттык» менен болгон эксклюзивдүү маегинде билдирди. Элчи бул боюнча кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизилгенин белгиледи: - «Себат» же азыр «Сапат» деп аталган мектептер боюнча талаптарыбызды кыргыз тарапка бердик. Бул боюнча кыргыз тарап кандай чечим кабыл аларын учурда күтүп жатабыз. Ошол эле ...

0 924

Министрдин уулу тарабынан милиционердин сабалышы иликтенет

Тажикстан Ички иштер министрлиги Душанбедеги милиция кызматкеринин сабалышын иликтейт. Бул тууралуу 10-июлда укук коргоо мекемесинин басма сөз катчысы Умарджони Эмомали билдирди. Маалыматтарга караганда, жекшемби күнү 33 жаштагы ИИМ кызматкери Дилшод Нарзуллозода Тажикстандын мурдагы энергетика жана өнөр жай министринин уулу тарабынан токмоктолгон. Улуттук медициналык борбордон кабарлашкандай, Дилшод Нарзуллозоданы мурду сынган, башынан оор сокку жеген. Буга байланыштуу ал ооруканага жаткырылган. Жабыр тарткан милиция кызматкери ...

0 351

Өзбекстанда бизнес-омбудсменге тергөө абактарына кирүүгө уруксат берилди

Өзбекстанда бизнес-омбудсменге тергөө абактарына кирүү жана айыпталуучулар менен соттолгондордон кайрылууларды кабыл алуу укугу берилди. Тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазаларды аткаруу мекемелеринин жана ИИМдин тергөө абактарынын ички тартиби жөнүндөгү эрежелерине киргизилди. Ошол эле маалда тергөө абагынын администратору акыйкатчынын коопсуздугун камсыздоого тийиш. Бизнес-омбудсмен менен парламенттин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктары дээрлик теңелди. Бирок акыйкатчыга түрмөлөргө кирүүгө уруксат берилген жок. Ошол эле маалда ИИМдин тергөө ...

0 310

Трамп НАТО боюнча өнөктөштөрүн төлөмдөрдү кечиктирүүгө айыптады

11-июль 2018, 08:45 Кызгалдак Жакыпова

АКШ президенти Дональд Трамп НАТО боюнча өнөктөштөрүн коргонуу үчүн өтө аз гана төлөбөстөн, Түндүк Атлантикалык биримдиктин мүчөлүк акысын берүүнү дагы кечеңдетүүдө деп айыптады. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы 10-июлда Твиттерге жазды. Анын айтымында, АКШдан “коргоо” күткөн “НАТОнун көптөгөн өлкөлөрү” эки пайыздык эрежени аткармак тургай, төлөмдөрдү берүүнү дагы кечеңдетишүүдө. Ал өнөктөштөрүн биримдик бюджетинин кем жерин толтурууга чакырды. Түндүк Атлантикалык Альянстын саммити 11-12-июлда Брюсселде ...

0 598

Иранда бийлеген видеосун «Инстаграмга» жарыялаган кыз кармалды

Иранда бийлеген видеосун өзүнүн «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялаган кыз кармалды. Социалдык түйүндө анын 40 миңге жакын жазылуучусу болгон. Жакында мамлекеттик телеканалда (18 же 19 жаштагы) Майде Хожабри аттуу кыз өлкөдөгү моралдык эрежелерди бузганын моюнга алып, башкаларды анын кылыгын кайталабоого чакырганы тартылган видео көрсөтүлдү. Видеодо анын жүзү жашырылган, бирок ушундай эле айып менен кармалган башка бир нечесинин бети ачык көрсөтүлгөн. Буга чейин мамлекеттик телеканалдарда ...

0 473

Орусия: Тулада «кыргыз айылын» курууга тыюу салынууда

Орусиянын Тула облусунун Заокский районундагы Клищино айылында Кыргызстандан барган 427 түтүн эл жер үлүштөрүнөн ажыраганы турат. Заокский районунун депутаттар кеңеши июлдун башында 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаган. – Төрт жүздөй кыргызстандык – жарымы Орусиянын жарандары, калганы кыргыз жарандары – ушул жакта жер үлүшүн сатып алып, каттоого туруп, кырктай үй салып коюшкан. Эми күтүүсүздөн ...

