www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 400

Казакстанда былтыр 135 бала ВИЧ илдетине кабылган

22-февраль 2018, 10:12 Жазгүл Урманбетова

Түштүк Казакстан облусунда 2017-жылы 135 бала өздөрүнүн ВИЧке чалдыкканы тууралуу кабардар болушту. Бул тууралуу 21-февралда Чимкентте өткөн маалымат жыйында облустук "Эне жана бала" реабилитациялык борборунун башкы дарыгери Бакытжан Шакенов билдирди. Анын айтымында, балдарга ВИЧке чалдыкканын кабарлоо бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Шакенов оору тууралуу бала 11-12 жашка чыкканда айтуу туура деп эсептейт. Маалыматка караганда, быйыл дагы 45 балага ВИЧке кабылганы угузулат. ...

0 618

Изоляторго камап, жылаңачтантып, бир күн бою суукта түрмөдөгүлөрдү кордогон

21-февраль 2018, 15:59 Перизат Кутманалиева

Кашкадарыя облусунун Касан районундагы колонияда жазасын өтөп жаткандар 4-январда кызматкерлер тарабынан сабалып, кыйноого кабылган. Бул тууралуу алардын туугандары билдиришүүдө. Маалыматтарга караганда, түрмөдөгүлөр уурулук, карактоо, бейбаштык үчүн эркинен ажыратылган. Өзбекстан ИИМинин Жазаларды аткаруу башкармалыгынын өкүлү кыйноо болгону тууралуу маалыматтарды четке какты. Абакта уурулук үчүн отурган Фаррух Собиров менен Самандар Ориповдун эжеси аларды көрүп чыкканын, абалдары оор экенин билдирди. – Алардын жылуу кийими жок экен. Баштары ...

0 442

Абактагы үч саясатчынын экөө ачкачылыгын убактылуу токтотту

21-февраль 2018, 15:31 Перизат Кутманалиева

Саясий ишмерлердин өтүнүчтөрүн жана дарыгерлердин кеңешин эске алуу менен абактагы саясатчылар Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров ачкачылыгын убактылуу токтотту. Бул тууралуу алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев “Азаттыкка” билдирди. - Дарыгерлер “ден соолугуңар өтө зыян тартты, өлүп калышыңар мүмкүн” деп ачык эле айтышыптыр, ошону эске алышты. Анан Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Каныбек Иманалиев аларга кирип, “ачкачылыкты токтоткула” деп суранышпады беле, ошолордун, ...

0 1923

Дамирбек Асылбек уулу менен Камчы Көлбаевдин жана казак криминалынын ортосунда эмне бар?

20-февраль 2018, 17:10 Жазгүл Урманбетова

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кандай байланышы бар экендигин Казакстандын Время гезити жазып чыкты. Казакстанда Жогорку Кеңештин депутаты кармалганы 18-февралда ырасталган. Эске салсак,  Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15- 16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда 29 адам кармалган. Алар бажы, ...

0 1364

Петропавлдын айылдарында адамдын жиликтелген дене мүчөсү табылды

20-февраль 2018, 14:14 Перизат Кутманалиева

Петропавлдагы айылдарынын биринде адамдын бөлүктөлгөн дене мүчөсү табылганын Спутник Казакстан жазып чыкты. 69 жаштагы эркек адамдын дене мүчөсүнүн бөлүктөрү 18-февраль күнү табылган. Полиция кызматкерлери шектүү катары 1962- жылы туулган жабырлануучунун көңүлдөшүн кармаган. Учурда кылмышты иликтөө иштери жүрүп жатат. Тергөө иштерине ылайык шектүү эмне себептен бул кадамга барганы ачыкка чыгарылбайт. Учурда окуянын тек- жайы иликтенип жатат.  Булак: NazarNews.kg  

0 3141

18-февраль түнү Азанды уккан мышык саждага жыгылып элди айран таң кылды

20-февраль 2018, 10:34 Перизат Кутманалиева

Казакстандын Атырау облусунда кечээ күнү 18- февралда укмуштуудай окуя болуп өткөн деп казактардын ЖМКлары жазып чыкты. Үйдүн кожоюнун айтуусунда окуя төмөдөгүдөй болуп өткөн.  "Кечээ күнү 18- февралдын түнүндө үйдө жүргөн мышыгым куранды угуп саждага жыгылды. Бул үйдө бат- баттан бөтөлкөлөштөр чогулуп, отуруштарды уюштуруп турган. Анысы аз келгенсип алар мышыкка өздөрү ичип жаткан ичимдиктен берип койгон. Ошондуктан аларга берилген Алладан бир белгиби"- деп ойлоп калдык.  Эске сала кетсек, мындай ...

