www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Апасы менен инисин баккан Айчүрөктүн үй-бүлөсү кайрадан батирсиз калды

Перизат Кутманалиева 09-август 2017, 10:18

Коом Кайрымдуулук


Апасы менен инисин баккан Айчүрөктүн үй-бүлөсү кайрадан батирсиз калды

Майып энесин жана бир тууган инисин багуу үчүн эртеден кечке базарда баштык жана картон кагазынын калдыктарын чогултуп иштеген Айчүрөк менен анын үй-бүлөсү батирге акча төлөй албаганы үчүн, үйдөн чыгарылганы турат. Бул тууралуу Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманова  кабарлады.

Айчүрөк Сулайманова баспай калган майып энеси, 10 жаштагы иниси менен Ош базарына жакын жердеги жатакананын бир бөлмөсүндө айына 6 миң сом төлөп турушчу. Анын окуясын былтыр  жазгандан кийин, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, кызга жардам бергендер көбөйгөн.

Буга байланыштуу Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманованын атына банкта атайын эсеп ачылып, кийинчерээк демөөрчүлөрдүн көмөгү менен үй-бүлө бардык шарты бар батирге көчүрүлгөн. Батирдин акысын Human Appeal International аттуу кайрымдуулук уюму төлөп турмак болгон. Аталган уюмда жетекчилик алмашып кетип, жаңы башчы батирге акча төлөөдөн баш тарткан. Батир ээси Сулаймановдорду үй-бүлөсүн август ичинде чыгып кетүүсүн талап кылган.

Human Appeal International уюмунун жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок

Айчүрөк сабагын жакшы окуп, медициналык колледжге тапшырууну көздөп жүргөн. Эми кайрадан базарга чыгып иштөөгө аргасыз болушу мүмкүн. Ал азыр 9-класска көчтү. Ал эми Ырыскан Сулайманова ден соолугуна байланыштуу жумуш кыла албайт. 

Булак: "Азаттык"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83