www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев: “Светтик мамлекеттин артыкчылыгы – түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрүнүн, дин туткандар менен эч кандай динди тутпагандардын кызыкчылыктарын тең салмакта сактай билгендигинде”

Перизат Кутманалиева 29-сентябрь 2017, 10:05

Расмий кабарлар


Алмазбек Атамбаев: “Светтик мамлекеттин артыкчылыгы – түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрүнүн, дин туткандар менен эч кандай динди тутпагандардын кызыкчылыктарын тең салмакта сактай билгендигинде”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-сентябрда, «Ислам азыркы светтик мамлекетте»  эл аралык конференциясын ачып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

“Урматтуу Конференциянын катышуучулары!

Кымбаттуу коноктор!

Кыргыз жергесине куш келиңиздер!

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өзүмдүн атымдан конференциянын ишине катышып жатканыңыздар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдирем жана жемиштүү иш каалайм.

Бүгүн мында 19 өлкөнүн жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, белгилүү илимпоз-эксперттер, ислам таануучулар олуттуу маселелерди талкуулоо жана улуттук мамлекеттер менен диндин өз ара аракеттешүүсү боюнча мыкты тажрыйбалар жана практикалар менен алмашуу үчүн чогулушту.

Ааламдашуу шартында азыркы дүйнө күн өткөн сайын бир өңчөйлөнүп (унификацияланып) бара жатат. Бул процесс, ириде, мезгил шарында иштелип чыккан жана сыналган баалуулуктар менен мамилелердин таркалышына өбөлгө болууда. Мындай баалуулуктардын ичинде мамлекеттин светтик үлгүсүн (моделин) атоого болот.

Светтик мамлекеттин артыкчылыгы – түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрүнүн, дин туткандар менен эч кандай динди тутпагандардын кызыкчылыктарын тең салмакта сактай билгендигинде.

Ошол эле учурда дүйнөдө диндин ролун жана ордун жаңыча түшүнүү процесси жүрүп жатат. Азыркы замандын чакырыктарынын таасири алдында мамлекет менен диндин өз ара аракеттешүүсүнүн жаңы формалары пайда болууда.

«Десекулярдаштыруу», «пост-секуляризм» деген түшүнүктөр көнүмүшкө айланып, жаңы диний идеологиялар таркалууда. Демек, бүтүндөй дин, өзгөчө Ислам, бүгүн эң курч талкуулардын предмети болуп саналат.

Урматтуу Конференциянын катышуучулары!

Ислам тууралуу кеп кылганда анын айрым өзгөчөлүктөрүн айта кетүү керек.

Салыштырмалуу жаш, пассионардуу диний ишеним катары ал Жакынкы жана Орто Чыгышта, биздин региондо – Борбордук Азияда, андан соң Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда таралган.

Азыркы шартта Ислам баалуулуктары светтик мамлекеттерде диний эрежелерди өлкөнүн мыйзамдарына карама-каршы койбостон диндердин гармониялуу өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп келет.

Ислам – бул өзүнчө бир дүйнө, ал доктринаны да, адамдын жүрүм-турумун да камтыйт, анын коомго тийгизген таасири зор. Айрым өлкөлөрдө Ислам өзүнүн өзгөчөлүктөрү, спецификалуулугу бар турмуш образы болуп калган. Бул өлкөлөрдөн келишкен миссионерлер жана уюмдар башка тарыхый-маданий контексттеги өлкөлөрдө ишмердик кылууда өз турмуш образын, өз маданиятынын элементтерин “таза” Ислам түрүндө таңуулаган учурлар бар.

Бул көп учурда светтик өлкөлөрдө чыңалууну күчөтүп,коомдо ишенбестикти, бөлүнүп-жарылууну жана коркунучту жаратат, ал эми айрым учурларда радикализм менен расизмдин өсүшүнө түрткү болот.

Европа өлкөлөрүндө мындай көрүнүштөр мигранттардын коомго толук интеграцияланышынатоскоол болууда.

