www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тирүү легенда Мамбет Мамакеев: "Керосин аралашып кеткен талканды айласыз жедим, же орусча билбейм, “да, нет” деген эки сөздү билчү эмесмин"

Гүлжан Шерипбаева 04-октябрь 2017, 20:55

Илим


Тирүү легенда Мамбет Мамакеев: "Керосин аралашып кеткен талканды айласыз жедим, же орусча билбейм, “да, нет” деген эки сөздү билчү эмесмин"

Мамбет Мамакеев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор менен болгон маек.

-Мамбет агай, токсон жашка чыгып олтурасыз. Бул мезгилге чейин баарын көрдүңүз. Хирургия дегенде Мамбет Мамакеевди эстей турган деңгээлге чейин жеттиңиз. Токсон жашка чыккан улуу хирургдун ушул ишти аткара албай калдым деген өкүнүчү барбы?

— Адам баласы туулган күндөн баштап үзүлбөгөн үмүт, жакшылык менен жашайт экен да. Өкүнүч турмушта, жумушта, үй-бүлөдө болот. Бирок, алар убактылуу эле, учуру келгенде тарайт. Менин жалгыз гана өкүнүчүм бар. Мен быйыл 90 жашка чыксам, энем 85 жашка чыгып өлдү. 17 баланы төрөгөн киши эле. Мен илимдин доктору, профессор болгондо бул дүйнөдөн өттү. Бизди багыш үчүн эмнелерди гана кылбады. Азыр да көзүмө көрүнүп турат. Ал кезде жокчулук заман болчу. Чоңойгонумда энемдин сүтүн актайын деп жакшы эле аракет кылдым, колумдан келишинче багымыш болдум. Жок, актай алган жокмун. Өлгөнүнө 45 жыл болуп кетти. Энемди эстебей калган бир күнүм боло элек. Кайда жүрбөйүн энем эсимде. Жакын туугандар деле кайтыш болот. Тирүү жан болгон соң жашаш керек экен. Ал да акырындык менен унутулат. Энемди такыр унута албайм да. Жер бетинин көпчүлүк бөлүгүн кыдырдым. Кайда жүрбөйүн энем эсимде. Бечаранын арбагы мени колдоп жүрөт го деп ойлойм. Токсонго чыкканы, чыкпаганы да бар. Мен “Карылык” деген китепти жаздым. Карылык деген ат укмуш. Түшүнгөн кишиге эң ардактуу, кубанычтуу ат. Себебин, алгач абышка болуп карылыкка жетип көргүн. Карылыкка кантип чыктың? Эмне жолду басып келдиң? Мен азыр токсонго чыктым. Иш боюнча өкүнүч жок. 65 жыл медицинада иштеп келдим. Ушул убакыттын ичинде 30 миң операция жасадым деп жүрөм. Кээде бизге карылыгы жетип көзү көрбөй, баспай калган кишилер келет. Хирургияга жаш-карысына карабай ичегиси түйүлүп же бир жери сынып, кээде өтүнө таш тыгылып тыбырап келет. Буларды хирургиядан башка алтын дары болсо да айыктыра албайт. 65 жыл ичинде ошол байкуштарды карап туруп кантип жардам берем деп келдим. Бизде мыйзам боюнча оорулуу макул болмоюнча операция жасабайбыз. Түйүлүп тыбырап жаткан адам келгенде, ушул операциядан баш тартпаса эле болду дейбиз. Баш тартып, 3–4 күндөн кийин кайра операция жасап аман алып калбасаңыз өлүп калат окшойм дегендерди көрдүм. Жан таттуу да. Ушул жашка келип өлөйүн деген кишини көрбөдүм. Өзүм токсонго чыктым, өлөйүн деген оюм жок. Күнүгө 3–5 операция жасайм. Дагы деле илгери үмүт. Адамдын организми ушунчалык татаал. Токсонго чыкканда баары карып бүтөт экен. Адам айла жок ага баш ийет тура. Сол кулагым жакшы укпай калды. Бул кулакта арман жок. Өзүнүн милдетин эки жүз пайыз аткарды. Жаш убакта эмнелерди гана укпады. Шаарга биринчи жолу 1964-жылы келгенде “да, нет” деген сөздү билбеген, иштегенде орусчаны түшүнбөгөн кезде “билимсиз, тартиби жок” деген гана жаман сөздөрдү кулагым укчу. Анткени, ошол кемчиликтердин баары менде бар болчу. Хирург болгондон кийин бул кулагым жалаң гана жакшылыкты, жалынган сөздү укту. Ошон үчүн кулагыма рахмат, өзүнүн милдетин эки жүз пайыз аткарды деймин. Медик болуп ушул кезге чейин таң калам, адамдын организминдей татаал организм жок.

