www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ичкиликти жакшы көргөндөр элчи болуп АКШга Кыргызстанды уят кылышты

Перизат Кутманалиева 26-сентябрь 2017, 12:34

Саясат Коом Аналитика


Ичкиликти жакшы көргөндөр элчи болуп АКШга Кыргызстанды уят кылышты

Ар бир мамлекеттин тышкы саясатын, жүзүн элчилер көрсөтөт эмеспи. Ошондуктан тигил же бул өлкөгө элчилерди дайындоодо алардын чет тилин билгендиги, билими менен интеллектуалдыгы эмес, жүрүш- турушу, кала берсе өң-келбетине да көңүл бурулат.

Бирок эмнегедир дайыма өзүнүн шоопур, жансакчы, пол жуугучтарын мамлекеттик чоң кызматтарга дайындаган президентибиз АКШга ал кездеги пресс-катчысы Кадыр Токтогуловду ылайык көргөн. Дипломатиялык билими мындай турсун, жүзүндө жылдызы байкалбаган бул жигит океандын ары жагында эмне кылып, Кыргызстанга кандай пайда келтирип жүргөндүгү тууралуу эч ким билбейт болчу.

Жакында жергиликтүү ММКлардын бири АКШдагы элчибиз тууралуу мындай деп жазды: “Кыргызстанды АКШда уят кылган алкаштын бири кодурайган Кадыр Токтогулов. Кадыр өзү АША жөнүндө көрүнгөн жерде айтып жүрөт досторуна - аракты АША жанындай жакшы көрөт имиш, психологиялык проблемары да бар имиш! Кайран Кыргыз элди ушундайлар шерменде кылып жүрөт чет өлкөдө. Ушундайдардын айынан Кыргызстанды чоң өлкөлөр урматтабайт!".

Ошол эле текстке кошо берилген 4-5 сүрөттө көрүнүп тургандай, океандын ары жагындагы элчибиз ичкиликти жакшы көрүп, ал тургай бокал көтөрүп камерага түшкөндөн тартынбайт да экен. Кайран гана кор болгон элчилик.

Булак: “Майдан.kg” 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83