www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди 65 жылдык мааракеси менен куттуктады

Гүлжан Шерипбаева 07-октябрь 2017, 16:41

Расмий кабарлар


Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди 65 жылдык мааракеси менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда, телефондук сүйлөшүүдө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди 65 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Алмазбек Атамбаев  Президент Путиндин көрөгөчтүгүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн аркасында Россия  туруктуу өнүгүү  жолу менен ишенимдүү кадам шилтеп, кайрадан дүйнөдөгү улуу державалардын арасынан татыктуу орун ээледи, муну  Россиянын достору дагы, дос эместери дагы  таанып жатышат деп белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев   Россиянын Президенти Владимир Путин   менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү жана ишенимдин бийик деңгээлин өзгөчө  бааларын баса белгиледи.  Мамлекет башчысы биргелешип иштеген жылдардын аралыгында  кыргыз-россиялык стратегиялык  өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү жана чыңдоодогу олуттуу жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүн болгондугун  канааттануу менен белгилеп, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн союздаштык мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана алдыга жылдырууга ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге  чың ден соолук, бакыт-таалай, жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-россиялык мамилелердин актуалдуу маселелерин дагы талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549