— Агай, сизде бала кезде эле хирург болом деген кыял болгонбу же кайсыл бир окуя доктур болушуңузга себепкер болдубу?

— Менин балалык чагым согуш мезгилинде кыйын абалда өттү. Биздин айыл Кереге-Таш азыркы Караколдон нары жакта. Жалаң кыргыздар жашаган айыл. Доктур эмес фельдшер дегенди уккан эмесмин. Айылда молдолор эле болчу. Адамдардын тамырын кармап көрүп, суук же ысык деп койчу. Кийин түшүндүм, тамыры аз согуп калса суук, күчтүүрөөк соксо ысык деп койчу экен. Мен окууну бүтүп барганда куудул агалардын бири “Мамбет, илгери бизде ысык анан суук деген эки эле дарт бар эле. Дарысы да суу менен күчтүү тамак болчу. Эми доктурлар жайнап кетип оорунун аты да, дарысы да көбөйдү” деп сурап жатпайбы. Жаш кезде айылда свет жок, ал тургай машинаны көргөн эмеспиз. Шаарга келгенде керебет, шейшеп, кашык, конфет, сахар, мончо, тиш жууганды биринчи жолу көрдүм. Мен жетинчи класстан баштап доктур болом дедим. Энемдин бир иниси бар эле. Армияга кетип жок болду байкуш. Ошонун аялы төрөп, ошол мага көп таасир калтырды. Ал кезде сокмо үйлөр да. Төрөй турган аялга сыртка чоң саман салып, мамыны орнотуп коюп, толгоо башталганда кыңылдап, ошону тегеренип эле жүрө берчү. Ар бир толгоо болгон сайын жатындын моюнчагы акырындык менен ачыла баштайт. Бала суунун ичинде жатат да. Аны каканагы жарылды деп коёт. Түшүнгөн кыргыздар убакыт жетти деп, төрөп жаткан аялды күчтүү кыргыз тизеге олтургузуп алып тартат. Күч менен тартып, болбосо алдынан тээп, бала жатынды жарып чыгат. Ошондо көп кан кетет. Бул окуяга 70 жылдан ашып кетти. Такыр эсимден кетпейт. Күйөөсү экөөбүз коркуп сыртта аңдып турсак, самандын астынан кеткен кан тышка агып чыкпадыбы. Дароо эле тигил аял өзүн жоготуп жыгылды. Ошондон кара басты деп баштачу. Кара бастысы шайтан ит өпкө-жүрөгүн сууруп кетти, жүрүп олтуруп чоң чууга салып жиберет, салды өлдү экен. Ага жеткизбей кайра кууп келсе, өпкөсүн кайра салат, айыгат деп коюшчу. Кууган кишини куучу деп коёт экен. Айылдын башынан ташта эле-ташта деп кыйкырып-өкүрүп атчан келатат. Келип эле аттан ыргып түшүп, үйгө кирип эле жаткан аялды чаап-чаап “ач көзүңдү” деп кыйкырды. Тигил аял өлө элек, болгону өзүн билбейт. Аялда куучу келди, айыктым деген түшүнүк бар да. Акырын көздү ачып коёт. Бүттү, ошону менен куучуну жалынып эле карап калат. Кайдан шайтан жолугуп калды?- деп сурап калат. Ак-Суу 4 чакырым алыста чоң суу. Көпүрөдөн өтүп келатсам сары ит көтөрүп келаткан экен, дароо эле билдим, ошондон бери кууп келбедимби дейт. Ошол окуя чоң түрткү болгон. Кийин төртүнчү курсту бүтүп барганымда дагы бир жеңемди ошентип аткан экен, мен жаткыздым дагы кадимкидей төрөткөм. Ошондой кыйналган адамдарды көргөндө кантип жардам берем деп ойлочумун. Доктур турмак ийне дегенди уккан эмесмин да. Онунчуну бүтүп жатканда аскер кафедрадан бир майор барды. Он бала бүтүп аттык эле, медициналык институтту мактап, “ким барат?” деди эле, тартынбай мен барам дедим го.

