www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Руслан Абылов ыр уурдаганы үчүн радио толкундардан ырлары жаңырбай калдыбы?

Гүлжан Шерипбаева 29-сентябрь 2017, 17:54

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Руслан Абылов ыр уурдаганы үчүн радио толкундардан ырлары жаңырбай калдыбы?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүн биз кеп кыла турган рубрикабыздын кезектеги каарманы ырчы Руслан Абылов жанан анын аткаруусундагы “Дария” аттуу ыр. Бул ырдын жарык көргөнүнө жарым жыл болуп, клиби кечээ гана жарык көрдү. Ырдын өзү уккулуктуу жана мелодияга бай, эгер бул ырдын оригинал версиясын уксаңыз.

Дегеним, бул ырдын түпкү нускасы казак элине тактап айтканда белгилүү ырчы Ернар Айдардын аткаруусундагы “Тагы да” деген чыгарма. Ырдын сөзү, обону- Бауржан Есебаев аттуу композиторго таандык. Ернар бул чыгарманы 2016-жылы аткарып чыгып, бирок бул ырына клип тарткан эмес. Биз ырдын автору, аткаруучусу менен байланышканыбызда Руслан мырза ырды ырдоого жана клипти тартууга уруксаат сурабаганын жана авторлор бул ырды Руслан аткарып жүргөнүн, кыргыз версиясынын клиби бар экенин көрүп таң беришти.

Ал эми Руслан мырзага келе турган болсок, бул ырдын автору ким экенин өзү так жооп бере албады. Андан ары уруксаат алганын же албаганын суроонун кажети жок экенин баамдадык. Анан да бул ырдын Русландын аткаруусунда Кыргызстандагы радио толкундардан толугу менен кетпейт экен. Айрым радиолордон сураштырганыбызда ырдын плагиат экени ачыкка чыгып калыптыр.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83