www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азия жаңылыктары
0 737

Мектептеги ок атуудан эки өспүрүм мерт болду

25-январь 2018, 09:10 Перизат Кутманалиева

АКШнын Кентукки штатындагы Бентон шаарчасынын орто мектебинде 15 жаштагы өспүрүм классташтарына ок чыгарды. Штаттын губернатору Мэтт Бевиндин билдиришинче, кол салуудан эки окуучу мерт болду. 15 жаштагы кыз жеринде жан берсе, ошол эле курактагы өспүрүм ооруканада каза болду. Жалпысынан 17 адам жаракат алса, алардын 15ине ок тийген. Кол салган өспүрүм полиция тарабынан кармалды. Азырынча анын эмне себептен мындай кадамга баргандыгы кабарланган жок. Ага ...

0 498

Былтыр балага жыныстык ыдык көрсөткөн 60ка жакын адам камалды

24-январь 2018, 20:19 Перизат Кутманалиева

Кыргызстанда 2017-жылы жашы жете электерге жыныстык запкы көрсөткөн 57 жаран камалган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы балдарга каршы жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып тизмектеген кылмыштардын саны 2017-жылы 600дөн ашкан. - Ошол 600дөн ашуун кылмыштын ичинен 127си жыныстык зомбулук болгон. Бул абдан ...

0 3467

ВИДЕО: Астанада ит басып бара жаткан жеринен тоңуп калды

24-январь 2018, 09:36 Перизат Кутманалиева

Казакстанда ызгаар күчөп, үшүккө алдыргандар көбөйдү. Бала-бакча, мектептер жабылды. 26-январга чейин сууктун күчү түнкүсүн 45 градуска жетери эскертилди. Ушундай суукка чыдай албаган үй жаныбарлары жана сыртта эшикте калып кеткен адамдар тоңуп калышууда. Төмөндөгү тасмадан сиздер ит басып бараткан жеринен катуу сууктан улам тоңуп калганын көрсөңүздөр болот. Булак: NazarNews.kg

0 592

Жүздөн ашуун шоу-бизнес өкүлү салыкчылардын "кара тизмесине" киргизилди

24-январь 2018, 09:26 Перизат Кутманалиева

Тажикстан Салык комитети 100дөн ашуун ырчы, музыкант жана бийчини салык төлөбөй жатат деп айыптоодо. Мекеме тараткан маалыматка караганда, эстрада жылдыздары патентсиз тойлордо ырдап, жеке концерттерин беришүүдө. Тажикстандын Салык кодексине ылайык, 2013-жылдан тарта шоу-бизнес өкүлдөрү мамлекет бюджетине ай сайын 540 сомони (60 доллардан ашык) төлөөгө милдеттендирилген. Буга чейин артистердин кирешелерине жараша салык салынчу. Бирок алардын айрымдары тапкан кирешелерин жашырып койгондуктан, патент киргизилген. ...

0 857

Астанада колу-бутун үшүккө алдыргандар ооруканага кайрылууда!

23-январь 2018, 19:11 Жазгүл Урманбетова

Казакстандын баш калаасы Астанада үшүк алып ооруканага кайрылгандар 30ду чамалаганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ызгаардан улам Астана, Костанай шаарларында, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Павлодар жана Караганды облустарында бала-бакча, мектептер жабылды. Колледждердин биринчи, экинчи курсунда окугандар да сабакка барбай турган болду. Өткөн түнү бул аймактарда аба ырайы -38 градуска түштү. Казгидромет 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска ...

0 535

"Кара тизмеден" чийилген журналист Улуттук телеканалга башкы редактор болду

23-январь 2018, 13:23 Перизат Кутманалиева

Өзбекстандагы белгилүү журналист жана спорт комментатору Хайрулла Хамидов Улуттук телерадиокомпаниянын “Маданият жана маърифат” телеканалында башкы редактор болуп иштей баштады. Мындан тышкары Хайрулла Хамидов “Спорт” телеканалынын комментатору болуп иштөөнү дагы улантат. Ал “Шедевр” автордук берүүсүн алып барат. 43 жаштагы журналист, спорт комментатору, акын жана радиоалып баруучу Хайрулла Хамидов диний ырлары менен белгилүү. 2000-жылдардын соңунда Хамидовдун аудио жана видео баяндары Өзбекстан эле эмес Борбор ...