— Шаарга биринчи жолу сизди ким алып келди? Айылда машина деген нерсе жок болсо эмне менен келдиңиз?

- 1946-жыл тозок, кыйынчылык учур. Мен колхоздо укмуш иштедим. Өзүм жалгыз 50 сотых жерди чаап койчумун. Мага эки норма аткарат деп жарманы көп берчү. Бирге бүткөндөрдүн бирөөсүн да көндүрө албай койдум. Баарысы болбой коюп, жалгыз кеттим. Колхоз эки араба чөп берди. Аны сатып бир тапичке, бир шым алдым. Алган шымым боёлгон экен, кийин такымдын баары кызыл-көк болуп жүрдү. Бир шым, бир көйнөк, бир тапичке, бир мүшөк талкан менен келе бердим. Караколго келип эки күн эски авто бекетте таштын үстүндө жаттым. Машине деген жок. Эки күндөн кийин толтура киши менен“полуторка” машине келди. Ал кезде азыркыдай май куюучу жай жок да. Керосин куйган бочканын үстүндө орун бар, ошол жерге олтурсаң кете бересиң деди. Талканымы үстүнө салып алып, чынжырын кармап ушул жакка чейин керосин куйган бочканын үстүндө жыргап олтуруп келдим. Машинага биринчи түшүшүм да, баарын көрүп жыргап келатам. Талкан салган мүшөк жүндөн соккон кап да. Келгиче керосинди соруптур. Талкан керосинге чыланып калыптыр. Болбой эле талкан жок болгуча сууга аралаштырып ичтим. Кекирген сайын керосин чыгат. Шаарга келип вокзалдан түшүп калып, бир өзбектин эшек арабасына олтуруп алып медициналык институтка келдим. Ал кезде институтта кыргыз кадр жок болгондуктан, дароо эле кабыл алып, жатакана беришти. Жатаканасына кирсем отуздай керебет. Алар да азыркыдай эмес. Ичке темирден бурап жасап, алдында тактайдын кабыгы, үстүндө саман салынган матрас экен. Бир шейшеп, бир одеял берди. Эми андайга биринчи жатып көрүшүм. Жыргап эле калдык.

— Ошол кезде медициналык институтка айыл жерлерден кыргыз балдарды жыйнап келишкен бекен?

