www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтогулда сөөк коюлуп жатканда, мүрзөдө өлгөн аялдын элеси пайда болду

Перизат Кутманалиева 18-сентябрь 2017, 18:54

Илим


Токтогулда сөөк коюлуп жатканда, мүрзөдө өлгөн аялдын элеси пайда болду

Фейсбукка "Кыргыз Элим үчүн"- деген псевдоним ат менен катталган колдонуучу "Арбактар тууралуу чындык"- деген темадагы пост жазды. 

Анда төмөндө постту жазган автордун сөзүнө токтоло кетсек:

"Токтогул районунун Токтогул шаарында жашаган 86 жаштагы Шакен кызы Бүбүсали эне бул жалган жашоо менен коштошуп, сөөгү Жаны-Жол айыл өкмөтүндөгү Кара-Тектир айылындагы көрүстөнгө бүгүн коюлат. Көрүстөндө сөөк жашыруу болуп жатканда, ошол жерде куран окутуп отурган бир жигитке бирөөлөр кайра-кайра телефон чала берет.

Ал убакта телефон аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, ошол жерди сүрөткө тартып, вотсаптан жөнөтмөкчү болот. Анан телефонго көрүстөндү сүрөткө тартып жатканда, сиздер төмөнкү сүрөттөн көргөндөй аял кишинин элеси телефонго тартылып калган. 

Бул сүрөт бүгүн 2017-жыл 17-сентябрь саат 10-47 де тартылган..  Бул маалыматты укук коргоо органдарында иштеген жигиттерден так маалымат катары алдым.

Мынакей достор, бул да болсо бул жашоо жалган экендиги, түбөлүк жашоо тиги дүйнөдө экендиги жөнүндө кабар берет"-деп сөзүн аяктаган фейсбук колдонуучу.

Текст эч өзгөртүүсүз берилди.

А сиздер кандай ойлойсуздар жашоодо ушундай мистикалык окуялар болушу мүмкүнбү? 

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Mayrambek Bakasov, 19-сентябрь 2017, 00:03
Мүмкүн
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549