0 455

Жолдо калган автобус жүргүнчүлөрү куткарылды

23-январь 2018, 11:38 Перизат Кутманалиева

Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарын ташыган эки автобус Акмоло облусундагы жолдо калды. Астана – Петропавловск трассасында Van Hool үлгүсүндөгү автобус күйүүчү майы тоңуп жүрбөй калган. Казакстан полициясы билдиргендей, салондо 43 жүргүнчү – эки айдоочу жана Түштүк-Казакстан облусу менен Өзбекстан жарандары болгон. Куткаруу кызматы жүргүнчүлөрдү Шортанды районунун Бозайгыр айлындагы жылынуу пунктуна алып келип, ысык тамак беришип, түнөө үчүн орун камдашты. Дүйшөмбүгө караган түнү полиция кызматкерлери ...

0 554

Мыйзамсыз алтын чайкоочулар куткарылып, шахта жабылды

22-январь 2018, 09:16 Перизат Кутманалиева

Өзбекстандын Пахтачи районундагы «Каракутан» шахтасында таш басып калган отуздан ашык мыйзамсыз алтын чайкоочу куткарылып, шахта жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Самарканд облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жергиликтүү тургундар мыйзамсыз ишмердүүлүк үчүн жоопкерчиликтен коркушуп, окуя тууралуу мекемеге кабар беришкен эмес. «Биздин кызматкерлер окуя болгон жерге барганда, 17-январда кароосуз калган шахтадан мыйзамыз алтын чайкоочулардын биринин сөөгү чыгарылып, дагы үчөө жаракат алганы аныкталды. Шахтада эч ким калбагандыгы такталгандан ...

0 556

Казакстанда паспорттор латын алфавитинде берилет

20-январь 2018, 16:03 Айдар Нуралиев

Казакстанда 2025-жылга чейин акырындык менен латын алфавитине толук өтүү планына караганда, 2021-жылдан тарта паспорттор, ID-карталары жана берки документтердин латын алфавитинде чыгарылышы көздөлүүдө. Астана өкмөтү тарабынан жарыяланган жарлыкта: «Паспорттор, ID-карталары жана берки иш-кагаздары мамлекеттик тил болгон казак тилинде латын алфавиттери менен жазылган абалга берилет»,-делди. Жарлыкта айрыкча чет өлкөлөр, борбор шаарлар, океандар жана дүйнөлүк саясий картадагы берки ысымдардын да латын алфавитинде жазыла турганы белгиленди. Булак: "trt.net.tr"

0 688

Жарандарыбыз Тажикстанга унаа уурдап барып, эмнеге алмашчу?

20-январь 2018, 13:48 Жазгүл Урманбетова

Уурдалган унааны "мыйзамдаштыруу" боюнча 38 факты катталган. 19 адамга кымыш иши козголду Россияда бул өлкөнүн жарандары менен биргеликте унаа урдоо менен Кыргызстанда туулуп-өскөн адамдар алектенип жүргөн. Бул тууралуу КР ИИМинин маалымат кызматынан кабарлашты.  Бирдирмеге караганда, алар алгач унааны уурдап туруп, кийин ЕАЭБдин аймагында мыйзамдаштыруу үчүн жасалма документ даярдашчу. Машиналарды Россиядан Казакстанга алып өтүп, жергиликтүү кылмышкерлердин коштоосунда Кыргызстанга киргизишчү.  Кийин унааларды Тажистандын чек арасына жеткирип, ...

0 410

Орусиянын Конституциялык соту Навальныйдын арызын караган жок

19-январь 2018, 16:57 Перизат Кутманалиева

Орусиянын Конституциялык соту Алексей Навальныйдын доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу маалымат 18-январда соттун сайтына жарыяланды. Оппозициячыл саясатчы соттуулугу жоюлбагандыгына байланыштуу анын президенттик шайлоого катышуусуна тыюу салган федералдык мыйзамдагы карама-каршылыктарга даттанган. Чечим өтө тездик менен - арыз берилгенден кийин үч күндүн ичинде кабыл алынды. Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Иван Ждановдун айтымында, мындай бат чечим кабыл алуу көрүнүшү буга ...

0 666

Назарбаев Түндүк Кореяны өзөктүк дымактарынан баш тартууга чакырды

19-январь 2018, 13:38 Перизат Кутманалиева

Казак лидери Нурсултан Назарбаев Түндүк Кореяны Казакстандын жолуна түшүп, өзөктүк дымактарынан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал 18-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинин массалык кыйратуучу куралдардын тарашына каршы күрөшүүдөгү ишенимди бекемдөө чаралары боюнча жыйында билдирди. Казакстан «өзөктүк куралдан баш тартып, ири державалардан кепилдик алуу менен» эл аралык беделин бекемдеди», — деп билдирди Назарбаев БУУнун Коопсуздук кеңешинде. Бул айда Казакстан Кеңеште төрагалык кылууда. Ушул эле ...

