www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тарыхы жок саясат да, экономика да жемишсиз

Чынайым Кутманалиева 11-февраль 2017, 01:10

Аналитика


Тарыхы жок саясат да, экономика да жемишсиз

Тарыхсыз саясат башаты жок саркынды суу сыяктуу эртеби кечпи соолуйт да, кургап жок болот.  Кылымдар өткөн соң тарых кайталанып турат экен.    Ага батыштын же чыгыштын тарыхын, маданиятын, илимин мисал келтирип окумуштуу көрүнбөй эле өзүбүздүн өткөнүбүздү эске салсак даяр далилдер толтура турбайбы. Мисалга  Төлөгөн Касымбековдун “ Сынган кылыч “ романын алалы, кыргыздар ошол кезде буржуазиялык демократиялык төңкөрүш жасап, монархиялык бийликти кулаткан. Карапайым элдин арасынан хан көтөрүштү, бирок ал бийликти Россия тааныган эмес, эли кууп жиберген качкын ханды колдогон. Аны колдомуш болуп Кокон хандыгынын жерине армиясын киргизген, натыйжада 1876 – жылы мамлекет Россиянын карамагына өткөн. Күнөө кимде, элдеби ? Албетте элде күнөө жок, алар эркиндикти сүйдү, адилет бийликти алып келди, жөн гана алардын кылган иштери сырткы душмандардын пайдасына дал келип калды.

Андан сырткары ошол эле Кокон бийлигинде кызмат кылып жүргөн жогорку даражадагы адамдардын саткынчылыгы эң негизги себеп болгон. Мисалы Абдырахман аптабачынын “ сат кайсы арым “ деген фразасы бүгүнкү күнгө чейин жашап келет, анын эмгегин орустар баалап, пенсия төлөп беришип, сыйлуу адам болуп турган алардын колунда. Кудаяр хан болсо казынаны жүктөп качып, акчага айлантып англиянын сактык банкына тыгып анан өлөт. Өлкөнүн түндүгүн болсо Шабдан баатыр океңдерге кенээн ачыптыр, Кыргызстанды түрө кыдырып менмин деген баатыр, патриот эрлерди кармап берип жок кылыптыр . Акысына бир аз акча, бир кылыч анан орден алыптыр. Жарыктык кишилер неге мынча кыска ойлодуңар экен деп каңырыгың түтөйт. Кырылаар кыргыз кырылмак экен 1916-жылы, ошо баштан эле баскынчыларга катуу айбат берсек, балким акыбалыбыз азыркыдан түзүгүрөөк болмок беле деп коёсуң.

Бирок кыргыз түгөнгөн сайын түтөгөн эл экен, Кудайдын назары түшкөн эл экен, кудай жалгап эгемендүү мамлекет болдук кайрадан. Аймагыбыз ар тарабынан үзүлүп, жулунуп азайса да, түпкү жерибизди, кыргыздын ядросун сактап кала алган ата бабаларга миң мертебе рахмат. Өзбекстанга бүтүндөй бир өрөөнүбүз кетти, аны менен кошо шаарлар, элдер калды. Ошол кезде Чыгыш Түркстан деп аталган аймактагы жерибиз кыргыздары менен кошо кетти Кытайга. Тажикстандын аймагында Мургап району эли менен жатат, көз көрүнөө туура эмес бөлүнүп ал да кетти. Казакстан канча жерибизди алды Кудай өзү билет, Каркыраны айтпаганда деле, мен кичинекей кезимде телевизордон Кенес анархай деген жерибизди көрсөтчү эле, алардын бири жок. Манаска атасы Жакыптын муңканганындай эле болуп калдык го, бири кетти Алтайга, бири кетти Каңгайга, бири кетти Эренге , бири түшүп кетти тереңге деп.

Өткөн өттү, кеткен кетти, аларың жомок да бир дебей маани берсек, дагы ошол тарыхты кайталаганы калды биздин хандар, бектер. Кокон хандыгы Кыргызстан болсо, Бухара эмираты Өзбекстан болуп атат, орустар менен казактардын бизге болгон саясаты ошол эле бойдон 150 жыл өтсө деле. Тез арада Кудаяр хан, Насирдин хан, Абдырахман аптабачы, Шабдан баатырлардан тазаланбасак баягы таз кейпибизди дагы кийип калып жүрбөйлү. Мүнөзүбүзгө жараша өлкө курдук, демократиялуу, Баш мыйзам элдин мүдөөсүнө негизделген, эл бийлиги бар. Бирок аттиң, эл менен жерди куруткан саткын башчылар, өз кызыкчылыгын элдикинен жогору койгон жетекчилер, тымызын кыргыз элине жамандык жасаган жана кыргыз облигине кирип алып кыргыздын тамырына балта чабууну эңсеген мамлекеттик жогорку кызматтагы көркоолор Кыргыз Республикасын өнүктүрбөй атат. Мындай эле куралданбаган көзгө деле көрүнүп турат алар ким кимдер экени, бирок биздин бийлик такыр көрбөйт, издемиш болот калп эле. Мамлекеттик структуралардын бири да толук кандуу иштебейт, дээрлик паралич абалында турат. Мамлекеттик органдар өз функцияларын тетирисинче аткарып калган, бул өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө тоскоол болуп “ самоторможениеге “ алып келип атат. Кыргызстан коррупциялык системанын үлгүсүн Россиядан алган жана алып жатат. Азыр Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүгө иш жүзүндө такыр мүмкүн эмес, бүтүндөй системаны өзгөртмөйүнчө булардын жегенин токтото албайт эч ким. Баягы эле Союз маалындагы партократтар, баягы эле 90-жылдардагы үзүп жулкуп жеп байып алган бандиттер же ошолордун балдары бийлик сересинде. Жаңы эч ким деле жок оппозициясында деле позициясында деле. Муну бирме бир далилдеп койсо деле болот. Тышкы саясатта болсо баягы баягы койчумандын таягы  эле болуп атат. Конституцияны түзгөн киши, тажрыйбалуу саясатчыбыз Өмүрбек Текебаев тышкы саясатта азырынча үчүнчү жол жок экендигин айтты, үчүнчү жолду табам деп Өзбекстандын президенти Каримов да таба албагандыгын айтат. Биздин президентибиздин азыркы тандаган позициясы өтө эле оңтойлуу имиш. Ооба бир карасаң мүңкүрөп калгандай сезилебиз, бирок бул акыбалдан чыгып кетүүнүн жолу бар. Кандайдыр бир кереметтин болушун күтпөй эле өзүбүз эле аракет кылсак чыгабыз. Эң негизги бизге аба менен суудай керек нерсе бул саясий стабилдүүлүк, бизди бурулдатып түтүк менен алыстан туруп алып үйлөп көбүртүп аткан жерди жабышыбыз керек. Ал жер каякта, кимдер экендигин баарыбыз билебиз да, алтургай тарыхтан мисал келтирдим жогоруда. Анан тирүү койгон Кудайым куру койбойт эмеспи, калганын эл өзү эле өнүктүрүп жиберет, кыргыздай эмгекчил, каарман, чыдамкай, ийкемдүү эл жок чынында. Мамлекеттин карууга толушу көп жылдарды талап кылат, өзүбүздү эле ойлобой бизден кийинки муундарга күчтүү өлкөнү калтырганга талыкпай аракет кылуубуз керек да.

Шамил Карабала уулу, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83