www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдин Жумалиевдин дарылануусуна миллион сом чогулду

Жазгүл Урманбетова 03-октябрь 2017, 15:26

Коом Кайрымдуулук


Айдин Жумалиевдин дарылануусуна миллион сом чогулду

Кечээ, 2-октябрда, Бишкекте өткөн концерт-марафондон музыкант Аидин Жумалиевдин дарылануусуна миллион сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине иш-чараны уюштурган теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Ал билдиргендей, Assol коомдук фонду Филармонияда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда кайрымдуулук коценрт өткөрүшкөн. Конрцерт аншлаг менен өттү.

Көрүүчүлөр Молдокматованын чыгармачылыгы менен даярдалган Фрунзе шаарына саякат этюддарына күбө болушту. Оюнду Ч.Айтматов атындаг Орус драма театрынын актерлору ойношту.

Марафонду Молдокматова баштап, 10 мин сом салды. Андан соң Газпромдун атынан келген өкүл башкы директордун орун басары Сабырбек Акимбаев, 200 миң сомду кошту. Ал эми Alokazay компаниясынын директору Аманулло Нурмухаммад марафонду 50 сом өлчөмүндөгү жардамы менен улантты.

Залдан Кызыл Жарым айдын ыктыярчылары топтошту.

Жыйынтыгында уюштуруучу Молдокматова 1 млн сом чогулганын билдирип, Жумалиевдин үй-бүлөсүнүн колуна тапшырды.

Теле алып баруучу Аидин Жумалиевге жардам көрсөткөн бардык кайдыгер эмес кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Ал бир катар химия жана радио нурлуу терапия дарылоолорун алышы керек.

Эскерте кетсек, КР Президенти Алмазбек Атамбаев Молдокматованын Аидин Жумалиевге жардам берүү өтүнүчүнө жооп кайтарып, жарым миллион сом бөлгөн. Эми 4000 доллар чогултуу керек.

Өзүнү көмөгүн көрсөтүүнү каалагандар үчүн эсеби жана ЭЛСОМ номери:

DemirBank

Счет 1180000096564417 доллар менен

1180000096564620 рубль менен

1180000096564619 евро менен

Банк SWIFT DEMIKQ22

1180000096564316 сом менен

ЭЛСОМ номери 0550234030.

Аидин Джумалиев

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549