www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дональд Трамп Кыргызстандыктарды куттуктады

Жазгүл Урманбетова 01-сентябрь 2017, 13:48

Дүйнө жүзүндө Куттуктоолор


Дональд Трамп Кыргызстандыктарды куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Кошмо Штаттар өз ара ишенимдин, теңчиликтин жана урматтоонун негизиндеги мамилелерге берилгендигин ырастайт. Алдыдагы президенттик шайлоолорго байланыштуу Кыргыз Республикасында аймакта биринчи болуп демократиялуу жол менен шайланган лидерге бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү боюнча тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлдү" - деп айтылат куттуктоодо.

"Биз эки элдин ортосундагы байланыштарды чыңдап, аймактык алаканы жакшыртуу максатында кызматташып, өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга өбөлгө түзүү иштерин улантабыз деп ишенебиз”, -деп белгиленет АКШ Президентинин куттуктоосунда.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83