0 656

Велосипед үчүн айдоочулук күбөлүк талап кылынууда

Түркмөнстандын түндүгүндөгү шаарларда, район борборлорунда велосипед үчүн техникалык паспорт, транспорттун номуру жана айдоочулук күбөлүк талап кылынууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, документи жокторго 800дөн 2000 манатка чейин (расмий курс боюнча 300 доллар) айыппул салынууда. Учурда аймакта велосипед үчүн айдоочулук күбөлүктүн баасы 1500-2000 манат турат. Ошол эле маалда Ашхабаддын өзүндө велосипед тебүү үчүн документтер талап кылынган жок. Түркмөнстанда велоспортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулат. Быйыл өлкөдө Велосипед ...

0 1142

Москвада тажик мигранты полициядан кишенчен качып кетти

09-июль 2018, 09:48 Кызгалдак Жакыпова

“Азаттыктын” тажик кызматынын окурмандары Москвада эки полициячынын келтек менен тажик мигрантын урганы түшүрүлгөн видео жөнөтүшкөн. Мигрант кашылык көрсөткөн эмес, тартип сакчылары аны жерге жаткырып, колуна кишен салууга аракет жасашкан. Полиция унаасынын жанында колу кишенделген дагы бир мигрант турган. Окуяга күбө болгон башка мигранттар бул учурду видего тартып алышкан. Алар колу кишенделүү мекендешине эгер документтери жайында болсо, качып кетүүгө кеңеш беришкен. Көпчүлүктүн сөзүнө ...

0 595

Тажикстан банктары кардарларды эстрада жылдыздары аркылуу тартышууда

06-июль 2018, 14:38 Айдар Нуралиев

Тажикстанда «Арванд» деп аталган микрокредиттик уюм белгилүү аткаруучу Жонибек Муродовду бир күн каржы кеңешчи болуп иштеп берүүгө чакырды. «Бул күнү силер белгилүү аткаруучу менен сүрөткө түшүп, ошол эле маалда депозитик эсеп ачып, насыя алып же акча которуу кызматтарын пайдалана аласыңар», — деп жазылган уюмдун социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында. Лингвисттик кесипке окуган Жонибек Муродов өзүн биринчи жолу банк тармагында сынап көрүү үчүн атайын Украинадан ...

0 744

Орус миллиардеринин компаниясы АКШнын сотуна кайрылды

26-июнь 2018, 16:00 Айдар Нуралиев

Орусиялык ишкер, президент Владимир Путиндин досу саналган Евгений Пригожиндин "Конкорд менеджмент жана консалтинг" компаниясы Вашингтондогу соттон ишканага тагылган айыпты алып салууну суранды. Атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык бул ишкананы АКШдагы президенттик шайлоого "кийлигишүү үчүн пропаганданы каржылаган" деп айыптаган. Бул тууралуу Азаттык жарыялады. Адвокаттар Мюллердин дайындалышын мыйзамсыз деп, "Конкорд менеджмент жана консалтинг" компаниясын кандайдыр бир "кутумга" катышкан деп айыптоого тиешелүү укугу жоктугун ...

0 485

Түркияда өзбекстандык саясий туткун Мухаммад Бекжандын китеби чыкты

26-июнь 2018, 14:53 Айдар Нуралиев

Стамбулдагы Йитик шифо (Yitik Shifa) басмаканасы өзбек журналисти, мурдагы саясий туткун Мухаммад Бекжандын «Қўрқувнинг нариёғида» («Коркуунун нары жагында») деген китебин басып чыгарды. Азырынча китеп 10000 нускада өзбек тилинде чыкты. Мухаммад Бекжандын айтымында, китеп орус тилинде жакынкы убактарда басылып чыгат. Ал Өзбекстан түрмөлөрүндө 18 жыл отуруп чыккан Музаммад Бекжандын эскерүүлөрүнүн негизинде жазылган. Мухаммад Бекжан – оппозициялык «Эрк» гезитинин мурдагы редактору жана маркум президент ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 928

