www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу, суу, суу керек: Чычкан аке, мышык аке, жолборс аке суу берчи! Бактуу-Долоноту айылынын тургундары 3 айдан бери таза суусу жок жашап жатышат!

Жазгүл Урманбетова 16-август 2017, 20:21

Эл пикир Коом


Суу, суу, суу керек: Чычкан аке, мышык аке, жолборс аке суу берчи! Бактуу-Долоноту айылынын тургундары 3 айдан бери таза суусу жок жашап жатышат!

Урматтуу "NazarNews.kg" маалымат агенттиги! Сиздердин жамаатка кайрылганыбыздын себеби, биз Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын тургундары 3 айдан бери таза суу жок жашап жатабыз. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби, таза суу жоктугуна байланыштуу экинчи ирет кайрылып жатабыз. Себеби, суу чыгарып куруу курууга  1млн. 700 миң. сом бөлүнүп берилген эмес. Биздин кайрылуубуз акимге, облустун губернаторго, УКМКга, КР премьер-министрге, телевидениеге кайрылганыбыз текке кетти. 17 млн.сом бөлүнүп берилгенден жыйынтык чыккан жок. Дагы башка тийиштүү органдарга кайрылуубуздан пайда чыккан жок! Башында таза сууну мөңгүдөн (10км аралыкта) алабыз деп ойлогонбуз, ал да ишке ашкан жок. Башынан элдин сурануусун угушканда, мындай маселе жаралбайт болчу. Ал эми Өкмөт кандайдыр бир ичеги-карын ооруларынын пайда болушун күтүп отургандай туюлат. Эмнеге буга эч ким көңүл бурбай жатат?  "АРИС" эң биринчи коррупционер болуп саналат, анткени аларга жергиликтүү тургундардын эмне ичип жатканы деле кызыктырбайт.

Эң акыркы үмүтүз силерде! Биз улуттук стратегияда айтылган таза суу маселеси ишке ашат деген ойдобуз. Таза суу - бул улуттун жаркын келечеги жана ден соолугу! - деген кат менен Бакыт аттуу деген жаран кайрылган.

Байланыш номери: 0555 422 387

Эске салсак, редакцияга келген каттар эч өзгөртүүсүз берилет жана NazarNews.kg маалымат агенттиги келген каттардын маани-маңызына жооп бербейт!

Булак: NazarNews. kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83