www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айнура Сагынбаева: "Кыргызстан экинчи Украина болуп калышын каалабайбыз"

Майрамбек Каримов 12-октябрь 2017, 16:10

Коом


Айнура Сагынбаева: "Кыргызстан экинчи Украина болуп калышын каалабайбыз"

Дерматокосметолог, Сагынбаева клиникасынын ээси Айнура Сагынбаева шайлоо тууралуу Фейсбуктагы өздүк баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды. Билдирүүсүндө шайлоочуларды добушун сатпоого, биримдикте болууга үндөгөн.

- Урматтуу достор! Мен саясатчы эмесмин, жумушум дагы саясаттан алыс, президенттикке талапкерлерге арнап укмуш постторду деле жазган жокмун. Мен кимди татыктуу деп эсептесем ошол адамга добуш берем, бирок бул менин гана оюм, оюмду кимдир бирөөгө таңуулабайм дагы. Бирок болуп жаткан шайлоонун шайтан оюндары, саясаттагы стабилдүүлүктүн жогу, шайлоодон кийин кулап калган талапкерлердин ар кандай кырдаалды кеп кылган ушактары, мени эне жана аял катары, жумушчуларга жумуш ордун түзүп берген ишкер катары өзүмдүн граждандык позияциямды айтууга түртүүдө. Мен тынчтык үчүн. Мен толкундоосуз, баш аламандыксыз жашоо үчүн! Мен балдарыбызга кең келечек түзүү үчүн! Мен инвесторлодун өлкөбүзгө келишине жана орто, кичи бизнестин өнүгүшү үчүн! Биз жөнөкөй,тынч жашоону каалаган жарандар Кыргызстан ич ара келише албай, экинчи Украина болушун каалабайбыз! Билимдүү, келечекти ойлогон адам канча миң сом үчүн өз жашоосун, келечегин сатпайт деп ишенем, бирок арабызда да бирөөлөрдүн жомогуна ишенип алгандар жок эмес. Достор, келгиле бири-бирибизге добушуңду сатууга түртүп жаткан адамга сенин жашоон, тагдырын баарыбир экенин түшүндүрөбүз. Биз өлкөбүздө тынчтык жана стабилдүүлүк жашашы үчүн күрөшөбүз! Келечегибиздин бүдөмүк болушуна жол бербейбиз!

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549