www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Ванга: "Американы жер жүзүнөн көргөн жокмун" ... Чындыкка дал келген Ванганын айткандары...

Жазгүл Урманбетова 07-сентябрь 2017, 20:30

Илим Дүйнө жүзүндө Коом


ВИДЕО -  Ванга: "Американы жер жүзүнөн көргөн жокмун"  ... Чындыкка дал келген Ванганын айткандары...

Ванга көзү ачыктардын эң күчтүүсү болуп саналып келет. Ал алдын-ала баарын айтып койгон. Болгариялык көзү ачыкка жогорку баскычта иштеген адамдардан - жөнөкөй жана ооруга чалдыккан адамдарга чейин келип келечегин билип кетишчү.

1988-жылы ал; "2017-жылдан кийин Жерди алдыда жаман нерселер күтөт. Адамдар суудан жана абадан аркы дүйнөгө кетет"- деп айткан. Ал жакында ядердик согуш болот бирок ал жардыраарда ишке ашпай калат. Орусия буга чекит коет деген. Ал кимдин качан бул дүйнө менен кош айтышаарын да билген.

Мисалга, Индира Гандини кайсыл көйнөктө кийип көз жумаарын алдын-ала айткан. Көзү ачыктын айтымында: күндүн нуру башкача болуп, жаратылыш элдерге каарын төгөт! Таза суу табылбай калат, аарылар жоголот, согуштар көбөйөт! Мунаралар көбөйөт, өсүмдүктөр жоголот, жаныбарлар менен адамдар жаандын улуу затынан өлөт, деп айтканына эч ким деле маани берген эмес. Бул айтылган сөздөр Японияда ишке ашканы баарыбызга маалым!

Көзү ачык - Ванга кичинекей кезинде чагылган түшүп көзү такыр көрбөй, азиз болуп калган. Эмне үчүн ал 2017-жылды көп айткан. Ал Американын жер жүзүнөн көрбөй элемин, бүт Европаны мусулмандар башкарат деген. Эки жардыруу болот: алар АКШнын жана Япониянын ортосундагы океанда болот. Океан жаман болуп, толкуп, көтөрүлүп чыгат. Нострадамус дагы Америкага катастрофа келетдегени бар.

Бул абдан кызык, бирок, алардын айткандарын азыр көрүп, күбө болуп жатабыз. Учурда Америкадагы бороондон болуп көрбөгөндөй кыйроолорду көрүүдөбүз. 2017-жылды абдан көп кыйынчылык алып келген жылдардан болот деп айткан Ванга, өлкөлөр абдан көп кырдаалдарга туш келет, ал бир тууган менен бир тууган согушат деп айтканы туура келип Украина менен Россия согушуп канча деген жарандар көз жумду.

Сергей Костернойго маалымат берген Ванга: "Кирдеген кагаздардын көбөйүшөн күткүлө, алар ыпылас!" - деген. Ал мунун менен акчанын көбөйүшүн айткан.Тамак-аш жок калат, адамдар бири-бирин түшүнбөй, роботко айланат, ошондой эле, Америкадагы Эки Мунаранын кулашын айтып:"Эки кара карга келип, эки мунараны чокуйт", Американын 44-президенти кара түстөгү адам келет. Ал адам акыркы президент болуп калат!, десе 1995-жылы, "Суу - көп мамлекетти жердин бетинен сүрүп чыгат, адамдардын башына оорчулук болуп, жерге чоң астероид келип түшөт ошондон башталат" - деп айтып кеткен. 

Дүйнөгө белгилүү Дэвид Мид аттуу белгилүү аалым: «Жер 2017-жылы октябрда Марс менен кагылышып, толугу менен жок болот», деп айтканы бар. Бул тууралуу «Камшы» порталы жазып чыккан эле.

Ал мындай маалыматын, өткөн жылы сентябрь айында изилдеп чыккан эмгектерине байланыштырып айткан. Айтымында, “жер жабыр тартып, жок болуп кетүүнүн белгилери көрүнүп жатат, бирок, коомчулук аны байкабай калат”, - деген.

Илимпоз Дэвид Миддин эсеби боюнча, боло турган кырсык 2107-жылы «Планета X» жана «Бийкеч» жылдыздары кагылышып, 5-октябрда Күндүн бети толук жабылып калат, деп тастыктаган. Буга далил катары окмуштуу, акыркы жылдары жер жүзүндө тез-тез жер титирөөлөр жана жаратылыш кырсыктары болуп тургандыгын эсепке алган. 

Андан тышкары «Планета X» теориясын, илимпоз Роберт Вичино дагы ырастаганы менен окмуштуулардын арасында бул көрүнүш ар кандай талаш-тартышты жараткан.

Эске сала кетсек, окмуштуулар жер бетинде аба ырайы өзгөрүп, алдыдагы 10 жылдын ичинде жер жүзү жок болуп кетүү коркунучунда экендигин айтып чыгышкан. Алсак, 2016-жыл, акыркы кылымда эң каттуу ысыган жыл болуп катталган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83