Ислам диний доктрина катары бирдиктүү, бирок, ошол эле учурда ал көп түрдүү. Бүгүн өз тарыхый, маданий өзгөчөлүктөрү бар көз каранды эмес улуттук мамлекеттерде жашап жаткан бир жарым миллиарддан ашык мусулмандар баары бирдей боло алышпайт. Тарыхый жактан алганда бардык диндер конкреттүү жергиликтүү чөйрөгө жана маданиятка ыңгайлашып (адаптацияланып), жергиликтүү каада-салттарды жана үрп-адаттарды өзүнө сиңирүү менен өнүгүшкөн.

Мисалы, биздин Борбордук Азияда салттуу диний ишенимдерди зороастризм, буддизм, христианчылык жана ислам менен айкалыштырган калктардын өкүлдөрү нечен кылымдар бою жашап келет.

Бул жерде калыптанган ислам укуктук мектеби – ханафий мазхабы, суфий илимдери доктриналдуу исламды жергиликтүү салттарга карама-каршы коюшпайт. Биздин региондон чыккан Аль-Фараби, Ибн-Сина, Аль-Хорезми, Аль-Бируни, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари жана башка көптөгөн атактуу инсандар, илим менен философияны өнүктүрүүдөн тышкары, Исламдын рационалдуу мектебинин негизин түзүшкөн. IX-XII кылымдардагы эркин ойлоо жана илимдин гүлдөп-өнүгүшү “Чыгыш ренессансы” түшүнүгүнүн пайда болушуна негиз болуп, “Жарык Чыгыштан келет” (лат.: «Ex oriente lux») деген сөздү кайрадан пайдаланууга киргизген.

Мисалы, Х кылымдан берки Каир китепканасында 100 миң аталыштагы китептер, ал эми XIII кылымдын ортосунда Багдадда 36 коомдук китепкана болгон. Анткени ислам дини боюнча, ар бир динчил илим-билимге умтулушу керек.Ошол мезгилде Борбордук Азияда жана ислам дүйнөсүндө шаарлар өнүккөн, мечиттер, медреселер жана китепканалар курулган.

Тилекке каршы, улам күч алган Ислам диний догматтарынын кысымы “Чыгыш ренессансынын” жетишкендиктерин сактап, аны өнүктүрүүгө тоскоол болду. Догматтардын көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, илимпоз-энциклопедиячы Улугбекти өлтүрүшү жана анын обсерваториясын талкалоосу мунун айкын мисалы болуп саналат.

Догматизм айрым саясатчылардын, диний ишмерлердин мамлекеттин светтик моделин айыптоосуна алып келип жаткан азыркы кезде бул жөнүндө эскерте кетүү маанилүү. Бул өзүнүн улуттук каада-салттарынан, тилинен, маданиятынан баш тартуудан башталат.

Биздин ата-бабаларыбыз Ислам жергиликтүү каада-салттарга жана үрп-адаттарга, көчмөндөрдүн дүйнөгө көз карашына карама-каршы келбегендиги үчүн да ушул динди кабыл алышкан. Бүгүн ал биздин салттуу маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Ошону менен бирге Исламды кабыл алгандан кийин да азыркы Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын аймагында башка конфессиялардын өкүлдөрү эркин жашашкан, региондогу бардык элдердин каада-салттары жана маданий баалуулуктары өнүккөн.

Доктринаны жана ар бир элдин тарыхый, этномаданият өзгөчөлүктөрүн диалектикалуу айкалыштыруу – биздин конференцияда талкуулана турган маанилүү предметтердин бири.

Тилекке каршы, акыркы кезде көтөрүмсүздүктүн (сабырсыздыктын) көрүнүштөрү, ар кандай агымдардын жана диний ишенимдердин адепттери башкалардын динин сыйлабаган, көз караштар маселесин цивилдүү талкуулай албаган учурлар улам көбүрөөк кездешүүдө.

Бул кооптуу жол. Адамдарды башка диндерди сыйлоого тарбиялоо мамлекеттердин жана бүтүндөй адамзат коомунун учурдагы негизги милдети болуп калышы зарыл.

Өз ара түшүнүшүүнүн, өз ара сыйлашуунун жана өз ара көмөктөшүүнүн негизинде гана биз көп түрдүүлүктү сактап кала алабыз жана дүйнөнү азыркыдан да жакшырта алабыз. Көп түрдүүлүк – бул Жараткандын идеясы.