0 3699

Мугалим эжеси менен кумарга баткан кыз ооруканага түштү

19-февраль 2018, 23:49 Перизат Кутманалиева

Татарстанда окуучу кыз эжейи менен жыныстык катнашка баруусунан улам ооруканага жаткырылган. Мугалим эжейи окуучусунун канын эки саат аралыгында өз алдынча токтото албай, аргасыздан тез жардам чакырууга мажбур болгон. Аталган окуя Татарстандын Альметьевский шаарындагы мектептердин биринде болгон. Анда, 24 жаштагы орус тили жана адабиятынан сабак берген Ролии. К. аттуу мугалим эжейи менен 15 жаштагы Гульнара. М. аттуу окуучусу тууралуу үрөй учурган кабар тараган. ...

0 587

Бий мугалими кайрадан сабак берет

19-февраль 2018, 16:51 Жазгүл Урманбетова

Душанбедеги хореографиялык окуу жайдын директору бий мугалими Саида Рустамованы кайрадан жумушка алды. Буга чейин тиешелүү чечим өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана туризм кызматкерлеринин кесиптик кошууну федерациясы тарабынан кабыл алынган. Саида Рустамова президент Эмомали Рахмондун жылдык кайрылуусу көрсөтүлүп жатканда окуу жайдын залынан чыгып кеткенден кийин жумуштан алынган.Федерациянын кызматкери Мухаммад Курбонов Рустамовага 15-январдан бери иштебегени үчүн акчалай кенемте төлөнөрүн билдирди. Окуу жайдын директору ...

0 2376

Аял ваннадан селфи жасап каза болду

19-февраль 2018, 09:26 Перизат Кутманалиева

42- жаштагы Москванын тургуну ваннада селфи жасайм деп каза болду. Окуя 7- февралда Москва шаарында болгон. Аял ваннада жатып селфи жасайм деп жанында эле, токто сайылып турган телефонун ваннага түшүрүп алган. Жансыз денени каза болгон аялдын баласы таап алган. Баласы апасынын узак убакыттан бери ваннадан чыкпай жатканы ойлондуруп эшигин талкалап ачкан. Апасынын жансыз денеси менен колундагы телефонун көрүп окуянын чоо жайын дароо түшүнгөн. Эске сала ...

0 396

Тартип сакчылар англис тилин үйрөнүүгө милдеттендирилди

19-февраль 2018, 08:49 Перизат Кутманалиева

Тажикстанда тартип сакчылар англис тилин үйрөнүүгө жана чет өлкөлүк туристтер менен сүйлөшүүнүн этикасын сактоого милдеттендирилди. Өлкө ИИМинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеме башкармалыктарында англис тилин окутуу боюнча атайын курстар уюштурулду. «Министр бардыгына чет өлкөлүктөр менен сүйлөшүү этикасын сактоо жана англис тилин үйрөнүү тапшырмасын берди. Сабактар белгилүү бир күндөрү жана белгилүү бир сааттарда болот. Кызматкерлер аларга жумуштан сырткаркы убактарда катышууга милдеттүү. Биздин кызматкерлердин ...

0 718

Түркмөнстанда жумуш ордунда намазга жыгылса, жумуштан алынат

17-февраль 2018, 11:39 Жазгүл Урманбетова

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда коопсуздук кызматкерлери динчил кишилерден намаз окууну токтотууну талап кылууда. Ошондой эле, аталган аймакта коопсуздук кызматкерлери пенсия курагына жете электе мечитке баргандарды суракка алууда. «Эмне үчүн намаз окуп жатасың?», «Ким менен сүйлөшөсүң?», «Ата-энең барбы?» өңдүү суроолорду беришүүдө. Андан соң ,намазга жыгылбоону, мечитке барбоону талап кылышууда",- деди өз булактардын бири. Негизи эле, суракка алынгандар мечитте же иш ордунда намазга жыгылышса, жумуштан бошотулары жөнүндө эскертүү алышкан. Мурда ...

0 2902

ВИДЕО: Тойдо кийимдерин ыргытып, жылаңач бийлеген жаштар...

17-февраль 2018, 11:36 Перизат Кутманалиева

Казакстандыктар тойдо, коомдо, өзүн-өзү алып жүрүү этикасын билбей калды өндөнөт. Себеби көпчүлүк тойлору ар кандай оюн -зооктору ар дайым "стриптиз" менен коштолуп калгандай туюлуп калды. Интернетге жайылган видео тасмалардан жаштардын жылаңачтанып алып бийлегенинен тарта, карыларынын таяк менен кубалап жүргөнүнүнө чейин көрүүгө болот. Төмөндөгү видеодон сиздер тойдо олтурган жаштар жылаңачтанып чечинип алып, көпчүлүктүн көңүлүн бургандыгын көрөсүздөр.  Видеону жүктөгөн интернет колдонуучу, анын астына “казак эли ...

