www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Үч ырчынын талашына түшкөн ыр... Кылыч Эдик кандай аткарган?

Гүлжан Шерипбаева 23-сентябрь 2017, 15:32

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Үч ырчынын талашына түшкөн ыр... Кылыч Эдик кандай аткарган?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg” маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бул ирет биз жаш аткаруучулардын катарын толуктаган Кылык Эдиктин “Татына кыз” аттуу ыры тууралуу кеп кылмакчыбыз. Бул чыгарманы мен эң биринчилерден болуп 2014-жылы Казакстандын популярдуу ырчысы Кайрат Нуртас аткаруусунда “Шагала кыз” деген аталышта уккам. Кайрат бул ырды да ийнине жеткире аткарып, көпчүлүктү бийге чакырганын баамдагам. Андан соң былтыркы жылы Кылыч Эдик “Татына кыз” деп аткарып жүргөнүн укканым бар. Дароо плагиат ыр экенин билгем. Себеби, плагиат ырларды иликтөөдө дароо байкоого болот. Кийин бул чыгарманын изилдөөгө алып, Кайраттын директору менен байланышканымда бул чыгарма армян элине таандык экенин айтып калды. Көрсө, бул ырга Лилит Оганесян аттуу айым авторлук кылып “Гнчу” аталышында аткарып чыккан экен. Лилит 2013-жылы бул ырына клип тартып, төрт жыл аралыгында клипти “Ютуб” желесинде 9 108 536 көрүүчүнү топтогон экен. Ал эми биздин жаш аткаруучу автордон эч уруксаат албаганы бизге белгилүү болду. Анан да клиби Лилиттин клиби коёндой окшош. Демек, биздин жаш аткаруучулардан изденүүнү эмес, плагиат ырларды аткарып жүргөндөрүн көбүрөөк көрүүгө болот экен...

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Төмөнкү клиптен ырчылардын аркетин жана обонун, окшоштугун сындоого болот:


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83