www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев: “Өлкөбүздүн келечеги кең экендигине мен терең ишенем” деп билдирди Ысык-Ата районунун тургундары менен жолукту

Жазгүл Урманбетова 03-октябрь 2017, 16:22

Коом Саясат Расмий кабарлар


Алмазбек Атамбаев: “Өлкөбүздүн келечеги кең экендигине мен терең ишенем” деп билдирди Ысык-Ата районунун тургундары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн. 2-октябрда Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, жарандардын мектептердин, ооруканалардын, спорттук жайлардын жана балдар бакчаларынын курулушуна жана ремонтуна, пенсиялык системанын реформасына, дыйкандарга жеткиликтүү кредиттерди берүүгө, райондун шаарынын жана айылдарынын инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү маселелерине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Ата районунун жашоочуларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, жаңыдан президент болуп келгендеги өлкөнүн тарыхындагы татаал мезгилдерди эске салды.

“Өлкөбүздүн келечеги кең экендигине мен терең ишенем”, -деп Мамлекет башчысы учурда өлкө туруктуулукка, экономиканын ырааттуу өсүшүнө, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, армиясын бекемдегендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент жарандар тарабынан айтылган маселелерди жана сунуштарды чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549