0 1622

Депутат Дамир Асылбек уулу Казакстанда кармалды

17-февраль 2018, 11:39 Жазгүл Урманбетова

Казакстандын күч органдары чек ара аймактарында контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн кармоо үчүн жүргүзгөн атайын ири операцияда кармалган эки кыргызстандыктын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экенин айрым ЖМКлар жазышууда. Белгилей кетсек, атайын операция 15-16-февраль аралыгында Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустары менен Алматы шаарында жүргүзүлгөн. Натыйжада 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында бажы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, брокерлер, ...

0 1068

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ден соолугу тууралуу айтып берди

17-февраль 2018, 10:27 Гүлжан Шерипбаева

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кытайдын дүйнөдөгү эң чоң телеканалы  CCTVге берген  маегинде соолугу тууралуу айтып берди.  Нурсултан Назарбаев журналистин берген суроосуна жылмайып: “Менимче баардыгы менин жашымды билгиси келеди”, - деген. Нурсултан Назарбаевдин жаш көрүнүшүнө эч кандай сыр жок. Ал бар болгону ар дайым спорттук көнүгүүлөр менен машыгат. “Баардык нерсе адамдын санаасына, ойлогон оюна байланыштуу. Эгерде өзүңдү кары ойлосоң, милдеттүү ...

0 545

Ишкер «адам өлтүрүү» иши боюнча күнөөсүн моюнуна алды

16-февраль 2018, 13:44 Перизат Кутманалиева

«Опузалоо» иши боюнча Алматы соту тарабынан соттолгон казакстандык ишкер Муратхан Токмади «ТуранАлем Банкынын» мурдагы төрагасы Ержан Татишевдин өлүмүнө күнөөлүү экенин моюнуна алды. Жергиликтүү маалымат агенттиктери жазгандай, Токмади Жамбыл облусунун райондор аралык сотунда прокурор окуган айыптоолор менен макул экенин билдирди. Ага «алдын ала кутум боюнча адам өлтүрүүгө катышкан» деген айып тагылды. Октябрда мамлекеттик телеканал аркылуу атайын тасма көрсөтүлүп, анда ишкер Токмади «ТуранАлес Банкынын» жетекчиси ...

0 2225

Үстүңө эркек чыкканда: Казак акындары порнографиялык маанини камтыган ырларды чыгара баштады

16-февраль 2018, 12:56 Перизат Кутманалиева

Азыркы казак акындары поэзия багытына бет алды. Мурунку акындар кыз менен кездешүүнү кыялданып, толкундап, айлуу түндөрдө терезе алдында күткөн болсо, бүгүнкү күндүн акындары, жүрөк сүйгөн бийкечтерин төшөктөн күтүп жаткан сыяктуу. Интернетге кулачын кен жайган төмөндөгү ыр азыркы келтирген мисалдарга далил болуп берет деп Казакстандык ЖМКлар жазып чыгышты.  Ырдын маанисин бузуп албоо максатында төмөндө эч өзгөртүүсүз беребиз. Ерін мен ерін шайқаспаған соң, Жадырап жаның жай таппаған соң. Қараңғы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 541

Өзбекстан менен калган чек араны делимитациялоо иши талкууланды

16-февраль 2018, 11:56 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аралардын калган бөлүгүн делимитациялоону тездетүүнү жана анын зарылчылыгын талкуулады. Бул тууралуу эки мамлекет башчы Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл толгондугуна байланыштуу бүгүнкү телефон аркылуу сүйлөшүүдө кеп кылышты. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, алар чек ара маселелери боюнча кызматташуунун мындан аркы пландарынан сырткары, соода-экономикалык ...

0 840

 Жарандардан намазга жыгылбоону талап кылышууда

16-февраль 2018, 10:44 Перизат Кутманалиева

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда коопсуздук кызматкерлери динчил кишилерден намаз окууну токтотууну талап кылууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, аймакта коопсуздук кызматкерлери пенсия курагына жете электе мечитке баргандарды суракка алууда. “Эмне үчүн намаз окуп жатасың”, “Ким менен сүйлөшөсүң”, “Ата-энең барбы” деген суроолорду беришүүдө. Андан соң намазга жыгылбоону, мечитке барбоону талап кылышууда”,- деди өз булактардын бири. Анын айтымында, суракка алынгандар мечитте же иш ордунда намазга жыгылышса, жумуштан ...

