www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мусулмандар презерватив колдонсо болобу?

Перизат Кутманалиева 07-сентябрь 2017, 14:54

Коом Илим


Мусулмандар презерватив колдонсо болобу?

Суроо: Биз келинчегим экөөбүз ынтымакта жашайбыз, бактылуубуз, бири-бирибизди сыйлайбыз. Биздин эки уулубуз бар. Учурда дагы бир балалуу болууну ойлонуштуруп жатабыз... бирок, мен дагы, жубайым дагы чочуркап атабыз. Бизде мындай маселе буга чейин болгон эмес эле. Азыркы кырдаалда биз үчүн бул маселе актуалдуу болуп, башкы орунга чыкты. Деги эле презерватив колдонсо болобу?  

Жооп: Алланын аты менен, бул дүйнөдөгү баарына ырайымдуу, ал эми чын дүйнөдө ишенген адамдарга гана ырайымдуу.

Ас-Саляму алейкум ва рахматуЛлахи ва баракатух!

Эгер күйөөсү да, аялы да бул нерсеге макул болсо, жана эч кандай каражат меселесине (жакырчылыктан коркуу) көз каранды болбосо, анда күйөөсүнө контрацепция каражаты катары презерватив колдонууга болот. Мисалы, эгер жубайлар аялынын денсоолугунун начардыгына байланыштуу, же болбосо аялы дагы бир баланы багууга физикалык жактан жетишпесе, же медициналык себептер менен башка балалуу болбоого врач кеңеш берген учурда гана контрацепцияларды колдонууга болот.

Финансылык себептерден улам, эгер жубайларда дагы бир балалуу болуу кошумча каражаттарды сарптоого туура келет деп ойлоп жатышса, контрацепцияларды колдонууга болбойт. Алла бул дүйнөдү ар бир адамды өз ырыскысы менен жаратат. Көп балабуу болуу эч убакта финансы маселесине келип такалбаш керек. Аллах Куранда мындай деп айтат:

وَمَا مِنْ دَابَّةٍ فِي الْأَرْضِ إِلَّا عَلَى اللَّهِ رِزْقُهَا وَيَعْلَمُ مُسْتَقَرَّهَا وَمُسْتَوْدَعَهَا كُلٌّ فِي كِتَابٍ مُبِينٍ

“Жер жүзүндө Алла азык менен камсыз кылбаган бир дагы тирүү жандык жок. Алла алардын кай жерде жүргөнүн жана кандай жерден орун алганын (эненин курсагындабы, же жер астындабы) билет. Мунун баары так жызылган” (Куран: 11:6)

Мындан көп балалуу болуш керек экендиги айтылат. Алланын пайгамбары (салляллаху алейхи уа саллям) мындай деген:

تزوجوا الودود الولود فإني مكاثر بكم الأمم

“Көп төрөгөндөргө (аялдарга) үйлөнгүлө! Чынында, башка коомчулуктун астында  мен сиздердин көпчүлүгүңүздөр менен сыймыктанам (Акыр заман болгондо)!” Абу Дауд 2050.  (Абу Дауд, Хадис  2050, Макал бин Яшар жеткирген)

Ал эми Алла баарын билет.

Булак: "Ислам тудей"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549