www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адахан Мадумаров бүгүн түз эфирде “рингге” чыгат

Гүлжан Шерипбаева 12-октябрь 2017, 18:27

Саясат


 Адахан Мадумаров бүгүн түз эфирде “рингге” чыгат

КРнын президенттигине талапкер Адахан Мадумаров бүгүн атаандаштары менен түз эфирде беттешет. Алар, кыргыз көчүн улаган Сооронбай Жээнбеков, саясатта каалагандай бурулуш жасай алган Азимбек Бекназаров, темирдей тартипти орнотомун деп, “тортко” айланып кеткен Темир Сариев, Кыргызстандын атын өзгөрткүсү келген Арсланбек Малиев, эл анча биле бербеген Эрнис Зарлыковдор.

Эми түз эфирдин форматы өзгөрүп, талапкерлер 1 мүнөттө оюн айтып калышы керек. Бүгүн 12-октябрда, КТРКда саат 21.00дөн 23.50гө чейин президенттикке талапкерлердин дебатын күтө туралы.

КР Президенттигине талапкер Адахан Мадумаров атаандашын “эки чайнап бир жутуп” эсин оодарбаса болду. Анткени Адахан Мадумаров “бойго” дайым даяр эмеспи...

Эске сала кетсек 15-октябрда Кыргызстан 6-президентин тандап алат.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549