www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапар Исаков Россияга расмий сапары менен барат

Жазгүл Урманбетова 27-сентябрь 2017, 13:10

Расмий кабарлар Саясат


Сапар Исаков  Россияга расмий сапары менен барат

Сапар Исаков 29-30-сентябрда Россияга расмий сапары менен барат

 Премьер-министр Сапар Исаков Россияга расмий иш сапары менен барарын өкмөт башчынын маалымат катчысы Чынгыз Эсенгулов билдирди.

Анын айтымында, иш сапар 29-сентябрда башталып, эки күнгө созулат.

"Россияга расмий сапар менен 1991-жылдан бери Кыргызстандын бир да премьер-министри менен барган эмес", — деди ал.

РИА Новости маалымат агенттигинин билдиришинче Россиянын өкмөт башчысы кыргызстандык кесиптеши менен жолугат. 

Жолугушууда Медведев менен Исаков эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармакта байланыштуу маселелерин талкуулайт.

Булак: NazarNews.ru


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83