— Алгач келгенде эки жүздөй баланы алып келишкен. Баары эле мага окшогондор. Бирок, бирөөбүз да орус тилин билбейбиз. Мен “да, нет” деген эки сөздү билчү эмесмин. Группага бөлүп салды. Лекцияда түшүнбөй уктап эле олтурабыз. Эки айга жакындаганда тең жарымысы качып кетип жоголушту. Биз окуш керек деп максатты катуу койдук. Эмне кылабыз деп айлабыз кетти. Анда бир медсестра болгон кыргыз жок. Ахунбаев деген бар деп уктук. Ал кезде доцент, жаш кези болчу. 3–4 баланы эрчитип алып издеп бардым. Барсак жакшы кабыл алды. “Агай, окуй албайбыз” деп айттык. Ал киши бизди угуп “Көрүп атасыңар, кыйынчылык болуп жатат. Доктурлар жок, чыдап окуп алгыла” деп акыл айтты. Окуюн эле дейбиз, айлабыз кетип калды, кетип калат окшойбуз деп атабыз. Ушул сөзү эсимден кетпейт, “Эмне оюңар бар?” деди. Мен башынан эле оюмда эмне болсо жашырбай тарс айтып жиберем. Ал кезде окуу 5 жыл болчу. Агай окуу 10 жыл болсун чыдайбыз, бизди бир жыл даярдасын дедим. “Во, мунуң жакшы идея. Эртең жообун берейин” деди. Анда өкмөт дегенди ким билиптир. Ошол күнү эле ошол жакка барса керек. Эртеси лекцияда олтурсак келип, “Өкмөт уруксат берди, ким даярдоону кааласа алдына түшкүлө” деп айтты. Учуп эле түштүк. 60–70 бала түштүк го. Ошол жерден үчкө бөлүп, жетекчи дайындап, 200 сомдон стипендияга алды. Бир жыл биология, химия, физиканы окубадыкпы. Башка эч нерсе окуган жокпуз. Шаар менен кичине таанышып калдык. Октябрга чейин жыңайлак эле жүрдүк. Бир жылдан кийин кайра экзамен бердик. Экзамен эмне экенин билбейбиз. Кийинки жылы түшүндүк. Кайра өтөсүңөр дебедиби. Биринчи экзаменимди көргөн эмесмин, ноль, нол, ноль эле дейт. Бир, эки, үч дегенди билчү элем десем, жок бирге да жетпейт. Өзүбүз да билебиз ноль экенибизди. Кийин биринчи курска өтпөдүкпү. Ошентип 5 жылдын ордуна 6 жыл окудук. Окуп жүрүп укмушту көрдүк го. Болгону шым, трусий дегенди билбейбиз. Көпчүлүгүбүздүн шымыбыз тизе, көчүк, чурай жери тери жаргак. Энебиз байкуштар көбүрөөк чыдасын деп тигип берген. Мончого биринчи жолу барышыбыз. Мончосун ким билиптир. Логвиненкого баарыбызды тизип алып барып, кир самынды төрткө бөлүп бирден берди, түшүп чыккыла деп. Самын дегенди биринчи көрүшүм. Кирип алып тытышып жуунуп атабыз эми. Чыксак кийим жок. Битти өлтүрөбүз деп кийимдерди тазалаптыр да. Тери күйүп кетерин билбесе керек. Шым жок, теринин баары күйүп кетиптир. Ыштаныбыз жок олтуруп эле калбадыкпы. Комендант келип бакырып эле кетти. Бир сааттан кийин келди. Институтта Петухов деген директор эле. Ошонун арабасына ак дамбал, көйнөк, азыр ооруканада оорулуулар кийген форманы салып келип таратты. Анда тыртыйып арыкпыз. Ыштандары чоң, эки жагын байлап олтуруп, мончодон инкубациядан чыккандай эле жайнап чыктык. Мен ошол дамбал, көйнөк менен бир жарым ай жүрдүм. Ошол кийим менен киного барып кайкайып олтурчу элек.

— Институтту бүткөндөн кийин ординаторлук курска бөлүштүрөт эмеспи. Сиз кайсыл жерге бөлүндүңүз? Кайсыл хирургдун колуна түштүңүз?

