www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Ерке Есмахан “Кайда” аттуу ырын уурдаган кыргыз кызын сотко берди. Буга Илим Карыпбековдун кандай тиешеси бар?

Майрамбек Каримов 28-октябрь 2017, 12:27

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Ерке Есмахан “Кайда” аттуу ырын уурдаган кыргыз кызын сотко берди. Буга Илим Карыпбековдун кандай тиешеси бар?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз кыргыз шоу бизнес чөйрөсүнө плагиат ыр менен кадам таштап жаткан Гүлназ Чыныбек кызы жана анын аткаруусунда “Кайда” аттуу ыр тууралуу болмокчу. “Кайда” аттуу ыр ушул жылдын жаз айларында Казакстандык ырчы айым Ерке Есмахандын аткаруусунда жарык көрүп, жай мезгилинде абсолюттук хитке айланган ыр болду десем жаңылышпайм. Июнь айында жарыкка чыгарган Еркенин клибин “Youtube” желесинде бүгүнкү күндө 26 200 000 көрүүчү топтогон. Ырдын обонун Диана Исмаилова аттуу айым жаратса, сөзүн акын Кайнар Алагөзов жазган экен. Көпчүлүккө сиңген ырды которуп ырдап чыккан биздин ырчы кызыбыз Ерке Есмахан жана ырдын авторлорунан уруксаат албастан аткарып чыкканы бизге белгилүү болду. Казакстандын маалымат сайттарына Еркенин директорунун маектеринде кыргыз кызы “Той-топурда өзүм үчүн гана ырдап чыгам. Коомчулукка алып чыкпайм. Клип тартпайм” деп ырдын обонун жараткан Диана Исмаиловадан суранганын жана колуна эч кандай юридикалык документ жана аткарып чыгуу укугун албаганын айтып чыккан. Буга кошумча Гүлназдын аткаруусундагы плагиат ыр КТРКнын алдындагы “Музыка” телеканалынан эксклюзив болуп кетип жатканын. Бул каналдын жетекчиликтери плагиат ырды кантип кетирип жаткандарын жана клиптердин авторлук укуктары бар экенин эске албаганына нааразы болуп Илим Карыпбеков менен байлашкандарын билдирип, жакынкы күндөрү кыргыз кызын сотко беришээрин билдиришкен.

Ал эми бул Гүлназ: “Үч ай мурун башталган мээнет кечээтен баштап эфирден бериле баштады. Ушул убакыт бою менин ар бир жасаган кадамымды кубаттап келген замандаштарым бар болушсун! Клип чыгаары менен жазып, чалып мен менен бирге толкунданып куттуктагандарга да ыраазымын!  Ал эми которуп ырдады дегендерге айтаарым: которуп ырдагандардан мен биринчи же акыркы эмесмин, өнөр улут тандабайт деп коет. Клип (казакчасы) чыккандан 2 жумадан кийин, Кыргызстанга жете электе, ал тургай Казахстанга жакшы таркай электе аракетти баштагам. Алматыга барып автордон уруксаат алып, Чымкентке барып аранжировка жасатып, жаздырып, Бишкекке келип клип тартып аны монтаж кылып сиздерге тартуулагыча ушунча убакыт өттү!” деп билдирген.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, аткаруучуларга өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83