www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ-Куткаруучулар аскада калып кеткен Израил жаранынын сөгүн алып чыгышты

Камчыбек Бостон 01-октябрь 2017, 17:09

Кылмыш жана кырсык


СҮРӨТ-Куткаруучулар аскада калып кеткен Израил жаранынын сөгүн алып чыгышты

2017-жылдын 23-сентябры күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израил мамлекетинин эки жараны жана Франция мамлекетиинин эки жараны туристтик багытта келишип, Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Көл айылынан Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишет.

23-сентябрь күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп калышат. 2017-жылдын 24-сентябрь күнү аталган 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышып, Көтөрмө ашуусуна келгенде атайын жолдун жоктугуна байланыштуу, Израилдик 1995-жылы туулган Хилла Ливна жолдон адашып, бөлүнүп кеткен. Ал эми Израил мамлекетинин туристи 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап кетип, бутунан жарат алган. Городесен Нафадка Франция мамлекетинен келген эки турист жардам көрсөтүшкөн. 

Бирок жабырлануучуну айылга алып түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан, Израил мамлекетинин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон байланышка чыгып, өздөрүнүн жолдон адашып калгандыгы, бир адам жабыр тарткандыгы боюнча кабар беришкен. Израил туристтик фирмасы Кыргызстандагы CBTi фирмасы менен байланышып, жардам сураган. Кыргызстандагы CBTi фирмасы Сары-Челек коругунда туристтик фирмалар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормонов аттуу жаранга кайрылышкан.

2017-жылдын 24-сентябры күнү 19:00 чамасында Р.Ормонов жана төрт адам эки автоунаа менен Франция мамлекетинин эки жараны жабырлануучу Н.Городесен турган жайды таап барышкан. Бирок 1995-жылы туулган Хилла Ливна дайынсыз жок экендиги аныкталгандан кийин, 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына алып келишкен. 

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысынын орун басарынын жетекчилигинде райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер жана 4 ит, жергиликтүү айыл тургундарынан 7 адам, Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, Сары-Челек коругунун кызматкерлеринен 8 адам Израиль мамлекетинен 6 куткаруучу (ITMC-4, ALFA TOUR-2), КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучуларынан 7 куткаруучу 2 ит. Жалпы издөө ишине 50 адам, 6 ит тартылды. 

2017-жылдын 29-сентябрь күнү Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен барган куткаруучулардын суранычы менен Россия Федерациясынан ютуб про путешествие в Азию (Youtube Pro) фирмасынан кино тартканы келген кызматкерлери менен дрону менен издөө иштери жүргүзүлүп, саат 13:30 чамасында табылган. 

Израил мамлекетинин туристи Көтөрмө ашуусунда жолдон адашып, 50-60 метр бийиктигинен кулап кеткен. 
Хилла Ливнанын сөөгүн алып келүүгө куткаруучулар чыгышып, 2017-жылдын 29-сентябрында саат 18:30 чамасында жансыз денесин алып чыгышып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83