— Окууну бүтүп жатканда институтка Ахунбаев директор болуп калды. Ал киши өзү бөлүштүрдү. Мен ушул кафедрага, анда республикалык госпитал хирургия кафедрасы деп аталчу, ошол жакка бөлүнүп, профессор Максим Ефимович Фридмандын ординатору болуп калдым. 3 жыл ординатура, андан кийин аспирантурада жүрүп, көргөн тозокту айтпа. Ординатурада жүргөндө ушунчалык кыйын болду, тил начар, окууну бүткөн менен жакшы билбейбиз. Бирок, аракетим жакшы. Фридман Ленинграддан келген ушунчалык маданияттуу, оозунан жаман сөз чыкчу эмес, жети аял ассистенти бар эле. Жетөөсү тең мени желмогуздай жаман көрөт. Ар бири операция жасаганда жакшы сөз айтпайт, жолотпойт. 3 жыл бүттү. Баарыбыз кичинекей кабинетте чогулдук, жетекчим Максим Ефимович “Мамбет, сен ординаторду бүтүп жатасың, эмне деп ойлоп жатасың?” деп сурады. Жети аял олтурат. Баары каршы экенин билем. Мен ушул жерде калсамбы дедим эле десем, жетөөсү ордунан тура калышты. “Бул эмне деди? Кайсыл жакта каласың?” дешти. Мүмкүн болсо аспирантурага дедим. Жетөө тең мени шылып киришти. “Көңүл айнып, куску келип жатат. Бир канча жылдан кийин жакшы жагына жылыш болсо ошондо көрөбүз” деген сөздөрдү айтышты. Айлам жок эле олтурам. Профессор эмне дейт деп олтурабыз. Ал дагы менин оюм ушундай десе кетмекмин. Бирок, профессор “Менин оюм башкача. Мамбетте аябай көп кемчиликтер бар. Бирок, мага жакканы ал абдан аракетчил. Хирург болгусу келет. Аспирантура боюнча биз эч нерсе чече албайбыз. Ал өтүп кетсе калат” деди. Ошондо эле эр экем. Ушул сөздү укканда тура калып, 3 жыл аралыгында силерден бир да жолу жакшы сөз укканым жок. Мен бул жолу ишендим, силердин пикириңердин таш-талканы чыкты десем, жетөөсү “караңызчы, кандай бейбаш” деди эле, мен силерге бейбаштыкты көрсөтөм деп чыгып кеттим. Бир ай жүрүп экзамен өткөзүп, аспирант болуп кирип келдим. Анан башталды го, баары эле мага каршы. Ушундай кыйналып жүргөн кезде көздүү киши болот. Ошентип жүрсөм Шеров Аттокур Ишатович деген анатомияда кафедра башчысы чакырып жатат деди. Учуп эле жеттим. Анатомияны карасам такыр баш киши олтурат. Шеров десе орус го деп ойлопмун. Лейлектик экен. Кайра келип, орусча кечиресиз, Шеров кайсыл жерде олтурат?- деп сурасам, “Кел бери” деди. Жакын барганда ушундай ачуусу келди. “Акмак, ушул кезге чейин Шеровду тааныбасаң, Шеров деген мен болом” десе болобу. Ит эле болдум, агай кечирип коюңуз, мен билген жокмун деп атам. Эмнеге чакырганын билбейм. “Сен хирург болгуң келеби?” деп сурады. Агай, ошон үчүн ординатурага өттүм, хирург болом десем: “Жок, чыныгы хирург болгуң келеби?” деп дагы сурады. Аракет кылып жатам деп жооп бердим. “Сен аракет кылып жаткан болсоң, бүгүндөн баштап 1–2-курстарга сабак берип анатомияны үйрөнгүн” деди. Анатомияны өткөнбүз, бирок билбейм. Ордумдан ыргып кеттим. Агай, хирургияны билбейм, анан кантип сабак берем дедим. Агай да тура калып, “Олтур” деди да, “Акмак мен сага хирургияны ташта деп айткан жерим жок. Саат үчтөн кийин көчөдө басып жүрөсүң. Түштөн кийин келип сабак бер, бир жумадан кийин сабак бересиң” деп айдап чыкты. Профессор Фридманга келдим, Шеров чакырып анатомиядан сабак бересиң дегенин айтсам, сүйүнгөнүнөн секирип кетти. “Дароо макул бол” деди. Ошентип бир жарым жыл түштөн кийин анатомиядан сабак берип калдым. Ошондон кийин хирургия эмне экенин түшүндүм. Шеровго өмүр бою ыраазымын. Көзү ачык киши экен. Өзү да “Бир убакта мага рахмат айтасың” деп айткан.

— Биринчи жолу операция жасаганда корккондон колдоруңуз калтырап, кыйналган жоксузбу?

