www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар? Ырчы Асель Кадырбекованын уурдалган ыры...

Гүлжан Шерипбаева 14-май 2017, 03:36

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар Маданият


ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар? Ырчы Асель Кадырбекованын уурдалган ыры...

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга мындан ары “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу жаңы рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап аткарып жүргөндөрүн ачыкка чыгарабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Мунун себебин баарыбыз жакшы билебиз. Ар бир чыгармачыл инсанга ильхом ар кайсы учурда күтүүсүз жерден келет. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылуунун амалын таба албай жүргөндөрү жок эмес...

Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы жаш ырчы Асель Кадырбекова. Ырчы кыздын аткаруусундагы “Башканы жаным дебе” аттуу ыры өзбек элиники экенин билээр белеңиз... Асель ырдын автору Эдил Маматов дегени, өзү уурдаганын ачыкка чыгаргысы келбегенинен кабар берет. Бул ырды 2014-жылдан бери Өзбекстанда атактуу ырчылар Шохруххон менен Муниса Ризаева “Sen meni keragimдеп аткарышып, хитке айлантып келишүүдө. Ырды алса алсын, бирок авторун көрсөтүү мыйзамда бар экенин билүү кажет эмеспи... Эмнеси болсо да эки тилдеги ырды тыңдап, бир чечимди сиздер чыгарыңыздар окурмандар!  

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83