www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салянованын Кыргызстандагы өөрчүп кеткен коррупцияга каршы күрөшү Атамбаевге келип такалабы

Чынайым Кутманалиева 11-февраль 2017, 01:08

Маек


Салянованын Кыргызстандагы өөрчүп кеткен коррупцияга каршы күрөшү Атамбаевге келип такалабы

Жолдошбек Сыдыков,  профессор: "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү, Нарын мамлекеттик университетинин  профессору,  2015-2016 жылдары  Нарын шаардык  кеңешинин депутаты болгон Жолдошбек Сыдыков менен сүйлөшүп, айрым суроолорго жооп алдык.

-Жолдошбек мырза, Атамбаевге импичмент жарыялоо канчалык реалдуу?

-Импичмент ишке ашпаса дагы, анын саясый мааниси өтө зор деп эсептейм. Анткени бул кыргыз коомчулугунун басымдуу болугунун пикири. Албетте, Жогорку Кеңештин  депутаттарынпозын көпчүлүгү импечментти четке кагат, бирок и импичменттин себептерин бүткүл коомго ачык угузуу Кыргызстандын келечектеги саясый өнүгүүсүнө чоң итивдүү таасирин берет.

-Бийлик бир кездеги үзөнгүлөшү Аида Саляновага мынча  эмнеге өчөшүп, аны сындырууга аракет жасап жатат?

-Ким , балким Аида Салянованын Кыргызстандагы өөрчүп кеткен коррупцияга каршы күрөшү Атамбаевдин өзүнө келип такалгандыр. Ошону сезип, күн мурунтан тузакка илип, күнөөлүү кылып салалы дешип жатса керек.

-Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин түбүмө Салянова жетет деп кооптонуп  жатабы?

-Андай ойлор же сунуштар болушу толугу менен мүмкүн. Анткени Аида Салянова мыйзамсыздык менен тайманбай, аёсуз күрөшүүгө даяр адам экен. Президент кеткенден кийин анын жана анын тегерегиндеги адамдардын үстүнөн көптөгөн кылмыш иштер ачылат. Ал иштерди аягына чейин жеткире турган Саляновадан башка эч ким жок.

-Катастрофага учураган боингдеги товар кыргыз чиновниктерине тийешелүү деген сөздүн канчалык чындыгы бар? Эмне үчүн “белизгейт” операциясына чекит коюлбай жатат? Илим Карыпбеков бүгүн Белизден ал апостильдин нукуралыгын тастыктаган документ келди деп салды го...

-Катастрофага учураган Боинг боюнча ишти аягына чейин иликтеп чыгуу өтө зарыл. Бул кырсыктын аркасында эл аралык контрабанда бар экени көрүнүп турат. “Белизгейт” бул атайын уюштурулган фальсификация, провокация экендиги толугу менен далилденди. Белизгейттин уюштуручулары жоопка тартылышы абзел. Илим Карыпбеков КТРКны жалган таратуу машинасына айлантып салды. Ал дагы жоопко тартылышы керек. Апостиль нукура, бирок апостиль документин мазмуунун тастыктабайт. Илим Карыпбеков Белизгейт провокацияснын (жалоонун) сырын өзү ачып салды.

-Келдибеков, Мадумаров жана Ташиевдин кимисинде президенттикке чыгуу мүмкүнчүлүгү  бар? Себеби бизде таза шайлоо баары бир болбойт эмеспи...

-Келдибеков, Мадумаров жана Ташиевдин презденттике чыгууда мүмкүнчүлүктөрү (финансалык, административтик, имидждик, электоралдык ж. б.) өтө чектелген. Андан тышкары, өз ара биримдиги жоктой көрүнөт (мисалы, Келдибеков менен Мадумаровдун). Президенттк шайлодо күрөш катуу болот, чектен дагы чыгып кетиши мүмкүн. Азыркы парламенттеги партиялар өтө күчтүү.

Шамил Карабала уулу, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83