www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда карыларга акчалай жардам көрсөтүү боюнча бир айлык башталды

Жазгүл Урманбетова 30-сентябрь 2017, 19:10

Коом Кайрымдуулук


Жалал-Абадда карыларга акчалай жардам көрсөтүү боюнча бир айлык башталды

 Жалал-Абад облусунда өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин жарлыгы боюнча 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайгандарга көңүл буруп, жардам беребиз” аталыштагы бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу аталган ведомстванын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-октябрь карылардын эл аралык күнүнө карата өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн жарлыгы боюнча Сузак, Токтогул райондорундагы жана Токтогул шаарындагы карылар үйүнө, ошондой эле жашы жүздөн ашып калган 67 адамга акчалай каражат бөлүндү.

Андан сырткары, карылардын күнүнө карата 55 мамлекеттик мекемеге 1-октябрда карыларга жардам берүү көрсөтмөсү берилди.

2016-жылдын ичинде 14 миң кары-картаңдарга 10 млн 400 миң сом өлчөмүндө жардам берилген,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83