www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды

Перизат Кутманалиева 28-сентябрь 2017, 09:20

Расмий кабарлар


Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 27-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына   пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы, пенсияларды каржылоо, камсыздоо төгүмдөрүнүн келип түшүүсү, ошондой эле  аларды   администрациялоо маселелери тууралуу маалымат берилди.

Социалдык фонддун төрагасы  ошондой эле   алдыдагы пенсиялардын жогорулатылышынын механизмдери туурасында дагы айтып берди. Жогорулатуунун аркасында  пенсиялардын орточо көлөмү 520 сомго көбөйүп, 5517 сомду түзүп калат. Жетекчинин  маалыматы боюнча  627 миң пенсионердин пенсияларын кайра эсептеп чыгуу аяктады, 2-октябрдан тартып  жогорулатылган  пенсияларды каржылоо башталат.

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасына  пенсиянын базалык бөлүгүн аныктоо нормасын  жана индексациялоону  кайрадан карап чыгып, тиешелүү сунуш киргизүү боюнча тапшырма берди.

 Мамлекет башчысы  кабыл алынган чаралар   пенсиялык системаны кыйла адилеттүү болууга алып келээрин белгилеп,  пенсионерлер алдында социалдык милдеттенмелерди  өз  учурунда жана толук көлөмдө аткарууну камсыз кылууга милдеттендирди.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549