www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЧЫР: Кыргыз элине каарын келтирген тарых музейиндеги мумия эне окумуштуулар каршы чыксадагы жерге берилиши керек

Гүлжан Шерипбаева 13-октябрь 2017, 13:34

Коом


ЧЫР: Кыргыз элине каарын келтирген тарых музейиндеги мумия эне окумуштуулар каршы чыксадагы жерге берилиши керек

Кыргызстанда 1956-жылы Улуттук тарых музейине коюлган кыздын мумиясын көмүүнү чечишти. Окумуштуулар буга каршы болууда. Археологдордун сөзү боюнча, мумия — абдан баалуу илимий материал.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун археология бөлүмүнүн башчысы Кадийча Ташбаева 12-октябрда Билим АКИpress сайтына маалымдагандай, бүгүн КР Маданият министрлигиндеги жыйында мумияны көмүү чечими кабыл алынды.

Анын сөзүнө караганда, чечим комиссия мүчөлөрүнүн добуш берүүсү аркылуу кабыл алынды. «Комиссияда окумуштуу-археологдордон жалгыз мен болдум. Калгандары ИИМ, УКМК өкүлдөрү, Мамлекеттик оборона, Маданият министрлигинин 2-3 кызматкери болчу. Ошентип, бул табылганын кандай экенин элестете албаган жана анын илимий маанисин түшүнбөгөн адамдардын добуш берүүсү аркылуу маселени чечип коюшту. Алар эмне үчүн бул маселени чечишти?!», - деди ал.

Маданият министрлигинде көмүү маселесин дин кызматкерлери менен көзү ачыктардын кысымы астында чечишти деп ойлойт Кадийча Ташбаева. «Жада калса маданият министри Түгөлбай Казаков, светтик, цивилизацияланган мамлекеттин министри: «Биз — мусулманбыз, биздин шариятка ылайык, өлгөн адамды көпкө сактоого болбойт, мумияны көмүү керек», - деди. Баарынан да ушул таң калтырат, министр өзү түшүнбөгөн илимге ушундай одоно түрдө мамиле кылып жатса...», - деп кейиди археолог.

Анын маалыматы боюнча, баалуу тарыхый материалды көмүүгө Кыргызстандын башка да окумуштуу-археологдору каршы болуп жатышат.

Мумия 1956-жылы Юрий Баруздиндин жетекчилиги астында ленинграддык археологдордун казуу иштери учурунда табылган. Сөөк Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы мүрзөдөн табылып, аны калаадагы тарых музейине өткөрүп беришкен. Мумия биздин замандын 1-5-кылымындагы хуннулар дооруна таандык. Бул тууралуу маалыматты Билим АКИpress жазып чыкты.

Буга чейин NazarNews.kg маалымат агенттигине мумия тууралуу Абдул-Бакыт ата кеңири маек берген эле. Маекти кайрадан окурмандарга толугу менен сунуштайбыз.

Мындан 4 жыл мурун, көрөгөчтөр "Ааламбүбү – Жүздүк – Маржан эненин сөөгү жерге берилбесе, Кыргызстанда кырсык, бөөдө өлүм көп болуп, өлкөнү кыйынчылык каптайт”, - деп айткан. Бул көрүнүшкө күбө болгон, Абдул-Бакыт атаны маекке тарттык.

- Саламатсызбы Абдул-Бакыт ата, мындан 4 жыл мурун Жогорку Кеңешке кат менен кайрылып, Борбор шаарыбыздагы тарых музейиндеги кайыптан аты коюлган Ааламбүбү – Жүздүк – Маржан эненин сөөгүн тез арада жерге берилбесе, “Кыргызстанды кырсык каптайт”, деп айтканыңыз эсимде. Мамлекет көңүл бурбай койгондо ар кимден соопчулукка акча сурап, “Кыргызстанды кырсыктан Кудай сактаса экен”, деп боз үй тигип, түлөө өткөрдүңүз эле. Менин таң калганым айтылган сөз чын чыгып, Кыргызстанда бөөдө кырсыктар көп болду. Ошол көрүнүш боюнча айтып берсеңиз болобу?