Эрдоган президенттик жана парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенин билдирди

Түркия президенти Режеп Эрдоган бейрасмий жыйынтыктар боюнча биринчи айлампада эле жеңишке жетишкенин жана ал жетектеген “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы парламенттик көпчүлүккө ээ болгонун билдирди. “Калк мага президенттик жана аткаруу бийлиги үчүн жоопкерчиликти ишенип берди”, -деди 64 жаштагы Эрдоган. Түркиянын мамлекеттик ММКлары билдиргендей, добуштардын 94% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча президент Режеп Тайип Эрдоган 52,86% менен алдыда. Анын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык - элдик ...

0 568

Түркмөнстанда кайрадан кумшекер тартыш болууда

Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы уланууда. Учурда Ашхабадда кумшекер кайрадан кымбаттап, аны айрым мамлекеттик дүкөндөрдөн сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Сатуучулар шекер баасы мындан ары да кымбаттай турганын билдиришүүдө. “Мамлекеттик дүкөндөрдө шекердин килосун 7 манат (2 доллар) турат. Айрым соода түйүндөрүнүн текчесинен табуу мүмкүн эмес. Жеке дүкөндөрдө аны 9-10 манаттан сатып, сатуучулар шекердин баасы жакында 15 манатка чыгарын эскертишүүдө”, - деп билдирди “Азаттыктын” ...

0 415

Ооганстанда жанкечти чабуулунан алты киши набыт болду

28-апрель 2018, 16:54 Айдар Нуралиев

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында 28-апрелде жанкечти өзүн жардырып, төрт тургун жана эки аскер каза болду. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Беш киши жараат алганын провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Омар Зуак билдирди. Азырынча бул жарылуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Ооганстанга коңшу Пакистанда да куралчан адам төрт кишини атып өлтүргөнү маалым болду. 27-апрелдин түнүндө Түштүк Вазиристан аймагында үч турист жана аларды машинесине ...

0 647

Тажикстан Түркиядан «Группа 24» кыймылынын жетекчисин өткөрүп берүүнү өтүндү

10-апрель 2018, 15:30 Айдар Нуралиев

Тажикстан Түркиядан өлкөдө тыюу салынган «Группа 24» кыймылынын эки активисти Сухроб Зараф менен Насим Шариповду экстрадициялоону өтүндү. Эки оппозициячы тең 19-мартта түрк полициясы тарабынан Стамбулда кармалган. 10-апрелде Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали «Группа 24түн» активисттерин өткөрүп алуу боюнча түрк бийлиги менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. Анын айтымында, кыймылдын башчысы Сухроб Зафар (Тураев) менен активист Насим Шарипов издөөдө жүрүшкөн, ...

0 1064

Арсен Алагузов атасынын үйүндөгү бардык жашоочуларды чыгаруу боюнча сотко кайрылды

19-март 2018, 12:02 Жазгүл Урманбетова

Турсенгали Алагузовдун уулу Арсен Алагузов атасы жашап жаткан үйдөн барын чыгарып салуу боюнча Бостандык районунун сотуна берген. Ал эми сот бул иш боюнча граждандык иш ачып, андан ары иш Казакстан Республикасынын Жогорку Соттун базасында уланмакчы. Арсен атасын жана анын үйүндөгү жашоочуларды эмне себептен кууп чыгып жаткандыгы аныктала элек. Бирок, Турсенгалинин өз балдары менен болгон мамиле сууй баштагандыгы коомчулукка ачыкталган. Анткени анын кызы да андан баш тартып атын жана фамилиясын да ...

0 799

Бишкекте 110 метрлик чучук жасалат

11-мартта Бишкекте 110 метрлик чучук жасалат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева билдирди. Анын айтымында, алгач 100 метр чучук жасоо пландалып, бирок буга чейин казак ашпозчулары андай узундуктагы чучук менен Гиннестин рекорддор китебине киргендиктен, аны дагы 10 метрге узартуу чечими кабыл алынган. «Бирок негизги көңүл бешбармакка бурулат. Азыр даярдык көрүп жатабыз – 8 жылкы союлат. Акцияга 40 ашпозчу катышат», - ...