0 712

Өрттөнүп кеткен автобустун эшиги тосулуп калган

19-январь 2018, 13:10 Перизат Кутманалиева

Актөбөдө өрттөнүп кеткен автобустун капталындагы эшик торолуп калган экен. Курман болгондордун көптүгү ушуну менен түшүндүрүлөт. Бул тууралуу Казакстандын Чукул кырдаалдар департаментинин өкүлү билдирди. "Алдын ала маалыматка караганда электрозым күйө баштаган. Албетте, дүрбөлөң болгон. Элестетсеңер, эки этаж автобус болсо, эшиктери кууш, бирөө тороп калды, үстүнө башкасы жыгылды. Терезелерди талкалоо эч кимдин оюна келбептир", - деди департаменттин Актөбө облусу боюнча бөлүмүнүн өкүлү Виталий ...

0 1229

52 адамдын өмүрүн алган кырсыктын сүрөтү

18-январь 2018, 16:18 Перизат Кутманалиева

Бүгүн Казакстандын Актөбө облусунда чоң жолдо келе жаткан автобус жүргүнчүлөрү менен өрттөнүп кетип, 52 Өзбекстандын жарандары тирүүлөй күүп кеткен. 5 адам аман калган. Төмөндө кргаша болгон жерден алынган сүрөттөрдү көрө аласыздар. Булак: NazarNews.kg

0 455

БШК: Бабановдон мыйзамга жооп берген арыз келген жок

17-январь 2018, 09:32 Перизат Кутманалиева

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдон Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча арыз Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшө элек. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мыйзамдын бардык талаптарына жооп берген документ гана расмий арыз болуп саналат: – Бизге арыз келип түшкөн жок. Мыйзамда көрсөтүлгөн жоболорго жооп бербеген кагаздарды кабыл ала албайбыз. Ошондуктан бизге арыз келип түштү ...

0 770

"Freedom House": Кыргызстан - Борбор Азиядагы жападан жалгыз эркин мамлекет!

16-январь 2018, 17:24 Жазгүл Урманбетова

"Freedom House" көз карандысыз уюму Кыргыз өлкөсүн 100 баллга чейинки көрсөткүч менен санаганда 33 балл менен Борбор Азиядагы жалгыз гана салыштырмалуу эркин мамлекет деп тапты. Ал эми Казакстан 22, Тажикстан 11, Өзбекстан 3 балл менен эркин эмес өлкөлөрдүн катарын толуктаган. "Кыргыз жериндеги саясий элита өз кызыкчылыгы үчүн Конституциялык өзгөрүүлөр боюнча референдум өткөргөн болчу. Өзгөрүүлөр боюнча бийлик президенттен премьер-министрге өтөт. Мындай кадам ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 304

Назарбаевдин АКШга расмий сапары башталды

16-январь 2018, 16:32 Перизат Кутманалиева

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Вашингтонго расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Ак Ордонун басма сөз кызматы билдирди. Үч күндүк сапардын жүрүшүндө Нурсултан Назарбаев АКШнын президенти Дональд Трамп, ошондой эле өлкөнүн расмий жана ишкердик топтору менен жолугат. Андан тышкары казак лидеринин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышуусу пландалууда. Буга чейин Казакстандын расмий ММКлары сапардын алкагында стратегиялык өнөктөштүк жана бир канча миллиард долларлык макулдашууларга кол ...

0 1367

Нурсултан Назарбаевдин карындашы олигархка турмушка чыкты. Тойдо 179 миң долларлык торт элди таң калтырды

15-январь 2018, 15:55 Жазгүл Урманбетова

Казакстандын Шымкент шаарындагы Rixos мейманканасында 14-январда шымкенттик олигарх Серикжан Сейтжановдун небереси Амиржандын жана ишкер, Казакстандын президентинин иниси Кайрат Сатыбалдынын кызы Аружандын үлпөт тою өттү. Күйөө баланын чоң атасы, казакстандык олигарх, меценет Серикжан Сейтжанов Forbes-Казахстандын тизмесинде 18-орунду ээлейт. Анын 2017-жылдагы кирешеси 296 млн долларга бааланган.Серикжан Сейтжанов жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү «САУТС Ойл», Smart-Oil, North Oil жана башка компанияларга тиешелүү болгон «Оңтүстик» ...

0 511

Мирзиёев ИИМди реформалоо зарылдыгын билдирди

15-январь 2018, 15:09 Перизат Кутманалиева

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ИИМди оптимизациялоо жана министрликтин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгын белгиледи. “Биринчиден, экспорт, экспорт жана дагы бир жолу экспорт! Кеп Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоодогу ар тараптуу колдоолор жөнүндө болуп жатат”, – деди Мирзиёев. Өзбек лидери ИИМ жана өлкөнүн чет өлкөдөгү дипмиссияларынын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн арттырууну тапшырды. Өзбекстан президенти 2017-жылы демилгесиздик, шалаакылык жана башка алешемдиктер үчүн Кытай, Жапония, Түркия жана Малайзия баш ...

