www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Өлүктү" каткан медиктер...

Майрамбек Каримов 12-октябрь 2017, 11:43

Коом


"Өлүктү" каткан медиктер...

Казакстандын Актобе аймагындагы Батыш-Казакстан мамлекеттик медициналык университетинде 19 жаштагы медик-студент окуу жайда көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз кызматы жазып чыкты.

Окуя 5-октябрь күнү катталып, бирок жакында гана ачыкка чыккан. Окуянын чоо-жайын анын достору социалдык тармактарга жарыялаган. Алардын маалыматында Оспанова Есет Нурдаулет аттуу студент университеттин 60 жылдык маарекесине арналган конференция убагында каза болгону айтылат. Жыйынга Орусиядан, Казакстандан белгилүү илимпоздор жана облустун акими катышкан. Конференциянын жүрүшүндө Есет катышкан хор аткарылышы керек болчу, бирок ага жетпей ал өзүн жаман сезип ажаатканага барып каза болгон.

“Кантип ушундай болушу мүмкүн? Бардык илимдүүлөр жана академиктер чогулган бул конференцияда биз досубузду сактай албай калдык. Балким алар биздин досубуздун өлүмү тууралуу билишкен да жок, анткени окуядан соң Есеттин жансыз денесин жатаканга жашырышып, тез жардам машинесин да бурчка койдурушту” – деп билдирген маркумдун досу.

Ал эми, тез жардам кызматкерлеринин билдирүүсүндө алар жардамга келе электе эле Есеттин денеси муздап калган. Маалыматта маркум бронхиалдык астма менен ооруп, мурда дарыгерлерге кайрылганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549