0 9755

17 жаштагы кыз менин кафеге кеткен убактымды алып жатат деп 9 айлык баласын 7 күн ит менен жалгыз таштап кетип калган

Ростов шаарынын тургуну 17 жаштагы Виктория достору менен көңүл ачып келүү үчүн өзүнүн 9 айлык баласын үйдөгү ит менен кошуп жалгыз таштап кеткен. Виктроиянын күйөөсү армияда болгондуктан Виктория төрөгөндө эле баласын балдар үйүнө калтырып кеткен. Бирок кийин жолдошунун сунуншу менен кайра өзүнө алган. Виктория күлкү менен шаң коштогон жерлерден калбай баласын жалгыз таштап кетип калган күндөрү көп болгон. Ошондой күндөрдүн биринде ...

0 2294

Путиндин жүрөгүн багындырган сырдуу айым

Путиндин бизнесмен аял менен бирге кучакташып түшкөн сүрөтү талкуу жаратууда. Журналисттердин тактап жазып чыккандарына таянсак, Путинди Лариса Сергухина аттуу бизнесмен аял менен бир эмес, бир нече ирет көргөндөр да бар. Аялдын өзүнүн "Еврохимсервис" деген ишканасы бар. Путин менен сүрөттө кучакташып түшкөн сырдуу айым жөнүндө мындан башка маалыматтар жок. Эске сала кетсек, Орусиянын президенти В. Путин аялы менен ажырашкан соң анын жүрөгүн багындырган бийкечтер тууралуу ...

0 2632

19 жаштагы бала 42 жаштагы аялды "домкрат" менен зордуктап өлтүрүп койду

Укук коргоочулар акылга сыйбас кылмыштын жүзүн ачууга жан далбас уруп жүргөн кези. Саратовдо 30 - январь күнү 19 жаштагы жаш бала 42 жаштагы аялга кол салган. Аял көрүстөндөн кайтып келе жатканда 19 жаштагы бала аны жеткирип коём деп токтоп өз жардамын сунуштап калат. Эч нерседен капары жок аял макул болуп баланын унаасына олтурганда эле багыты өзгөрүп кетет. Бала акылга сыйбас ишке барып, ...

0 2472

15 жаштагы кызды 11 күн катарынан 3 аңги зордуктаган

Февраль айынын аяктарында Алматыда 15 жаштагы кыз жоголгону тууралуу казак ММКлары жазып чыгышкан. Учурда ал кыздын кайда жүргөнү белгилүү болду. Кыз 23 - февралда чала тааныш жигитке жолукканы чыгып кеткен. Жолугушууга барган кызды жигит дароо эле белгисиз тарапка алып жөнөгөн жана белгисиз батирлердин бирине алып келип алып 11 күн катарынан 2 дос баласы менен зордуктаган. Андан сырткары кызды кордоп денесине ар кандай ...

0 1181

Мугалим иш үстүндө жан берди...

7- мартта Актау шаарынын №8 мектебинде иш учурунда мугалим каза болуп калды. Ыкчам келген тез жардамда аны куткарып кала алган эмес. Окуучулардын жана мугалимдердин айтуусунда маркум өлөөрдүн алдында кан басымы көтөрүлүп жатканын айткан.  Учурда укук коргоо органдары тарабынан мугалимдин өлүмү изилденип жатат. Булак: NazarNews.kg

0 526

Имам түрк сериалдары улуттун генофондуна терс таасир этээрин билдирди

Ташкенттеги Мырза Юсуф мечитинин имам-хатиби Рахматулло Сайфуддинов 2-марттагы жума кутбасы учурунда түрк сериалдары улуттун генофондуна терс таасир этээрин айтты. Ал Өзбекстанда "аялдар гана акушер болушу керек" деген сунушу менен таанымал. Анда Сайфуддинов "аял жолдошу менен жыныстык катнаш учурунда башка эркекти элестетсе, алардан кумсалар төрөлө турганын" жана өзбек аялдары түрк сериалдарындагы сулуу эркектерди жактырып, алар менен жакын мамилени элестетип жүргөнүн ишенимдүү билдирген. ...