1 547

Пахта жыйноо планын аткарбаган фермерлер сурак беришүүдө

13-январь 2018, 09:16 Перизат Кутманалиева

Дашөгүз прокуратурасы пахта жыйноо боюнча планды аткарбаган жергиликтүү фермерлерди суракка чакырууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына аймактагы дыйкандар билдиришти. Алардын айтымдарында, фермерлерди пахта жыйноо боюнча аткарылбай калган план үчүн акча төлөөгө мажбурлашууда. Мамлекетке «карыз болуп калгандардын» иши сотко жөнөтүлүп, анда дыйкандарды карызды тез арада төлөөгө милдеттендирген чечимдер чыгарылууда. Талап кылынган сумманы төлөй албагандардын мүлкү мамлекеттин пайдасына алынууда. Фермерлер түшүм жыйноо планы мамлекеттин ...

0 563

ВИДЕО-Жөнөкөй чабан Шакираны туурап бийледи

12-январь 2018, 13:06 Перизат Кутманалиева

Казахстандын Кызыл-Ордо шаарынын тургуну жөнөкөй чабан, Шакираны туурап бийлеген. Бул видеону төмөндө көрө аласыздар. Таланттуу адамдар кайда болсо да өзүнүн таланттын элге тартуулоонун жолун издеп табат деген сөзгө бул видеону көргөн окурмандар сөзсүз кошулат деген ойдобуз. Булак: NazarNews.kg

0 1705

Сойкуканага барган өспүрүм бычак жеп өлдү

11-январь 2018, 15:25 Перизат Кутманалиева

2-январда Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы Денауск районунун сойкукана иштеткен 27 жаштагы жашоочусу 9-класста окуган кардарын жүрөккө сайып өлтүргөн. Бул маалыматты укук коргоо органдарынан ырасташты. Өспүрүмдү өлтүрүүгө шектелип жаткан аял буга чейин сойкукана иштеткендиги үчүн соттолгон. Райондогу активисттердин биринин айтымында, 2-январда жергиликтүү үч бала, анын ичинде 9-класстагы өспүрүм аялдын үйүнө барышкан. «Анда алар аялды талашып, ортодо уруш чыккан. Анан 9-класстын окуучусу үй ээсин сөгүп ...

0 678

Астанада өзгөчө кырдаал

11-январь 2018, 14:42 Жазгүл Урманбетова

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Астана шаарынын мэри Асет Исекешев калаада өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы мэриянын маалымат бөлүмүнө шилтеме берүү менен билдирди. Мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, ишкердик пункттардын, базарлардын жана мекемелердин ишин токтотууга кеңеш берилди. Ал эми өрт өчүрүүчү, полиция, өзгөчө кырдаалдар, медициналык мекемелер, тез жардам жана коммуналдык багыттагы кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бороон-чапкындан улам бүгүн ...

11-январь 2018, 14:42 | 678
0 468

Орусия 10 миң полицияны кызматынан бошотту

10-январь 2018, 15:59 Перизат Кутманалиева

Орусияда 10 миң полиция кызматынан бошотулду. Жол-кайгуул кызматкерлеринин санын азайтууну чечкен Орусия, буга байланыштуу Жарлыкты ишке ашыра баштады. Ички иштер министрлиги, 1-январдан тарта өлкөнүн жалпысында 10 миң жол-кайгуул кызматкеринин кызматынан бошотулганын билдирди. Кызматтан бошотулган полиция кызматкерлеринин, Ички иштер министрлигинин берки бөлүмдөрүндө жумушка орношо ала тургандары маалымдалды. Булак: "trt.net.tr"

0 480

Акүй: Трамп 16-январда Назарбаевди кабыл алат

10-январь 2018, 14:35 Перизат Кутманалиева

АКШ президенти Дональд Трамп 16-январда Вашингтондо Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат. 9-январда Акүй тараткан маалыматка караганда, эки өлкө лидери аймактык коопсуздук жана экономикалык кызматташтык боюнча стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү жолдорун талкуулашат. Трамп менен Назарбаевдин жолугушуусунда бир катар эл аралык маселелер, анын ичинде Ооганстан жөнүндө сөз болот. Бул темалар айдын соңуна чейин БУУнун коопуздук кеңешинде дагы талкууланат. Кечээ, 9-январда Назарбаев Астанада АКШнын ...