Диний ураандарды жамынган экстремизмдин жана терроризмдин азыркы толкунун улуттук мамлекеттерди чыңдоо, алардын өз маданиятын, тилин жана өзүнчөлүгүн сактоо аркылуу токтото алабыз. Ислам диний атрибуттарды пайдаланууга  эч кимди мажбурлабайт, өз идеяларын жана динин таңуулабайт. Бул жөнүндө “Бакара” сүрөөсүндө, Ыйык Курандын 256-аятында: “Динде мажбурлоо жок”- «Нет принуждения в религии»деп айтылган.

Исламга жамынып, башка өлкөлөрдүн мусулмандарынын жашоо образын, каада-салттарын, кийимин жана маданиятын таңуулоого болбойт. Мындай аракеттер коомдун бөлүнүп-жарылуусуна, анын чыңалуусун күчөтүп, чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн.

Урматтуу Конференциянын катышуучулары!

Азыркы дүйнөдө исламдын эрежелерин алар Жараткан тарабынан жиберилген мезгилдин тарыхый контекстин эске албастан түшүндүрүү орун алган. Анын үстүнө алар азыркы замандын реалдуулуктарын эске алышпайт.

Диний риторикага жамынып, коомдо дүрбөлөң салышкан, террористтик актыларды жасашкан, чыр-чатактарды, анын ичинде куралдуу кагылышууларды да тутанткан радикалдуу жана экстремисттик топтор бул идеялык келишпестиктерди өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат.

Дүйнөдөгү кайсы гана өлкө болбосун бул сыяктуу бузуку иштерге дуушар болушу мүмкүн.

Бүгүнкү эл аралык конференцияга катышып жаткан айрым өлкөлөр экстремизм жана террористтик актылар эмне экендигин өз тажрыйбаларынан көрүштү. Кыргызстан да андан четте калган жок.

Тилекке каршы, бул көрүнүштүн себептерин так түшүнүү жок. “Исламдын радикалдашуусу” деген жаңылыш терминди колдонуу адатка айланды. Бул маселени ар тараптан ачык талдоо тарыхый болочокто радикалдар бардык мезгилдерде болгонун түшүнүүгө өбөлгө болот. Алар өз максаттарына  жетүү үчүн дайыма ар кандай идеологияларга жамынышкан. Крест жүрүштөрү, инквизиция, нацизм, анархисттердин, солчул марксисттердин кыймылдары жана башка радикалдуу кыймылдар мына ушундайча пайда болушкан.

Радикалдашуу үчүн ыңгайлуу кыртыш ириде элиталарды жана бийликти алмаштыруунун ачык-айкын механизмдери жок, көп жылдар бою коррупциялык жана авторитардык режимдер башкарган жерде пайда болот.

Адамдарды жалпы адамзат баалуулуктарынын негизинде баш коштуруп, көтөрүмдүүлүктү жана сабырдуулукту жайылтуу менен коомдо тынчтыкты жана ынтымак-ырашкердикти камсыз кылууда чыныгы Исламдын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарындагы исламофобия, Исламды демондоштуруу анын чыныгы маңызын бурмалап, аны коркунучтуу кылып көрсөтүүдө. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү бүгүнкү проблемалардын жана катуу кагылышуулардын себеби Ислам эмес, анын себеби - геосаясий оюндар, социалдык адилетсиздик жана көп учурда Исламга жамынган радикалдар.

Биз мусулмандар арасында конфронтацияга алып келе турган ар кандай талаш-тартыштар бар экенин моюнга алабыз. Куран, тафсирлер, хадистер ар түрдүү түшүндүрүлөт. Ошондуктан практикалык маселелердин эле эмес, Исламдын кудай тааным түшүнүктөрүнүн айланасында да диалог, демократиялуу, ачык талкуулар болушу абзел.

Азыр, ХХI кылымда, Исламга догматикалык жана үстүрт мамилени жеңип, илимди, маданиятты өнүктүрүү жана коомду гумандаштыруу үчүн рационалдуу Исламды пайдалануу зарылчылыгы пайда болду.