0 873

ВИДЕО: "Президенттин белегин" кайтаргысы келбеген аял өзүнө кол салды

15-февраль 2018, 17:06 Перизат Кутманалиева

Маргилан шаарында жергиликтүү аткаминерлердин аракетине нааразы болгон аял өзүн өлтүрүүгө аракет жасады. 42 жаштагы Дилором Мамированын өмүрүн коңшулары араң аман сактап калды. Суицид аракети 12-февралда болгон. Жергиликтүү аткаминерлер Мамировадан президент берген турак-жай үчүн ижара акы төлөөнү талап кылышкан. Буга байланыштуу ал асынып өлүүнү чечкен – Биз коңшулар менен карта ойноп жатканбыз. Бул аял чылым сатат. Мен тамеки сатып алуу үчүн анын эшигин ...

0 1186

Дөңгөлөк үчүн аялынын бөйрөгүн сатып жиберди

15-февраль 2018, 12:22 Перизат Кутманалиева

Алматада эркек киши унаанын дөңгөлөгүн алуу үчүн жубайын бөйрөгүн сатууга мажбурлаган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты. Адвокат Джохар Өтекбековдун айтымында, бөйрөгүн сатып көз жумган донор өлөр алдында окуянын чоо-жайын айтып берди. Алматы шаарынын тургуну, унаанын дөңгөлөгүн алуу үчүн аялынын бөйрөгүн сатмакчы болгон. Ал үчүн келинчегин көндүргөн. Аялы кош бойлуу болгондугуна байланыштуу, бөйрөгүн берүүгө мүмкүн эмес болчу. Ага карабастан бөйрөгүн сатууга бел байлаган ...

0 527

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кайрылуусунда залдан чыгып кеткен мугалим ишсиз калды

15-февраль 2018, 10:53 Жазгүл Урманбетова

Дүйшөмбүдөгү Малика Сабирова атындагы хореографиялык окуу жайдын концертмейстери жана бий мугалими Саида Рустамова президент Рахмондун жылдык кайрылуусу маалында залдан чыгып кеткени үчүн иштен айдалды. «Окуу жайдын директору Кенжа Иброхимовдун буйругунда «Улут лидеринин кайрылуусун угуудан баш тартканы үчүн иштен алынсын» деп жазылды» - деди Саида Рустамова «Чындыгында андай эмес. Мен залга киргенде бош орун жок экен. Башка жаман оюм жок эле. Жөн эле ...

0 364

15-февраль - Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнү

15-февраль 2018, 10:16 Жазгүл Урманбетова

Аталган салтанатка байланыштуу бүгүн Кыргызстандын бардык шаарларында, район борборлорунда ооган согушунда курман болгон кыргызстандыктарды эскерүү болуп, ал эми тирүү кайтып келген ооганчы ардагерлерге арналган иш-чаралар өтөт. Бишкекте “Ата Түрк” сейил багында Ооган согушунда набыт болгондорго арналган эстеликтин жанында митинг-реквием уюштурулат.  Ооганстанга "интернационалдык кызматын өтөөгө" 7 миң кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 249у курман болуп, 504ү жараат алган. Маалыматтарга ылайык, төртөөнүн ушул күнгө чейин ...

0 542

Казакстанда түн ичинде бузулган автобустагы 7 жердешибиз куткарылды

14-февраль 2018, 13:43 Жазгүл Урманбетова

Казакстанда автобус бузулуп, түнү жолдо калган жети кыргызстандык куткарылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, 14-февралга караган түнү Самара-Шымкент жолунун 1101-чакырымында Бишкектен Самарага бараткан кичиавтобус бузулуп калганы тууралуу аталган мекемеге кабар түшкөн. Түнкү саат 03:20 чамасында Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети "Калыбай" пунктунун куткаруучулары жүргүнчүлөргө жетип, ошол жерден алып кеткен. Алар жылуу жайга жеткирилип, үчөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Эске ...

0 4135

Казак кызы уяттуу кинолордун башкы каарманы болуп, жылдызы жанган

14-февраль 2018, 09:31 Перизат Кутманалиева

Казакстанда төрөлүп Америкада жашаган Карина аттуу казак кызы уяттуу видеолордун көркүн ачып жүргөндүгүн казак ММКлары жазып чыгышты.  21 жаштагы селки порно дүйнөсүндө "Сакура" деген ысым менен таанылып келе жатат. Ал порно дүйнөсүнө 18 жашында келген. "Кадимки кинолорго тартылган актер актрисаларга караганда порно актрисалар азыраак, анткени биз 10 киного тартылуу үчүн 5 башка эркек менен жумушубузду жасайбыз"-дейт Карина.  "Порно жаатында көпкө жүрөм деп ойлогон ...