0 827

Ксения Собчактын Питердеги штабына «Өлтүр. Же. Кайтала» деп жазылган кат таштап кетишти

10-январь 2018, 09:28 Перизат Кутманалиева

Шейшембиде Ксения Собчактын Санкт-Петербургдагы штабынын кызматкерлери белгисиз адам «Өлтүр. Же. Кайтала» деп жазылган кат таштап кеткенден кийин полиция чакырышты. Штабдын координатору Николай Артеменконун «Новая газетага» билдиришинче, кат Пелевин менен Кастанеданын китептери салынган баштыкта болгон. Айтымында, аны алып келген киши «Биз баарыңарды сыртка чыгарабыз» деп айтып, имараттын дубалына антисемисттик сөздөрдү жазып кеткенин кошумчалаган. Полиция кызматкерлери бул окуяны штаб кызматкерлеринин өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч ...

0 872

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак элине КАЙРЫЛУУ жасады

09-январь 2018, 19:59 Гүлжан Шерипбаева

"Қымбатты отандастар! Қазақстан әлемдегі түрлі сынақтарға төтеп беріп, қарқынды экономикалық даму жолына бет алды. Еліміздің 2050-ші жылға дейінгі ұзақ мерзімді Даму стратегиясы жүзеге асырылуда. Жүз нақты қадам Ұлт жоспары аясында біз реформаларды жүргізіп келеміз. Индустрияландыру саласын өркендету үшін жүйелі жұмыстар атқарылуда. Біз конституциялық реформаны жүзеге асырып, еліміздің Үшінші жаңғыруын бастадық. Рухани жаңғыру бағыты бойынша кешенді іс-шаралар жүргізілуде. «Цифрлық Қазақстан» бағдарламасы қабылданды", - ...

0 414

Коррупцияга айыпталган мурдагы министр басымга кабылганын билдирди

09-январь 2018, 16:57 Перизат Кутманалиева

Астанада сот мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевди суракка алууну улантууда. 37 жаштагы Куандык Бишимбаевди былтыр январда Коррупцияга каршы кызмат камакка алган. Ал “министрликтен мурда “Байтерек” холдингин жетектеп турганда Кызыл-Ордо шаарындагы айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн миллиарддаган теңгени уурдаган жана коррупциялык схема түзгөн” деп айыпталууда. Бишимбаев айыптоолорду четке кагып, тергөө маалында кысымга учураганын билдирди. “Мени камагандан кийин адвокат жок эле тергөө департаментинин директорунун ...

0 528

Оорукана кызматкери катуу соккудан каза тапты

09-январь 2018, 10:56 Перизат Кутманалиева

Түрмөнабадда балдар ооруканасында иштеген жаран катуу токмок жеп көз жумду, деп кабарлады “Азаттыктын” түркмөн кызматы.  Дарыгерлердин медициналык бүтүмүндө анын ден соолугуна байланыштуу өлгөнү жазылган. Бирок маркумдун жакындары анын мерт болушуна ак халатчандар күнөөлүү деп эсептешет. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Маркумдун досунун айтымында, Түркмөнабаддагы балдар ооруканасында иштеген Назар Хыдыровду 21-декабрда иш ордунда белгисиз кишилер сабап, андан соң үйүнө таштап кетишкен. Хыдыров ...

0 911

Пенсионер аял врачка кезекти 5 саат күтүп отуруп каза болду

08-январь 2018, 09:23 Перизат Кутманалиева

Санкт-Петербург шаарынын ооруканалырын биринде улгайган аял беш саат врачтын жардамын күтүп отуруп каза болду. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Каза болгон аялдын небересинин журналисттерге  билдиргенине караганда, чоң энеси өзүн начаар сезип жатканын күндүзгү экилер чамасында айткан. Бир сыйра карап инсульт алдындагы абал экенин түшүнгөн небереси тез жардам кызматын чакырткан. “Үч саатка жакын биз кабылдамада отурдук, андан соң аны реанимациялык эмес неврологиялык ...

0 487

Мирзиёев дүйнөнү өзгөртүп жаткан он лидердин катарына кирди

08-январь 2018, 09:14 Перизат Кутманалиева

Түркиянын Derin Ekonomi басылмасынын саясий баяндамачылары Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди өлкөдөгү жана аймактагы абалды өзгөртүүгө кудуреттүү лидерлердин катарына кошту. Бул тууралуу «Жахон» маалымат агенттиги кабарлады. Тизмеге өз чечими менен өлкөсүндөгү, ошондой эле аймактагы кво-статусун өзгөртүп, эл аралык аренада абалга чоң таасир этүү менен ММКларда көп айтылган ысымдар кошулган. Адистер белгилегендей, Мирзиёев президент болгон күндөн тартып Өзбекстанда реформаларды баштап, жарандардын дин тутуу эркиндиги, ...

