www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке Балыкчыдан жөнөкөй адам аттанды

Чынайым Кутманалиева 11-февраль 2017, 01:18

Маек


Президенттикке Балыкчыдан жөнөкөй адам аттанды

Акжолтой Тукунов,  “Балыкчы Акжол Ынтымак” коомунун жетекчиси: “Сенин пейилиң ток, жейин деп жулунбайсың деп президенттикке  ат салыш деп жатышат”

 “Балыкчы Акжол Ынтымак” коомунун жетекчиси, мурда Акыйкатчылык кызматка талапкер болгон  Тукунов Акжолтой менен баарлашып, президенттик жарышка чыгууга камданып жатканы боюнча сүйлөштүк.

-Акжолтой, “Балыкчы Акжол Ынтымак” коому кандай иштер менен алек болот?

 -Биз карапайым адамдардын аз болсо да жүгүн жеңилдетели деп колубуздан келишинче жардам беребиз. Башкача айтканда, Балыкчы шаарында   башталгыч класстарга билим берген “Айша” кыздар интернатын уюштурдук.  Жыл сайын аталган интернатка жана жардамга муктаждарга кол сунуп,  керек деген нерселерди алып беребиз. Ошондой эле элге да, мамлекетке да пайдалуу жакшы демилгелерди ишке ашырып, элди ынтымакка, тазалыкка үндөгөн акцияларды уюштуруп турабыз. Айтайын дегеним, 2016-жылы “Ыссык-Көлдү таза сактайлы” деген акциянын негизинде Балыкчыда жайгашкан “Толкун”, “Сейил” деген  эки понсионаттын ичин да, тышын да тазалап, жалпысынан 6 тонна мусор чыгардык. Муну менен эле токтоп калбай  жаштарды сергек жашоого үндөө үчүн спорттук мелдештерди өткөрүп, элге майрам тартуулайбыз.

-Бул коомду элге кол кабыш кылуу үчүн ачтыңарбы  же саясатка аралашып калсам, элдин колдоосуна ээ болоюн деген максатта ушундай жакшы саамалыктар менен алек болосуңарбы?

- “Балыкчы Акжол  Ынтымак” коому кагаз жүзүндө былтыр гана каттоодон өтүп, юридикалык күчкө ээ болгонубуз менен 5 жыл мурда эле патриоттор биригип алып, элдин алкоосуна татыган  иш-чараларды уюштурчубуз. 

  Мен мындай иштерди депутат же министр болуу максатында эмес, карапайым  адамдарга жардам берип, жаштарга үлгү болуп, кичи мекенимдин сыймыктуу уулуна айлануу үчүн жасайм. Бирок, менин саясатка аралашам деген амбициям болбогону менен мени колдогон адамдар адилеттүүлүк, калыстык менен иш кылганымды жактырып, Акыйкатчылыкка да талапкер кылдырышкан. Бу сапар президенттикке сендей гана адам татыктуу болот. Сенин пейилиң ток, жейин деп жулунбайсың деп президенттикке да ат салышымды сунуштап жатышат. Президенттик шайлоого катышамбы жокпу аны убакыт көрсөтөт. Бирок, мени президенттик так үчүн ат салышымды сунуштап жаткандарга ыраазычылыгымды билдирем...

Асылкан кызы Перизат, "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83