0 512

Тажикистанда унга уулангандардын саны 40 адамга жакындады

13-февраль 2018, 11:00 Жазгүл Урманбетова

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда гелиотроп чөбү кошулуп кеткен унга уулангандардын саны 39га жетти. Өткөн аптанын соңунда 20га жакын бейтап «гелиотроптук гепатит» диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Алардын көбү үч жана беш жаштагы балдар. Бул тууралуу Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынан билдиришти. Гелиотроптук гепатит – гелиотроп отоо чөбү кошулуп кеткен ундан жасалган нанды жегенде пайда болот. Анда адамдын боорунун иштөөсү начарлайт. ...

0 534

Сириядагы аскердик операцияга вандык кыргыздар да катышууда

13-февраль 2018, 09:33 Перизат Кутманалиева

Түркиядагы "Кыргыз түрктөрү" маданият коомунун мүчөсү Бүнямин Токер "Азаттыкка" билдиргендей, Сириянын Африн аймагында операцияга катышып жүргөн түрк армиясынын катарында вандык жыйырмадай кыргыз бар. - Биз Анкара шаарында кыргыздар чогулуп, Афринде согушуп жаткан аскерлерибизге колдоо жана көңүл буруу үчүн боз үй тигип, палоо басып элге тараттык. Миңдеген түрк аскерлеринин арасында биздин Улуу Памир айылынан жыйырмадай жигит жүрөт, - деди ал. Түркия Сириянын түндүк-батышындагы ...

0 439

Орусияда кулап түшкөн учактан аман калган эч ким болгон жок

12-февраль 2018, 10:51 Перизат Кутманалиева

Орусиянын борбор шаары Москванын Домодедово аэропортунан учкан жана ичинде 71 жүргүнчү орун алган Саратов аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагынын учкандан 2 мүнөт өткөн соң радарга карматпай кеткени жарыяланды. Орусиянын Интерфакс маалымат агенттигинин кабарына караганда Саратов аба жолдору иштеткен «Антонов Ан-148» үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын Москванын айланасына түшкөнү билдирилди. Москванын Өзгөчө  кырдаалдар боюнча башкы башкармалыгынын жарыясына караганда учактын Раменский шаарына түшкөн болушу мүмкүн экени ...

0 506

Өзбекстандын Наманган облусунда 36 адам "холодецтен" ууланды

06-февраль 2018, 16:48 Жазгүл Урманбетова

Наманган облусунун Касансай районунда жапырт уулануу катталды. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, 5-февралда саат 6:00дөн 12:00гө чейин тамак-аштан уулануу белгилери менен ооруканага 36 жаран кайрылган. Алар кусуп, баштары ооруп, өзүлөрүн начар сезип жатканын айтышкан. Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Жабырлануучулар 4-февралда борбордук дыйкан базарынан чучук жана "холодец" сатып алып жешкен. Касансай районундагы эпидемиялык абалды иликтөө үчүн аймакка Саламаттык сактоо министрлигинин ...

0 379

Өзбек президенти Тажикистанга алгачкы сапары менен барат

06-февраль 2018, 12:11 Жазгүл Урманбетова

Тажикстан премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган өкмөттүк делегация Ташкентке барды. Алар Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга жасала турган алгачкы мамлекеттик сапарына даярдык көрүшөт. Өзбекстан тышкы иштер министрлиги 4-феварлда эки элдин өкмөт мүчөлөрү президент Мирзиёевдин сапарын гана эмес башка олуттуу маселелерди дагы талкуулашарын маалымдады. Өткөн айда өзбек премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегация Тажикстанда болгон. Өзбек өкмөт башчысын тажик президенти Эмомали Рахмон кабыл ...

0 887

Тажик бийлиги 2005-жылга чейин чыккан унааларды киргизүүгө чек койду

03-февраль 2018, 16:53 Жазгүл Урманбетова

Тажикстандын өкмөтү 2005-жылга чейин чыккан автоунааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган токтом кабыл алды. Токтом 15-февралдан баштап күчүнө кирет. Тажикстанга жеңил автоунаалар Балтика жана Европа өлкөлөрүнөн келет. Көбү 2000-2005-жылдарда чыккан. Импорттолгон автомобилдердин 80% Германия өндүрүшүнө таандык, алардын көбү Opel үлгүсүндөгү машинелер. 2016-жылдын аягында Тажикстанда жарым миллион автоунаа каттоодон өткөн. Алардын 50-60% эски экени айтылган. Айлана-чөйрөнү коргоо комитети мындай машинелер абаны булгап, адам ...