0 547

Түрмөнстанда айымдарга унаа айдаганга болбойт!

06-январь 2018, 13:56 Жазгүл Урманбетова

Түркмөнстанда жаңы жылдан тартып аялдарга унаа айдоого тыюу салынды. Бул тууралуу Түркмөнстандын басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 2017-жылдын декабрь айынан тартып, тартип кызматкерлери аял айдоочуларга унаа айдаса айып салына тургандыгын эскерте башташкан. Учурда унаа айдаган айымдардын айдоочулук күбөлүгүн алуу менен унаасын атайын жайларга алып кетишүүдө. Мамлекеттик кызматтарда иштеп, унаа айдаган айымдардан "унаа айдабайбыз" деген тил кат жаздырып алышкан.  Ошондой эле, Түркмөнстанда кара жана күңүрт ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 377

Медиктер кыктын запасын эсептеп чыгууга милдеттендирилди

05-январь 2018, 23:22 Перизат Кутманалиева

Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Шурчин районунда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери менен медайымдары жергиликтүү фермерлерде уй кыгынын канча запасы бар экенин эсептеп чыгууга милдеттендирилди. Медиктер аларды эмгек келишиминде каралбаган иштерди аткарууга мажбурлап жаткандыктарына даттанышууда. – Биз жакында эле алыскы айылдардын бирине барып, анда 20 тонна кык бар экенин эсептеп келдик. Өзүбүздүн негизги милдеттерибизди таштап коюп, уйдун кыгын эсептөө менен алектенип жатабыз. Мунун баары отчет ...

0 1864

Жүргөн жерин чыр коштогон Айжан Байзакова өзүнө күйөө издейт

05-январь 2018, 13:24 Перизат Кутманалиева

Айжан Байзакова өзүн кандай жол менен жазалаш керек экенин айтып жар салды. Ал атайын кыскача видео ролик тартып болуп өткөн окуялардын баары жалган экенин. Эч кандай зордуктоо жана кол көтөрүү болбогонун айтып өткөн.  Айжан Байзакова андан тышкары коомчулукка "мени жазалагасы келгендер мага казак күйөө таап бергиле, ошондо балким мен токтолом. Көпчүлүккө окшоп эркин жана бактылуу аялзатын жек көрүп калам. Ошондуктан мага күйөө ...

0 486

Forbes Kazakhstan: Назарбаевдин күйөө баласы "жылдын бизнесмени"

05-январь 2018, 11:53 Перизат Кутманалиева

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, "Атамекен" улуттук ишкерлер палатасынын президиумдун төрагасы Тимур Кулибаев Forbes Kazakhstan журналы тарабынан “жылдын бизнесмени” деп табылды. Башкы бетине Тимур Кулибаевдин сүрөтү түшүрүлгөн журналдын жаңы саны 4-январда сатыкка чыкты. Тимур Кулибаев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динарага үйлөнгөн. 2011-жылдан бери орусиялык “Газпром” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Тимур менен Динара Кулибаевдер “АЛМЭКС” компаниясы аркылуу Казакстандын Улуттук банкын ...

0 430

Астанадагы Назарбаевге сыйынуу тууралуу билдирүү сандырактык

03-январь 2018, 17:51 Перизат Кутманалиева

Казакстандын Улуу Британиядагы элчиси Ерлан Идрисов британ гезитинин Астананы «менменсинүү долбооруна» салыштырганын негизсиз деп эсептейт. Ал Астанада «жеке адамга сыйынуу» орногону тууралуу пикирди «сандырактык» деп атады. Financial Times (FT) британ гезити 27-декабрда «Мамлекеттин борбору менменсинүү долбоору болгондо» (When a national capital becomes a vanity project) деген макала жарыялаган. Макалада Египеттин президенти Абдул-Фаттах Ас-Сисинин жаңы борбор куруу ыктымалдыгы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу башка өлкөлөрдөгү ...

0 1837

10 жаштагы кызын зордуктап жүргөн

03-январь 2018, 11:07 Перизат Кутманалиева

Анжиян облусунун Избаскан районунун тургуну 10 жаштагы кызына сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүүгө айыпталууда. Бул маалыматты укук коргоо органдарындагы булактар тастыкташты. Маалыматтарга караганда, 35 жаштагы жаран 10 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн кыздын таежеси көрүп калып, эжесине билдирген. – Апасы алты ай бою күйөөсү кызына карата сексуалдык мүнөздөгү шектүү иш жасап жүргөнүн байкаган. Ал жолдошунун күнөөлүү экенине көзү толук жеткенден кийин милицияга кайрылган, – деди ...