0 1330

ВИДЕО: Казактардын тойунан дагы бир жосунсуз бий

Интернетге пайда болгон  казактардын тоюндагы жосунсуз жоруктар токтобой келет. Алардын дагы бири Кезектеги талкууга жарыяланды. Facebookта пайда болгон төмөндөгү видеодон сиздер эркек менен аялдын ар кандай аракеттерди жасап, өздөрүн жогото бийлегенин жана биринин үстүнө бири чыгып түрдүү кылыктарды көрсөткөнүн көрө аласыздар. Аларга тамшанып отурган тойдун коноктору кубаттап кол чаап кызуу колдоо көрсөтүп отургандарын көрүүгө болот. https://www.facebook.com/groups/atambasai/permalink/784425468421358/ Булак: NazarNews.kg    

0 675

Президент атасына кызы каяша айтты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийликте турган адамдарды мамлекеттик тилде иш алып баруусун буюргандан кийин көп узабай кызы Дарига Назарбаева Казакстанда орус тилинин статусун коргоп чыкты. Бул тууралуу Eurasianet аналитикалык басылмасы жазды. 26-февралда өткөн жыйында Нурсултан Назарбаев маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев казакча берилген суроого жооп кайтара албаганы үчүн аны уяткарып, аткаминерлер мамлекеттик тилде эркин сүйлөшүү керектигин эскерткен. 1-мартта Казакстан парламентинин Эл ...

0 727

Жириновский Собчакка кол салуу уюштуруп

Бүгүн Орусиянын президентигине талапкерлигин коюп жаткан чыр менен таанымал болгон Ксения Собчакка кол салуу болгонун ал өздүк баракчалары аркылуу жазып чыкты. "Михаил Горбачёвдун туулган күнүнөн чыгып келе жаткан учурда мага кол салуу болду. Кудай жалгап, ал адам үстүмө суу эле чачты. Мен ал чачкан сууга тайгаланып жыгылып, башым менен бутумду кокустатып алдым. Ал Москванын шаардык Думасынын өкүлү Алексей Шапошниковдун жардамчысы экен. Азыркы ...

0 550

Чиновниктердин үйлөнүү тойлорго баруусуна тыюу салды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакында Сенат мамлекеттик аткаминерлердин үйлөнүү тойлорго баруусуна тыюу салган токтом чыгара турганын билдирди. Анын бул тууралуу айтканы жазылган аудио 2-мартта «Азаттыктын» өзбек кызматына келип түштү. Болжол менен мамлекет башчынын бул билдирүүсү импорт жана экспорт маселелерине арналган 27-февралда Ташкентте өткөн видеоселектордук жыйын маалында жаздырып алынган. Азырынча Мирзиёевдин бул билдирүүсү тууралуу президенттин басма сөз кызматы дагы, мамлекеттик ММКлар дагы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 535

Жатаканадан чыккан өрт 7 адамдын өмүрүн алды

03-март 2018, 15:06 Жазгүл Урманбетова

Казакстандын Атырау облусундагы жатаканада чыккан өрт жети кишинин өмүрүн алды. "Азаттыктын" казак кызматы жергиликтүү булактарга таянып билдиргендей, Карабатан кыштагындагы жатаканада эртең менен өрт тутанган. Кырсыкта алты адам жеринде набыт болуп, төртөө жараат алышкан. Алардын бири 3-мартта көз жумган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт электр зымдагы кыска туташуудан чыккан. Ал кезде жатаканада 20дай адам болгон. Булак: NazarNews.kg

0 2030

Таасирлүү прокурор үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу кармалды

Өзбекстан ИИМинин өкүлдөрү Ташкент шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары, юстиция министрлигинин кеңешчиси, 68 жаштагы Мираглам Мирзаевге карата кылмыш иши козголгонун билдиришти. Ал өлкөдө “Антибиотик” каймана ат менен таанымал болчу. Мирзаевдин аялы жана уулу дагы кармалды. Өзбекстан ИИМинин аткаминерлеринин бири маалымдагандай, Мираглам Мирзияевге козголгон кылмыш ишинин алкагында, Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкент шаардык башкармалыгынын терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болуп ...