0 521

Cириядан келген тажиктер кайра кетип жатышат

03-февраль 2018, 10:50 Жазгүл Урманбетова

Тажикстандын Сирия жана Ирактагы согуш талааларынан кайтып келген отуз жараны бийлик аларга кечирим берген соң, кайра террордук топторго кошулуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу 2-февралда Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кудратулло Назарзода билдирди. Айтымында, соңку жылдары жалпысынан облустун 72 тургуну Сирия жана Ирактан кайтып келип, кылгандары үчүн өкүнүп жатканын билдиришкен. Бийлик аларга кечирим берген соң 38и жай жашоону тандап ...

0 709

Cапар Исаков Казакстанга барып, санарип боюнча "секирик жасадык" - деди

02-февраль 2018, 18:49 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаков Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык жыйынына жана “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына барган. Форумга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын премьер-министрлери, Азербайжандын, Тажикстандын расмий делегациялары, ири IT компаниялардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышууда.Премьер-министр Сапар Исаков “Таза коом” улуттук программасын ишке киргизүү менен Кыргызстан санариптешүүдө чоң секирик жасалганын билдирди. Ал мындай ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 583

Тажикистанда кытайлык ишкана 350 миллион долларга ТЭЦ курган!

31-январь 2018, 13:58 Жазгүл Урманбетова

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялаган кытайлык ТБЕА ишканасы эки жыл мурун Тажикстанга жаңы ЖЭБ куруп берген. Тажикстандык журналист Абдулло Ашуров "Азаттык" менен болгон маегинде коңшу өлкө бул долбоорду кантип ишке ашырганын жана кытайлык компанияга эмне милдеттер тагылганын айтып берди. - Кытайдын ТБЕА компаниясы ("Tabian Apparatus StocCo" - TBEA) Тажикстанда узактан бери иш жүргүзүп келатат. 2000-жылдардан тартып бул компания өлкөнүн борбору менен түндүгүн бириктирген эң чоң ...

0 521

Хиджабга каршы чыккан аял камактан бошотулду

31-январь 2018, 10:35 Перизат Кутманалиева

Өткөн айда Тегеранда ислам дресс-кодуна каршы тынч митингге чыккандан кийин кармалган аял бошотулду. Ирандык укук коргоочу Насрин Сотуде Фейсбукка “Энгелаб көчөсүндөгү кыз бошотулду” деп жазды. Тегерандын Энгелаб (Революция) көчөсүндө жоолуксуз турган аялдын (аты белгисиз) видеосу Интернетке 27-январда тараган. Видеодо аял ак желегин булгалоо менен милдеттүү түрдө хиджаб кийүү талабына каршы чыккан. Насрин Сотуде прокуратурага барып, ал аял камактан чыкканын билди. 1979-жылдан тарта Иранда ...

0 1179

Жигитин кызганып "бычып" салды!

30-январь 2018, 19:21 Жазгүл Урманбетова

Астананын жашоочусу 36 жаштагы аял өзүнүн жигитинин ден соолугуна олуттуу зыян келтиргендигине байланыштуу кармалды. №2 Есиль районунун соту анны күнөлүү деп тапты. Ушул жылдын 21-январында аталган аял Н. жигитинин телефонунан анын эжеси менен сүйлөшкөн сөздөрүн окуп алган. Анда жигити эжесине ага башка кызды айтып, ал тууралуу баяндап жазганын окуп, андан өч алууну көздөйт. Ошошндой эле уюлдук телефондон ал башка дагы ...

0 1603

Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү80ге толмок... Ислам Каримов бала кезинде кандай болгонун жубайы айтып берди

30-январь 2018, 15:49 Перизат Кутманалиева

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримова жолдошу жөнүндө анын фондусунда маек куруп жатып айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты. Ислам Каримов 30-январда 80 жашка толмок. Ал өлкөнү 1989-жылдан тарта башкарып, 2016-жылдын 2-сентябрында инсульттан 78 жаш курагында көз жумган. Сөөгү Самарканддагы Шахи-Зиндар тарыхый көрүстөнүндө ...

0 953

Ызгаар суукта жаңы төрөлгөн ымыркайды таштандыга таштап кетти

30-январь 2018, 13:56 Перизат Кутманалиева

Повладар шаарында таштанды салынуучу урнага кичинекей ымыркайды таштап кетишкен. Анын саламаттыгы үчүн ак халатчандар бир түн бою күрөшкөн. Таштандыга ыргытылган ымыркай 10 же 12 күн мурун төрөлгөн деп божомолдонууда. Ыргытылган баланы бир кабат жуурканга ороп андан соң таштанды салынуучу урнага салып коюшкан. Ак халатчандар ымыркайды кийиндирип, ичиндирип, ден-соолугун калыбына келтирип өз көзөмөлдөрүнө алышкан. Ак халатчандардын айтымында ымыркай дени соо төрөлгөн. Учурда ымыркайдын ...