0 2211

Казакстан педофилдерди бычып жазаламай болду

02-январь 2018, 13:13 Перизат Кутманалиева

Педофилдерди химиялык бычуу аракеттерине Казакстан тогуз миллион теңгеден ашуун каражат бөлөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстанагенттиги билдирди.  “2018-2020-жылдарга карата республикалык бюджет жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу” тууралуу токтом 1-январдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, 2018-жылдан тарта педофилдерди химиялык бычууга уруксат берген норма ишке киргизилип, күнөөкөр адамдардын организмине кайсы бир убакытка чейин делебени козгобой ...

0 557

Президенттин ысымы ыйгарылган балдар үчүн артыкчылыктар берилбейт

29-декабрь 2017, 19:19 Жазгүл Урманбетова

Өзбекстанда мамлекет башчынын ысымы ыйгарылган эгиздерге белектерди жана башка материалдык жардамдарды берүү тажрыйбасы токтойт. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мындан ары балдарына кандай ысым коюлганына карабастан, бардык ата-энелерге бирдей социалдык жардам берилет. Бир ай мурда төрөлгөн үч эмге Шавкат, Миромон жана Мирзиё ысымын берген Хорезм облусунун жашоочусу жергиликтүү бийлик дагы, президенттик администрация дагы анын ...

0 7149

Аял күйөөсүн коңшусунан кызганып 12 жаштагы кызын мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн талаага көмүп койгон

29-декабрь 2017, 19:02 Перизат Кутманалиева

Самарканд облусунун Пайарык районунда 10-декабрда дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү 15 күндөн кийин талаада көмүлгөн жеринен табылды. Райондук милиция бөлүмүнөн кабарлашкандай, кыздын өлүмүнө анын коңшусу шектелүүдө. Маалыматка караганда, аял күйөөсүн коңшусунан кызганып, анын 12 жаштагы кызын мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн талаага көмүп койгон. Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда райондук милиция кызматкерлери тергөө иш-чараларын жүргүзүшүүдө. – Кыздын атасы беш ...

0 831

Мындан ары ислам дресс-кодун бузган аялдар камалбайт

29-декабрь 2017, 10:26 Перизат Кутманалиева

Тегеран полициясы ислам дресс-кодун сактабаган аялдарды мындан ары камабайт, аларды тек гана кеңешме борборлорундагы окууларга жөнөтүп турат. "Тегеран таймс" гезити 28-декабрда генерал Хоссейн Рахимиге шилтеме берүү менен ислам дерсс-кодун сактабаган аялдар камалып, аларга каршы сот иши ачылбай турганын жазды. Иран басылмалары маалымдагандай, мыйзам бузгандар полициячылар өткөргөн окууларга катышышат. Дресс-код Тегерандан башка аймактарда катуу көзөмөлдөнгөн бойдон калат. Тегеран аймаганда дресс-кодго байланыштуу 100дөн ашуун кеңеш ...

0 1765

Тажикстанда тунгуч президенттин жубайы өрттөн улам каза болду

29-декабрь 2017, 10:04 Перизат Кутманалиева

Тажик бийлиги өлкөнүн тунгуч президенти Рахмон Набиевдин жубайы Майрам Набиеванын өлүмүнүн себептерин иликтейт. Маалыматтарга караганда, 80 жаштагы Майрам Набиева 28-декабрда Худжандда үйүнөн чыккан өрттөн улам каза тапты. “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, кырсык болгон жерде тергөөчүлөр жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Майрам Набиеванын туугандарынын биринин айтымында, өрт күндүн экинчи жарымында чыккан. “Майрам апа үйдө жалгыз болчу, иске уулугуптур”, - деди ал. Майрам Набиева 1937-жылы ...

0 2043

ВИДЕО-СҮРӨТ: Жылаңач кыз балаты коргойт...

28-декабрь 2017, 17:50 Перизат Кутманалиева

Россиянын Иркутск облусунда жогорку окуу жайлардын биринде билим алган Лиана Клевцова Балатыларды коргоо максатында Жаңы-Жыл алдында тирүү балатыларды кыйбагыла деген ураан менен каршылык көрсөтүүнүн өзгөчө ыкмасын ойлоп таап элдин талкуусунда... Ал сүрөттөрүн өзүнүн "В Контактыдагы" жеке баракчасына илип койгон.  Анда төмөнкү сүрөттөргө көз чаптырыңыздар.  Булак: NazarNews.kg

0 727

Aта-энесин багуудан баш тарткандарда жаза күчөтүлдү

28-декабрь 2017, 13:48 Перизат Кутманалиева

Тажикстан парламенти 21-декабрда карыган ата-энелерин багуудан баш тарткандарга кылмыш жоокерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Буга чейин мындай учурларда 120 сааттан 2 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу жазасы берилип келген. Кылмыш Кодексине киргизилген жаңы толуктоолор боюнча мындан ары ата-энесин атайлап багуудан баш тарткандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлагандай, Тажикстанда соңку кездерде балдарынан алимент талап кылган ата-энелердин ...