0 840

ВИДЕО: Казакстанда дагы Өзбекстандын 6 жараны тирүүлөй күйүп кетти

Казакстандын Мангистау облусунда жеңил унаа өрттөнүп, ичиндеги жети жүргүнчү тирүүлөй күйүп кеткен.  Кырсык 1-март күнү болгон. Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил авто Shacman жүк ташуучу унаасы менен кагышып,анын кесепетинен өрт чыккан. Кырсыктан жабыр тарткандардын баары Өзбекстандын жарандары экендиги белгилүү болду.   Булак: NazarNews.kg

0 796

Эшек сойгондор Өзбекстанда кармалды

02-март 2018, 12:03 Жазгүл Урманбетова

Өзбекстандын Наманган облусунда жыйырма эшекти союуга аракет жасаган кишилердин тобу кармалды. Малдын айкырганын угуп, айыл тургундары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Наманган облусундагы Соку айлынын тургуну маалымдагандай, 26-февралда ишкер Адилбай Назаровдун фермасында эшектерди жапырт мууздоо аракети болгон. «Биздин айылда эч ким эшек кармабайт. Соку айлынын четиндеги Адилбайдын фермасынан эшектердин айкырганын уккан эл тынчсызданды. Кимдир бирөө аймактык инспекторго телефон чалды. Ал фермага келип, үч эшектин союлган этин көрүптүр», — деди ...

0 796

Эшек сойгон кишилер кармалды

Өзбекстандын Наманган облусунда жыйырма эшекти союуга аракет жасаган кишилердин тобу кармалды. Малдын айкырганын угуп, айыл тургундары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Наманган облусундагы Соку айлынын тургуну маалымдагандай, 26-февралда ишкер Адилбай Назаровдун фермасында эшектерди жапырт мууздоо аракети болгон. – Биздин айылда эч ким эшек кармабайт. Соку айлынын четиндеги Адилбайдын фермасынан эшектердин айкырганын уккан эл тынчсызданды. Кимдир бирөө аймактык инспекторго телефон чалды. Ал фермага келип, үч ...

0 3245

2-3 айлык кыздын өлүгүн люкка таштап кеткен

Дагы бир жүрөк үшүн алган жагдай болуп өттү. Негизи жашоодо адам баласынан өткөн акылдуу жана мыкаачы зат жок деген сөз туура экен. Себеби азыркы окуя адамдардын аша чапкан мыкаачылыгынын жеткен чеги экенин далилдейт.   Казакстандын Атбасар шаарында канализация тазалап жүргөн сантехник шаар ичиндеги кудуктардын биринен кичинекей баштык таап алган. Ал бирөө-жарым кийим кечесин ыргытып жиберди го деген ой менен таап алган баштыгын ...

0 554

Өзбекстанда имамдын жардамчысынан 4,6 грамм марихуана табылган

27-февраль 2018, 18:14 Жазгүл Урманбетова

Өзбекстандын Сурхандарья облусунда маңзат менен кармалган адам аны жергиликтүү имамдан сатып алганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Денау шаарынын тургуну 21-февралда кармалып, жанынан 4,6 грамм марихуана табылган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал маңзатты жергиликтүү мечиттин имамынын Мелибоев А. аттуу 29 жаштагы жардамчысынан сатып алынганы аныкталган. Мелибоев кармалгандан кийин ири баңги төбөлдүн изине түшүүгө мүмкүн болгон. Укук коргоо кызматкерлери Кендаев ...