- Кайыптан аты коюлган Ааламбүбү – Жүздүк – Маржан эне тууралуу 2014-жылдан бери айтылып, ал тууралуу көрөгөчтөргө түрдүү аяндар түштү. Аяндын баары болду. Жогорку сөздөрдү аян аркылуу уккандан соң, тактоо үчүн тарых музейине барсам чындык экен. Музейдин директору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөм. Тарых музейиндеги табыпта жаткан эненин, жылаңач денесин көрүп аябай кейидим. Олтуруп куран окудум. Ошондон кийин түн уйкум түгөл болбой, эненин сөөгүн жерге бергенге аракет кыла баштадым. Бул эмне деген шумдук, өлгөн адамдын сөөгү да экспонат болобу? Кайтыш болгон адамдын сөөгү жерге берилиш керек да. Каза болгон адамдын сөөгүн жерге бермейин адамдардын руху, арбагы сыртта калып калат? Арбактын бар экенин баары билип туруп билбегенге салганы мени таң калтырат. Кыргыз болгондон кийин, эне болгондон кийин, эненин жылаңач сөөгү музейде жатканы мени өтө таң калтырды. Ошентип кылымдарды карытса да чирибеген сөөктүн ээсин изилдегим келип, тарых музейинин директоруна бардым. Көрсө ал сөөк 6-кылымга таандык экен. Казып алганда бир жерден эки сөөк чыккан, бири жердин үстүнө алып чыкканда бат эле ушаланып түшүп калган, бири ушул эненин сөөгү экен. Бул эненин сөөгү ушаланбай бүтүн сакталып калганына караганда, Кудайга жаккан адам болгон үчүн сөөгү сакталып калган. Эненин сөөгү жер үстүнө казылып алынгандан кийин чын эле өлкөдө кырсык каптады, убагында эч ким укпады. Менимче музейдеги эне дагы кыргыздын баатыр кызы болгон. Убагында биздин энелер кадимкидей эркектер менен теңтайлашып найзасын алып жоого чыкканы айтылып эле келе жатпайбы?

- Эненин сөөгү Кыргызстандын кайсы аймагынан табылган?

- Баткен облусунун Карамык айылынан казып алынган. Казылып алынган сөөк, Бишкекке тарых музейине экспонат катары алынып келинген.

- Эненин кыргыз экенине эмне далил боло алат?

- Эненин кыргыз экенине далил көрүнүп эле турат, эненин сөөгү арча табытка коюлган. Жанында буюмдары да болгон, тилекке карыш казып алынганда буюмдар жок болуп кеткен. Ал 27 жашта каза болгон деген ой бар. Анткени казылып алынган табыттын жанынан 27 данек табылган.

- "Рух ыйлайт" анын "каары" бар деген чынбы?

- Мен тарых музейине барсам, Арабиядан келген шейх бар экен. Тилмечи менен сүйлөшүп, сөөктү жерге берүү тууралуу аңгемелештик. Алар дагы көп нерсени айтты. Ооба, адамдын бир канча жыл мурун кайтыш болсо дагы аныны руху тирүү болот, рух каарданат. Музейдеги сөөгү элдин астында жылаңач жатканы рухтун ачуусун келтирген. Ал бир канча айтымчыларга аян берип, “менин сөөгүмдү жер астына бербесеңер, өлкөнү кырсык каптайт, бөөдө өлүм көп болот”, деп айткандыктан, чоңдорго түшүндүрүү үчүн аягым тешилбедиби? Аларга какшап түшүндүргөнчө арадан 4 жыл өтүп кетти. Чын рух ыйлайт, кыйналат, муну баары билет. Кыргыз эненин руху, жан – дүйнөсү зыркырап жатат. Так ушул эненин зыркырашы кыргыз элине таасир этүүдө. Эненин руху да кыйналып жатат. Арбакты ыйлатпоо керек. Кыргыздын ар тараптуу кыйналып жатканы так ушул эненин рухунун көз жашынан болуп жатат. Кайсы кыргыз ата-бабасынын арбагын эстебейт. Өлүктү жерге бергенден кийин, куран окуп гана эскерүү зарыл, сөөгүн чыгарып алып экспонат кылып, ар кимге тамаша кылдырбай...

-Сиз, мурдагы Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнө кайрылдыңыз эле, кандай жыйынтык болду?

-Кат көтөрүп алып, “ушул эненин ыйын токтотуп, жерге берели, кыргызды кырсыктан сактап калалы”, деп чуркабаган жерим калбады. Өзүң билесиң жана күбөсүң, бул эненин сөөгүн жерге берүү үчүн кандай гана кыйынчылык көрбөдүм, 4 жыл аягым талыганча ары-бери чуркадым. Акыры айлам куруп, президентке кайрылып көрөйүнчү деп Алмазбек Атамбаевге кат жаздым. Ушул кишиге терең ыраазымын, катым жоопсуз калган жок. Ал кишиден мага катка жооп келди. Атамбаев, КР маданият министрлигине, ӨКМ, муфтиятка, айыл өкмөтүнө тапшырма бериптир. Атамбаевдин мындай кыраакылыгына таң калып, ыраазы болдум.

- Сөөктү кайра жерге берүү Сизге жана Сиздин топко өтө кыйынчылык алып келдиби?

