www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Каралар” шайлоого карата активдешүүдөбү?

Перизат Кутманалиева 02-август 2017, 09:20

Саясат Коом Аналитика


“Каралар” шайлоого карата активдешүүдөбү?

Баякы эле эски салт кайра өз нугунда. Дегеним, Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү кыргыз жараны Мурсалим Өмүрзаковду Россия ИИМи тарабынан депортациялоо боюнча чечим кабыл алган видео интернетке тарады. 

Анда Орусиянын Ички иштер министрлиги 17-июлда кабыл алган чечим боюнча жазасын жаңы өтөп бүткөн Өмүрзаков ал өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсү керектиги, эгер ал аткарылбаса, анда ал Россияга өмүр бою кирүү укугунан ажырай тургандыгы эскертилет. 2013-жылы Өмүрзаков Москвада кылмыштуу топтордун бирин жетектейт деген айып менен кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. Эки жылдан кийин бошонгон. «Мыйзамдагы ууру» деген статусун 2013-жылы август айында Россияда алган.

Эскерте кетсек, мындан бир нече күн мурун Ош шаарында да абакта олтурган “Дженго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадырбек Досонов сот тарабынан акталса, ал эми кечээ, 31-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген ат менен кеңири белгилүү Алтынбек Ибраимов деген жарандын кылмыш ишин карап, аны актаган өкүм чыгарган. Көпчүлүк «каралардын» эркиндикке активдешип жатканын шайлоо менен байланыштырып, саясатчылар «каралардын» күчүнө таянат дешүүдө.

Булак: “Майдан.kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83