www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эльмира Мадиева: Кийинки кезек кимдики болду экен? Дагы ким "Кумтөр" үчүн жанын сабап, садага чабылаар экен...

Перизат Кутманалиева 20-сентябрь 2017, 13:15

Саясат Коом Эл пикир


Эльмира Мадиева: Кийинки кезек кимдики болду экен? Дагы ким "Кумтөр" үчүн жанын сабап, садага чабылаар экен...

Белгилүү журналист Эльмира Мадиева бүгүнкү болуп жаткан окуялар жөнүндө өз пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу төмөнкүдөй билдирди.

"Кумтөр" биздеги алтындар түгөнмөйүнчө бутпөгөн тема болот окшойт. Учурда анын айынан атасы кайтыш болуп, атама топурак салдырабы же салдыбайбы?-деп ой-санаа, бук менен Садыр Жапаров түрмөдө отурат.

"Кумтөр" кенин кайрадан тендерге коюу боюнча 2007-жылы Малиев Арсланбек мыйзам иштеп чыккан экен. Анда Камеко нөлдөн баштап жаны макулдашууга кол коюп,толугу менен Кыргызстандын кызыкчылыктарына дал келген келишим түзүү укугуна ээ болот.

Бул мыйзам биринчи окууда кабыл алынган.Экинчи окуунун мөөнөтүн ошондогу президент Бакиевдин өтүнүчү менен жылдырышып, дал ошол учурда парламентти мыйзам долбоор менен бирге таратышкан.

Азыр президент башка, бирок "Кумтөрдүн" пайдасын биздин эл көбүрөөк көрүш керек дегендерге баягы эле мамиле. Байкасак "Кумтөр" маселесин көлдүн азаматтары көтөрүп келишет экен (Кубанычбек Исабеков, Эркин Алымбеков, Арсланбек Малиев, Садыр Жапаров)

Кийинки кезек кимдики болду экен? Дагы ким "Кумтөр" үчүн жанын сабап, садага чабылаар экен...

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549