www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Алтын топту» уткан футболчу өз өлкөсүнүн президенти болуп шайланды

Гүлжан Шерипбаева 12-октябрь 2017, 19:17

Саясат


«Алтын топту» уткан футболчу өз өлкөсүнүн президенти болуп шайланды

1995-жылы футбол спортундагы эң чоң наам болгон «Алтын топко» татыктуу болгон либериялык футболчу Джордж Веа өз өлкөсүнүн президенти болуп шайланды. Веа шайлоонун негизги фаворити болгон, буга чейин вице-президент кызматын аркалап келген Джозеф Бокаяны утуп чыкты.

Кызыгы Веага чейин президенттик кызматты аркалап келген Элен Джонсон-Серлиф 2011-жылы Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон. Ал ар бири 6 жылдан болгон 2 президенттик мөөнөттү аркалаган. Эл аралык байкоочулардын айтымында шайлоо тынч жана калыс өтүп, 51 жаштагы футболчу бир тыйын акча коротпой бийликтин талапкерин утуп чыккан.

2005-жылыда Джордж Веа президентти шайлоого катышып, анда жогоруда аты аталган Джонсон-Серлифке көп эмес айырма менен утулуп калган. Джордж Веа футболчу катары Европанын "Монако", "Пари Сен-Жермен", "Марсель" (үчөө тең Франциянын клубдары), "Челси", "Манчестер Сити" (экөө тең Англиянын клубу), "Милан" (Италия) клубдарында ойноп, 1995-жылы дүйнөнүн эң мыкты футболчусу деп табылган.

Ал кезде 10 жаштагы Роналдо чоңойгондо Веадай ойнойм деп кыялданым жүргөн эле. Веа 3 ирет Африка континентинин мыкты оюнчусу деп табылган. 2003-жылы спорттук карьерасын аяктаган футболист кайрымдуулук иштери аркылуу саясатка багыт алган.

Баса, бир гана Джордж Веа “Алтын топко” ээ болгон эң мыкты футболчулардын арасындагы дүйнө биринчилигине катыша албаган жалгыз спортчу. Анткени, анын кичинекей Либерия өлкөсү бир да ирет дүйнө биринчилигине катышкан эмес.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549