www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Баласагын ТВ» - Чынар Капарова, белгилүү диктор: “... Бул чоң сүйүүнү талап кылат...”

Гүлжан Шерипбаева 06-октябрь 2017, 23:01

Илим


«Баласагын ТВ» - Чынар Капарова, белгилүү диктор:  “... Бул чоң сүйүүнү талап кылат...”

- Саламатсызбы Чынар эже, бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинде “Баласагын ТВ” телестудиясынын ачылыш салтанаты өттү. Студияны жаңылоого эмне себеп болду?

- Саламатсызбы. Бул студия биз студент кезинде ошол кездеги мамлекеттин башчысынын катышуусунда салтанаттуу ачылган эле. Анда факультет деканы Бөрүбаева Аниса Бираевна болучу. Андан бери 20 жыл өтүп кетиптир. Университетте 3 жылдан бери окутуучу болуп иштеп келе жатам. Теле жаатындагы адистерди даярдоодо шарттар начар эле. Эми минтип, жетекчибиз, факультеттин деканы Дүйшекеева Айна Талгарбековнанын демилгеси менен демөөрчүлөр изделип, алар менен тыгыз кызматташ болуп, студияны жаңылап алдык.

- Демөөрчүлөрдү жеке аракетиниздер менен тапкан экенсиздер, ал эми университет өзү колдоо көрсөтө алдыбы?

- Журналист катары жакшы түшүнөсүз, азыр мамлекеттик каржылоодогу бир катар мекемелер акчанын тартыштыгынан көп аракеттерин ишке ашыра албай келет. Албетте университет колдон келишинче жаңыланууга, жакшырууга умтулуп жатканына күбөбүз. Ректорубуз Канат Жалилович Садыков дагы кызматына бекигенине аз убакыт болду. Бүгүн ректорубуз ачылыш салтанатка катышып, алгачкы чыгарылыштын мейманы болуп, суроолорубузга жооп берди. Анда мыкты адистерди, анын ичинде журналисттерди сапаттуу даярдап чыгарууга болгон аракеттерин жумшай тургандыгын убада кылды. Буюрса жетекчиликтин колдоосу менен жаңы техникалуу болобуз деп үмүттөнүп жатабыз. Ал эми телестудияны жаңылоо үчүн “КЖ групп” курулуш компаниясына кайрылып, анын жетекчиси Имамидин Ташов тарабынан, жеке ишкер Мирлан Капаров тарабынан колдоо таптык. Жазында башталган жаңылоо иштерибиз аяктап, бүгүн ачып алдык.

- Студиянын ачылышы менен мыкты адистерди даярдап чыгууга мүмкүнбү?

- Студия бул студенттер үчүн өзгөчө маанилүү. Алар телестудия деген эмне, камераны кандай карап, кантип отуруу керек, эфир маданияты, кеп маданияты жана кеп техникасы деген эмне экенин иш жүзүндө көрүп, өздөрү эфирге чыгып, аны сын көз-караш менен карап, кемчиликтерин жоюуга, алдыга умтулууга багыт алышат. Демек, студиянын ачылышы бул чыгармачылык шык берет. Анан албетте көп ийгиликтер тажрыйбага, анан калса талантка көз каранды эмеспи. Студияны ачып гана тим болбостон, алдыда техникаларды жаңылоо аракети тургандыгын Айна Талгарбековна да белгилеп кетти. Керек болсо демөөрчүлөрүбүз факультетибиздин бүгүнкү аракетин көрүп музыкалык аппаратура алып берүүнү убадалып кетишти. Демек “көп түкүрсө көл болот” дегендей, жалпылап аракет кылып жакшы иштерди уланта берсек биздин студия ар башка телекомпаниялар менен кызматташ болуп өз продукциясын берип турмакчы.

- Сизге окшоп алып баруучу, теле жылдыз болгусу келген жаштар көп болсо керек. Аларга кандай кеңеш бере аласыз?

- Ооба, жаштын тилегин берет демекчи азыр жаштардын арасында элдик адам болууну каалагандар арбын. Бул албетте жакшы көрүнүш. Демек жаштарда алдыга умтулуу, атактуу болуу максаттары бар, ал эми бул максаттарды ишке ашыруу үчүн алар көп окуп, көп изденип, көп аракеттерди көрүшү керек эмеспи. Мыкты журналист болом дегендер 3-курстан тарта эле эфирге чыгып, же макалаларын жазып издене башташат. Окуусун бүтүп жаткан жылы бул студенттерди даяр жумуш орду да күтүп калат. Эгерде эфир маселесине токтоло турган болсом, эфир бул чоң сүйүүнү талап кылат. Эфирди сүйүш керек, анын ысык-суугуна чыдап, күнү-түнү иштеш керек. Дароо эле эфирге чыга калуу дипломдон кийин бул мүмкүн эмес. Ар бир эфир кызматкери жаза билээрин, сүйлөй алаарын кабарчы катары далилдеп бериши керек. Анан калса эфир кызматкери кеп техникасын, кеп маданиятын мыкты билиши абзел. Анткени көрүүчү аларды карап түздөнүп, алардан тарбия да алат. Эфир кызматкери бул коом мугалими десем да жаңылышпайм.

- Чынар эже, маегинизге чоң рахмат. Окутуучулук ишинизге ийгиликтерди каалайбыз.

Эске сала кетсек, бүгүн, 6-сентябрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинде “Баласагын ТВ” телестудиясынын ачылыш салтанаты болду. Студия ток-шоу программаларды жана жаңылыктар чыгарылышын даярдоого ылайыкталган. Тележурналисттик кесиптин болочок ээлери теориялык сабактарын практика менен айкалыштырып, телеканалдарга даяр телекызматкер катары өздөрүн сунуштай алышат. Факультеттин окутуучусу, белгилүү диктор, журналист Ч.Капарованын айтымында, теле алып баруучуларды, дегеле тележурналисттерди даярдоо үчүн заманбап жасалгалуу студия зарыл эле.  Мындан тышкары студенттер телепрограммаларды даярдап, телеканалдар менен кызматташууга өтүү максаттары бар. Ачылыш салтанаттын алкагында “Баласагын ТВ” студиясынын алгачкы чыгарылышы тартылып алынды.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83