0 9103

СҮРӨТ-Айжан Байзаковага ийгилик алып келген эротикалуу сүрөттөрү

28-декабрь 2017, 13:22 Перизат Кутманалиева

Казакстандык блогер Айжан Байзакова ушул тапта интернетте катуу талкуу жараткан элдин оюн эки айры жолго салгандардын бири. Айланадагы баардык адамдар бир эле Байзакова тууралуу сөз кылып жатышкан кези деп билдирет Нур.кз сайты. Бирок Айжан Байзакова деген ким экенин билбегендер да бар арабызда. Баарына түшүнүктүү болуш үчүн сиздерге Айжан Байзакованын атактуулукка чейинки сүрөттөрүн жана андан кийинки сүрөттөрүн сунуш кылабыз. Учурда Айжан Байзакова түнкү клубта кыздарды ...

0 570

Санкт-Петербургда жардыруу болду

28-декабрь 2017, 09:22 Перизат Кутманалиева

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында азык-түлүк дүкөнүндөгү жардыруудан он бир киши жараат алды. “Азаттык” радиосунун орус кызматынын билдиришинче, жараат алгандардын ону ооруканага жаткырылды. 27-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7ге чукул болгон окуяда дүкөндүн ичиндеги кампага коюлган жардыргыч зат жарылган деп болжолдонуп жатат. Орусиянын Тергөө комитети дүкөндө колго жасалган бомба жардырылды деп билдирип, анын кубаттуулугун тротил эквиваленти менен 200 грамм деп баалады. Бирок жардыруу боюнча “теракт” ...

0 11109

15 жаштагы кыз гаражда интимдик жакындашуудан соң каза болду

27-декабрь 2017, 12:52 Перизат Кутманалиева

15 жаштагы кыз 19 жаштагы жигити менен интимдик жакындашуудан соң газга ууланып каза болду. Бул кайгылуу окуя Россиянын Пенза обласындагы Земетчино айылында болуп өткөн. Окуя Жекшемби күнү түндө болуп өткөн. Гаражда эки жуп сүйүү менен Lada Priora авто унаасында  алектенген. Гараждын дарбазасы бекитилген, унаанын ичи жылуу болуш үчүн 19 жаштагы жигит унаанын мешин от алдырып койгон. Бирок бир канча убакыттан кийин жаштар өздөрүн жаман сезе баштаган. ...

0 5316

Казакстандык Айжан Байзакова түнкү клубда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн

27-декабрь 2017, 11:04 Перизат Кутманалиева

Казакстандык Instagram жылдызы Айжан Байзакова бейбаштык кылганы үчүн үч суткага камалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги Алматынын Ички иштер департаментине (ИИД) таянуу менен билдирди.  Алматы ИИДнын расмий өкүлү Салтанат Азирбектин айтымында, Байзакова коомдук жайда иш-чара өткөрүп коомдук тартипти жана этикалык нормаларды бузган. Анын ишин райондор аралык сот карап, үч суткага камакка алуу чечимин чыгарды.  “17-декабрда А.Байзакова ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1090

Өзбекстан 105 миллион долларлык бут кийим экспорттой баштады

26-декабрь 2017, 12:33 Жазгүл Урманбетова

Быйылкы жылы Өзбекстан 105 миллион долларлык өлчөмдө бут кийим жана тери буюмдарын экспорттогон. Бул тууралуу "Узбекчармпойабзали” бирикмесиндеги булакка шилтеме берүү менен Podrobno.uz маалымат агенттиги билдирди. Жети жыл мурун бут кийим экспортунун көлөмү 13 миллион доллардан ашкан эмес. Ошентип, аз гана убакыт ичинде экспорттун көлөмү 8 эсе өсүп кеткен. Буга жаңы ишканаларды иштетүү менен өндүрүш көлөмүн арттыруу ...

0 3969

Казакстанда мамкызматкерлердин аккаунтунан эротикалык сүрөттөр табылды

26-декабрь 2017, 09:39 Перизат Кутманалиева

Социалдык тармактарда Казакстандын эки миңден ашуун мамлекеттик кызматкеринин ичимдик ичип, сөгүнүп жүргөн жана эротикалык сүрөт, видеолору табылды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги Коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик кызматтардын ишине мониторинг жүргүзүү боюнча агенттигине таянуу менен жазды.  Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, жыл башынан бери 54 745 мамлекеттик кызматкердин аккаунту текшерилген. Алардын ичинен 2 212 кызматкердин аккаунтунан ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83