www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташиевдин кадыры арта баштадыбы?

Перизат Кутманалиева 02-август 2017, 12:00

Саясат Аналитика


Ташиевдин кадыры арта баштадыбы?

Президенттикке “Ата-Журт” партиясынан талапкер катары учуп чыккан Камчыбек Ташиевдин тегерегине мурда-кийин бийликте чечүүчү кызматта олтургандар топтоло баштаганы, алар: “Камчыке, биз сени колдойбуз, аягына чейин барсаң жеңип чыгабыз”,- деп дем-күч болуп турганы чынбы? Коомчулукта буга чейин: “Камчыбек Ташиев до конца бара албайт, акчасы да, духу да жетпейт, анын максаты соодалашуу”- деген кеп тараган болчу.

Биздин кабарчы Ташиведин штабына барып келди. Бир да штабта мындай кызуу жумуш сезилген эмес. Карапайым элге гана таянган, алардын эртеңки келечеги үчүн башын тобокелчиликке салган Камчыкенин штабында бүгүн колдоп келген адамдардын катары аягы суюлбай турган учур.

Өткөн президенттик шайлоодо бийликтин кысымына карабастан 300 миңден ашуун добуш алган Камчыкеге президенттик шайлоо алдында байы, кедейи да көп каттаганы эмненин белгиси? Миллиондорун Камчыкеден аябай бергиси келгендердин да максаты бир – элге күйсө ушу Ташиев гана күйө алат, башкасы ичкен-жегенди гана билет… Кол топтоо жүрүп жатат. Тил экзамени турат.

Бирок, Ташиевди азыр фавориттер катарына кошпогон борбордогу акча көзүн караган эксперттер терең жаңылышып да калышы ырас го?

Булак: “Майдан.kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83