0 1022

ВИДЕО: Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы тууралуу казак телеканалы видео таратты

27-февраль 2018, 16:56 Перизат Кутманалиева

Казакстандын КТК телеканалы аткезчиликке шектелип кармалгандар тууралуу сюжет көрсөттү. Анда кабарчылар кармалгандардын арасындагы Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулун «Кытайдан Казакстан жана Орусияга аткезчилик жол менен товар ташыган эл аралык топтун башчысы» деп аташкан. Сюжетте кыргыз саясатчысы Алматыдагы ресторанда Бишкектен барган досу, ишкер Уланбек Мурадилов менен отурган маалда кармалганы айтылат. Алар менен бирге казакстандык чек арачы Емилбек Кочкарбаев дагы болгон. «Жашыруун камерадагы ...

0 387

Казакстан Орусиядагы президенттик шайлоого 170 байкоочу жиберет

27-февраль 2018, 15:42 Перизат Кутманалиева

Казакстандык 170 байкоочу 18-мартта Орусияда өтө турган президенттик шайлоого көз салуу үчүн жөнөтүлөт. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Жергиликтүү байкоочулар КМШ, ЕККУ, ШКУ миссиясынын алкагында жөнөтүлүүдө. «Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Казакстан өкүлдөрүнүн тизмесин түздү. Алар Орусиядагы президенттик шайлоого кыска мөөнөттүү байкоочу катары катышат», – деди БШК өкүлү Зауреш Баймолдина. Маалыматтарга караганда, КМШ байкоочулар миссиясынын курамында –129, ...

0 3138

Чоң суммадагы акча жоготкон 9- класстын кызы сабак учурунда мектептин терезесинен боюн таштап жиберди

27-февраль 2018, 10:47 Перизат Кутманалиева

  Казакстандын Шымкент шаарында №18 мектебинде окуган 9- класстын кызы мектептин терезесинен боюн таштап жиберген деп жазып чыкты ЖМКлар. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, кыз окуя болгон күнү чоң суммадагы акчасын жоготуп алган. Акчасын жоготуп алып, коркконунан мектептин экинчи этажынан боюн таштап жиберген. Ошол маалда мектепте иштеген Аскар Усенов боюн таштаган кызды, колу менен тосуп калып аман алып калган. Мугалимдер жана психологдор кызга жардам беришип 20 минутта ...

0 3827

Астанада эки кабат үй өрттөнүп баары күл болуп бир гана "Куран" китепке өрт жакындай албай койгон

26-февраль 2018, 19:40 Перизат Кутманалиева

Жашообуз Алланын берген кереметтерине бай келет эмеспи. Адамдын оюн экиге бөлгөн төмөндөгү окуя Астана шаарында 2- февраль күнү болуп өткөн. Астананын Ильинка районунун жашоочусунун үйү өрттөнүп күл болуп калган. Мына ушул жерден керемет окуя болуп өткөн. Килейген эки кабат үйдөн эч балее калбай өрттөнүп жадагалса муздаткыч, сыналгысынан тарта эч нерсе калган эмес, бирок, бир эле "куран" китепке өрт жакындай алган эмес дейт өрттөн ...

0 4182

Бир тууганын акыркы сапарга узатып жатып, эки инисин жана эжесине бычак сайган...

26-февраль 2018, 15:13 Перизат Кутманалиева

Таджикистанда эркек адам коштошуу зыйнаты болуп жаткан учурда колуна бычак алып бир нече адамды сайып салган. 41- жаштагы Ускурги айылынын тургунунан жабыр тарткандар анын аталаш 25 жаштагы 28- жаштагы инилерине жана 54- жаштагы эжеси болгон. Окуя боло электен аз убакыт мурун ортодо түшүнбөстүктөр болуп кеткен. Кийин белгилүү болгондой, шектүү жаран укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Шектүүнүн бычагынан жабыркагандар оор жарат алган.  Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Булак: NazarNews.kg    

0 472

Орусияда жүк ташуучу унаадан үч казак жаранынын сөөгү табылды

26-февраль 2018, 08:47 Перизат Кутманалиева

РБК медиакомпаниясы Москва алдындагы Чехов районунда жук ташуучу унаадан үч кишинин сөөгү табылганын кабарлады. Компания Орусия ИИМинин Москва облустук башкармалыгына шилтеме жасоо менен өлгөн кишилер Казакстан жарандары экенин билдирди. Текшерүү жүрүүдө. Баштапкы маалыматтар боюнча алар иске ууланган болушу ыктымал. "Интерфакс" агенттиги өз булактарына таянуу менен 35-40 жаштагы кишилер каза тапканын, алардын биринин аты-жөнү такталганын кабарлады. Агенттиктин маектешинин билдиришинче, жүк ташуучу унаанын салонунан газ ...