0 484

Ислам Каримовдун небереси Улуу Британиядан саясий башпаанек сурады

30-январь 2018, 09:39 Перизат Кутманалиева

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун небереси жана Гүлнара Каримованын 25 жаштагы уулу Ислам Каримов Улуу Британия элчилигинен саясий башпаанек сурады. Бул тууралуу Би-би-синин өзбек кызматы кенже Каримовдун Лондондогу адвокатына шилтеме кылып билдирди. Маалыматка караганда, Өзбекстандын маркум президентинин небереси саясий башпаанек берүү өтүнүчү менен элчиликке бир ай мурда кайрылган. Ал апасы Гүлнара Каримова мекенинде куугунтукка кабылгандан бери Улуу Британияда жашайт. Учурда Каримова ...

0 435

Түрмөдөгү жаран мык жутуп алды

29-январь 2018, 18:23 Перизат Кутманалиева

Интернетте өздөрүн Казакстан түрмөлөрүндөгү “кыйноо, уруп-согуу жана киши өлтүрүүлөргө күбө болгонбуз” деп тааныштырган кишилердин видеожазуулары тарады. Он бир жыл мурун Сарыагышта соттолуп, азыр Семей шаарынын ОВ-156/14 мекемесинде жазасын өтөп жаткан Азат Сатышевдин туугандары ал “түрмөдөгү уруп-сгуу менен кыйноолорго каршылыгын билдирип мык жутуп алганын” айтышты. Сатышев менен акыркы жолу январдын ортосунда жолугушкан туугандары анын ден соолугуна кабатыр болушууда. - ...

0 410

УКМК Бабановдун сөзүн талдаган адистерди суракка алды

29-январь 2018, 14:12 Перизат Кутманалиева

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун шайлоодогу үгүт маалында Он-Адырда сүйлөгөн сөздөрүн талдаган көз каранды эмес адистер тобунун мүчөлөрү УКМКга чакырылганы маалым болду. Топтун бир мүчөсү иштеп жаткан жумушунан алынды. Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер болгон кезинде Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда сүйлөгөнүн талдаш үчүн адистер тобу 2017-жылдын 10-ноябрында түзүлгөн. Бабановдун тарапкерлеринин сунушу менен илимий ишмерлерден түзүлгөн топтун курамында ...

0 508

ВИДЕО- Орусия телеканалы Украинанын Тажикстандагы элчисин «өлтүрүп койду»

26-январь 2018, 13:13 Перизат Кутманалиева

Орусиянын «Россия-24» телеканалы Кабулдун «Интерконтиненталь» мейманканасындагы терактта мерт болгон жети украин жаранынын арасында Украинанын Тажикстандагы жана Ооганстандагы элчиси Виктор Никитюк дагы болгонун билдирди. Элчи менен анын туугандары телеканалдын бул жаңылыгына таң калышууда. Никитюк анын өлүмү тууралуу билдирүүнү жаңылыштык деп эсептебейт. Айтымында, бул Орусиянын мамлекеттик телеканалынын чагымы. «Талибан» кыймылынын жоочулары Кабулдагы мейманканага 20-январда кол салышкан. Анда каза тапкандардын арасында жети украин жараны болгон. «Менимче, ...

0 455

Тажикистан: Адам өмүрүн алган шалаакылык!

26-январь 2018, 11:23 Жазгүл Урманбетова

Хожент шаардык соту Согди облусунун Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун эки кызматкерин адам өлүмүнө алып келген шалаакылык үчүн эки жылга эркинен ажыратты. Бейшембиде Хожент шаарында Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгери Хотам Отамбоев менен лаборант Мехри Юсуповага каршы козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны аяктады. Алар белгилүү актриса, облустук драмалык театрдын башкы балетмейстери Саодат Саломованын өлүмүнө алып келген шалаакылык үчүн ...

0 960

"Самый антисексуальный стриптиз" казак кызынан

26-январь 2018, 11:06 Перизат Кутманалиева

Казакстанда болуп жаткан суук көпчүлүктүн көңүл борборунда. Суук деп эле олтуруп калбаган вайнерлер ар кандай кыскача видеолорду тартып элдин сынына коюшууда. Ошондой видеолордун бири казак кызынан, камера алдында чечинген "Самый антисексуальный стриптиз"-деп аталат. Булак: NazarNews.kg

0 489

Алгачкы жолу Борбордук Азия лидерлеринин саммити өтөт!

26-январь 2018, 10:19 Жазгүл Урманбетова

Биринчи жолу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити өтөт. Бул тууралуу Asia-Plus агенттиги маалымдайт. Буга чейин бул беш мамлекеттик президенттери КМШ, ШКУ жана ЕАЭБтин саммитеринин алкагында жолугушкан. Саясий серепчилердин айтымында, бул саммит чоң бурулушка алып келет деп жомолдошууда. Саммит Казакстан менен Өзбекстандын жетекчилеринин демилгеси менен 2018-жылы Астана шаарында Нурсултан Назарбаевдин төрагалыгында өтөт. Булак: NazarNews.kg

0 486

Казакстанда дагы бир автобус тоңуп калды!

