www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жусуп Баласагын атындагы КУУда телестудия ачылды

Гүлжан Шерипбаева 06-октябрь 2017, 21:11

Илим


Жусуп Баласагын атындагы КУУда телестудия ачылды

Бүгүн, 6-сентябрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинде “Баласагын ТВ” телестудиясынын ачылыш салтанаты болду. Бул тууралуу белгилүү тележурналист Чынар Капарова билдирди.

Аталган телестудия ток-шоу программаларды жана жаңылыктар чыгарылышын даярдоого ылайыкталган. Тележурналисттик кесиптин болочок ээлери теориялык сабактарын практика менен айкалыштырып, телеканалдарга даяр телекызматкер катары өздөрүн сунуштай алышат.

Журналистика факультетинин деканы, доцент А. Дүйшекеева быйыл факультетте журналистика бөлүмү өзүнчө ачылгандыгын, алардын окуулары үчүн шарттар дагы жакшыра берээрин белгиледи. Студияны жаңылоо демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашкан.

Факультеттин окутуучусу, белгилүү диктор, журналист Ч.Капарованын айтымында, теле алып баруучуларды, дегеле тележурналисттерди даярдоо үчүн заманбап жасалгалуу студия зарыл эле.

Студиянын ачылышы менен студенттер студия деген эмне, эфир маданияты, кеп техникасы деген бир топ сабактарды тажрыйба жүзүндө өздөштүрө башташат. Мындан тышкары студенттер телепрограммаларды даярдап, телеканалдар менен кызматташууга өтүү максаттары бар. Ачылыш салтанаттын алкагында “Баласагын ТВ” студиясынын алгачкы чыгарылышы тартылып алынды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83