0 962

Эки жаштагы бала тиш доктурда каза болду

25-февраль 2018, 21:34 Перизат Кутманалиева

Караганда шаарынын жеке менчик тиш дарылоо бөлүмүндө эки жаштагы бала каза болду. Анестезия куйгандан кийин баланын жүрөгү токтоп калган. Окуя бир нече күн мурда болгон деп билдирет Today.kz. Тез жардам кызматкерлери келгенде баланын мээсине кан куюлуп кеткен. Бала ооруканада жан берген. Бала чарчап калган ооруканада бул окуя боюнча маалыматты ырастады. Булак: NazarNews.kg

0 675

Өзбекстанда 5 тонна сүмөлөк Нооруз майрамынын урматына жасашат

24-февраль 2018, 14:40 Жазгүл Урманбетова

Өзбекстандын Наманган шаарында Нооруз майрамына карата беш тонна сүмөлөк кайнатууну пландап жатышат. Ага эки тонна ун, бир тонна май, 450 килограмм жүгөрү уну, 50 килограмм нават керектелет. Бул иш-чараны Намаган шаардык акимияты уюштуруп, сүмөлөктү 25 аял даярдайт. Сүмөлөктү шаар тургундары ооз тийгенден кийин балдар жана карылар үйүнө алып барышат. Нооруз - чыгыш элдеринде жаз майрамы, жаңы жылдын башаты катары белгиленет. Майрам ЮНЕСКОнун маданий ...

0 578

“Достук” өткөрмө бекетинде адамдардын тыгыны пайда болду

24-февраль 2018, 14:29 Жазгүл Урманбетова

Ош облусундагы “Достук” өткөрмө бекетинде адамдардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Анын айтымында, учурда кыргыз тарапта Өзбекстанга өтө албай 500дөй адам турат. Жергиликтүү кыргыз чек арачыларынын айтымында, күнүнө жети миңден он миңге чейин адам өтүп, кызматкерлер текшерип жетишпей жатат. Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда расмий маалымат даярдалып жатканын кабарлады. 2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 434

"Казакмыс" компаниясынын жумушчусу өндүрүштө алган жаратынан көз жумду

24-февраль 2018, 09:37 Перизат Кутманалиева

«Казакмыс» компаниясы 22-февралда Караганда облусундагы байытуу фабрикасынын жумушчусу иш учурунда алган жаратынан көз жумганын билдирди. Маалыматтарга караганда, 1994-жылы туулган жумушчу Жезказган байытуу фабрикасынын көмөк чордон кампасында кабелдерди тегиздеп жаткан маалда жаракат алган. Ал ооруканага жеткирилип, операция болгондон кийин өзүнө келбей көз жумду. Компания жумушчу кокустан жаракат алган деп эсептейт. Бирок окуянын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Булак: "centralasian.org"

0 445

Казакстанга Кыргызстандан барган кийимден зыяндуу заттар табылды

23-февраль 2018, 15:26 Перизат Кутманалиева

Казакстандын Караганды облусунда Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен уулуу заттар табылды. Бул тууралуу казакстандык "Tengrinews" сайты Караганды облусунунун коомдук саламаттыкты коргоо департаментинин жетекчисинин орун басары Юрий Залыгинге шилтеме берүү менен маалымдады. Анда шаардык санитардык кызматы дүкөндөрдө жана базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу формальдегид затынын өлчөмү нормадан көп экенин аныктаганы айтылат. Дарыгерлер бул балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунучтуу экенин белгилешкен. Зыяндуу заттар табылган ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83