Бүгүн мыкты билим алуунун, ааламдын түзүлүшүн билүүнүн ролу өзгөчө маанилүү, ошондой эле толеранттуулук, башка ой-пикирге сабырдуу мамиле зор мааниге ээ.

Диний ишенимдин, көз караштардын, жашоо образынын кандайдыр бир ситемасын адамдарга таңуулоо аракеттери бүтүндөй адамзат цивилизациясы үчүн трагедия менен аякташы мүмкүн.

Урматтуу мекендештер!

Момун мусулмандар!

Мен Сиздерге Президент катары да, мусулмандардын бири катары да кайрылып жатам.

“Чала молдо дин бузат!” – деген байыркы сөз бар кыргыз элинде. Акыркы жылдары ошондой чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйүп, биздин ыйык Ислам динибизге көлөкө келтирип, таза денеге чыккан чыйкандардай болуп өлкөдөн өлкөгө жайылып баратат.

Эгер биз, мусулмандар өз ыйык динибиздин рухун, атын өзүбүз коргобосок, адашкандарга чындыкты айтпасак, динибизге, бүтүн мусулмандарга көлөкө келтирген чала молдолорго, бузукуларга, Исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпасак, анда ким каршы чыгат?

Урматтуу мекендештер!

Момун мусулмандар!

Биздин динибиздин пайдубалы болгон, Кураны Керимде жазылган ыйык сөздөрдү эскертким келет:

-  Динде таңуулоо, мажбурлоо жок (“Бакара” сүрөөсү, 256-аят);

-  Бир адамды өлтүргөн, бардык адамзатты өлтүргөндөй болот (“Аль-Маида” сүрөөсү, 32-аят);

-  Ал (Жараткан) жалгыз Өзү гана чечет: кимди кечирет, кимди жазалайт (“Имран” сүрөөсү, 129-аят).

Бул ыйык сөздөр ар бир мусулман үчүн мыйзам болушу керек!

Урматтуу мекендештер!

Момун мусулмандар!

Мухаммед пайгамбарыбыздын да асыл сөздөрүн эскертким келет: “Билимге арналган бир саат, - түнү менен намаз окуганга барабар. Билимге арналган бир күн, - үч ай орозо кармаганга барабар”.

Накта мусулман болом десек, жогоруда айтылган Куран Керимдин ыйык сөздөрүн жүрөккө сактайлы! Сүйүктүү пайгамбарыбыздын насаатын унутпайлы!

Дин менен кийимди, ички дүйнө менен тышкы көрүнүштү алмаштырбайлы!  Дин биринчи кезекте адамдын ичинде, жүрөгүндө болушу керек!

Урматтуу Конференциянын катышуучулары!

Кыргыз Республикасы демократиялык, укуктук жана светтик мамлекет курууга, Кыргызстан элинин маданий өзгөчөлүктөрүн сактоого жана өнүктүрүүгө умтулууда. Биз үчүн мамлекет менен диний жамааттардын өкүлдөрүнүн өз ара иштөөсүн жөнгө салуунун мааниси зор.

Ошондуктан Кыргызстан өз тажрыйбасын эске алып, дайыма иштөөчү эл аралык диалог аянтчасын түзүү демилгесин Сиздердин карооңуздарга сунуш кылат.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча тиешелүү декларацияны кабыл алып, биздин диалогду улантуу үчүн, мамлекеттин жана диндин өз ара иштөөсү боюнча тажрыйба алмашып, пикир бөлүшүү, радикализмге жана экстремизмге бирге каршы туруу үчүн туруктуу иштеген эл аралык аянтчаны Бишкекте түзүүнү сунуш кылабыз.

Учурдан пайдаланып, чакыруубузду кабыл алганыңыздар үчүн бүгүнкү иш-чарага катышкандардын баарына ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүнкү конференцияны даярдоого жана өткөрүүгө өздөрүнүн салымдарын кошкон биздин бардык эл аралык өнөктөштөрүбүзгө да ыраазычылык билдирем.

Сиздерге ийгилик, натыйжалуу жана жемиштүү иштөөнү каалайм!”

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549