www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Бабанов тил комиссиясын канчага сатып алды?

Перизат Кутманалиева 31-июль 2017, 16:31

Саясат Коом Эл пикир


Өмүрбек Бабанов тил комиссиясын канчага сатып алды?

Кыргыз тилин өтө деле жакшы билбеген Өмүрбек Бабанов мамлекеттик тил боюнча экзаменде эң жогорку балл алып оозубузду ачырды эле.

Көрсө, көп өтпөй эле иштин чоо жайын билдик. Өмүрбек Бабанов тууралуу “ал күрд экен” деген сөздөргө каршы аргумент кылып, өзүн таза кандуу кыргыз катары тааныткысы келип комиссия мүчөлөрүнө чоң суммадагы акча берип, жогорку балл алыптыр. Экзаменде берилүүчү суроолордун жоопторун алдын ала берип даярданыптыр. Кайсы кагазды алуу боюнча дагы кайсы жерге коебуз, кайсыны алыш керек баары сүйлөшүлгөн.

Эми ушул уят да, эми эле акчасына чиренип сатып алып. Муну жанындагылар эле айтып беришти, Кубат Болотканов деген жардамчысы уюштуруптур мунун баарын. Эми элесетип көргүлө бакылдаган Бакир уулу жана башкалар аз балл алып атса, орусча тарбия алып чоңойгон чала кыргыз Бабанов кантип жогорку балл алмак эле? 

Эми, өзүнүн банкына келген кардарларды мажбурлап “Бабановго колдоп кол коюп бергиле анан акчаңарды аласынар” деп кол чогултуп жатат. Муну банкка кирген адамдар нааразы болуп канча жолу жазышты. Мындай популисттик жол менен 1 000 000 кол чогултканы жатыптыр. Бирок шайлоодо 1 000 000 добуш ала алабы, ошол маселе.

2010-жылы эң көп добушту Ош, Жалал-Абаддан алган партиясы. Өзүнүн Таласынан 13 миң добуш эле алган. Себеби, “Республикада” Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаевдер бар болчу. 
2015-жылы эң көп добушту Камчыбек Ташиев үчүн Ош менен Жалал-Абад берген. Таластан 16 мин эле добуш алган. 

Эми, Ташиевди алдап кидала кылган үчүн Ош менен Жалал-Абаддагы Ташиевдин колдочулары Бабановго добуш бербейбиз деп намыстанып жатышыптыр. 

Эми Бабанов кезектеги курмандыкты издеп ар кимге биригели деп жүрөт. Бул сапар алдамчы Бабановдун тилектери ишке ашпайт го. Эч ким деле кезектеги курмандык болгусу келбесе керек,-деп facebooк колдонуучусу Кайратбек Жалилов өздүк баракчасына жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549