www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Регионалдык баланс сакталбай калды. Чыке спикерликтен кетиши зарыл

Перизат Кутманалиева 31-август 2017, 12:45

Саясат Коом Аналитика


Регионалдык баланс сакталбай калды. Чыке спикерликтен кетиши зарыл

Ошентип, Сапар Исаков премьер-министр болуп шайланды. Кандай гана кара пиарлар орун албасын, ал баарын жиреп өтүп, мамлекеттин жогорку кызматынан орун алды.

Коомчулук жаш кадрдан үмүт кылып турганы байкалууда. Сапар мырза кочкорлук болот. Спикер Чыныбай Турсунбеков нарындык. Ошондо эң жогорку эки креслону Теңир-Тоонун кулундары ээлеп алышы кандай ыя? Башка региондогу элибиз нааразы болбойбу?

Андыктан, Турсунбеков кызматын өткөрүп берип, жөн эле депутат болуп жүрүшү мезгилдин талабы болууда. Эмитен эле эл ичинде тескери кептер башталып аткандай, «эки нарындык болобу? Бири өкмөт башчы, экинчиси спикер. А башка регионалдык баланс неге сакталбайт?» дегендей каңкуулашууда.

Сыягы, Чыке сентябрь айы менен төрагалык кызматын сыйы менен тапшырып кетпесе, саясый кырдаал ырбап кетпейби?

Булак: “Азия ньюс”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83