— Жанагы жетөө такыр бербейт. Бир жолу конференция болгондо Максим Ефимович мен жакында ординатураны аяктайм. Кайсыл бир районго кетем. Эч нерсени билбейм. Барган жеримде элдер кайсыл жерден бүтүп келди деп сурайт. Мен ушул жерди айтам. Мага гана эмес, сизге да бир топ нааразы болушат деп айтып салдым. “Чын эле эч нерсе жасаган жоксуңбу?” деп таң калды. Баарынын көзүнчө “Эртең аппендицит боюнча операцияны даярдагыла, мен өзүм ассистент болом” деди. Теория жагынан билип калгам, бирок өзүм операция жасай элекмин. Таң аткыча уйку жок болду. Операцияга баарысы киришти. Баягылар менин жаңылып калышымды күтүштү да. Башталаардын алдында Максим Ефимович сиз ассистенттик функцияны аткарганы кирип жатасыз, мен бир жерден кичинекей жаңылыштык кетирсем, ордубузду алмаштырабыз деп айттым. Бул дагы жакшы идея деди. Аягына чейин бир кыңк эткен жок. Эртеси Мамбеттин колу көнүп бүтүптүр, мындан кийин өз алдынча операция жасаганга уруксат берем деп жарыялады. Ошондон кийин операциям шыр кетти да.

— Агай, сиз окууну бүтүп, операцияны үйрөнгөн мезгилде бүгүнкүдөй техника жок болчу. Медицина тармагы деле техниканын жетишкендигинен башка доорго өтпөдүбү. Азыр сиз лапароскопиялык операцияларды жасап жатасыз. Бул ыкманы кантип өздөштүрүп алгансыз?

— Өткө операция жасаганда мурун 20–30 см кесчүбүз. Азыр өнүккөн технология доорунда жашап, операция жасоо дагы бир топ жеңилдеди. Лапароскопиялык операцияда мурункудай кеспейбиз, атайын аппарат менен төрт жерден тешип, экранды карап операция жасайбыз. Бул аппаратты чет өлкөгө барганда көрдүм. Бул аппарат биздин өлкөгө болбойт деп кете берчүмүн. Накен Касиев саламаттыкты сактоо министри эле, ошол кишиге ушул аппаратты алып берчи, өт менен ооругандар көп, материал жетпейт деп жармаштым. Ал аппарат 50 миң доллар турат экен. Накен Касиев “45 миң доллар таптык, 5 миң доллар жетпей жатат” деп айтты. 5 миң долларды өзүмдүн уулум Канат төлөп алып келдик. Буга 20 жыл болду. Операцияны кандай жасоо керек деген кассетаны телевизорго коюп туруп эле операцияны жасадым. Ленинграддан бир профессор өзүнүн кызматкерлери, аппараты менен биздин доктурларга үйрөткөнү келди. Бул жерден лекция өтчү залга аппаратты коюп, студенттер, доктурлар көрсүн дедик. Биз 5–6 оорулууну даярдадык. Элге кантип операция жасоону көрсөтүш керек да. Мен да телевизордон карап олтурам. Операциялар кээде татаал болуп калат. Профессорго татаалы туш келип калып, эси ооду, бүткүчө жаман уялды. Үчөөнү жасады. Төртүнчүсүн мен жасадым. 10 мүнөттө жасап койдум. Келген профессор эси ооп олтуруп эле калды. “Сен буга чейин операция жасадың беле?” деп сурады. Жок, жаңыдан баштап жатам дедим. Тигил бир жумага үйрөткөнү келген эле. Бул жерде эч нерсе кылуунун кажети жок деп аппаратын жыйнап кетип калбадыбы. Кийинки жылы Москвада конгресс болуп, мен да бардым. Өзүм жасаган операция боюнча айтсам, баары каршы сүйлөдү. Баягы профессор чыгып “Силер ишенбешиңер мүмкүн. Мен барып өз көзүм менен көргөм” деп айтпадыбы.

