www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдыганы Эркебаев беш бөлмөлүү үйү менен 40 сотых жерин бала бакчага айландырды!

Жазгүл Урманбетова 01-сентябрь 2017, 19:36

Кайрымдуулук Коом


Абдыганы Эркебаев беш бөлмөлүү үйү менен 40 сотых жерин бала бакчага айландырды!

Коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы 5 бөлмөлүү үйүн 40 сотых жери менен бала бакчага пайдаланууга берди. Заманбап шарттар түзүлгөн турак үйдүн документтери бүгүн, 1-сентябрда мектептеги иш-чарада тапшырылганын айыл тургуну Рахматила Азимов кабарчыга билдирди.
Ошондой эле, өзүнүн китептерин аталган айылдагы Ак-Суу орто мектебине белекке тапшырган. Буга чейин бул айылда бала бакчанын жоктугу чоң көйгөй жаратып келген эле.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мурунку президенти А.Эркебаев 1953-жылы Кара-Тейит айылында төрөлүп, ошол айылда өскөн. Академик 8 китептин жана 150дөн ашык илимий макалалардын автору.
Булак:Турмуш


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549