26-январь 2018, 09:31 Жазгүл Урманбетова

Ичинде Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын жарандары болушкан Казакстанда жолдо сууктан улам бузулуп калган автобустун ичинде калгандар куткарылды. Окуя 24-январь күнү эртең менен Кызыл-Ордо-Павлодар унаа жолунун 47-чакырымында болгон. Анда Van Hool үлгүсүндөгү автобустун майы тоңуп калган. "Автобустун ичинде жалпы 81 адам болгон. Алар Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын жарандары болушкан. Куткаруучулар жардамга барышып, жүргүнчүлөр №1-автобустук парктын имаратына жайгаштырылган. Жабыркагандар жок", - деп ...

0 434

Казакстанда өрттөнүп кеткен автобустун 3 айдоочусу камакта!

26-январь 2018, 09:22 Жазгүл Урманбетова

Казакстандын Актөбө облустук прокуратурасы бул тууралуу 25-январда жарыялады. Камакка алынган айдоочулар казак жарандары. Алар автотранспорт каражатын эксплуатациялоонун, өрт коопсуздугунун эрежелерин бузган деп айыпталып жатышат. Расмий маалыматка караганда, тергөөдө автобусттун өрттөнүп кетишине анын ичин жылытуу үчүн май куюлган лампа колдонулганы себеп болгону аныкталды. Эскерте кетсек, бул кырсыктын себебин аныктоо максатында атайын комиссия түзүлгөн. Аталган кырсыктан 52 адам көз жумган. Булак: NazarNews.kg

0 515

ВИДЕО: Италияда поезд жолдон чыгып кетип, андан 5 адам жабыркады!

25-январь 2018, 18:44 Жазгүл Урманбетова

Кырсык бүгүн эртең менен Италиянын каржы борбору Милан шаарынын 40 чакырымдай аралыкта болгон. Мамлекеттик "Ferrovie dello Stato" компаниясынын поезди рельстен чыгып кеткенде 3-5 адам каза тапканы, дагы 5-10 киши жаракат алганы кабарланууда. Темир жолдогу кырсыктын себептери териштирилүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 830

Суукта капрон колготки кийген бийкечтин бутун үшүк алып

25-январь 2018, 17:27 Перизат Кутманалиева

Казакстандын Астана шаарында 4 курстун студент кызы бутуна капрон колготки кийип бутун үшүккө алдырып алган. Андан да ал көп убакытга чейин коомдук транспортту күтүп калган. Азыр студент кыздын абалы туруктуу. Студент кыз 24-январда үйүнө чыгарылган.  Эске сала кетсек, Казакстанда болуп жаткан катуу сууктардан улам 200дөн ашык адам сууктан ар кандай жаракаттарды алып жапа чегишкен. Булак: NazarNews.kg  

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 424

Өзбекстанда тажик тилдүү мектептер жабылып калуусу мүмкүн!

25-январь 2018, 10:19 Жазгүл Урманбетова

Өзбекстандын Ташкент облусунун Бостанлык районундагы беш тажик айылдын жашоочулары мугалимдердин жетишсиздиги маселесин чечип берүү өтүнүчү менен Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттерине ачык кат жолдошту. Кат Өзбекстандагы тажик тилдүү «Овози тожик» гезитинин акыркы санына жарыяланды. Анда 100дөн ашык тургун адискөй мугалимдердин жетишсиздигинен улам тажик мектептеринин жабылып калуу ыктымалдыгына тынчсызданууларын билдиришкен. Бул Өзбекстандагы тажик диаспорасы эне тилинде билим алуудагы маселелерди чечип берүү өтүнүчү менен эки ...

0 458

Дарига Назарбаева аскерий телеканал ачууну сунуштады

25-январь 2018, 09:50 Перизат Кутманалиева

Казакстан президентинин кызы жана парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Дарига Назарбаева аскердик кызматты пропагандалай турган атайын телеканал ачууну сунуштады. Жергиликтүү ММКлардын сенаттын басма сөз кызматына таянып билдиргенине караганда, мындай сунушун Назарбаева 24-январда Улуттук коргонуу университетинде өткөн аскерлерди окутуунун сапатын жакшыртуу маселеси талкууланган жыйын маалында айтты. Басма сөз кызматтан анын кандай типтеги телеканал болорун тактап билдиришкен эмес. 2017-жылы ноябрда Назарбаева ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83