www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз окумуштуусунун ийгилиги

Майрамбек Каримов 30-сентябрь 2017, 14:39

Коом Илим


Кыргыз окумуштуусунун ийгилиги

КМШ “Кызматташтык жылдызы” Мамлекеттер аралык сыйлыгын тапшыруу кеңешинин чечими менен УИАнын Физика-техникалык, математикалык жана тоо кен-геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Алтай Бөрүбаев “Илим жана билим берүү” номинациясы боюнча 2016-жылдын эсеби менен жогоруда аталган сыйлыктын лауреаты болду (байгеси 2 млн. рубль акчалай сыйлыгы менен). Сыйлык илимпозго дүйнөлүк илим жаатындагы биринчи класстагы илимий-изилдөөлөрдү байыткандыгы, математикалык ири маселелерди чече билгендиги, орто жана жогорку мектептер үчүн оригиналдуу базалык окуу куралдарын жана бир катар окуу-өндүрүштүк комплекстерди жазгандыгы үчүн ыйгарылган.

Алтай Бөрүбаев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын 2 жолку лауреаты, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, 150дөн ашуун илимий жана илимий-методикалык эмгектердин, 8 монографиянын жана 6 окуу китебинин автору. Андан сырткары дүйнөлүк масштабдагы окумуштуу М.В.Ломоносов атындагы ММУнун Ардактуу профессору жана Түрк дүйнөсүнүн математиктер коомунун Президенти – мунун баары атагы дүйнөлүк масштабга кеткен окумуштуунун эл аралык жана мамлекеттик илимий регалийлеринин азганактай гана болгон тизмеги.

Маалымат үчүн:

Мамлекеттер аралык “Кызматташтык жылдызы” сыйлыгы КМШ катышуучу мамлекеттеринин Гуманитардык кызматташтык боюнча кеңеши жана Илим жана билим берүү, маданият жана искусство, гуманитардык ишмердүүлүк жаатындагы КМШ катышуучу мамлекеттеринин  мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондусу тарабынан негизделген. Лауреаттарга сыйлык тапшыруу аземи жакынкы арада Москва шаарында болот.

УИАнын Маалыматтык бөлүмү

 (0312) 642-001

www.naskr.kg

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83