- Эмнесин айтасың, тарых музейинде эненин сөөгүн “тарыхый баалуу экспонат”, деп чечим чыгарып коюптур. Адамдын сөөгү да баалуу экспонат болчу беле? Болгонда да “кыргыз мамлекетинин баалуу экспонаты”, деген беренеге такап койгон. Музейге жерден казылып алынган баалуу буюм-тайымдары экспонат кылып киргизсе болот. Адамдын сөөгүн баалуу экспонатка киргизип койгону, азыркы адамзатынын деңгээлин, акылдын тайкылыгын көрсөтүп жатат. Ай бул адамдын сөөгү да, сөөктүн ээси Кудай менен жер - мамлекет эмес. Мына ушуну далилдеш үчүн 4 жыл убакыт өттү. Жогорку Кеңештин баардык фракцияларына жана эл өкүлдөрүнө “пачка-пачка” каттар жазылды. Эми карагыла өткөн чакырылышта 40 аял депутат болгон экен, эркектер түшүнбөсө ушулар эненин үнүн түшүнөөр деген үмүт менен кайрылдым эле. Тилекке каршы үн да каткан жок, эки депутат аял кат жазган болду, калгандары тактоо гана жүргүздү. Алар болгону КР маданият министри Камила Талиевага кароого жиберди. Ал киши бул окуяны элге жарыялабоо керектигин айтты. Тилекке каршы Камила Талиевада мен айткан эненин жылаңач денесин жерге бергенге жардам бере албады. Тез эле кызматынан кетти. Экинчи маданият министри Алтынбек Максүтов дагы бул окуядан кабардар болуп, эненин сөөгүн жерге бергенге болгон күчүн жумшады. Ага кайрылсам, менин айткандарымды ал деле туура кабыл алып, академик, муфтият жана археологдор катышкан жыйын өткөргөнгө жардам берди. "Жыйында сөөктү жерге берели", десек баары каршы чыкты. Аларга, сөөктүн ээси ким?- десем эч ким жооп бербейт. Алардын максаты жерге энени бербеш керек...Кыскасы ит жыгылыш болду. Ошентип, үч конференция өткөрүп, чуркап жүрүп энени жерге берүү жыйынтыгы чыкты. Эми тарых музейинде турган апанын сөөгү, жакын арада өз жайына берилип, буюрса апанын руху тынч алат. Ата-бабалардын руху ыраазы болот. Ааламда тынчтык болот. Эсиңерде болсун, адам жаралып каза болгондон кийин деле руху эч качан өлбөйт. Бирок мындай арбакты кордоо, руханий дүйнөбүздүн жардылыгы, ой-максаттарыбыздын кыскалыгы, билимибиздин төмөндүгү. Эми апанын сөөгү жерге берилгенде баары жакшы болот деген тилекте турам. Манас атабыздын арбактары, кайыптар бизге ыраазы болот. Кыргыз касиеттүү калк. Кудайды таануу асман менен жердей. Баардык нерсени Кудай жараткан. Ата-бабаларыбыз өсүп жаткан чөпкө аяр мамиле кылганы баарыбызга маалым.

-Дегеле тарых музейинде иштеген кызматкерлерге кандайдыр бир белгилер байкалыптырбы? Себеби, Ааламбүбү – Жүздүк – Маржан эненин кыргыз элине "каары" барган сайын күчөп бара жатканын угуп калчу болдук.

-Бир күнү директор чалат мага, “келиңиз музей талкаланды, эмеректер күйүп жатат, Сиз баарын айткандан бери сатып алган боз үй күйүп кетти, 3 видеокамера турат, кандай өрт чыкканы белгисиз. Мурун түн ичинде күзөттө бир адам калса, азыр төрт адам кучакташып жатабыз. Апанын руху ары-бери басып жүрөт. Күзөттө тургандар акыркы күндөрү кызматынан кете баштады”, дейт. Көрдүңбү, рухту жерге бербесе арбак өзү иштеп баштайт. Барсам азыркы министр Түгөлбай Казаков бар экен. Ага баарын түшүндүрүп бердим. Түгөлбай мырза маселени жеринен чечти. “Сөөктү ушул жерден алып чыгып, жерге бергенге аракет кылам”, деди. Түгөлбай Казаковдун көз карашынан, менин айтып бергенимдин баарын, жан-дүйнөсү менен сезип турганын байкадым. Ырым-жырымын жасап, эненин үстүнө ак материал жаптырып койдук. Мына Түгөлбайдын жеткен кыраакылыгы. Ошентип, Ааламбүбү – Жүздүк – Маржан эненин жерге берилишине, Алмазбек Атамбаев менен Түгөлбай мырзанын салымы өтө чоң, мен экөөнө терең ыраазымын, дейт сыйкырдуу көзгө көрүнбөгөн нерселерге көп жолу күбө болгон Абдул-Бакыт ата.

Жакын арада президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы жана Өкмөттүн көзөмөлү менен Ааламбүбү – Жүздүк – Маржан эненин сөөгү кайрадан өзүнүн ордуна Баткен облусуна караштуу Карамык айылына коюлат, деп кошумчалады Абдул-Бакыт ата.

Эске сала кетсек, Ааламбүбү – Жүздүк – Маржан энени бир нече көрөгөчтөр, сөөгү жерге берилбесе Кыргызстанда бөөдө өлүм көп болуп, өлкөнү кыйынчылык менен кырсык каптайт деп 4 жыл мурун айтышкан. Ага далилдер бар.

PS:Бул тема тууралуу кайрадан тактоолор киргизилет.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549