www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министри Сапар Исаков алгачкы жолу расмий иш сапары менен Россия Федерациясына барат

Перизат Кутманалиева 28-сентябрь 2017, 12:15

Расмий кабарлар


Премьер-министри Сапар Исаков алгачкы жолу расмий иш сапары менен Россия Федерациясына барат

2017-жылдын 29-30-сентябрында  Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сапар Исаков алгачкы жолу  расмий  иш сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул 1991-жылдан бери өлкөнүн жаңы тарыхындагы Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин Россияга болгон алгачкы расмий иш сапары.

Өлкө башчынын  буга чейинки бардык иш сапарлары жумуш боюнча болуп келген. Ошондой эле бул Сапар Исаковдун  Премьер-министр катары Россияга болгон алгачкы иш сапары .

Премьер-министр  Сапар Исаковдун расмий иш сапарынын алкагында, ардактуу күзөтчүлөрдүн ротасы күтүп алат, ошондой эле “Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө”  гүл коюу аземи күтүлөт.

Андан ары  Премьер-министр эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Ошону менен катар Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн башчысы  Дмитрий Медведев жана Россия Федерасиясынын Мамлекеттик Думасынын  башчысы Вячеслав Володин менен жолугушуулар  белгиленген.

Мындан тышкары  Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы  Москванын  мамлекеттик  “Коопсуз шаар” прогаммасынын заманбап иши менен жана ВДНХ аймагында  жайгашкан   “Кыргызстан” павильону менен таанышып, “Мурас клиникасы” медикал борборунун ачылышына катышат.

Андан кийин Россия Федерациясында жашаган мекендештер менен жана кыргыз диаспорасынын жетекчилери менен жолугушуусу пландалуда деп билдирет Кыргыз Республикисынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мааламат камсыздоо бөлүмү.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83