www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Генерал Курсан Асанов "Насаатчы"наамын алды

Чынайым Кутманалиева 11-февраль 2017, 19:46

Расмий кабарлар


Генерал Курсан Асанов "Насаатчы"наамын алды

Бүгүн, 11-февралда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү жана Маданият, маалымат жана туризм министрликтери, «Насаатчы», «Асылзат нуру», «Теңир тоо айымдары», коомдук фондулары менен биргеликте уюштурулуп жаткан «Насаатчы» теледолбоорунда кыргыздын каймактары «Насаатчы» наамдары менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен «2017-жыл ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу, кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык асыл-нарктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган ар-тараптан жетик инсанды калыптандыруу жагына терең маани берилди.

Аталган жарлыктын алкагында жаштарды, улуу муундагыларды урматтап, кадырлоо духунда тарбиялоо, аларга патриотизмдин, интернационализмдин идеяларын жеткизүү, улуу муундагылардын үлгүлүү жактары менен жаштардын жакшы сапаттарын өнүктүрүү, кесиптик чеберчиликтин топтолгон тажрыйбалары менен жаштарды үйрөтүү максатында Генерал Курсан Асановго «Насаатчы» наамы ыйгарылып, төш белги менен сыйланды.

Булак: Чындык


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83