www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаирбек Маматокторов: Трайбалист Турсунбек Акун, бийликке кошомат айткандан көрө, Текебаевдин сотуна барып колдоп койбойбу?

Перизат Кутманалиева 15-август 2017, 16:47

Эл пикир Коом Саясат


Шаирбек Маматокторов: Трайбалист Турсунбек Акун, бийликке кошомат айткандан көрө, Текебаевдин сотуна барып колдоп койбойбу?

Качан таза шайлоо болот?

Бүгүн, Мелис Аспеков иним чакырган "Таза шайлоо2017" аттуу тегерек столго катыштым. Жана, уюштуруучулар кайра кайра эле качан таза шайлоо болот деп сурап жаттыңар. 

Жөнөкөй мисал, бет маңдайда олтурган Турсунбек Акун сыяктуу кубулма, сатылма, ашмалтай ыплас трайбалисттерди мындай иш чарага кошпогондо. Акыйкатчы болуп шайланган Акун, алгачкы күндөн тартып түштүктүк кызматкерлерди жумуштан кууганын апараттын кызматкерлери тастыктап берет.

Аны тастыктатпай эле, мына бүгүн Батукаевдин пресс-катчысы "бүт түштүктүктөр" бириктиңер депАхматбек КелдибековКамчыбек Ташиев (Kamchybek Tashiev)Бакыт Торобаев / Bakyt Torobaev жана Адахан Мадумаров түзгөн саясий бирикмеге асылды. Темир Сариевдин бою кыскалыгын сынга алып, өзүнүн ою кыскалыгын жана деңгээли ушунчалык төмөн экенин тастыктады. Анысы аз келгенсип, бийлик жакшы иштеп жатат деп, ачык эле кошоматчылдык кылып жатат.

Дал ушул кезде, ал ошол кылган "эмгеги" үчүн "гонорарын" алып жатпаганына ким кепилдик бере алат? Андан көрө, ар дайым Акунду "крышевать" эткен Текебаевдин сотуна барып, мурдагы патронуна адамгерчилик үчүн да болсо колдоо көрсөтүп койбойбу? Залдагы аялдар менен ажылдашкандын ордуна, алжыган аксакал. Эмилбек Каптагаев агабыз болсо сүттөн ак образды кийип алыптыр.

Бийликке башкасы сын айтса да, ушул сиз айтпай эле койбойсузбу? уБактылуу Өкмөттүн так төбөсүндө олтуруп, каалагандай калчап жаткан кезиңиз эстен чыктыбы? Же башка саясий күч азыр бийликтеби? Роза Отунбаева экөөңөр түзгөн пландар боюнча Атамбаев президент болгону жалганбы? Ата-бейитте туруп ант бергениңердин бирөөсүн аткардыңарбы?

Ош окуялары боюнча 1 бир кишини жазага тарттыңарбы? 2010-жылдагы Конституциялык Кеңешме Баш мыйзамдын акыркы вариантын кечинде уБактылуу Өкмөткө кийиргенбиз. Ал вариантта, Конституциялык Сот өз алдынча болгон бойдон калган эле.

Ишенбесеңер, Текебаев өзү да тастыктап берет. А сиз, Отунбаева экөөңөр, ошол эле Сариев, Атамбаев, Текебаев, Бекназаров болуп, Консотту түнү менен "сойгонсуңар". Констотту, Жогорку сотко "квартирант" кылып койгон так силердин эмгегиңер эмеспи? Анын зыянын бүгүнгө чейин жөнөкөй жарандар да, өз пикири бар активдүү адамдар да тартып келет. Эми болсо бийликтен шыпырылганда оппозиция болбой эле коюңузчу. Мына ушундайларды кошпогондо, таза шайлоо болот.

Сөз кези келгенде айта кетейин,Равшан Жээнбеков айтып кетти, азыркы кезде сөз эркиндигине өзгөчө басым болууда деп. Туптуура, айтканыңызда калет жок.

Бирок, сиз эми эсиңизге келип жатасыз окшойт. 2014-жылы, бүгүн сиздин жаныңызда олтурган Камила Талиева эжем маалымат жана маданият министри болуп турган кезде, жеке менчик болгон ОШТВ каналынын башкы директору Маматокторов Шаирбекти өзүнүн мыйзамсыз буйругу менен иштен алып, Ош шаардык сотун, прокуратурасын мага каршылаштырып, аягында УКМКга алпарып каматканда башталган.

Баягыда Камила эжемдин өзүнө айтсам, "ой кокуй, ошондой болду беле? Болсо дагы, сен экениңди такыры билбептирмин" деп күлүп койду. Эже, сиз депутат кезде, мен ЖКтин басма-сөз кызматын жетектейт элем го. Күн ара, Талант Мамытов досумдун кабинетинде учурашып, сүйлөшүп эле жүрчү элек го. Төраганын визитинде Татарстанга барганбыз, жолду ката сүйлөшүп. Министр болгондо эле эсиңизден чыгып кеттимби?

А бүгүн баарыңарга сөз эркиндиги керек болуп калдыбы? Ошол кезде кайда элеңер? Кана демократия? Кана ошондо бүгүн баарыңар жактап жаткан заноза, вечерка, азаттык ж.б толгон токой укук коргоочулар?

Мартин Нимеллер айткандай " Когда они пришли за коммунистами, я молчал — я не был коммунистом. Когда они пришли за социал-демократами, я молчал — я не был социал-демократом. Когда они пришли за профсоюзными активистами, я молчал — я не был членом профсоюза. Когда они пришли за мной — уже некому было заступиться за меня" так азыркы сөз экриндиги жетпей жаткандарга, саясий куугунтук жегендерге арналат.

Жэ, Ошто сөз эркиндиги болсо болбойбу? Сөзсүз борбордогу ММКны Салянова, андан кийин Жолдубаева иш козгоп басмырласа эле айкырып чыгасыңарбы? Сөзсүз эле Атамбаевдин пайдасына 27 млнду Нарын Айып сыяктуу журналисттин мюнуна илгенде, Дайырбек Орунбековко 2 млн, ж.б га миллиондорду илгенде эсиңерге келдиңерби? Кош стандарттан качан айрылганда гана таза шайлоо болот. 

Кадыржанга паспорт саткан Эдил Байсалов болсо тим эле "няшка" болуп, кадыресе момоюп олтурду. Ушундай акылдуу, билимдүү , бирок кубулма-сатылмалардын арылганда таза шайлоо болот.

Бетке айткандын заары жок. Так ошол жерде айтайын деп кайра-кайра сөз сурасам, Мелис Аспеков менен модератор Бакыт Аманбаев сөз бербей койдуңар.

Булак: NazarNews.kg

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549