Союз учурунда бир айга Москва курстан өтүп келгени барчубуз. Белгилүү хирург Розунов деген бар болчу. Союздук республикалардан 8 доцент барганбыз. Бизге бир профессор аялды бекитип берди. Жанагы аял операция жасады, биз көрүп олтурабыз. Аябай кыйналды. Өттөгү ташты таппайт, нар жакка түртүп жибердик деп койду. Менде тормоз жок да. Бүтүп атасыңарбы?- деп сурасам, “Ооба, бүттүк” дейт. Кечиресиз, сиз ток этер жерине жеткен жоксуз дедим. Мени желмогуздай эле карашты. “Сен кайдан билесиң, сен деген биздин окуучубузсуң, биз операция жасап жүрбөйбүзбү” деп кагып койду. Сиздин окуучуңуз болсом да өзүмдүн оюмду айттым деп жооп кайтардым. Туура эмес болуп калганына көзүм жетип турат. Мен кызматтан такыр кечиккен эмесмин. Эртеси баягы оорулууга жетип бардым. Мындай операциядан кийин өт чыгыш керек. Оорулуудан бир нерсе чыктыбы десем, эч нерсе чыккан жок деди. Мага ошол эле керек болчу. Розунов жыйналышты өткөзүп жатат. Дежур хирург баарын айтып берди. Менде суроо бар деп чыктым. Кечээ ушундай операция жасалды эле, өт кайда кетти дедим. Розунов дагы дежур хирургдан “Өт кайда?” деп сурады. Хирург “Мен билбейм” деди. Ким операция жасады дегенде, баягы аял ордунан турду. Коллегаңызга суюктук кайда кеткенин түшүндүрүп бериңиз деди эле, ар нерсени айтты. Баягыдай болгон учурда контрас куйса, дароо эле көрүнөт. Кечиктирбей контрас куйгула да, мага айткыла деп тапшырма берди. Палатадан алып чыгып рентгенге алып жөнөдүк. Мен да кошо чуркап жүрөм. Тигил аял “Сен эмне чуркап жүрөсүң?” деп ачуусу келет. Мен болсо, үйрөнгөнү келгемин деп коём. Рентгенге салсак, ташы ар жакта, өт сыртында эле жүрөт. Токтоосуз операция жасап, ташты алып чыкты. Ошол аялды биз кеткиче көрсөтпөй жоготту. Кийин мен жокто Розунов “Кайдагы бир жаш бала бир гана сени эмес, баарыбызды шылдың кылып койду” деп аябай акмагын чыгарганын айтышты.

— Мурун ар дайым эртең менен чуркап турчу элеңиз. Чуркоону качан таштадыңыз?

— Бала чагымда эле кара күчкө каткан экем да. Мен жасабаган жумуш калган жок. Кичинемден эле бир нерсени баштасам, аны бүтмөйүнчө жаным тынчу эмес. Институтка окууга киргенден кийин айылга барганда, дароо эле жумушка кирчүмүн. Шаарга келгенде эрте менен бир саат, кечинде бир саат чуркачумун. Эртең менен саат беште санга сайгандай ыргып турам. Көпчүлүк токсонго кантип чыкты? Доктур киши бир дары ичет деп ойлойт. Эч нерсе ичкеним жок. Өмүрүмдө диета дегенди билбейм. Эмне деген тамакты ичпедим. Колума эмне тийсе ошону жейм. Тамекини такыр колума кармаган жокмун. Кудай ичкиликтен сактап калды. Өмүрүмдүн үч бөлүгүнүн бирөөсүн ушул жерде жашадым. Оорукана экинчи үйүм болду. Чуркабаганыма 5 жыл болду. 5 жыл мурун Камчыбек Узакбаев небересинин тушоосун кесип чакырган. Ырым болсун, чуркап койбойсуңар дегенинен, жалаң академиктер чуркаганбыз. Ошондо телевизор утуп алгам. Мурун тушоо кескенден 3 жолу телевизор уткам. Укмуш чуркачумун. Кээде сексенден өткөнүң чуркасаңар чыккыла деп тамашалап калам. Мен 15 илимдин докторун, 25 илимдин кандидатын, 50 жогорку категориядагы хирург, 8 эмгек сиңирген врачты тарбияладым. Бир мезгилде өзүм жапжалгыз элем. Мен ушул жашка келгиче өзүмдүн мектебимди негиздей алдым.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы ОРДО»


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549